Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери Кыргыз Республикасынын 20 дан ашык нормативдик-укуктук актыларында жазылган.
№ |
Документтин аталышы |
Номери жана датасы |
1 |
Кыргыз Республикасынын Конституциясы |
2010-ж. 27-июнунда Референдумда кабыл алынган |
2 |
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси |
№ 106 2004-ж. 4-августунан |
3 |
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси |
№ 100 2012-ж. 10-июлунан |
4 |
“Кыргыз Республикасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы |
№ 38 2008-ж. 3-апрелинен |
5 |
“КР социалдык кызмат көрсөтүүнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы |
№ 111 2001-ж. 19-декабрынан |
6 |
КР “Мамлекеттик кепилдеген минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө” Мыйзамы |
№ 170 2009-ж. 26-майынан |
7 |
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы |
№ 16 2017-ж. 28-июлунан |
8 |
КР “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамы |
№ 70 2017-ж. 28-апрелинен |
9 |
КР “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамы |
№ 57 1997-ж. 21-июлунан |
10 |
КР “Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөр жана тылдын эмгекчилери жөнүндө” Мыйзамы |
№ 14 1996-ж. 8-майынан |
11 |
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө өкмөттүн токтому |
№ 307 2018-ж. 29-июнунан |
12 |
КР Өкмөтүнүн токтомунун мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо тартиби жөнүндө Жобосу |
|
13 |
КР Өкмөтүнүн токтомунун баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө Жобосу |
№ 522 2013-ж. 24-сентябрынан |
14 |
“Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” Өкмөттүн токтому |
№ 68 2012-ж. 31-январынан |
15 |
КР Өкмөтүнүн токтомунун жаранды ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жөнүндө Жобосу |
№ 675 2016-ж. 14-декабынан |
16 |
“Жарым стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтому |
№ 381 2014-ж. 8-июлунан |
17 |
“Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелериндеги адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтому |
№ 273 2013-ж. 17-майынан |
18 |
“Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтому |
№ 457 2011-ж. 9-августунан |
19 |
КР Өкмөтүнүн токтомунун ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды майыптар коляскасы менен камсыздоо тартиби жөнүндө Жобосу |
№ 469 2003-ж. 25-июлунан |
20 |
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтомунун Жобосу |
№ 182 2014-ж. 27-мартынан |
21 |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтомунун Жобосу |
№ 823 2009-ж. 29-декабрынан |
22 |
Майыптардын укугу жөнүндө БУУнун Конвенциясы |
2019-жыл, март айы Ратификация |
Биз силер менен эки документтин нормалары менен таанышалы.
КР “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы
Бул Мыйзам ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган мамлекеттик саясатты аныктайт.
Ушул Мыйзамдын негизги жоболорун билүү журналисттерге майыптыгы бар адамдардын укуктарын алдыга жылдыруу үчүн материалдарды даярдоого жардам берет. Төмөндө мыйзамдын негизги жоболорунун кыскача баяндамасы келтирилген.
1. Жаңсоо тили
Мыйзамда мамлекет сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнү төмөнкү учурларда камсыз кылууга милдеттүү, деп жазылган:
- билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;
- тергөө аракеттерин жүргүзүүдө;
- документтерди же келишимдерди нотариуста каттоодо;
- машина айдоого же компьютердик сабаттуулукка окутууда;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;
- жана башка учурларда.
Сурдокоторуу кызматтарын көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби КРнын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мамлекет сурдокотормочуларды, сурдопедагогдорду, дефектологдорду жана логопеддерди ар жыл сайын даярдоого милдеттүү.
Телерадио берүү уюмдары мыйзамдарга ылайык жаңылыктарды берүүнү сурдокотормо же субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү.
2. Факсимилдик колтамга
Майыптыгы бар адамдардын факсимилдик колтамгасы өзүнүн юридикалык мааниси боюнча жарандын өздүк кол коюусу катары таанылат жана ага теңдештирилет.
Факсимилдик колтамга, эгерде адам өзүнүн дене бойлук кемчиликтеринен улам зарыл документтерге өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан колдонулушу мүмкүн.
3. Социалдык коргоо
Майыптыгы бар адамдар мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
Мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоонун төмөнкүдөй түрлөрүнө кепилдик берилет:
– пенсияларга, социалдык жөлөкпулдарга жана компенсацияларга;
– социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө;
– үйүндө тейлөөгө;
– стационардык мекемелерде тейлөөгө;
– техникалык жана атайын каражаттарды берүүгө;
– реабилитациянын бардык түрлөрүнө;
– кошумча социалдык кепилдиктерге.
Социалдык гарантиялар
Майыптыгы бар адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:
– медициналык жактан тейлөө;
– протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
4. Майыптыгы бар адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- шайлоого катышууга
- коомдук уюмдарды түзүүгө
- тынчтык жолу менен чогулуп, чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды өткөрүүгө
- мамлекеттик башкарууга катышууга
- өз укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого
- акысыз юридикалык жардам алууга ж.б.
5. Санаториялык-курорттук дарылоо
Майыптыгы бар адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо 5 жылда бир жолу акысыз же жеңилдик менен камсыздалат.
6. Эмгектенүү кепилдиктери
Майыптыгы бар адамдар майыптык категорияларына жана тобуна карабастан эмгектенүүгө укуктуу.
Жумуш берүүчү жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат жактан жөнөтүлгөн майыптыгы бар адамдарды жумуш берүүчү жумуш ордуна белгиленген квотанын эсебинен ишке алууга милдеттүү.
Майыптыгы бар адамдарды жумушка кабыл алганда аларга сыноо мөөнөтү белгиленбейт.
Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.
Иштеп жаткандардын санынан (эгерде иштеп жаткандардын саны 20 кишиден кем эмес болсо) 5 пайыздан кем эмеси майыптыгы бар адамдар болуш керек. Мында бул нормативдин эсебинен толук эмес жумуш убактысынын шарттарында жумуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Ишке орноштуруу
Майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан квоталанган жумуш ордуна ишке кабыл алуу тууралуу алардын жолдомосу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
Эмгек шарттары
Жумуш берүүчү жекече реабилитациялоо программасына ылайык эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү.
Майыптыгы бар адамдар юридикалык жакты түзүү аркылуу жана түзбөстөн ишкердик менен алектенүүгө укуктуу.
7. Билим алууга жана кесиптик жактан даярдоо
Билим берүү мекемелери социалдык жактан коргоо органдары жана саламаттык сактоо органдары менен бирдикте мектепке чейин, мектептен тышкары тарбиялоону жана билим алууну, жалпы орто, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алууну жекече реабилитациялоо программасына ылайык камсыз кылышат.
8. Маалыматка ээ болуусун жетиштирүү
Мамлекет майыптыгы бар адамдардын маалыматка ээ болушун төмөнкүдөй жол менен камсыз кылат:
– мезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымкат-информациялык жана көркөм адабий, анын ичинде аудиокассетада, дисктерде, Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен жана сурдокотормо менен видеокассеталарда басып чыгаруулар;
– бирден кем эмес республикалык телеканалдарындагы көрсөтүүлөрдүн сурдокоторуусун уюштуруу.
– мамлекеттик жана муниципалдык органдардын интернет сайттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
9. Инфраструктура объекттерине жетиштирүү
Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар майыптыгы бар адамдарга:
- турак жайга, коомдук, администрациялык жана өндүрүш имараттарына
- эс алуу жайларына жана башка маданий-оюн-зоок мекемелерине кирүүгө
- коомдук транспортко жана транспорт коммуникацияларына
- байланыш жана маалымат каражаттарына
- ээн-эркин багыт алууга жана барып-келүүгө жеткиликтүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
10. Транспорт каражаттары
Калкты транспорт менен тейлөөнү ишке ашырып жаткан юридикалык жактар, менчигинин түрүнө карабастан, майыптыгы бар адамдар автотранспорт каражаттарынын кызматын тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүүчү атайын шаймандар менен жабдууга тийиш.
Майыптыгы бар адамдардын шайлоого карата укуктары
Майыптыгы бар адамдар, башка жарандар менен катар эле шайланууга жана шайлоого, шайлоолорго жана референдумдарга түз жана жашыруун добуш берүү жолу менен катышууга укуктуу.
Журналисттердин кайсы мамлекеттик органдар эмнеге жооптуу экендиги, шайлоо материалдарына, урналарга, кабиналарга жана башка шарттарга карата кандай талаптар коюлганы жөнүндө шайлоочулардын кабардар болушу майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары жөнүндө пайдалуу жана ар тараптуу материалдарды жаратууга жардам берет. Майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттардын оң жана терс жактарын баяндаган, жетишсиз даярдыктын себептерин тактаган материалдар, албетте, майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарынын толук жүзөгө ашырылышына салым кошот.
Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын чагылдырууда, биринчи кезекте, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда майып жарандардын шайлоо укуктарынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө” Жобо менен таанышуу сунушталат. https://shailoo.gov.kg/kg/npacik/Polojeniya_CIK_KRBShKnyn_Joboloru/polozhenie-ob-obespechenii-realizacii-izbiratelnyh-prav-grazhdan-s-ogranichennymi-vozmozhnostyami-zdorovya-pri-provedenii-vyborov-i-referendumov/
Бул Жобого ылайык, майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырышын камсыздоо шайлоо комиссияларына жүктөлүп, алар добуш берүүчү:
– көзү начар көргөн;
– кулагы начар уккан;
– таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочуларга тиешелүү шарттарды түзүп бериши керек.
Жободо баарлашуунун этикалык нормалары: урматтоо, гумандуулук, кичи пейилдик, сылыктык, сабырдуулук жөнүндө да жазылган. Эң негизгиси – жарандын өздүк айланасына кийлигишпеш керек. Ал үчүн шайлоо участкасында эркиндик, тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүк керек – добуш берүү жайда жана анын ичинде кабинада же башка атайын жабдылган жерлерде орун которуп жүрүүгө эркин жана коопсуз жүрүү мүмкүнчүлүгү болуш керек, анын ичине жөө жүрүү тротуарлары, автомобиль жолдору, маалыматтык, техникалык жана башка коомдук пайдалануу каражаттары кирет.
Шайлоо участкаларында төмөнкүлөр болушу керек:
- чоңойтуучу айнек (лупа)
- маалымат материалдары жана Брайль шрифтиндеги бюллетендер
- майыптыгы бар адамдарга зарыл болгондо жардам көрсөтө алган адис
- угуусу начар адамдар үчүн сурдокотормочу.
Ден-соолугуна байланыштуу кол тамгасын өз алдынча кое албаган адамдар үчүн (көздүн начар көрүшү, колу-бутунун жоктугу, кыймыл-аракеттердин координациясынын бузулушу, паралич) кол тамганын ордуна факсимилдик кол тамганы колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.
11. Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга атайын шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү органдары менен биргеликте майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасын түзүшөт. Анын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Муктаждык картасында:
– жеке маалыматтарды;
– майыптуулугунун категориясын;
– майыптуулуктун түрлөрүн (көздүн начар көрүшү, колу-бутунун жоктугу, кыймыл-аракеттердин координациясынын бузулушу)
– майыптыгы бар шайлоочулардын башка зарыл керектөөлөрүн камтыйт.
Участкалык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте добуш берүү күнүнө 50 календардык күндөн кеч эмес добуш берүү жайларын майыптыгы бар шайлоочулардын керектөөлөрүнө ылайык экендигин жана маалымат берүүчү материалдардын жеткиликтүүлүгүн текшерет.
Добуш берүү үчүн орун-жай атайын көмөкчү жѳлѳгүчтѳр менен жабдылбаган учурда, шайлоого чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен орун-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү үчүн өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жөнөтүлүшү керек.
Шайлоочунун добуш берүүсүнүн купуялуулугун камсыздоо үчүн кабиналардын же атайын жабдылган жерлердин бийиктиги 75 сантиметрден ашпашы керек.
12. Майыптыгы бар шайлоочуларга маалымат берүү
Майыптыгы бар адамдарга маалымат берүү үчүн шайлоо кампаниясы, шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо тартиби, добуш берүүнүн убактысы жана орду, негизги шайлоо иш-аракеттери, шашылыш линиянын телефондору, шайлоого катышуучу талапкерлер, добуш берүүнүн тартиби, бюллетенди толтуруу тартиби жана башка жол-жоболор жөнүндө маалыматтык материалдарды даярдоо керек:
– аудио форматта
– чоңойтулган шрифт менен басылма маалыматтык материалдар, баракчалар
– Брайл шрифти менен басылып чыккан материалдар;
– тифло коштоосундагы маалыматтык материалдар
– сурдокотормо же субтитр менен коштолгон маалыматтык материалдар.
13. Майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүү тартиби
Майыптыгы бар ар бир шайлоочу жашаган жери боюнча шайлоо участогунда же болбосо анын суранычы менен добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда үйүндө добуш берүүгө укуктуу.
Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу факсимилдик колду пайдаланууга же бул үчүн башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.
Шайлоочу шайлоо бюллетенин жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинада толтурат, ал жерде башка адамдардын болушуна жол берилбейт.
Эгерде шайлоочу бюллетенди өз алдынча толтура албаса, анда ал башка бирөөнүн жардамын колдоно алат. Жашыруун добуш берүүчү кабинада эки шайлоочу бата тургандай кенен болушу керек.
Жашыруун добуш берүү үчүн атайын кабинанын өлчөмдөрү полдон кеминде 180 см бийик, туурасы 80 см жана тереңдиги 100 см болушу керек, бюллетенди толтуруу үчүн туурасы кеминде 40 см жана тереңдиги кеминде 30 см болгон, полдон 75 сантиметрден ашпаган деңгээлдеги бийиктикте жайгашкан орун (стол, текче, таканчык ж.б.) менен жабдылууга тийиш.
Муну билүү зарыл!
Жалпы маалымат каражаттары, адатта, материалдары майыптык маселесине тиешелүү болгондо гана, майыптыгы бар адамдарды респондент катары катыштырат.
Телеканалдарда улуттук майрамдарды, шайлоолорду жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүү учурунда жарандардын ой-пикирлери көп чагылдырылат. Мисалы, шайлоо күнү алар шайлоонун жүрүшү жөнүндө сюжет көрсөтүшөт. Респонденттер эл келип добуш берсин, эл татыктуусун тандашы керек, биз экономикасы өнүккөн күчтүү мамлекетти курууга милдеттүүбүз, деген сыяктуу өздөрүнүн жарандык позициясын билдиришет. Ал эми майыптыгы бар адамдардан журналисттер алардын майыптыгы бар адам катары укуктары канчалык деңгээлде сакталгандыгы жөнүндө сурашат.
Мындай материалдар майыптыгы бар адамдарды коомдун өзүнчө категориясына бөлүп салат, алар жөнүндө стереотиптик көз-караштар ого бетер бекемделет.
Көрүүчү болсо респондентти катардагы жаран катары эмес, коргоого жана өз укуктарын ишке ашырууга муктаж адамдардын өзүнчө тобу катары кабыл алат.
Бул тема боюнча майыптыгы бар адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында көйгөйлөрдү, муктаждыктарды жана башка маселелерди чагылдыруу – журналистиканын негизги миссиясы болуп саналат.
Бирок, ошол эле маалда, кайсы учурда массалык маалымат каражаттары укуктардын коргоочусу, кайсы учурда терс стереотиптердин жайылткан булагы болуп калат – ушул көрүнбөгөн чекти убагында айрымалап, тең салмактуулукту сакташы керек.
№2 Кейс. Президенттик шайлоо
Вариант А.
Журналист (эркек) майыптыгы бар (көзү начар көргөн) аял менен жалпы президенттик шайлоо күнү маек курууда.
Журналист: Кутман күнүңүз менен. Сиз жаңы эле добуш берип, өз тандооңузду жасадыңыз. Добуш берүүгө келген адамдар көп, алардын арасында жаштар көп экени кубандырат. Шайлоо комиссиясы жаңы шайлоочуларды улам-улам каттоодо. Жарандык жоопкерчиликтин мындай жогорку деңгээли көптөн бери байкала элек болчу. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
Респондент: Шайлоочулардын активдүүлүгү жарандардын аң-сезиминин өнүгүшү жана өлкөдөгү саясий кырдаал менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө ар бир адам кайсы багытта өнүгүшүбүз керектигин көрүп, түшүнүп, баамдап турат. Чындыгында, бул белгилүү бир адамдардын, партиялардын бийлик үчүн жарышы эмес, эки идеологиянын, эки багыттын, эки таптакыр башка өнүгүү жолдорунун ортосундагы чыныгы тандоо.
Журналист: Акыркы убакта адамдар ашкере саясатташып кетти деген пикирлер көп айтыла баштады. Сиздин оюңуз кандай?
Респондент: Адамдар саясатка кызыкпашы мүмкүн, бирок алар эмнени кааларын жана кайсы мамлекетте жашагысы келерин так билишет. Элдер өнүгүүнүн жүрүшүнө чындап таасир эте алаарын, өлкөнүн келечеги алардын тандоосунан көз каранды экендигин сезишти.
Журналист: Өлкөнүн келечегин кандай көргүңүз келет?
Респондент: Мен ар бир адамдын укугу толугу менен корголгон, сакталган өлкөдө жашагым келет.
Журналист: Айтсаңыз, добуш берүү үчүн түзүлгөн шарттар сизди канааттандырдыбы?
Респондент: Ооба, албетте, шарттар жыл сайын жакшырууда. Бюллетендер Брайл шрифти менен сапаттуу даярдалды. Аудио маалымат берүүчүлөр коюлган. Тактиль такта белгилери бар. Тажрыйбалуу адисти жумушка алыптыр. Толук кандуу жеткиликтүү чөйрөнү түзүү үчүн, майыптыгы бар адамдар үйүнөн чыгып, бирөөнүн жардамы жок эле, шайлоо участогуна, кеңсеге, дарыканага жана башка жерлерге барып, өз алдынча күнүмдүк муктаждыктарын чечүү үчүн, бүткүл өлкө боюнча жеткиликтүү чөйрө түзүү керек. Ал үчүн үн чыгаруучу светофорлорду, тактиль жол белгилерин, аялдамаларда аудио информаторлорду, пандустарды жана башка жеткиликтүүлүк элементтерди орнотуш керек. Ушундай иштер акырындык менен жүргүзүлүп жаткандыгы мени кубандырат.
Журналист: Сиздин сөзүңүз чечим кабыл алуучуларга жетет деп ишенебиз. Пикириңиз менен бөлүшкөнүңүз үчүн рахмат.
Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыздар:
Вариант Б
Журналист (эркек) майыптыгы бар (көзү начар көргөн) аял менен жалпы президенттик шайлоо күнү маек курууда.
Журналист: Кутман күнүңүз менен, айтыңызчы, майыптардын добуш берүүсү үчүн түзүлгөн шарттарды кандай баалайсыз?
Респондент: Көрүүсү начар адамдарга добуш берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, Брайл шрифти менен материалдар даярдалган, аудио информаторлор, тактиль такта белгилер орнотулган. Мени коштоп, айтып берип, жардамдашты. Болбосо, аудио информаторлор кайда орнотулганын, добуш берүүчү кабинанын кайда экендигин жана кайсы жерге кол коюш керектигин таба алмак эмесмин.
Журналист: Талапкерлер биринчи жолу шайлоо алдындагы үгүт иштерин майыптыгы бар бардык категориядагы адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзгөнүнө баардыгы күбө болушту. Шайлоого чейинки инклюзивдик маалымат кампаниясын кандай баалайсыз?
Респондент: Мен тифло коштолгон видеоклиптер, сурдокотормо жана Брайл арибиндеги материалдар даярдалганын уккан элем. Тилекке каршы, мен алардын кайда басылып, кайда таратылгандыгын билбей, алар менен таанышууга мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Ошондуктан, мен баа бере албайм. Менин оюмча таратуу ыкмаларын да ойлонуштуруш керек болчу.
Журналист: Аларды таркатуунун кандай ыкмаларын сунуштайт элеңиз?
Респондент: Анын көп жолдору бар: ушул чөйрөдө иштеген бейөкмөт уюмдар, социалдык кызматкерлер, веб-сайттар жана социалдык тармактар жана башкалар аркылуу таратуу. Бардык каналдарды колдонуш керек деп ойлойм.
Журналист: Баалуу сын-пикириңиз үчүн чоң рахмат. Келечекте муктаж болгондордун ар бирине маалымат жетиши үчүн шарттар түзүлөт, деп ишенем. Күнүңүз жакшы өтсүн!
Интервьюну видео түрүндө бул жерде көрө аласыз:
Тапшырма:
Ушул эки маекти салыштырып көрүңүз. Булардан кандай оң жана терс учурларын белгилей аласыз? Майыптыгы бар адамдар жөнүндө кандай терс стереотиптерди байкадыңыз?
Биринчи учурда, журналист респонденттин көзү начар көрөрүн, алгач айланасында эмне болуп жаткандыгын айтып, ошол эле учурда жагымдуу климат түзүп, интервью берүүчүнү өзүнө тартты: «Айланада добуш берүүгө келгендер көп, алардын арасында жаштар көп экенине кубанычтамын. Шайлоо комиссиясы жаңы шайлоочуларды үзгүлтүксүз каттоодо ”. Андан кийин журналист респонденттин “Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?”, деп пикирин сурайт. Респонденттен жарандардын саясатташуу деңгээли, өлкөнүн келечегин кандайча көрүп жаткандыгы жөнүндө оюн сурайт. Башкача айтканда, журналист респондентти инсан катары ачып берет, ал эми көрүүчүлөр респондентти өзүнүн позициясы жана көз-карашы бар жаран катары кабыл алат. Сүйлөшүүнүн аягында журналист баары бир майыптыгы бар адамдарга добуш берүү үчүн түзүлгөн шарттардын сапаты жөнүндө сурайт. Шайлоо участкасынын жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалыматты, аны колдонгон адамдан алынышы абдан маанилүү.
Экинчи учурда, маектешүүнүн башталышында журналист майыптык темасына байланыштуу суроо берип, ал майыптыгы бар адамдарды дароо өзгөчө шарттарга муктаж жарандардын категориясына киргизет. Журналист бул адамды инсан катары ачып, көрсөткөн жок, ал эми көрүүчүлөр болсо респондентти майыптыгы бар адам катары кабыл алышат. Майыптыгы бар адам жөнүндө сөз болгондо, биринчи кезекте, көрүүчүлөргө анын башкалар менен бирдей экендигин, андан кийин гана, эгерде буга муктаждык бар болсо, ден-соолугунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтуу керек.
Ошондой эле, журналист “майып” деген туура эмес терминологияны колдонгон.
Белгилей кетүүчү нерсе, экинчи сүйлөшүүдө инклюзивдик маалымат кампаниясы жөнүндө сүйлөшүү болгон, эмне жасалды жана дагы эмненин үстүндө иштөө керек экендиги айтылат. “Мен тифло коштолгон видеоклиптер, сурдокотормо жана Брайл арибиндеги материалдар даярдалганын уккан элем. Тилекке каршы, мен алардын кайда басылып, кайда таратылгандыгын билбейм, алар менен таанышууга мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Ошондуктан, мен баа бере албайм. Менин оюмча таратуу ыкмаларын да ойлонуштуруш керек болчу”. Мындай билдирүүлөр майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун жогорулатыш үчүн керек.