Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Би-Би-Си жетекчилигинде кризис

Би-Би-Си жетекчилигинде кризис

Би-Би-Си корпорациясынын “Ньюснайт” көрсөтүүсүндө олуттуу ката кеткени үчүн мекеменин башкы директору жана жооптуу кызматкерлери иштен кетти.

Би-Би-Си корпорациясы өзүнүн 90 жылдык тарыхында эң оор кризисти башынан өткөрүп турган учуру.

Бир аз мурдараак Би-Би-Синин мурдагы тележылдызы, былтыр көзү өткөн Жимми Сэвилдин жүздөгөн бойго жете элек кыздарды зордуктаганы аныкталып, бирок запкы жегендердин арыз-муңун Би-Би-Си эфирден бербей койгон экен.

Сэвилдин зомбулугун иликтеген репортаж эмне үчүн эфирден чыкпай калганы тууралуу британ парламенти Би-Би-Синин жетекчилигинен жооп талап кылып турган чакта, корпорациянын жаңылыктар бөлүмү дагы бир олуттуу катага жол берди.

Би-Би-Синин эң көрүмдүү деп саналган “Ньюснайт” жаңылыктар программасы Консерваторлор партиясынын ишмери, саясатчы Алистер МакЭлпайнды атын атабай, бирок каймана мааниде бачабаздык үчүн бир тараптуу айыптаган. Кабарчылар бул иликтөөдө консерватор-саясатчынын пикирин кошууга да аракеттенбей, журналистиканын эң эле жөнөкөй эрежелерин сакташкан эмес. Сэвилдин чырына кошул-ташыл болгон бул катачылык Би-Би-Синин жетекчилигин кызматын тапшырууга мажбур кылды.

Түрдүү сынга кабылып, жетекчилиги кризиске батып турган корпорация мындай кырдаалдан кантип чыгышы керек? Би-Би-Синин мурдагы продюсери, азыр “Полис” илимий-изилдөө институтунун директору Чарли Беккет:

-Менимче, биринчи кезекте ызы-чууга алдырбаш керек. Би-Би-Синин пайдубалы  күчтүү, керек болсо корпорациянын калыс жана жогорку сапаттагы иши бүт дүйнөгө таанылган. Азыр Би-Би-Синин жетекчилигине абдан кыйын болуп турат. Бирок алар кайдан болсо дагы абдан күчтүү адамды башкы директор тандап, команданы чыңдоосу зарыл.

Би-Би-Си буга чейин дүйнөгө эл аралык журналистиканын, бейтараптуулуктун үлгүсү катары сыпатталчу. Бир тараптуу иликтөөнү көргөзүп, кыздарды зордуктаган Сэвилди жектегендердин үнүн элге жеткирүүдөн баш тарткандан кийин бул корпорацияны сынга алган медиалар да көбөйдү. Керек болсо Би-Би-Си бир тараптуу иликтөөсү менен жалпы эле Британиядагы журналисттик иликтөөгө залакасын тийгизип, ишенимди кетирди дегендер да жок эмес.

Эл аралык журналистиканы иликтеген адис Чарли Беккет Британиянын жашоосунда Би-Би-Си өзүнүн позициясын бекем кармап, бир гана жаңылык булагы болбостон, сапаттуу берүүлөрдү чыгарган корпорация катары лидерлигин сактап калаарына ишенет.

Интернеттеги социалдык сайттарда Би-Би-Синин жетекчилиги катасын мойнуна алып, кызматтарын тапшырып бергенин “маданияттуу жана уяттуу отставка” деп жазгандар болду. Чын эле, эгерде кайсы бир саясатчыны туура эмес сындап, жалган маалымат таратканы үчүн кызматынан баш тарткан медиа жетекчилери чанда гана кездешет. Кыргызстандын “Кабар” агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен:

-Бул окуя бир гана Би-Би-Сиде эмес, жалпы эле дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы кризистин далили. Кыргызстанда болсо маалымат каражаттарынын жетекчилери батыштагыдай болуп күнөөсүн мойнуна алып эч качан кызматтан кетпейт, тескерисинче актанып чыгышат. Батышта болсо “менин күнөөм бар экени көрүнүп турат, элге уят болдум” деп четке чыга беришет. Кыргызстанда азыр медиа жетекчилери эле эмес, саясатчылар дагы ушундай көрүнүштөрдөн үлгү ала турган абалдабыз.

Ошентип бир тараптуу репортаждын айынан Би-Би-Синин башкы директору Жорж Энтуисл отставкага кетип, ага удаа эле жаңылыктар бөлүмүнүн редактору орун басары менен кошо кызматын тапшырды. Би-Би-Синин байкоочулар кеңешинин жетекчилиги “корпорация реформага муктаж” экенин айтып чыкты.

Фото: EPA

Булак: http://www.azattyk.kg/content/bbc-managment-crisis-november-2012/24771159.html

Окшош посттор