Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

№4 сабак. Терс стереотиптер

№4 сабак. Терс стереотиптер

1. Терс стереотиптерди жайылтпаңыз

Эң көп колдонулган стереотиптердин бири – “майыптыгы бар адам ар дайым жардамга муктаж” деген ой.

Бул стереотип майыптыгы бар адамдардын көңүлүн чөгөртөт. Алардын ою боюнча, ал майыптыгы бар инсандын көзкарандысыздыгына шек туудуруп, ал эч качан толук кандуу жашай албасын көрсөтөт. Дал ушул туура эмес ой-жүгүртүүдөн улам майыптыгы барларды жумушка алышпайт.

Майыптыгы бар адамдарга бул стереотиптен улам күн сайын ар бирине “жарамдуулугун” жана өз алдынчалыгын далилдөөгө туура келет.

Изилдөө материалдарынан: – “Мен университетке өткөнүмдө, башкалар менден чоочуркап, мени менен таанышуудан коркушту. Бирок мага башка студенттер менен биринчилерден болуп таанышуу керектиги айтылган эле, мен өзүм аларга жакындап, таанышып чыккам. Алгач студенттер коркуп, тартынышып, мени менен тамашалашчу эмес, мени бат таарынып, тамашаларды да түшүнбөйт, деп ойлошкон. Коляска менен чыксам, адамдар да менден чоочуркап, качып, өтүп кетишет. Ал эми кээ бирлери токтоп, акча беришет. Мен аларга айтам – мага кереги жок, бирок алар бизди жакыр, деп ойлошот.  Көп адамдардын ою боюнча, биз үйдөн чыкпай отурушубуз керек. “Шаарда эмне кылып жүрөсүң, үйдө отурбайсыңбы?” – деп мага ар дайым айтышат.

 

Майыптыгы бар аялдарга эне болуу алда канча кыйыныраак: дарыгерлер мажбурлап аборт жасоону сунушташат, коомдо болсо эне болууну каалагандар жөнүндө жалаң терс пикирлер айтылат.

Адеп-ахлактык көз караштан алганда, мындай топтогу аялдар эне болууга укугу жок, деген сыяктуу коомдо адатка айланган жалган пикир орун алган. Адамдар “өзүнө окшош майып төрөлүшү мүмкүн” жана бала көп нерседен кур калат: анткени аны багуу, тамактандыруу, асыроо кыйын болот, деп ойлошот. Башкача айтканда, майыптыгы бар аялга жакшы эне боло албайт деген “мөөр тамга” тагылат. Коом өзү ушундай туура эмес бүтүм чыгарып,  майыптыгы бар адамдарды кемсинтип, жарым жан катарына кошот.

Бирок алар, башкалар сыяктуу эле, тукум улаганга укугу бар. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенцияда майыптыгы бар адамдар үчүн жашоонун бардык чөйрөлөрүндө укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги, бирдейлиги жазылган.

Кыргызстанда жылдан жылга майыптыгы бар адамдарга карата мамлекеттик саясат жана коомдун мамилеси өзгөрүлүп жатат, бирок билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана башка кызмат көрсөтүүлөргө бирдей мүмкүнчүлүк, жеткиликтүүлүк дагы деле жок. Майыптыгы бар адамдардын да айланадагылар жөнүндө стереотиптери күч, башкалар бизди кабыл албай коюшат, деп коркушат, ошондуктан көп учурда башка адамдар менен байланышуудан баш тартышат.

Мисалы, майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин көбү аларды жашырып, сыртка чыгууга уруксат бербей, балдардын биргелешип билим алышына каршы болушат. Майыптыгы бар балдарды төрөгөн жана тарбиялап жаткан аялдардын көпчүлүгү психологиялык жардам алышпайт жана коомдо стереотиптердин болушунан улам, жылдар бою стресстик абалда болушат.

Көбүнчө, коом майыптыгы бар адамдарды көзкаранды, ар дайым бир нерсеге муктаж, аяш керек болгон жарым жан адамдар катары кабыл алат. Терс стереотиптер майыптыгы бар адамдардын коомдо өзүн тең сезишине, жашоодон ырахат алуусуна, өнүгүүсүнө, ийгиликтүү жана бактылуу болушуна жолтоо болот. Жалган көз-караштардан улам жалпы мамлекетке дагы зыян келтирилет, анткени алардын айынан майыптыгы бар адамдар коомдук турмушка аралашып, көзкарандысыз жаран боло алышпайт, сапаттуу билим ала алышпайт жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштей алышпайт.

“Жакырчылыкка дуушар, колунда жок, бактысыз адамдар, аларды аяш керек, алар үй-бүлө, коом жана мамлекет үчүн түйшүк жаратышат”, деп майыптыгы барларга негизинен ушундай мамиле жасалат. Ошондой эле, майыптыгы бар адамдар “агрессивдүү, жашоосуна нааразы, баардыгын жек көргөн, мүнөзү татаал”, ошондуктан алар менен байланышпаган жакшы, деп жаңылыш ойлошот.

Мындай кабылдоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын да кандайдыр бир деңгээлде “күнөөсү” бар. Майыптыгы бар адамга карата түзүлгөн терс стереотип, образ, алардын коомго аралашып, жуурулушуп, көнүшүнө тоскоол болуп, аларга психологиялык жаракат келтирип, башкалардан обочолонууга, жалгыздыкка жана түнт жашоосуна алып келет.

Майыптыгы бар адамдардын билим деңгээли төмөн жана аларга бир нерсе жасоону үйрөтүү кыйын деген жаңылыш түшүнүк да бар. Бул стереотип өтө кооптуу, анткени анын негизинде иш берүүчүлөр аларга жумуш берүүдөн баш тартышат. Алар майыптыгы бар жумушчулардын бир нерсе жасай алаарынан күмөн санашат.

Кыргызстанда өзгөчө муктаждыктары бар 187 миң адам жашайт. Өлкөдө 20 жылга эсептелген “Жеткиликтүү өлкө” программасы иштелип чыгууда. Анда майыптыгы бар адамдардын коомго интеграцияланышы, инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, инфраструктурага жана медицинага жеткиликтүүлүктү куруу жөнүндө жазылган.

Азыр майыптыгы бар адамдар Кыргызстандын көзгө көрүнө баштаган жарандары гана болбостон, алар коомдун жашоосуна активдүү катыша баштады.

Майыптыгы бар адамдар биринчи кезекте аларды адам, инсан катары кабыл алуусун каалашат. Биринчи кезекте майыптыгына эмес, адам экенине басымды жасалышын каалап, ошондуктан өздөрүн “майыптыгы бар адам” деп атоосу үчүн күрөшүп келишкен.

Сейнеп Дыйканбаева, “АРДИ” майыптыгы бар балдардын ата-энелери коомдук уюмунун юристи жана программалык менеджери: “Майыптык темасы көп учурда ЖМКларда боор оорутуп, чагылдырылат. Материалдар трагедиялуу, музыкасы андан бетер кайгылуу, колдонулган сөздөрү болсо: “Бул сыноо”. Мындай чагылдыруу туура эмес. Тескерисинче, каармандар ар дайым кубанып, аларда кайгы-капа болбошу керек. Майыптыгы бар адамга бардык адамзатка тиешелүү нерселер жат эмес. Майыптыгы бар адамдар, майыптыгы жок адамдар сыяктуу эле, ар кандай болушат, ар кандай кырдаалды баштан кечирип, жакшы маанайда да, жаман маанайда да болушат. Айрымдары өз жөндөмүнө ишенсе, кээ бири өз күчүнө ишенбейт. Алардын арасында таланттуу, жигердүү, токтоо, таптакыр бири-бирине окшобогон инсандар кездешет. Ошондуктан, майыптыгы бар адамдарга баа берээрде ушул нюанстардын бардыгын эске алуу керек. Жер жүзүндөгү бардык адамдар жашоонун жакшы да, кыйын да учурларын башынан өткөрүшөт, болгону коомдогу тоскоолдуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдүн чектелишинен улам, майыптыгы бар адамдар үчүн бул кыйынчылыктар жөнөкөй адамдарга караганда эки эсе оор келет, ошондуктан аларды жоюу маанилүү”.

 

Конкреттүү бир майыптыгы бар адамдын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын көтөргөн айрым журналисттик материалдар коомчулукта чоң резонанс жаратат  да, эл жардам катары кийим-кече, акча жана башка керектүү нерселерди жөнөтө баштайт. Мындай иш-аракеттер адамдын убактылуу көйгөйлөрүн чечиши мүмкүн, бирок жалпысынан алып караганда мындай материалдар майыптыгы бар адамдарга карата  – ар дайым жардамга, колдоого муктаж жана алар өзүлөрүн өзү бага албаганадар – деген терс стереотиптерди ого бетер калыптандырат.

Көпчүлүк учурда журналисттер өзүлөрү майыптыгы бар адамдар жөнүндө терс көз-карашта болушат. Материалдарды даярдоодо көптөгөн журналисттер өздөрү терс стереотиптердин булагына айланып баратканын түшүнбөйт.

 

№5 Кейс. Майыптыгы бар бала.

Журналист: Майып баласы бар үй-бүлөдө жашоо кандай?

Респондент: Бизге абдан эле кыйын. Мен баланы таштап, иштей албайм. Жөлөк пул жетишсиз. Эптеп күн көрмөй. Жолдошум биздин оорулуу балабыз бар экендигин билгенде, таштап кеткен. Ошентип кызым экөөбүз эле жашайбыз.

Журналист: Сиздин абалыңыз оор экенин түшүнүп турам. Бул көйгөйдү кандайдыр бир жол менен чечүүгө аракет кылдыңызбы?

Респондент: Бизди декабрдын башында гана эскеришет. Былтыр майыптар үчүн коляска белекке тапшырышкан. Кайрымдуулук уюмдары тамак-аш, кийим-кече алып келишет. Аларга рахмат. Күн сайын баламды сабакка алып барам. Ал жерден калем кармаганды, сүйлөгөндү үйрөнөт. Окуудан кыйналабыз.  Бирок улантып жатабыз.

Журналист: Бул өнүгүү борборуна күнүгө өзгөчө балалуу 10 эне келет.

Өнүгүү борборунун кызматкери: Мен өзүм ушундай баланын энесимин. Убагында мендей адамдар көп экендигин түшүндүм. Ошондуктан чет элдик донорлордун жардамы менен ушундай борбор ачтык. Акырындык менен кадимки мектептерден билим ала баштасак, жакшы болмок. Балдар бири-бирине көнүп, аралашыш керек. Бул жерде алардын кичинекей дүйнөсү бар. Бирок биздин балдар мындан ары кантип жашайт, деп, алардын келечеги жөнүндө дагы ойлонушубуз керек.

Журналист: Борбордо билим алганы менен,  алар өз үйлөрүнө кайтканда, аларды кайра эле  жалгыздыктын төрт дубалы күтүп турат.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыз:

 

№6 кейс. Жаңы жылдык концерт  

Журналист: Бишкекте жаңы жылдык концерт болуп өттү. Майрамга социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн жана майыптыгы бар 100дөн ашуун балдар чакырылган. Маанайыңыз кандай?

Респондент: Мен майып баланын энесимин. Майрамды бир ишкер көп жылдан бери уюштуруп келет. Мындан башка  кайдыгер калбаган адамдар таттууларга акча беришет, бекер унаа менен алып келет.

Журналист: Концерттен кийин балдарга жаңы жылдык белектер берилди. Балдар үйүнөн сыртка көп чыкпаган өспүрүмдөр үчүн мындай иш-чаралар майрамдан да өзгөчө, бул күндү абдан күтүшөт, белектерди кубаныч менен кабыл алып, даярдалган концертти жыргап көрүшөт. Сага жактыбы?

Респондент: Бул жер жомоктогудай: көңүлдүү, күлкү, кол чабуулар, күтүүсүз белектер. Мага мындай майрамдар жагат.

Журналист: 2018-жылдын 1-январына карата майыптыгы бар балдар 29,9 миң адамды түздү. Алардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыз:

 

Ушул эки маектешүүнү салыштырып көрүңүз. Бул эки учурда кандай ыкмалар колдонулгандыгын ойлонуп көргүлө.

“Майыптыгы бар бала” маегинде журналист респондентке боору ооруганы билинип турат. Улам эле кыйынчылыктарга, үмүтсүздүккө басым жасалган. Бир гана жерде теманын ачылышында позитивдүү жаркын учур пайда боло калат – бул баланын окуусу.  Майыптыгы бар балдардын ата-энелери ушундай борборлорго биригишип, билим алуу менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылышат. Бирок материал кайра эле кайгыруу менен аяктайт да, көрүүчүлөр майыптыгы бар адамдар кыйынчылык менен окуйт жана иштебейт экен, алар жардамга муктаж жана аларды аяш керек, өзүнчө бөлүп караш керек экен, деген стереотиптер бекемделүүдө.

Майыптык темасын ушундай чагылдыруудан алыс болуш керек. Жамааттык аң-сезим чындыкты жаратаарын бардыгыбыз билебиз. Майыптыгы бар адамдарга карата коомдогу терс стереотиптер канчалык күчтүү болсо, алардын жашоо сапатын өзгөртүү ошончолук татаал болот. Мындан тышкары, терс стереотиптер аларды ансайын аялуу кылат, аларга жумуш табуу, жашоосун жөндөө жана ойлогондорун ишке ашыруу кыйынга туруп калат.

Экинчи учурду алсак – “Жаңы жылдык концерт”. Журналисттин мындай баяндамасынан майыптыгы бар адамдарга жардам керек, аларга белек бериш керек экен, деген түшүнүк калат, башкача айтканда, мындай материалдан кийин каржылык жактан жардам бериш керек деген ой, каалоо пайда болот.

Материал майыптыгы бар адамдар өз-өзүнчө жашап, жардамга муктаж деген стереотиптик ой-жүгүртүүнү бекемдөөдө. Майрамдарды башкалардан бөлүп, өзүнчө уюштуруунун өзү – аларды коомдон бөлүп жаткандыгын, Конвенциянын нормаларына таптакыр карама-каршы келээрин, белгилей кетүү керек.

Журналисттер жана блогерлер  майыптыгы бар адамдарды коомдун толук кандуу жараны катары кабыл албаган терс пикирлерди жоюу үчүн өз салымын кошушу керек.

 

№7 кейс. Паралимпиадачынын үйүндө

Чыгармачыл топ паралимпиадачынын үйүндө. Ал диплом, сыйлыктарын көрсөтүп жатат.  

Журналист: Бул сыйлыктар менен биздин каармандын үй-бүлөсү гана эмес, Кыргызстан сыймыктанат. Баары эмнеден башталган эле?

Респондент: Бул күтүлбөгөн эле жерден башталган. Балким тагдырдыр… Бир жолу мен көчөдө баратсам, болочок машыктыруучум мени байкап калат. Ал, сыягы, менден күчтү жана дараметимди көрдү окшойт. Мени машыгууга чакырат. Көрүп жатканыңар – беш жылдык аракеттин натыйжасы.

Журналист: Ал күн сайын ушул жол менен үйдөн спорт залга барат. Спортто ийгиликке жетүү –  татаал жол. Адам өзүн кантип шыктандыра алат?

Респондент: Мага бала кезимен жашоону кандай болсо ошондой кабыл ал, деп үйрөтүшкөн. Машыктыруучум ар дайым “спорт – бул темирдей тартип жана эрктүүлүк”, деп айтат. Адамдын жашоодо эки жолу бар – биринчиси: эмнеге ушундай туулдум, бардыгы жаман деп ыйлап жата бер, экинчиси: аракет кылып, машыгып, өзүңө ишенип, максатыңа жет.

Респонденттин машыктыруучусу: Ийгиликтин ачкычы – бул өзүн-өзү тарбиялоо, өзүңдү-өзүң жетиштирүү. Ар бир адам өзүн спортто сынап көрсө болот. Мүмкүн болбогон нерселер да мүмкүн! Машыгууну каалагандар үчүн биздин эшик ачык. Бирок өзгөчө балдар машыккан мындай жерлер көп болушун каалайт элем.

Журналист: Бүгүнкү сыйлыктар жана медалдар каарманыбыз үчүн чек эмес, ал кийинки Паралимпиада оюндарына даярданып жатат.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыз:

 

Кейс кандайча берилди, эмнелерге басым жасалды?

“Паралимпиадачынын үйүндө” маегинде, журналист башынан эле респонденттин майып экендигин баса белгилебейт. Аны адам катары ача баштайт. Сүрөттө анын майыптардын коляскасында отурганы көрүнүп турат. Суроолор болсо кадимки эле ийгиликке жетишкен спортчуга берилчү суроолор. Ийгиликтин формуласы баарына бирдей – бул сабырдуулук, аракет жана эмгек. Башкача айтканда, бул материал баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт жана ошол эле учурда үйүндө камалып, тышка чыкпагандарга жашоосунда өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү берет.

 

2. Аларды “баатыр” катары көрсөтүүдөн баш тарткыла

Журналисттер “алты саны аман адамдарга караганда эмгектенип, үй-бүлөсүн багып, чоң жетишкендиктерге ээ болуп келе жатат”, деген сөздү көп колдонушат.

Майыптыгы бар адамдарды майыптыг жок адамдар менен салыштыруу, аларды коомдун өзүнчө тобуна бөлүүнүн бир түрү, ал эми адамдын майыптыгы патология жана оору катары көрсөтүү дегендик. Материалды даярдоодо журналист, биринчи кезекте, майыптыгы бар адамды башка адамдарга тиешелүү баардык касиеттери бар коомдун мүчөсү катары билип, кабыл алышы керек.

Гүлмира Казакунова, «Равенство» коомдук фондунун жетекчиси мындай дейт: «Урматтуу журналисттер, майыптыгы бар адамдарды ар кыл себеп менен “баатыр” көрсөткөнүңөрдү токтоткулачы, мамилеңерди өзгөрткүлө. Майыптыгы бар адамдар башкалар сыяктуу эле, эч айырмаланбайт».

 

Изилдөөнүн катышуучусу: – Майыптыгы бар адам жөнүндө “ал өзүнчө эле баатыр, бардык кыйынчылыктарды жеңип, көйнөгүн өзү топчулап, кийимин жууп, ал тургай чай ичкен чынысын өзү жууйт”, деген макалалар мага такыр жакпайт. Дал ушул нерселер теңсиздикти көрсөтүп турат. Балам идиш жууйт, ошол үчүн ал баатыр, деп гезитке жазбайсыз да, туурабы? (Бишкек шаары)

 

№8 кейс. Кичинекей адамдар

Журналист: Майыптыгы бар адамдардын арасында лилипуттар кездешет. Алар бала кезинен майып. Самара эже катардагы советтик мектепти аяктаган. Бактысына жараша түшүнүктүү мугалимге жана классташтарга туш болгонун айтат. Бала чагыңыз кандай өттү?

Респондент: Мен кичинекей кезимде көчөгө чыкканда мага тигилип, башкача карагандарын сезчүмүм. Башкалардан айрымам бар экенимди ошондо эле түшүнгөм.  Ата-энем ар дайым мага “сен болгону өзгөчөсүң”, деп айтышчу. Алар мени атайын эмес, жөнөкөй мектепке беришти. Бул үчүн аларга ыраазымын. Мен майыптыгы жок балдардын арасында чоңойдум. Жакшы окуп, экономикалык билим алдым.

Журналист: Кичинекей адамдар сурап жашаганды жактырбайт. Алар жашоосун өз алдынча курууну туура көрүшөт. Самара эже банкта иштейт. Жашооңуз кандай өтүп жатат?

Респондент: Мен жыйырма жылдан бери банкта иштейм. Ата-энем менен турчумун. Кийин келечегимди ойлоно баштадым. Ата-энем өлгөндөн кийин менин тагдырым кандай болот, деп. Өз алдымча болоюн дедим. Үйүмдү ипотекага сатып алдым.

Журналист: Бир нече жыл мурун Самара эже жаңы төрөлгөн ымыркай баланы багып алган. Азыр кызы алты жашка чыгып калды.

Респондент: Биз башка адамдардан айрымабыз жок. Болгону боюбуз кыска. Бизде сезим-туйгу деген бар,  кадимкидей көрүп, угуп жашайбыз. Ар бирибиздин бактылуу болууга укугубуз бар. Кызым менин келечегим, менин бактым. Менин жашоомдун маңызым. Мени бир гана нерсе ойлондурат – “Кызым мектепке барганда, апаң майып деп, шылдыңдабаса болду?!”.

Журналист: Кичинекей адамдардын жашоосу – күн сайын күрөш. Бирок Самара эже  күрөштөн коркпойт.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыз:

 

Тапшырма:

Журналист бардык жерде суроолорду туура берди, деп ойлойсузбу? Же аларды башкача курса болобу? Кандай терминдер колдонулган? “Лилипут” деген сөз ирээнжиткен жокпу?

“Кичинекей адамдар” маегинде биз коомдогу стереотиптерге карабастан, толук кандуу жашоону каалап жашаган күчтүү адамды көрсөтөбүз.

Ал бардык сүйүүсүн баласына арнап, тарбия берет. Каарман проблеманы – коом майыптыгы бар адамдарга терс мамиле кылынаары жөнүндө айтып берди.  Бирок журналисттер бул материалда биз адамды “баатыр” кылып жатканыбызды түшүнүшү керек.

Эгер кимдир бирөө университетти бүтүп, иштеп, бала багып алса, биз ал жөнүндө жазбайбыз да. Бул коом үчүн кадимки көрүнүш. Майыптыгы бар адамдар башкалар үчүн кадыресе нерселерди жасашса, биз эмне үчүн жазышыбыз керек жана аларды баатыр көрсөтүшүбүз керек?

Мындан тышкары, материалда адамдын майыптыгына чоң маани берилген. Конвенциянын концепциясынын негизинде коом майыптыгы бар адамдарды башкалар сыяктуу эле кабыл алышы керек.

Көпчүлүк кичинекей адамдар “лилипут” же “карлик” деген сөздөрдү кемсинтүү катары кабыл алып, таарынышат. Мифологияда адаттан тыш кичинекей адамдар көп учурда аң-сезими тар, терс каарман болуп көрсөтүлгөн. Кыязы, “интеллекти төмөн” деген стереотип ошол жерден келип чыккан. Бирок бул андай эмес.

Жакшы окуяларды жаратууда каармандын жашоосу кызыктуу чагылдырылышы зарыл. Эгерде материал адамдын майыптыгы жөнүндө гана маалымат берүүгө багытталса, бул чоң жаңылыштык.

Кеңири аудиторияга жайылтуу үчүн бул адамдар, башкалар сыяктуу эле, жакындарына кам көрө алат жана кам көрүшү керек, ачууланып же кубана алат, бактылуу боло алат, балалуу боло алат, үй-бүлө кура алат, токтоо же активдүү, орой же сылык, жалкоо же эмгекчил, таланттуу же таланттуу эмес боло алат.  Журналисттик материалдар ушундай нерселерди эске алуу менен даярдалышы керек.

Майыптыгы бар адамдардын жетишкендиктерин ден-соолугу чың адамдардын жетишкендиктери менен салыштырбай, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбестен чагылдыруу сунушталат. Ал эми көрүүчүлөр менен окурмандар алардын жетишкендиктерин жана катуу аракеттерин өздөрү баалап, жыйынтык чыгарып алышат.

 

Корутунду

Көп нерселер журналисттерден көз каранды. Алардын жашоосу жана көйгөйлөрү жөнүндө материалдарды сунуштоосунан, адамдардын аң-сезиминде ошондой ой-пикир калыптанып калат.

Майыптык жөнүндө материалдарды даярдоодо, журналисттер адегенде аларга болгон стереотиптерди изилдеши керек. Мындан сырткары майыптыгы бар адамдар жөнүндө өздөрүндө туура пикир болушу зарыл. Журналист өз материалында “коомдун майыптыгы бар адамдарга карата толеранттуу болууга, калыптанып калган терс стереотиптерди жоюга жардам береби?”, “тоскоолдуктарсыз жашоо түзүүгө пайдасын тийгизеби?”, деген суроолорду коюп, кылдаттык менен талдап чыгышы керек.