Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» медиафоруму болуп өттү

Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» медиафоруму болуп өттү

Сентябрдын 8-9-күндөрү Нарын шаарында кыргыз тилдүү журналисттердин “Ийгиликке кадам” аттуу экинчи медиафоруму болуп өттү. Ага 80ге жакын медиа жаатына тиешелүү жети дубандын өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, алгачкы медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөн. Ал TEDx иш чарасынын талабына ылайык жакындаштырылып өткөрүлүп, анда атайын чыгып сүйлөөчүлөр өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшкөн. Ошол ийгиликтүү өткөн биринчи медиафорумдун жыйынтыгында ушундай иш чараны эки жылда бирден ар башка аймактарда өткөрүп туруу чечими кабыл алынган. Оштогу иш чарадан кийин кезектеги форумду түндүк өрөөнүндөгү бир дубандардын биринен өткөрүү мерчемделген. Жыйынтыгында Нарын дубаны тандалган. Баса белгилей кетүүчү жагдай, Нарын жергесинде мындай медиага байланыштуу республикалык деңгээлдеги расмий иш чара биринчи жолу өткөрүлдү.

Экинчи медиафорумга 78 адам катышты. Алар жети облустан келген, медиа жаатына тиешеси бар адистер менен бирге медиаэксперттер жана Бишкектен келген медиа тармагына тиешеси бар уюмдардын өкүлдөрү болуп саналат.

Форумда аймактык медиага байланыштуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү адистер ошонун тегерегинде жүйөлүү маселелерди козгошту. Ошого байланыштуу, аймактагы кесиптештердин көйгөйлөрүн эске алуу менен атайын алдын ала төмөнкү маселелер көтөрүлгөн:

  • “СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР ЖАНА МЕДИА”;
  • “ЧАКАН ЖМК – АЙМАКТЫК МЕДИАНЫН КЕЛЕЧЕГИ”;
  • “МЕДИАДАГЫ КАСТЫК ТИЛ МАСЕЛЕСИ, АНЫ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЖОЛДОРУ”;
  • “ГЕНДЕРДИК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖАНА МАЙЫПТЫК ТЕМАНЫ ТУУРА ЧАГЫЛДЫРУУ”;
  • “ЖМК ЖАНА ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНДӨГҮ ЮРИДИКАЛЫК КООПСУЗДУК”;
  • “МЕДИА ЖАНА САНАРИПТИК КООПСУЗДУК”;
  • “COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫ УЧУРУНДА МЕДИАНЫН КАРАЖАТ БУЛАКТАРЫ ЖАНА КАРЖЫЛООНУН МОДЕЛДЕРИ”;
  • “ШАЙЛООНУ ЧАГЫЛДЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ”

Ар бир темага ылайык атайын спикерлер менен бирге темага байланыштуу сессияны тескеген модераторлор тандалып алынып, ишке тартылган. Спикер жана модератор катары кыргызстандагы белгилүү, билими терең, чоң тажрыйбасы бар адистер тандалды. Алар менен бирге чет элдик адистер да медиафорумга тартылды. Орусиядагы белгилүү медиаменеджер, “Алтапресс” басма үйүнүн жетекчиси Юрий Пургин ZOOM аянтчасы аркылуу форумдун катышуучуларына “Пандемия шартындагы каржы булагы жана каржылоонун жолдору аттуу” темада өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бардык сессиялар коомдук бирикменин фейсбуктагы баракчасында түз ободо көрсөтүлүп турду. Башкача айтканда, форумга түзмө түз катышууга мүмкүнчүлүгү жок адамдарга мындай шарт абдан ыңгайлуу болду. Анткени алар алыстан медиафорумда айтылган нерселерди көрүп, талкууларга катыша алышты.

Катышуучулардын көбү өз билдирүүлөрүндө, аймактагы журналисттерге мындай иш чаралар абдан керктигин айтышып, бул демилгени орто жолдо калтырбоонү өтүнүштү. Ошондой эле, чыгып сүйлөгөндөр (спикерлер) менен аларды жөнгө салуучулардын (модераторлор) курамын келечекте жергиликтүү адистер менен толуктоону сунушташты. Бул видео пикирлерди уюмдун Фейсбуктагы баракчасынан көрсө болот.

Форумдун катышуучуларынын айрымдары, өзгөчө аймактыктар мындай медиафорумдун керек экенин жана анын өзүнүн таасири бар экенин көрсөтө кетти. Айрымдар бул форумду азыркыдай эки жылда бир жолу эмес, жыл сайын өткөрүп турууну сунуш кылышты.

Айрым катышуучулар эмки медиафорумду Баткен калаасында өткөрүүнү өтүнүштү.

Медиафорумга карата даярдык менен анын жүрүшү өлкөдөгү аттуу-баштуу, эл кадырына жеткен ЖМКлар арасында чагылдырылып турду.

“Кабар” КУМА, “Марал ФМ” радиосу, pk.kg сайты, Prevention Media сайты, “Азаттык” радиосу жана дагы көптөгөн медиа жаатындагы журналисттер расмий түрдө иш чараны чагылдырып жатышты.

Медиафорум тууралуу кененирээк маалыматты анын сайтынан көрө аласыздар.

Нарындагы медиа иш-чаранын өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүштү.

Медиафорумдун видеожазуусун уюмубуздун фейсбуктагы баракчасынан көрө аласыздар. Ал эми жакынкы убакытта ар бир сессиянын өзүнчө видеожазуусун биздин ютубагы каналыбызга жайгаштыра баштайбыз.

Төмөндө медиафорумдун айрым кызыктуу фото ирмемдерин сунуштайбыз.

1/40

Сүрөттөрдүн автору Урмат КЕНЖИБЕКОВ.

Окшош посттор