Маалыматты кайдан алыш керек, кайдан албаш керек деген маселе көп жаралат. Телеграммдагы “Кара Лорд” деген аталыштагы медиага арналган каналдын автору жеке өзү жана жумушта карманган ички редакциялык стандарттары менен бөлүшөт:
— жалпы белгилүү маалыматтарга шартка жараша мамиле кылам, бирок адатынча ишенбестик менен карайм;
— төлөш керек болгон материалдарга – көбүнчө ООБА десек болот;
— жалпы таанымал катталган ЖМКга – ООБА дейбиз, бирок алардын калпыстыктарына дайыма даярмын;
— так укуктук макамы жана басма ээси тууралуу маалымат жок «ЖМК сыяктуу» сайттарга – ЖОК деген жооп айтабыз (эгерде алар бир чоң окуя тууралуу биринчи болуп кабарласа жана бул Mash же Baza болсо, анда колдонобуз);
— профилдик блогдор/коммерциялык уюмдардын жаңылыктар бөлүмдөрү – негизинен ООБА;
— Википедия жана башка жамааттык энциклопедияларга — ЖОК дейиз (бирок алар кайда шилтеме бергенин карап көрүүгө болот);
— ЛитРес, Google Play, Amazon Kindle, iTunes китептери — ООБА;
— илимий журналдардын макалалары – ООБА;
— байланыш дареги жок анонимдик сайттарга – ЖОК;
— социалдык тармактар, пабликтер, Telegram-каналдар – көлөмүнө, кимге таандык экенине жана тастыкталган аккаунт белгилерине жараша (анонимдик социалдык түйүндөргө — ЖОК);
— «жарандык журналистика» платформалары: LiveJournal, Medium, КОНТ, Хабр — буларга алдын ала ЖОК дейбиз, бирок мамиле автордун аброюна жараша болот (бул компания же белгилүү блогер болушу мүмкүн);
— майда булактар эгерде кызыктуу жана анонимдүү эмес болсо – ООБА дейбиз. Өзгөчө учур – бул сенин уюмуң жөнүндө жазып жаткан болсо;
— жеке сайттар – эгерде ал Погребинский, Познер, Соловьёв, президенттикке талапкер ж.б.у.с. деңгээлинде болбосо көбүнчө ЖОК деп айтсак болот;
— торренттер — эгерде материал түп нуска сапатында жана модификация белгилери жок болсо (китеп сканерленген болсо — ООБА, Word тамга таануу тексти болсо — ЖОК).
Демек ушул каналды окуп жатып, сиздер ушул аналитика стандарттарына таяна аласыздар. Тизмени маалыматтык сабаттуулук боюнча кесипкөй кеңеш катары баалоого болот.