Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Корутунду

Корутунду

Жалпыга маалымдоо каражаттары майыптыгы бар адамдардын бардык категорияларын социалдык интеграциялоодо, алардын өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушуна толук кандуу катышуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө эффективдүү курал боло алат жана болушу керек. Бул үчүн журналисттерге төмөнкүлөр керек:

  1. Майыптыгы бар адамдарды коомдун ажырагыс бөлүгү катары түшүнүү, кабыл алуу жана аларды эч качан коомдун өзүнчө тобу катары бөлүп көрсөтпөө;
  2. автордун позициясын өзгөртүү, маалымат берүү формасына түзөтүү киргизүү;
  3. майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын нормалары менен таанышуу;
  4. майыптыкка карата медициналык жана социалдык-укуктук мамилелердин айырмасын түшүнүү;
  5. майыптык темасын чагылдырганда туура терминологияны колдонуу;
  6. агартуучу маалыматтын көлөмүн көбөйтүү;
  7. майыптыгы бар адамдарды баалуу билимдин булагы, сапаттуу кызмат көрсөткөн, жакындарынын таянычы, колдоочусу, жамаатка/коомго пайда келтирүүчү инсандар катары көрсөткөн материалдарды даярдоо.
  8. саламаттыкты сактоо, билим берүү, тамактануу, турак-жай, жумуш менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү шарттарды жакшыртууга чакыруу.

Журналистиканын милдети – ушул реалдуулукка ылайык, массалык аң-сезимдеги майыптык стереотипин жөнгө салуу, ошону менен аудиторияны социалдык интеграция процессине кошуп, майыптыгы бар адамдарды адекваттуу кабыл алуусуна түрткү болуу.

Бардык өлкөлөрдө майыптыгы бар адамдар жашайт, деген идеяны жайылтуу керек. Аларда башкалар сыяктуу эле эмоциялар, кызыкчылыктар, таланттар, көндүмдөр жана жүрүм-турумдары бар. Аларды адамдын жашын жана абалын, тажрыйбасын эске алуу менен ошого жараша чагылдыруу сунушталат.

Жогорудагы сунуштар, ыкмалар журналисттерге оор майыптык темасын окурманга жагымдуу кылып, керектүү медиа образын түзүүгө жардам берет жана бул журналисттердин жана аудиториянын ушул темадагы маалыматтарга болгон кызыгуусун арттырат. Бул чаралар майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуучу факторлордун бири болуп калаары шексиз.