Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Кызыктуу жана пайдалуу

Тагдыры ала-тоолуктарга анчейин белгисиз Луис Фишер

Тагдыры ала-тоолуктарга анчейин белгисиз Луис Фишер

ХХ кылымдын көмүскө пардасын сыйыруу үчүн жалаң гана өз атажуртубуздун эмес, жалпы эле адамзаттын тарыхын кайрадан тереңдеп иликтөөбүз абзел. Луис Фишердин журналист жана публицист катары тагдыры эч кимди кайдыгер калтырбас.

Луистин бала чагы жана жаштык кези

Луис Фишер (Louis Fischer) 1896-жылы бирдин айынын (февралдын) 29унда АКШнын Филаделфия шаарында балык жана мөмө-жемиш саткан Дэвид Фишер деген кишинин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Энеси – Шифрах Канцаполски айым болгон.

Луис Пенсилвания университетинин курамында болгон Филаделфия педагогика мектебинде 1914-16-жж. таалим алган.

1917-20-жж. ал Британ армиясында Жөөт легионунда өз ыктыяры менен кызмат кылып, анын ичинде 1919-20-жж. он беш айдай Палестинада болгону маалым.

Аскерден кайтып, Нью-Йорк шаарында бир кабар агенттигинде иштеп жүрүп, Берта “Маркуша” Марк (болжол менен 1890-жылы туулган – 1977-жылы каза болгон) деген орусиялык пианист айым менен таанышып, алар бири-бирин жактырып калган. Берта Маркуша айрым учурларда советтик расмий өкүлдөргө котормочу катары да көмөк көрсөтүп жүргөн өнөрпоз эле.

Болшевиктерди жана солчулдарды колдогон кабарчы

1921-жылы сүйгөнү Берта Маркуша Берлинге келет да, андагы советтик мекемеде иштеп калат. Бир нече айдан соң Луис да анын артынан Германияга келген.

Луис “Нью Йорк Ивниң Пост” басылмасына европалык кабарчы катары макала жаза баштайт. 1922-жылдын башында ал Маскөөгө которулат. Ошол жылы аяк оона (сентябр) айында артынан Маркуша да келет да, жетинин айында (ноябрда) экөө советтик Орусияда баш кошот.

Алар Жорж (Георгий; 1923) жана Виктор (1924) деген эки уулдуу болушат. 1923-27-жылдары жубайы Маркуша эки уулу менен бирге Берлинде жашайт. Андан кийин бир жылдай Украинада жашаган соң, Маркуша 1928-жылы уулдары менен бирге Маскөөгө кайтып келет.

1923-жылдан тартып Луис “Нэйшн” (The Nation) басылмасынын европалык атайын кабарчысы болуп бир далай жыл иштеген. Башка да басылмаларга макалалар жиберип турган. Маскөөдө кезинде ал Советтер Биримдигин чын ыкласы менен жакшы көргөн. “Советтер дүйнөлүк саясатта” (The Soviets in World Affairs) деген эки томдук эмгеги 1930-жылы жарык көргөн соң, СССР тууралуу көп шилтеме жасалган эмгекке айланган.

1930-жылдардагы Украинадагы ачарчылык тууралуу кабарларды да Фишер жокко чыгарууга умтулуп, түшүмдүн начар чыкканынан улам анча-мынча гана кыйынчылыктар болууда деп жазып чыккан.

1931-35-жылдары ал Советтер Биримдиги тууралуу оң маанайдагы үч китеп жазган. Бул доордо Америкадан же Европадан келип, Сталинди жана анын режимин мактаган солчул журналисттер аз эмес эле. Маселен, чех журналисти Юлиус Фучик Кыргызстанга чейин келип, социализмди мактаган. (Бишкек шаарындагы Фучиктин ысымындагы парк азыр да өз аталышын сактоодо. Азыркы Чехияда болсо аны тоталитардык түзүлүштөр менен мышык-чычкан ойногон киши катары сындап келишет).

1938-жылы жалган куран (март) айынын 13үндө “Нэйшн” басылмасынын баш редактору Фрида Кирчвэй айымга жазган катында Лев Троцкий Луис Фишердин бир жактуу макалаларын мындайча сыпаттаган:

“Сиздин өзгөчө жакын кызматкерлериңиздин айрымдары, айтылуу Луис Фишерге окшогондор, Сталин – Вышинский – Ягода – Ежовдордун түздөн-түз адабий тыңчылары сыяктуу чыгып жатышты”.

(“Некоторые из Ваших  ближайших сотрудников, вроде небезызвестного Луиса Фишера, выступали как прямые литературные агенты Сталина – Вышинского – Ягоды – Ежова”.)

1936-жылы СССРде сталиндик репрессиялар жаңы күч менен башталган чакта, Луис Фишер Испанияга кетип, ал жактагы атуулдук согуш тууралуу кабарлар жазат. Ал испан фашисттерине каршы урушка өзү да курал кармап катышкан кыска мөөнөттүк учур да болгон.

Совет өлкөсүнөн үй-бүлөсүн чыгаруусу

Луис Фишер акырындап болсо да өзү мактаган коммунисттик коомдун күңгөй-тескейин үйрөнө берген.

1938-жылы ал Советтер Биримдигине кайтып барбоону чечкен.

Бирок мындайды ал кездеги расмий Кремл кечире берчү эмес. Ошондуктан жубайы менен эки уулун бийликтер СССРден чыгарбай коюшкан. АКШнын биринчи айымы Элеанор Рузвелттин (1884-1962) кийлигишүүсү менен гана алар СССРден АКШга койо берилген жана 1939-жылдын жазында үй-бүлө мүчөлөрү Нью-Йоркто кайрадан баш кошушкан.

Советтик эки жүздүү саясатты ашкерелөө

Жогоруда айтылгандай, Луис Фишер оболу Советтер Биримдигин жандуу колдогон, кийинчерээк андагы тоталитардык системаны аңдаган соң, сталиндик болшевиктик системаны сындай баштаган.

Маселен, ал 1939-жылкы баш оона (август) айындагы нацисттик-болшевиктик келишимди 1940-жылы АКШда жарык көргөн эмгегинде сындап чыккан. Чын-чынында, дал ушул келишим экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына өбөлгө болгон. 1939-жылы 1-сентябрда германдык нацисттик аскерлер Полшага кол салса, ошол эле жылдын 17-сентябрында чыгыштан Полша аймагына СССР аскерлери кол салган.

Албетте, кабарчы жана публицист Фишердин СССРге каршы маанайын коммунисттик жана солчул басма сөз каражаттары айоосуз сынга алып турган. Ал болсо антикоммунисттик макалаларды жана башка кабарларды либералдык гезит-журналдарга жарыялай баштаган.

22 жылдык кызматташтыктан соң, 1945-жылы кулжа (июн) айында  “Нэйшн” басылмасы менен кол үзгөн жана аны СССР жана Иосиф Сталин тууралуу ачуу чындыкты бурмалап, жаап-жашырып, журналисттик кош стандартты жүргүзүп жатат деп айыптаган.

1949-жылы антикоммунисттик маанайда жазылган “Жаңылып-жазган алиги Кудай” (The God That Failed) деген автобиографиялык макалалар топтомуна да анын коммунисттик түзүлүштү сындаган макаласы басылган.

Өзүн “мурдагы коммунист” деп атагандарга ал капа болчу, анткени ал эч качан Компартияга мүчө болуп өткөн эмес. Өзүн ал “социалдык реформаларды кескин жүргүзүүнү жактаган чордончул либералдардын солчулураак өкүлү” катары баалаган. Ал Иосиф Сталин (1952) жана Владимир Ленин (1964) тууралуу кыйла калыс эмгек жазган.

Фишердин “Ленинианасы”

Луис Фишер совет доорунда Владимир Лениндин ата-бабалары тууралуу бүдөмүк жазылганын эске алат. Муну ал улуу орус шовинизминин айынан Ленинди “таза кандуу улуу орус” катары көрсөтүү далаалаты деп белгилейт.

Лениндин чоң атасы жана чоң энеси тууралуу ал мындай деп жазат:

“Элүүдөн өтүп калган чагында, теги орус болгон Николай Васильевич калмактын сабатсыз кызы болгон Анна Алексеевна Смирновага үйлөнгөн.”

(“Когда ему было за пятьдесят, Николай Васильевич, русский по национальности, женился на Анне Алексеевне Смирновой, неграмотной дочери калмыка”.)  

Ал эми атасы Ильянын жары Мария Бланк – немистерге жээн болгон экен. Мария Александровна Бланктын немис тектүү тайэнеси эрте каза болот, ал эми өз энеси немис тайэжеси тарабынан тарбияланган. Лениндин чоң таятасы (Мариянын чоң атасы) – немис тегиндеги соодагер Иоганн-Готтлиб Гросскопф болгон. Ал Анне-Беате Эрштедт ысымдуу швед айымга үйлөнгөн. Иоганн-Готтлиб Гросскопф мырзанын кызы Анна Гросскопф, демек, Владимир Лениндин тайэнеси болгон. Бул маалымат Владимир Лениндин өз эжеси Анна Ульянова редакциялаганжана түшүндүрмө жазган китепте камтылган, деп жазат Л. Фишер.

(“…Но в книге о семье Ульяновых, вышедшей под редакцией и с комментариями старшей сестры Ленина Анны, утверждается следующее: Мария Александровна Бланк, мать Ленина, была дочь врача, мать ее была немка. Немецкая бабушка Ленина умерла молодой, и мать его, по словам Анны Ульяновой, воспитывалась строгой немецкой теткой. Дед матери Ленина был немецкий купец Иоганн-Готтлиб Гросскопф, женившийся на шведке, Анне-Беате Эрштедт; их дочь, Анна Гросскопф, была бабкой Ленина по матери”.)

Фишердин Лениндин өмүрү тууралуу бул эмгегинде болшевиктердин болочокку жолбашчысы алгач Апполинария Якубова (Apollinariya Yakubova) деген айымды жакшы көргөндүгү жана Владимир анын колун сураганда бул айым анын сунушун четке каккандыгы жөнүндө жоромол камтылат.

“Лирочка” деген эркелеткен аты бар Якубова айым К. М. Тахтерёв деген профессорго турмушка чыккан жана ХХ кылымдын алгачкы жылдары Лондондо бозгунда жашаган. Бул жоромол, албетте, советтик цензуранын чидеринин айынан кеңири калайык назарына эч жолотулган эмес эле.

Луис Фишер совет коомун ичинен билген адис катары Америкада өзгөчө бааланган. 1970-жылы үчтүн айынын 15инде дүйнөдөн кайтканга чейин, ал АКШдагы Принстон университетинде Советтер Биримдиги тууралуу дарс окуп келген.

Индиянын коомдук турмушун иликтөө

Луис Фишер 1942-жылы бугу (май) айында Индияга келген. Ал кезде Индия Улуу Британиянын оторчул үстөмдүгү астында турган. Ахмадабад шаарынын жанындагы Махатма Ганди негиздеген эмгек жамаатынын конушуна (“ашрам”) келип, аны менен жакындан таанышкан. Ошол эле жылы Фишердин “Махатма менен жети күн бирге” (Seven days with the Mahatma) деген китеби жарык көргөн.

Луис Фишердин “Махатма Гандинин өмүрү” (The Life of Mahatma Gandhi) деген 1950-жылы жарык көргөн китебинин негизинде 1982-жылы “Ганди” (Gandhi) деген фильм тартылган. Бул эмгектери аркылуу ал Индиянын мамлекеттик көз каранды эместиги үчүн зомбулуксуз күрөш жолун тандаган залкар коомдук ишмердин турмушун жана көз караштарын Батыш дүйнөсүнө кеңири таанытууга салым кошкон.

Жубайы менен бейрасмий ажырашуусу

Үй-бүлөсү АКШга аман-эсен кайтып келген соң, Луис жубайы Берта Маркуша менен оту күйүшпөй турганын сезген. Алар 1950-жылдарга чейин бири-бири менен кезигишип, өз ара колдошуп турушкан. Луистин сунушу менен Маркуша 1944-жылы өзүнүн Орусиядагы турмушу тууралуу автобиографиялык китеп жазган. Расмий түрдө эч ажырашпаган менен, акыры алар өз жолдору менен тиричилик кылып калышкан.

Фишердин өмүрдүк сабагы

Советтер Биримдигиндеги кайра куруулар доорунан тартып Кыргызстандагы мурдагы коммунисттер жана партияда жок миңдеген марксисттер “ойгоно” башташты. Алардын бир катары Кыргызстандагы демократиялык жүрүмгө бараандуу салым кошту. 1990-91-жылдары коммунисттик белеттерин таштап салгандар да болду (албетте, азыркыга чейин андай мүчөлүк белетин сактап келгенине корстон болгондор да жок эмес).

Кыргызстандагы демократиялык жаңылануу үчүн күрөштү жүргүзүү үчүн эч кандай сырткы “десант” келген жок. Кайра куруулар доорунда кеңири маалымат алуу аркылуу калайыктын көзү акырындап өзүнөн өзү ачылды.

Албетте, теңчиликте жашоого эмне жетсин! Бирок кайчы көз караштарга эч орун калтырбаган коомдук түзүлүштү калыптандырган бир гана партиянын үстөмдүгүнө таянган диктатор жана аны тейлеген партократиялык катмар эч качан теңчилик коомун жарата албайт. Мындай катмар эмгекчи таптардын “бийлигине” шылтап, өз мителик жашоосун улантууга гана ынтызар.

Луис Фишер мырза болсо топтолгон объективдүү маалыматтарга мурдагысынан башкача көз менен кароо далаалаты аркылуу коммунисттик түзүлүшкө карата дурус пикирин кескин өзгөртүүгө жетишкен. Демек, кеч да болсо, ал мурдагы калпыс түшүнүктөн арыла алган жана башкаларды да ушул багытта агартууга өз салымын кошкон.

Бул америкалык журналисттин жана публицисттин талаш-тартыштуу баага жык өмүрү Кыргызстанда жана жалпы эле пост-сталинисттик, пост-коммунисттик өлкөлөрдө мурда Компартиянын “камчысын” чапкан далай замандаштардын өз көз карашын либералдык багытка өзгөрткөндүгү да инсандык жекече эрдик катары каралышы керектигин аңдообузга огожо болот.

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”

Окшош посттор