Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

№3 сабак. Жеткиликтүүлүк

№3 сабак. Жеткиликтүүлүк

Жеткиликтүү тоскоолдуксуз чөйрө
ар бир муктаж болгон адамга көз карандысыздык берет.

 

1. Көз карандысыз жашоо образы

БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясында майыптыгы бар адамдардын көз карандысыз жашоо образын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу зарылдыгы айтылган. Анда майыптыгы бар адамдардын жашоосунун бардык аспектилеринде ар тараптуу катышуусун камсыз кылуу үчүн аларда  төмөнкү тармактарга жеткиликтүүлүк  болушу керектиги  белгиленген:  

  • адамдардын  чөйрөсүнө;  
  • транспортко;
  • маалыматка жана байланышка, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларга  жана системаларга;
  • шаар жана айылдардагы калк үчүн ачык объекттерге жана көрсөтүлгөн кызматтарга.

Жеткиликтүүлүккө бөгөт болгон  тоскоолдуктарды аныктап,  аларды жоюу  боюнча чаралар төмөнкү тармактарда жүргүзүлүшү керек:

a) мектептерде, турак үйлөрдө, медициналык мекемелерде, иш орундарында, имараттарда, жолдордо, транспортто жана башка ички жана тышкы объекттерде;

b) электрондук жана ыкчам кызматтарда, маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызматтарда.

Мамлекет төмөнкүлөргө карата да  чараларды көрүүгө милдеттүү:  

a) объекттердин жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн минималдуу стандарттарды жана багыт көрсөтүүчү документтерди иштеп чыгуу;

b) объекттерди жана кызматтарды сунуш кылган жеке ишканалар майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн бардык аспектилерди эске алышы кажет;

c) бардык катышкан тараптарга майыптыгы бар адамдар туш болгон жеткиликтүүлүк маселелери  боюнча нускамаларды  уюштуруу;

d) калк үчүн ачылган имараттарды жана башка объекттерди Брайл арибиндеги белгилер менен жабдуу;

e) жардамчылардын жана ортомчулардын, коштоочулардын, окуучулардын жана сурдокотормочулардын ар кандай кызматтарын көрсөтүү;

f) майыптыгы бар жарандардын Интернет менен кошо жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар системасын пайдалануусуна колдоо көрсөтүү.

Биздин өлкөдө майыптыгы бар адамдардын көпчүлүгү коомдон обочолонуп,  үйдө же атайын мекемелерде жашашат. Тилекке каршы, алар “көрүнбөй” жашоого мажбур. Ага ар кандай себептер болушу мүмкүн. Атап айтканда,  физикалык, жүрүм-турумдук, нормативдик-укуктук,  байланыш тоскоолдуктары алардын активдүү жашоосун  чектейт.

Алар үчүн жеткиликтүү чөйрө – бул  биринчи кезекте  эркин жүрүүгө  жана ыңгайлуу жашоого керектүү маалыматтарды алууга түзүлгөн шарттар.

Жеткиликтүү чөйрө – бул  пандустардын, жолдордун, тротуарлардын, коомдук транспорттун, лифттердин атайын жабдылышы эле эмес. Жеткиликтүү чөйрө физикалык, маалыматтык жана коммуникациялык жеткиликтүүлүктүн комплекси катары каралышы керек.

Майыптыгы бар адам башкалар сыяктуу эле окуй алат, иштейт, соода кылат, эсептерин төлөй алат, спортко жана коомдук турмушка аралаша алат. Бирок, мунун баары билим алууга, жумушка орношууга жеткиликтүүлүк болуп, шаардык инфраструктуранын объектилеринде, коомдук транспортто тиешелүү шарттар түзүлгөндө гана ишке ашат. Башкача айтканда, майыптыгы жок адамдардын оюна келбеген нерселердин баарында жеткиликтүүлүк  болушу керек.

Пандустар, курулуш нормалары, майыптыгы бар адамдардын саламаттыкты сактоо системасына  жеткиликтүүлүгүн  жакшыртуудагы медициналык жетишкендиктер, жеткиликтүү байланыш жана маалымат чөйрөсүн түзүү  сыяктуу темалар жөнүндө маалыматтар майыптыгы бар адамдардын жашоо шарттарынын жана сапатынын жакшырышына таасирин тийгизет.

 

2. Күнүмдүк жашоодо пайдалуу боло турган маалыматтарды бергиле

Майыптыгы бар адамдарга иш жүзүндө жардам берген маалыматтар камтылган учурда ЖМКнын аракеттери натыйжалуу болот.

Майыптык кемчилик эмес – башкалар майыптыкты түшүнбөгөндүктөн, ал кемчилик келип чыгат. Көбүнчө майыптыгы бар адамдын физикалык өзгөчөлүктөрү ЖМК тарабынан оорукчан, кемчилиги бар адам катары көрсөтүлөт. Майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрө түзүлсө, анда алардын иш-аракеттерине эч нерсе тоскоол боло албайт.

Майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуктар канчалык аз болсо – анда бардыгына жакшы болот! Алар үчүн түзүлгөн жеткиликтүүлүк чындыгында башкаларга да жардам берет.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, бардык категориядагы майыптыгы бар адамдар үчүн  тиешелүү  шарттар түзүлсө,  алар иштеген уюмдардын, ошондой эле жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошо алышат.

Көп кабаттуу үйлөрдү курганда, адам жогору чыгуусу үчүн  тепкичтерди курабыз же лифттерди орнотобуз. Ушундай эле шарттарды бардык категориялардагы майыптыгы бар адамдарга да түзүш керек. Эгерде босогосу жок,  эшиктери кенен,  тактиль баскычтары бар лифт болсо, майыптыгы бар адамдар өздөрү каалаган  кабатка  көтөрүлө алышат.

Маалыматты көбүрөөк жайылтуу үчүн адамдар алиппе, китеп, телевизор, гезит, радиону ойлоп табышкан.  Башкалар сыяктуу эле майыптыгы бар адамдар да өздөрүнө  жеткиликтүү форматтагы  маалыматтарга муктаж: Брайл ариби  менен тифло коштоосундагы материалдар, сурдокотормо, субтитрлер. Эгерде бардык жерлерде жеткиликтүүлүк түзүлсө, майыптыктын өзү кыймыл-аракетке жана толук кандуу жашоого тоскоол болбойт. Жеткиликтүү, тоскоолдуксуз чөйрө муктаж болгондордун баарына көз карандысыздык берет.

Гүлмира Казакунова, «Равенство» коомдук фондунун жетекчиси:“Жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер өзүлөрү биринчи кезекте адамды майып кылган оору же анын оорулуу абалы эмес, тоскоолдуктар экенин түшүнүшү керек, деп ойлойм. Майыптыгы бар  адамдардын жашоосун жакшыртуу жана өзгөртүү үчүн тоскоолдуктарды жоюдан баштоо керек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги ролу – бул тоскоолдуктарды жоюга жардам берүү».

 

Журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар, жарандык активисттер жана блогерлер коомдук жана административдик имараттарда пандустардын бар экендиги жана алардын Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына шайкештиги (КР СНиП) жөнүндө прецеденттерди түзүп, бул маселени активдүү жаза башташты. Ошондой эле, социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында майыптыгы бар адамдар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер көп көтөрүлөт. Дал ушул материалдар коомдук жайларда пандустарды курууга негизги түрткү болду. Административдик имараттар пандустарды кура баштады. Бирок көпчүлүк пандустар СНиП талаптарына жооп бербей турганын  ачык айтуу керек. Эң башкысы,  процесс башталды: пресса канчалык көп жазып, көйгөйдү эскертип турса, ошончолук  бат өзгөрүүлөр болот.

 

№ 3-Кейс. Тоскоолдуксуз жашоо

Журналист: “Кош келиңиздер!” – деп бутиктин эшигинде жазылган. Дүкөндүн босогосу болсо бийик мрамордон. Владимир коляскасын пандусу жок жерде токтотту.

Респондент: Көпчүлүк дүкөн ээлери пандус имараттын көрүнүшүн бузат, деп эсептешет.

Журналист: Бизнес ээлери эгерде коммерциялык максатта имарат куруп жатышса, майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Шаардын ичиндеги шарттар жөнүндө айта турган болсок, бул бийликтин милдети. Шаарда өмүргө коркунуч келтирген көп пандустар бар.

Респондент: Ооба, туура айтасыз. Мисалы, бул имарат жакында пайдаланууга берилди. Бирок анда жеткиликтүүлүктүн элементтери таптакыр каралган эмес. Лифт бар, бирок эшиктери тар, коляска ал жакка батпайт. Пандустар “мына жасадык, деп” көрсөтүш үчүн гана жасалган, бирок алар стандарттарга жооп бербейт. Эңкейиштер тепкичтер менен бир деңгээлде, бул нормадан 3-4 эсе жогору дегендик. Кире бериш менен эшиктер да  ылайыкташтырылган эмес, босоголор бардык жерде бийик. Буга кошумча эч жерде тактиль такта белгилери жок.

Журналист: Эмне үчүн бул багытта иштер жүрбөйт, балким каражат жетишпей жаткандыр. Сиздин оюңуз кандай?

Респондент: Иш жүргүзүлбөй жатканынын себеби өкмөттүн, ишкерлердин жана жалпы коомдун түшүнүгү жок. Бардык жеткиликтүүлүк элементтери бар имараттарды пландаштырса, буга көп каражат деле талап кылынбайт. Өкмөт куруучулардын баарын чогултуп, аларга  жеткиликтүүлүктү түзүү боюнча окутуу өткөрүп,  алардын аткарылышын талап кылышы керек.

Журналист: Демек, талаптарды күчөтүш керекпи?

Респондент: Талаптар болушу керек, жана эч бир учурда жаңы имараттарды, үйлөрдү жеткиликтүүлүктүн элементтери жок болсо, эксплуатацияга киргизүүгө уруксат бербеш керек. Эгерде мындай прецедент түзүлсө, анда кийинки структуралардын бардыгы майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү болот. Курулуп жаткан жана улам эле кайра оңдолуп жаткан тротуарлар, адамдар өтүүчү өтмөктөргө да тиешелүү.  Бардык жерде кадам сайын жеткиликтүүлүктү түзүү керек. Эгерде бул тема тез-тез көтөрүлүп, бийликке жеткирилсе, анда өзгөрүүлөрдү күтсө болот.

Журналист: Көпчүлүк адамдар жеткиликтүүлүк элементтерин эч ким колдонбойт, деп ойлошот…

Респондент: Азырынча эч ким колдонбойт, анткени ал нерсе майыптыгы бар адам, же майыптыгы жок адам болобу – ар бир адамдын үйүнүн босогосунан башталышы керек. Эгерде биз кадам сайын шарттарды жакшырта турган болсок, анда майыптыгы бар адамдар биздин коомдун бардык мүмкүнчүлүктөрүн эл катары колдонууга укуктуу болгон күн алыс эмес. Кимдир бирөө аны колдонобу же жокпу айырмасы жок, жеткиликтүүлүктүн элементтери болушу керек. Анткени, алар майыптыгы бар адамдарга гана эмес, баардыгына ыңгайлуу болот.

Журналист: Эмне үчүн биздин коомдун майыптык жөнүндө түшүнүгү аз деп ойлойсуз?

Респондент: Мен мындайга көп туш болом. Бир жолу курулуп жаткан имараттын жанынан өтүп баратып, майыпыгы барлар,  коляскасы бар адамдар имаратка кире алабы, деп, кызыгып көрдүм? “Бул жер коммерциялык банк болот! Эмнеге келмек элеңиз”, деп алар таң калышты. Башка күнү банктан эсеп ачууга баргам: эшиктин бийик босогосунан кире албай, кызматкерлердин келүүсүн сурандым. Бир аял чыгып, “банк кайрымдуулук иштери менен алектенбейт”, деген сөздү айтты.

Журналист: Биздин коомдогу негизги тоскоолдук – майыптыгы бар адамдардын муктаждыктары жөнүндө түшүнүктүн жоктугу.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыз:

 

№4 Кейс.  Көзү начар көргөн адамдар үчүн курстар

Журналист: Бул жерде өз алдынча жашоого үйрөтүшөт. Кыргызстандын бардык аймактарынан көрүүсү начар жаштар чогулган. Окутуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Респондент: Программа ар түрдүү: ага ак түстөгү узун таяк менен шилтеп жүрүү, компьютерде иштөөнү үйрөтүү кирет. Интернетти, смартфонду колдонууну үйрөнөбүз. Мындан тышкары, биз өз алдынча болууга үйрөнөбүз – тамак жасап, үй жыйнап, кир жууйбуз.

Журналист: Балдарга орус тилинен сабак өтүлөт, анткени аймактардан келген балдар тил билбейт, ал эми  бардык технологиялар орус тилинде. Жарым жыл бою катышуучулар спортко дагы аралашат.

Респондент: Көзү азиз адам бардык нерсени жасай алат, бирок ага аз-аздан көнүш керек. Биз боулинг ойнойбуз, тандем велосипед тебебиз, скалодромго барабыз, сууда сүзөбүз, жөө жарышка катышабыз. Мунун бардыгы чогулган жаштарды мүмкүн болушунча коомго аралаштырууга жардам берет. Кийинки курска катышуучуларды тартуу иштери башталды, каалоочулар 113 номерине чалып, маалымат ала алышат. Чалуу акысыз.

Журналист: Программада позитивдүү ой жүгүртүү, көзкарандысыз жашоо жана өз алдынча өнүгүү да каралган. Ар бир адамдын тагдыры, жашоого болгон көз-карашы ар башка. Көпчүлүгүнүн такыр билими жок. Окуулардан кийин балдар кандай өзгөрүшөт?

Респондент: Алар бул жакка келгенде түнт, кишиге аралашпаган, тагдырга таарынып, үйдөн чыккысы келбегендер эле. Негизинен, көрүүсү начар адамдар өзүлөрүнө ишенишпейт, бул тренинг болсо ачык болууга жардам берет, өзүнө ишенүү пайда болот.

Журналист: Эгерде сиз таякчан кишилердин тобун көрсөңүз, аларга жардам берүүгө ашыкпаңыз – алар өз жолун билгендер, шаарда кантип жүрүүнү өздөштүрүп алышкан. Дагы бир нерсе – майыптыгы  барлар сизден суранбаса, аларга жардам берүүгө ашыкпаңыз.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыз:

 

Тапшырма: Ушул эки маектешүүнү салыштырып көрөлү

Биринчи учурда конструктивдүү диалог жүрдү, анда респондент майыптыгы бар адамдардын муктаждыктары, бизнестин, өкмөттүн, жарандардын өлкөдө жеткиликтүүлүктү түзүүдөгү милдеттери жөнүндө айтып берди.

Сүйлөшүүдө аны “баатыр” кылып көрсөткөн жок, эч кандай стереотиптик ой-жүгүртүүлөр, аяныч сезимдери козголгон жок. Респондент көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштады жана ошол эле учурда алар “жашоосунун оор экендиги” жөнүндө сүйлөшкөн жок.

Сүйлөшүүдө бир нерсени өзгөртүү ниети жана сунушталган иш-чаралардын аткарылышы көрсөтүлөт.

Экинчи вариант – маалыматка жана билим алууга жеткиликтүүлүк жөнүндө. Ал позитивдүү жана маалыматка бай. Көзү азиз адамдар толугу менен көз карандысыз адамдар, алар күнүмдүк жашоодо өздөрүн карай алышат, шаарды кыдырып, спорт менен машыга алышат, – деген маалымат берилген. Алар тоскоолдуктарга кабылбайт, кабылса да жеңип чыгууга үйрөнүшөт. Ушундай курстан кийин дагы ачылаары жөнүндө пайдалуу маалымат берилген.

Маектин аягында журналист: “Көпчүлүктүн билими такыр жок” дейт, респондент болсо: “Алар бул жакка келгенде түнт, кишиге аралашпаган, тагдырга таарынып, үйдөн чыккысы келбегендер эле. Негизинен, көрүүсү начар адамдар өздөрүнө ишенишпейт”, дейт. Ушул айтылган сөздөрдүн бардыгын терс стереотиптердин жайылтуучулары деп атаса болот. Материал жалпысынан позитивдүү жана маалыматка бай, бирок материалдарда катылган буга окшогон майда стереотиптер терс “миссияны” аткарат. “Окуулардан кийин балдар кандай өзгөрүшөт?” деген суроого – майыптыгы бар адамдарды кызыктыруу үчүн, кемчиликтерине басым жасабай, окуунун натыйжалары жөнүндө айтып берсеңиз болот. Сүйлөшүүнү туура багытта өткөрүү – журналисттин кесипкөйлүгүнөн көз каранды.

 

3. Жеткиликтүү билим берүү

Майыптыгы бар адам үчүн билим алуу – бул коомдун толук кандуу мүчөсү болуу, коомдук турмуштун процесстерине катышуу жана коомго аралашуу мүмкүнчүлүгү.

Майыптыгы бар адам билим алып чоңойсо, кыйынчылыктарга оңой көнүп кетет. Бирок, республикада болгон билим берүү системасы, тескерисинче, майыптыгы бар баланы коомдон четтетип, катардан чыгарып, аларга карата толеранттуу мамилени өрчүтпөйт.

Совет мезгилинде майыптыгы бар балдар окуган атайын мектепке чейинки мекемелер жана мектептер түзүлгөн. Майыптыгы бар балага “өздөрүнө окшош” балдардын арасында билим алуу жеңилирээк жана оңой, деп ишенип келишкен, азыр дагы ошентип ойлошот.

Натыйжада, бала-бакчада, атайын мектепте “өздөрүнүн” арасында тарбияланып, окуйт жана ЖОЖго киргенде башкалар менен аралашып, көнүү кыйын болот. Ошол эле учурда, майыптыгы бар адам менен чогуу окуган студенттерде аларга карата толеранттуу мамиле жок болуп чыгат. Адистештирилген мектепте билим алуу жумушка орношууда дагы таасир этет: майыптыгы бар адамдар коомго аралашып көнүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берген кошумча жөндөмдөргө муктаж болот.

Билим берүү чөйрөсүндөгү мындай саясат терс социалдык кесепеттерге алып келет:

– коомдун мамлекеттин багуусунда калган, көз каранды бөлүгү өсүүдө;

– майыптыгы бар адамдар жогорку билим алышпайт, жумушу жок, ошого жараша социалдык жөлөкпулдардын жана майыптыгы боюнча пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүүнү талап кылышат;

– толеранттуу мамиле калыптанбайт.

Интернаттардын ордуна кандай альтернатива бар? Майыптыгы бар балдардын ийгиликтүү коомго аралашуусу үчүн инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү керек.

Инклюзивдик билим берүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында да бат-бат маалыматтарды берип туруу керек. Баардыгы менен биргеликте майыптыгы бар балдарды окутуунун зарылдыгы жөнүндө айтыш керек. Бул үчүн Билим берүү министрлигинин өзүнүн инклюзивдик билим берүү концепциясы бар. Анда мугалимдерди кеңири даярдоо жана кайра даярдоо боюнча жазылган.

 

4. Жеткиликтүү медицина

Кымбат баалуу дары-дармектерди жана медициналык изилдөөлөрдү көпкө күтүү, керектүү врачтардын жетишсиздиги, бийликтин көңүл бурбай жатышы – майыптыгы бар адамдар  укуктарынын бузулганы тууралуу айтышат, бирок чанда гана. Көпчүлүк учурда медициналык кызмат алуу жагынан, алардын жумушка орношуу жана репродуктивдик ден-соолукка жетүү укуктары бузулаары айтылат. Мындай көйгөйлөргө учурагандыгын майыптыгы бар адамдар өздөрү билдиришет. Акыркы үч жылда абал акырындап жакшырып,  өздөрү талап койгону үчүн алардын ой-пикирлери жана укуктары эске алына баштаган. Кээ бир аялдар гинекологго кеңеш алганы кайрылганда проблемага туш болгондорун жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык айтып чыгышкан. Мисалы, майыптыгы бар аялдарга карата: өзүң “майып” болсоң, анан кантип балалуу болгуң келет, бул биздин менталитетке туура келбейт, баланы кантип тарбиялайсың?”, сыяктуу сөздөр айтылып, алар дискриминацияга туш болушат. Алыскы аймактарда “майыптыгы бар аялдарды стерилизация кылышат”, деген окуялар да кездешет.

Майыптыгы бар адамдардын жашоо-турмушундагы кыйынчылыктардын көпчүлүгү алардын ден-соолугунун өзгөчөлүктөрүнөн эмес, социалдык факторлордон улам келип чыгат: мамлекеттин мамилеси, чиновниктердин кайдыгерлиги, адамдардын жат мамилелери. Көп жылдардан бери мамлекет майыптыгы бар адамдарды өзүнчө бир топко киргизип, ошону менен аларды коомдон бөлүп келген. Бул тоскоолдуктарды эки тараптан: майыптыгы бар адамдар өздөрү жана майыптыгы жок адамдар биргеликте жеңип чыгуу керек.

Мифтерди – жалгандарды жокко чыгаруу майыптык тууралуу темаларды ачып берүүгө жардам берет.

MИФ: Майыптыгы бар адамдар кымбат жана жогорку технологиялуу көмөкчү шаймандарга жана кызматтарга муктаж.

ФАКТ: Көпчүлүк учурда, майыптыгы бар адамдар жөнөкөй жана арзан шаймандарга муктаж. Кымбат көмөкчү шаймандар саналуу гана майыптыгы бар адамдардын жашоосуна өтө маанилүү.

МИФ: Майыптыгы бар адамдар интернаттарда же калыбына келтирүү борборлорунда туруктуу көзөмөл астында жашашы керек.

ФАКТ: Тилекке каршы, бул миф майыптыгы бар адамдарды калыбына келтирүүчү медициналык моделге таянган узак мөөнөттүү системаны түздү. Эгерде камкордук жана жардамчы берүү системасы, реабилитациялоонун социалдык модели жана коом тарабынан майыптык көйгөйүнө адекваттуу мамиле болсо, анда оор майыптыгы бар адамдар деле өз үйүндө жашай алышат. Кандай гана жагдай болбосун, алар тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

MИФ: Майыптыгы бар адамдар окуй алышпайт же бир нерсени үйрөнө алышпайт.

ФАКТ: Майыптыгы бар адамдар окушат, жетишерлик деңгээлде окууга жөндөмдүү, айрымдары атайын программа боюнча билим алышат, алар активдүү жашап, көп нерсеге жетише алат.

МИФ: Майыптыгы бар адамдардын арасында бир дагы кесипкөй адис жок.

ФАКТ: Бүгүнкү күндө үйдөн чыкпай эле Интернеттен билим алууга болот. Мындан тышкары, көптөгөн бейөкмөт уюмдар майыптыгы бар адамдарды акысыз окутуп, даярдап, жумушка орношууга жардам беришет.

MИФ: Майыптыгы бар адамдар үчүн атайын эмгек шарттарын түзүү абдан кымбатка турат.

ФАКТ: Майыптыгы бар кызматкерлердин көпчүлүгүнө жумушту натыйжалуу аткаруусу үчүн атайын шарттарды түзүүнүн кажети жок. Көбүнчө эмеректердин же оргтехниканын айрым элементтерин жылдырып, текчелердин ордун которуштуруу ж.б.у.с. нерселер жетиштүү.

Майыптыгы бар адамдар үчүн айлана-чөйрө ылайыкташтырылганбы, аларга кандай жерлер жеткиликтүү? Майыптыгы бар адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат? Эмне үчүн андай иштер жүргүзүлбөй келет? Журналисттер ушул суроолорго жооп издеши керек. Конвенциянын нормаларына жана жергиликтүү мыйзамдарга таянуу менен, жалпыга маалымдоо каражаттары бардык тармактарда жеткиликтүүлүктүн элементтерин түзүү үчүн иликтөөлөрдү жүргүзө алышат.