1. “Майып” деген сөздүн эмнеси жаман?
“Майып” деген сөз көп адамдарда оору, азап менен байланыштырылып, терс сезимдерди пайда кылат. Майыптыгы бар адамды “майып-мунжу” же “мүмкүнчүлүгү чектелген” деп атаганда, башкалардын ал адамды аяп, ага боор ооругандыгы – бул колдоо эмес, басмырлоо катары сезилет. Ал эми өз алдынча баса албаган адам өзү жөнүндө “майыптар коляскасына кадалган” деген сөздөрдү укканда, өзүн эч нерсеге жараксыздай сезет. Демек, жогоруда айтылган сөздөр, ошондой эле аларга окшош бардык башка сөздөрдү материалдарды даярдоодо колдонуудан чыгарып салуу зарыл.
Көбүнчө коомдо “оорулуу – дени сак”, “нормалдуу – нормалдуу эмес”, “акыл-эси кем”, “нормалдуу – бир нерсеси жетишпеген”, “даун”, “майып” ж.б. колдонулгус сөздөр жана салыштыруулар кездешет.
Андан тышкары, изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөгөн терминдер, сөздөр жана образдуу сөздөр терс туйгулар менен байланыштуу. Мисал үчүн:
- “Майыптардын коляскасына кадалган” деген кеңири тараган сөз “үмүтсүздүк” сезимин пайда кылат
- “дүлөй”, “дудук” деген сөздөр – баарлашуунун, байланыштын мүмкүн эместигин билдирет
- “Оорулуу” – “дарылануу керек”, “айласыз, алсыз” дегенди билдирет
- “шал”, “жарым жаны бар”, “колу жок”, “оорулуу” деген сөздөр аёо сезимди пайда кылат
- “Майып”, “акылы кем”, “даун” сөздөрү жийиркентет.
- “Псих”, “кем акыл”, “нормалдуу эмес”, “шизик” сөздөрү күтүлбөгөндүк, коркунуч сезимин пайда кылып, натыйжада алардан коркуп турушат.
Бирок “майыптыгы бар адам”, “омуртка жаракаты бар адам”, “начар көргөн” деген сөздөр – бейтарап ассоциацияларды жаратат.
Майыптык темасын чагылдырууда анын майыптыгын эмес, адамдын өзүн биринчи орунга коюу өтө маанилүү.
Ошондуктан стереотиптерди жаратпаган сөздөрдү жана түшүнүктөрдү колдонуңуз.
Бул сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз |
Бул сөздөрдү колдонууга аракет кылыңыз |
Коляскага кадалган адам |
Коляска колдонгон адам |
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам |
Майыптыгы бар адам |
Майып |
Майыптыгы бар адам |
Дүлөй, дудук |
Кулак угуусу начар адам |
Сокур |
Көзү азиз көзү көрбөгөн адам, көзү начар көргөн адам |
Дудук, тилсиз |
Кулагы укпаган адам |
Паралитик |
Омуртка жаракаты бар адам |
Колу жок |
Майыптыгы бар адам |
Мунжу |
Майыптыгы бар адам |
Кем акыл |
Өнүгүүсү артта калган адам |
Даун |
Даун синдрому бар адам |
Спорт менен машыккан майыптар |
Майыптыгы бар спортчулар |
ЖОЖдо окуган майыптар |
Майыптыгы бар студенттер |
Акыл-эси жетишпеген адам |
Өнүгүүсү артта калган адам |
Эпилептик |
Эпилепсиясы бар адам |
Жин оорулуу, жинди |
Психикалык жана эмоционалдык бузулуусу бар адамдар |
Майып болгон |
Майыптыгы бар адам |
Жарым жан, бир нерсеси жетишпеген |
Өнүгүүсү артта калган адам |
Артта калган, (мээси 99) |
Өнүгүүсү артта калган адам |
Акылы кем |
Өнүгүүсү артта калган адам |
Жинди, жин тийген |
Өнүгүүсү артта калган адам |
Жалпыга маалымдоо каражаттары майыптыгы бар адамдарды коомго интеграциялоонун эффективдүү куралы боло алат жана болушу керек. Стереотиптерди өзгөртүүнүн мүмкүн болгон жолу – билим берүүчү маалыматты көбөйтүү, материалдын берилишин жөндөө, лексиканы тактоо жана журналисттердин автордук позициясын өзгөртүү. Туура тил алардын позитивдүү образын калыптандырууга жардам берет, анткени айрым көнүмүш сөздөр, түшүнүктөр жана сөз айкаштары, чындыгында – тагылган так жана адепсиз стереотиптер.
2. Сурамжылоого катышкан адамдардын пикирлери
«Майып – бул социалдык стигма, коюлган так. Эгерде сиз ооруканада ооруп жаткан адамга “оорулуу”, деп кайрылсаңыз, ал ар дайым өзүн оорукчан сезет. Эгер балага: “Эй, келесоо, бул жакка кел!” десеңер, ал акылы кем болот. “Адамды майып (аутист ж.б.) атап, биз, биринчиден, аны адам деп айтуудан баш тартып, экинчиден, баардык нерсени анын диагнозуна, оорусуна, майыптыгына кептейбиз. Ошол адамдардын ордунда өзүбүздү койбой туруп, алар канчалык ызаланганын түшүнүү өтө кыйын”.
“Силер мен жөнүндө” сокур “десеңер, демек, мен такыр эле көрүнбөгөн адам окшойм, – деп көзү азиз кыз ички сырын айтат. “Маселе мен силерди – көзү көргөндөрдү көрбөй жатканымда эмес, силер мени көрбөйсүңөр. Көрүнбөгөн бир такмын дегендик…”.
«Дүйнөдөгү эң аялуу адамдар – оорулуу балдардын энелери. “Даун бала”, «дэцэпэшка» ” деген кыска сөздөр мээримдүү угулганы менен, камчы менен эле чаап алгандай. Эмнеге? Шашылып бараткан акыл-эстүү адам эшикти жабаарда артын карабаса деле, токтотуп, кармап турат. Себеби, артында келе жаткан адамга аябай катуу тийип калбасын, деген ой дайыма мээде турат”.
«Майып бала – кемтиги бар бала, коомдо ушундай стереотип өкүм сүрөт. Келгиле аны “бир аз башкача”, “өзгөчө” деп атайбыз, ушуну менен аз да болсо ата-энелерин колдогон болобуз. Алардын баласы башкалардан жаман эмес, ал жөн гана башкача. ” Даун синдрому менен ооруган балдарды кээде “күн балдары” деп аташат, балким, бул сөз тамыр жайып кетээр”.
Коомдук интеграциянын максаттарына дал келген макалаларда майыптыгы бар адамдын медиаобразы – кыйынчылыктарды жеңүүнүн мисалы, окурманга мүмкүн болушунча жакындатылган каарман, майыптык жөнүндө, бул сөздүн туура маанисинде, сабатсыздыкты жоюу боюнча “көрсөтмө курал” болуп бере алат.
№9 кейс. Волейбол лигасы
А варианты
Журналист. Волейбол боюнча Энелер улуттук лигасынын кезектеги турнири Бишкекте өтүп жатат. Мындай лига КМШ өлкөлөрүндө да жок. Ага республиканын бардык аймактарынан келген 70тен ашык команда кирет. Оюнчулары 40 жаштан ашкан аялдар.
Респондент: Лигада жети балалуу энелер да бар, алар ар кандай кесиптин ээлери. Баарыбызды бириктирген – бул топ.
Журналист: Энелер үйдө, бизнесте жана спортто – бардыгына жетишет. “А” подгруппасында төрт команда бар. Бардыгынын жеңүүчү болууга мүмкүнчүлугү бар.
Респондент: Бул спорт залга жумасына үч жолу келебиз. Көнгөн жерибиз. Волейбол – бул командалык оюн. Көрүп турасыз, угуусу начар кыздар бир карап эле, көз-караштар менен эле бирин-бири түшүнүшөт. (жылмайып)
Журналист: Залда күйөрмандар көп: балдары менен келген аталар, жөн эле волейбол сүйүүчүлөр. Баардыгы финалды күтүп жатышат.
Респондент: Бул жерде оюн абдан кызуу жүрүп жатат. Топ алгандарын караңыз! Чабуулдары укмуш! Күчтүү экени билинип турат!
Журналист: Чечүүчү топту киргизип, “Ак ниет” командасы дагы бир ирээт жеңишти сууруп алды. Утулган команданын эмоциялары кандай болду экен?
Респондент: Биз аябай аракет кылдык, жеңишке бир аз эле калган. Спортто күчтүүсү жеңишке жетет. Баары калыс болду. Ушунча команданын арасынан экинчи орун алдык, биз үмүтүбүздү үзгөн жокпуз, демек жеңиштерибиз али алдыда.
Журналист: Улуттук лигадагы аялдар үчүн волейбол – жөн гана спорт эмес, бул жашоонун бир бөлүгү: машыгуу, турнирлер, баарлашуу. Кийинки оюндар жайында Ысык-Көлдө өтөт.
Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрсо болот:
Б варианты
Журналист. Волейбол боюнча Энелер улуттук лигасынын кезектеги турнири Бишкекте өтүп жатат. Мындай лига КМШ өлкөлөрүндө да жок. Ага республиканын бардык аймактарынан келген 70тен ашык команда кирет. Оюнчулары 40 жаштан ашкан аялдар.
Респондент: Түйшүктөрү көптүгүнө карабастан, апалар волейболго убакыт табышат. Жети-тогуз балалуу оюнчулар бар. Биздин аялдар ар кандай кесиптин ээлери, жада калса дүлөйлөр коомунан да бар.
Журналист: Дүлөйлөр коомунун командасы күчтүү подгруппага түшүп калды. Аларга эми кыйын болот го. Дудук оюнчулардын машыктыруучусу улам колун жаңсап, нерви кайнап турат. Мындай команданын машыктыруучусу болуш оңой эмес го?
Респондент: Волейбол – бул командалык оюн. Албетте, кыйын, анткени биздин команданын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Менин кыйкырганымды аялдар укпайт да. Бир мага, бир котормочуга карашат. Мен кээде унутуп, катуу кыйкырам, бирок мындан жыйынтык чыкпайт.
Журналист: Залда күйөрмандар көп: балдары менен келген аталар, жөн эле волейбол сүйүүчүлөр. Дүлөй-дудук оюнчулар эмоциялар жана жаңсоолордон улам күйөрмандары ким экенин түшүнүшөт. Баардыгы финалды күтүп жатышат.
Респондент: Оюн абдан кызуу жүрүп жатат. Топ алгандарын караңыз! Чабуулдары укмуш! Күчтөрү билинип турат! Майыптар, менимче, өздөрүнө жараша мынча күчтүү эмес подгруппага кириши керек эле. Билбейм, менин оюм ушундай.
Журналист: Спорт аянтында талаш-тартыш болбой койбойт, бирок алар чечилет. Дудуктардын командасынан оюнчу торго тийбегенин түшүндүрүүгө аракет кылууда. Судья талаш топту эсептеген жок. Соңунда чечүүчү топту “Ак ниет” командасы чапты. Жеңилген команданын маанайы кандай?
Респондент: Бизге ынтымак жетишпей калды. Биринчи сетте 23:17 эсебинде алдыга чыккан учур болгон. Бирок андан кийин бири-бирибизди түшүнүшпөй калдык окшойт. Командалык дух жетишпей калды го, дейм.
Журналист: Ден-соолугунун өзгөчөлүктөрүнө карабастан, дүлөйлөр командасы экинчи орунду ээледи. Бирок алар үчүн бул да болсо жакшы натыйжа. Жалпысынан, улуттук лигадагы аялдар үчүн волейбол жөн гана спорттун түрү эмес – бул машыгуу, турнирлер, баарлашуу. Кийинки оюндар жайында Ысык-Көлдө өтөт.
Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрсо болот:
Бир эле иш-чарадан алынган репортаждын эки вариантын карап көрөлү.
Биринчи учурда, майыптыгы бар спортчулар башынан эле спортчу катары берилип, турнирге угуусу начар оюнчулардын катышуусуна көңүл бурулган жок. Биз муну машыктыруучу маек бергенде гана түшүндүк. Бирок окурман аларды биринчи кезекте спортчулар катары гана кабыл алат, анткени журналист “катышуучулар, оюнчулар, күйөрмандар, угуусу начар кыздар” деген туура сөздөрдү колдонду. Окурман спорттук иш-чара жөнүндө пайдалуу маалыматтарды билип, оюнчулардын майыптыгына токтолгон жок, алар оң маанайда көрсөтүлүп, майыптыгы жок спортчулардай эле ойногону айтылды.
Экинчи учурда биз дароо эле “түйшүктөрү көптүгүнө карабастан”, ” жада калса дүлөйлөр коомунан да бар” деген терс маанидеги сөздөр колдонулганын байкадык. Башкача айтканда, журналист бизге “майыптыгына карабастан, кээ бир дүлөй энелер волейбол ойношот” деген маанини берүүгө аракеттенди. Ошентип, окурман же көрүүчү алдын ала эле боору ооруп, аларды оюнчу катары эмес, “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” катары көрө баштайт. Мындан тышкары, тексттеги бул тенденцияны кийинки сүйлөмдөр бекемдеп жатат – “Дүлөйлөр коомунун командасы күчтүү подгруппага түшүп калды. Аларга эми кыйын болот го”- демек, аларды аяган сезим, эми ойноо жөндөмүнө күмөн саноо менен коштолуп жатат. Андан кийин машыктыруучунун абалы кеңири сүрөттөлөт – ” Дудук оюнчулардын машыктыруучусу улам колун жаңсап, нерви кайнап турат”. Бул сөздөр теңсиздик сезимин күчөтүүдө. Ал эми журналисттин “Мындай команданын машыктыруучусу болуш оңой эмес го?”, деген суроосу жогоруда айтылгандарды ого бетер бекемдейт, анткени бул команданы алдын-ала субъективдүү обочолоп, алсыз, катары көрсөтүүдө. Суроого жараша машыктыруучу да нааразылыгын айтты – “Албетте кыйын, анткени команданын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Кыйкырганымды аялдар укпайт да. Кыйкырам, бирок мындан жыйынтык чыкпайт”. Бул сөздөр аз келгенсип, журналист мындай сүйлөмдү кошумчалайт – “Дүлөй-дудук оюнчулар эмоциялар жана жаңсоолордон улам күйөрмандары ким экенин түшүнүшөт”. Башкача айтканда, алардын ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигин баса белгиледи. Бул материалдын туура эмес берилиши. Журналист буга чейин мүмкүн болгон бардык терс учурларды баса белгиледи десек болот. “Майыптар өзүнчө ойношу керек” деген таризде күйөрмандан маек алууда. “Ден-соолугунун өзгөчөлүктөрүнө карабастан, дүлөйлөр командасы экинчи орунду ээледи” деген сүйлөм менен репортаж биротоло терс маанилүү болуп жатып калды.
Майыптыгы бар адамдарга карата коомдо мурунтан эле жаңылыш көз-караштар болсо, бул репортаж аларды “алсыз, аларды башкалардан бөлүш керек”, деп ого бетер бул пикирге “ынандырды”. Бул репортаж журналистикадагы “Мындай жазууга болбойт!” деген категорияга кирет.
Дагы бир көңүл бура турган нерсе, сөздөрдү жана сөз айкаштарын тандоодо стереотиптерден алыс болуу керек. Түбөлүк бактысыз жана алсыз – “жабыркоочу” адамдын драмалык образы кереги жок.
“Турмуш кыйынчылыктарына карабастан” “жеңип чыккан”, “кадимкидей” жашоосу бар “баатыр” да өтө кеңири тараган образ. Журналист жалпылоо жана божомолдордон да алыс болуш керек.
Көбүнчө журналисттер маектешүү маалында ыңгайсызданып, же ашыкча толкунданып, интервью жакшы болооруна көзү жетпейт. Бул ыңгайсыздыктын эң көп кездешкен себептери – майыптыгы бар адамдар менен мамиледе туура тилди жана алып-жүрүүнү билбегендикте, майыптыгы бар инсандар менен иштөө тажрыйбасынын жоктугунда жана ушулардан улам чыккан белгисиздикте.
Ыңгайсыздык абалында реалдуу көйгөйлөрдү жана чыныгы кырдаалды адекваттуу баалоо, адамды өзүнө тартып алуу, анын ишенимине кирүү, маектешүүнү сабаттуу жана ийгиликтүү куруу кыйынга турат. Натыйжада, жалпыга маалымат каражаттарында жакшы материал чыкпай калышы мүмкүн, бул жагдай болсо майыптыгы бар адамдарды коомго интеграциялоо көйгөйүн чечүүгө жетиштүү салым кошо албай калат.
3. Өзүн-өзү алып жүрүүнүн (этикеттин) жалпыга белгилүү 10 эрежеси
1) Майыптыгы бар адам менен сүйлөшүп жатканда, маектешүү учурунда аны коштоп жүргөн адамга же сурдокотормочуга эмес, өзүнө түз кайрылыңыз.
2) Майыптыга бар адам менен тааныштырганда, анын колун кысуу табигый нерсе, атүгүл колун кыймылдата албагандар деле же протез колдонгондор, оң же сол колун суна алышат. Мындайга жол берилет.
3) Көзү начар көргөн адамга жолукканда, сөзсүз түрдө өзүңүздүн жана сиз менен кошо келген адамдардын атын атап коюңуз. Эгерде сиз жалпы топ ичинде маек куруп жатсаңыз, андай учурда ким менен сүйлөшүп жатканыңызды айтып, өзүңүздү тааныштырууну унутпаңыз.
4) Эгерде сиз бирөөгө жардам бергиңиз келсе, жардамдын кабыл алынышын күтүп, андан кийин эмнени кантип жасоону сураңыз. Сизден сурабаса, жардам бербеңиз.
5) Чоңдорго чоң кишилердей мамиле жасаңыз. Аларды жакшы билген учурда гана, сиз аларды атынан чакырып, “сен” дей аласыз.
6) Бирөөнүн майыптар коляскасына таянуу же ага асылуу анын ээсине таянуу же ага асылууга барабар, бул нерсе анын кыжырын келтирет. Майыптар коляскасы – аны колдонгон адамдын кол тийгис мейкиндигинин бир бөлүгү болуп саналат.
7) Сүйлөшүү кыйынчылыгы бар адам менен сүйлөшүп жатканда кунт коюп угуңуз. Чыдамдуу болуңуз, адам оюн өзү айтып бүтүргөнчө күтө туруңуз. Аны оңдобоңуз жана анын ордуна сөздөрүн улантпаңыз. Эгер чындап түшүнбөсөңүз, эч качан түшүнгөндөй түр көрсөтпөңүз. Түшүнгөнүңүздү кайталаңыз – кайталоо адамдын сизге жооп беришине, сиз болсо аны түшүнгөнгө жардам берет.
8) Майыптардын коляскасын же балдакты колдонгон адам менен сүйлөшүп жатканда көзүңүз менен анын көзү бирдей деңгээлде болуш керек, ошондо сүйлөшүү оңой болот.
9) Угуусу начар адамдын көңүлүн буруу үчүн колуңузду булгап же далыга таптаңыз. Анын көзүнө тике карап, так сүйлөңүз, бирок угуусу начар адамдардын бардыгы эле эриндердин кыймылдашынан окуй албасын унутпаңыз.
10) Өзүңүздү бош коюңуз. Кокусунан жаңылып калсаңыз, уялбаңыз, боло берет.
Корутунду
Майыптыгы бар адам өлкөнүн толук кандуу жараны болуп саналат. Журналистиканын милдети – массалык аң-сезимдеги майыптык стереотипин оңдоо үчүн тексттерде туура лексиканы колдонуу, ошону менен аудиторияны майыптыгы бар адамдарды адекваттуу кабыл алуусуна ыктап, алардын коомго аралашуу процессин тездетүү.