Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

№1 сабак. Майыптыгы бар адамдар – коомдун толук кандуу мүчөлөрү

№1 сабак. Майыптыгы бар адамдар – коомдун толук кандуу мүчөлөрү

1. Майыптык деген эмне?

Курстун башында “майыптык” деген түшүнүккө токтололу.

БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясында (БУУ МУК) майыптык – бул ден-соолугунун бузулуусу бар адамдардын  башкалар менен биргеликте коомдун жашоосунда толук жана натыйжалуу катышуусуна мамилелик жана чөйрөлүк тоскоолдуктар жолтоо болот, деп аныкталган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында майыптык – бул адамдын туруктуу физикалык, психикалык же акыл-эс бузулуулары бар экендигин көрсөткөн мыйзамдуу түрдө белгиленген социалдык жана укуктук статус. Бузулуу даражасына жараша I, II жана III майыптык топтору белгиленет.

Акыркы убакта “майыптар” деген сөз коом тарабынан сынга алынып, анын ордуна “ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” термини колдонула баштаган. Бул, биринчиден, аны адам экендигин баса белгилеп, андан кийин гана анын ден-соолугунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылуу керек экендиги менен далилдешкен. Бирок бул термин да сынга алына баштады. Эгерде адамдын башы катуу ооруса же буту сынып калса, анда ал дагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамга айланат. Бирок ал мыйзам боюнча ыйгарылган майыптык статусуна ээ эмес. Буга байланыштуу бул жаатта иштеген активисттер, мамлекеттик орган тарабынан берилген социалдык-укуктук статуска ээ адамдарды “майыптыгы бар адамдар” деп атоо сунушталат.

Конвенциянын англис тилиндеги аталышы – “Convention on the Rights of Persons with Disabilities”,  орус тилине мындайча которулат: “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенция”. Ушул документтин расмий которулушу орус тилинде “Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясы”, деп аталат. Тексттин баардыгында “майып-инвалид” деген термин колдонулган, анткени бул документ орусчага 10 жылдан ашык убакыт мурун которулган. Ошондуктан Конвенциядан алынган цитаталарда “майып” деген термин колдонулган. Окутуу модулунун авторлору “майып-инвалид” деген терминди колдонбоону сунуштайт.

Конвенцияда майыптыгы бар адамдарга туруктуу физикалык, акыл-эс, интеллектуалдык же сезүү кемтиги бар адамдар кирет, аларга ар кандай тоскоолдуктарга дуушар болуусу алардын башкалар менен бирдей негизде коомдогу толук жана натыйжалуу катышуусуна тоскоол болушу мүмкүн.

 

2. Майыптыктын моделдери

Конвенция майыптыкты түшүнүү үчүн социалдык жана укуктук моделдерди сунуш кылат:

  • майыптыгы бар адамды коомдун тең укуктуу мүчөсү катары тааныйт;
  • обочолобой, өзүн-өзү калыптап, өсүшүнө түрткү берет,
  • негизги басымды дарылоого эмес, анын муктаждыктарын канааттандырууга, басмырлоону жоюга, ошондой эле анын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун жана жүзөгө ашыруунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө бурат.

Биздин өлкөдө Совет мезгилинен бери медициналык модель иштеп келет, анда майыптык оору, патология катары каралат.

Бул модель майыптыгы бар адамдарга дарыланууга, жардамга муктаж, үйдө отурган, адистештирилген билим берүү мекемелеринде бөлүнүп окуп, дарыланган адам катары мамиле түзүлгөн.

Медициналык мамиледе негизги тоскоолдук адамдын майыптыгы деп эсептелет, ал эми социалдык жана укуктук мамиледе негизги тоскоолдук ылайыкташтырылбаган чөйрө болуп саналат.

Анын негизги идеясы – майыптыгы бар инсандар эч кандай басмырлоосуз адам укуктарына жана негизги эркиндиктерине толугу менен ээ.

Буга байланыштуу, Конвенция майыптыгы бар адамдардын турмуштун бардык чөйрөлөрүнө толук кандуу катышуусуна көмөктөшөт, ал эми майыптыгы бар адамдарга терс таасир этүүчү каада-салттар, стереотиптер, жаман ой-пикирлер, тажрыйба жана стигмалар суроо жана күмөн жаратат.

2018-жылы майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, терс стереотиптер коомдук аң-сезимде терең тамыр жайып, басмырлоону жайылтып,  майыптыгы бар адамдардын коомдун толук кандуу мүчөсү катары өнүгүүсүнө тоскоол болот.

Ошондой эле стереотиптик ой жүгүртүү саясатка, мыйзамдарга, маалымат талаасына жана укук колдонуу практикасына реалдуу таасир этээри аныкталган.

Майыптыгы бар адамдарга жардам берип, кам көрүү керек; алар ар дайым кароого муктаж, үй-бүлөгө жана бүтүндөй коомго жүк, сыяктуу стереотиптер коомдун аң-сезиминде орун алган.

Майыптык темасын чагылдырууда бүгүнкү журналистиканын негизги миссиясы – майыптыгы бар адамдарга карата коомдук пикирдин өзгөрүшүнө салым кошуу, алар күн сайын туш болгон физикалык, маалыматтык, социалдык жана психологиялык тоскоолдуктарды жоюга көбүрөөк көңүл бөлүп, аларды башкалар менен тең кабыл алууга коомду үйрөтүү.

Майыптык темасын толук түшүнүү үчүн БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын нормалары менен таанышуу керек. Ал нормалар менен Конвенция тууралуу бул презентациядан таанышсанар болот.  Ошондой эле Конвенциянын толук тексти менен бул жерден тааныша аласыз.

 

3. Майыптыгы бар адамдар – коомдун активдүү мүчөлөрү

Майыптык темасын чагылдырууда майыптыгы бар адамдарды пассивдүү жана көз каранды байкоочу катары эмес, коомдун акативдүү мүчөсү катары көрсөтүш керек. Майыптыгы бар адамдарды коомго алып келе турган мүмкүнчүлүктөрү жана пайдасы жагынан алып караш керек.

Майыптыгы бар адамдар коомго салым кошо албайт жана бирөөнүн камсыздоосуна көнүп калган деген стереотиптик ой жүгүртүүдөн баш тартыңыз. Майыптыгы бар инсан бир нерсеге жетишкен сайын, анын майыптыгына же башкалардан айырмаланышына ошончолук маани берилбей калат.

Биздин милдет – майыптыгы бар адамдардын билим жана кесиптик даярдык  алууга тең мүмкүнчүлүктөрү болсо,  техникалык каражаттар жана атайын кызматтар жетип турса, алар үй-бүлөлөрүнө жана коомго көп салым кошо алаарын көрсөтүү. 

Журналисттер ар кандай коомдук маселелер боюнча эксперттик ой-пикирлерди көп чогултушат. Алардын арасында майыптыгы бар адамдар чанда гана эксперт катары чыгат. Материалда майыптык темасы каралбаса дагы, майыптыгы бар эксперттерди, ишкерлерди, машыктыруучуларды, кызмат адамдарын жана башка активдүү респонденттерди кошуш керек.

Ошол эле учурда, анын майыптыгына басым жасабаш керек.  Көрүүчүлөр фото жана видео материалдар аркылуу адамдын майып экендигин визуалдык түрдө көрө алышат. Бирок журналист материалды даярдоодо аудиториянын көңүлүн респонденттин майыптыгына бурбастан жасашы керек.

Мындай материалдардын көптүгү стереотиптерди жоюга жана калктын аң-сезиминде майыптыгы бар адамдын имиджин өзгөртүүгө, ар бир адам өзүн коомдун толук кандуу бир бөлүгү катары сезген жана өзүн көрсөтө алган толеранттуу, инклюзивдүү коомду түзүүгө көмөктөшөөрү шексиз.

 

№1 Кейс. «Таштандыларды кайра иштетүүчү завод»

Вариант А

Журналист таштандыларды кайра иштетүүчү завод курган ишкер (майыптардын коляскасын колдонгон, майыптыгы бар эркек киши) менен маек курууда.

Завод таштандыларды кабыл алат, ар кандай тиричилик буюмдарын сорттойт жана чыгарат. Заводдо 2000ден ашуун адам эмгектенет.

Журналист: Айтып берсеңиз, ушундай ийгиликтүү долбоорду кантип ишке ашыра алдыңыз?

Респондент: Дүйнөдө адамдар ишке ашырып жаткан мындай ийгиликтүү долбоорлор көп. Мен дагы алар сыяктуу эле иштеп, идеяларымды ишке ашырып жатам.

Журналист: Бардыгы эле эмес, керек болсо ден-соолугу чың адамдар деле сиз жасагандын жарымын жасай алышпайт. Ал эми сиз, майып экендигиңизге карабастан, коом үчүн пайдалуу ушундай бизнести курдуңуз. Бул идеяны ишке ашырууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз, ошону айтып берсеңиз?

Респондент: Кыйынчылыктар болду, бирок мен аларга маани   деле берген жокмун.

Журналист: Албетте, мындай ири ишкананы куруу үчүн тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир жактарга барыш керек болгондур, айтыңызчы, шаар ичинде бир жерден экинчи жерге барыш кыйынга турган чыгар?

Респондент: Ооба, майыптыгы бар адамдар кире албай турган жерлер, имараттар көп. Бирок мен андай нерселерге көңүл деле бурган жокмун.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыздар:

 

Вариант Б

Журналист: Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу идеясы кайдан келип чыккандыгын айтып берсеңиз.

Респондент: Менин оюмча, таштандыларды кайра иштетүүчү завод салуу идеясы көптөгөн ишкерлерде болгон.

Өнүккөн өлкөлөрдүн шаарларында айнек, кагаз, пластик жана тамак-аш калдыктары үчүн өзүнчө таштанды челектери бар экендигин бардыгы билишет. Биздин өлкөдө таштандыларды кайра иштетүү маселеси ар дайым курч болуп келген. Мен өз бизнесимди ачып, көбүрөөк киреше таап, дүйнө жүзүн кыдырып, алдыга койгон максаттарымды ишке ашыргым келген. Бул иш ошентип башталган.

Журналист: Эмнеден баштадыңыз эле?

Респондент: Бейөкмөт уюмда иштеп жүргөндө эл аралык уюмдар менен тыгыз иштештик. Башында таштандыларды сорттоочу ишкана түзүү боюнча тендерди утуп алганбыз. Акчанын бир бөлүгүн гранттар аркылуу алып, калганын өзүбүз таптык. Андан кийин биз пикирлештерибиз менен чакан пластик иштетүүчү ишкана түздүк. Таштандыларды сорттоо боюнча маалымат кампаниясын жүргүздүк, андан кийин ишибиз калыпка түшүп, жакшы жүрүп кетти. Кыйынчылыктар болду, бирок аларды байкабай да калдым.

Журналист: Бүгүнкү күндө сиз мамлекеттеги ийгиликке жетишкен ишкерлердин бири болуп саналасыз. Жашоодогу максаттарыңызды ишке ашыра алдыңызбы?

Респондент: Билесизби, белгилүү бир багытта иштеп, өнүгүп жатканда жашоонун максаттары дагы ошого жараша түзөлөт экен. Жумуш боюнча дүйнө жүзүн көп кыдырууга туура келди, аны менен бирге саякаттайм деген тилегим өзүнөн-өзү эле орундалды.  Бирок мен жөн эле жер кыдырып, саякаттаган жокмун. Мен чет элдик тажрыйбаны үйрөндүм. Ушул жылдар бою мен өлкөбүздү таза кылсам деген максат менен иштедим. Учурда башка бизнес-долбоордун үстүндө иштеп жатам.

Журналист: Жаңы идеяңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

Респондент: Ал жеткиликтүү чөйрөнү түзүү менен байланышкан долбоор.

Журналист:Адамдар тез арада таштандыларды сорттоону үйрөнгөнүнө караганда, Сиз күчтүү маалымат өнөктүгүн өткөргөн окшойсуз?

Респондент: Жок, биз шарт түзүүгө көбүрөөк көңүл бурдук. Шарт болбосо маалыматтык кампаниянын эмне кереги бар? Адамдар таштандыдан кандай гана жол болбосун, арылгысы келет. Бул тиричилик калдыктарына гана тиешелүү эмес. Эгерде ылайыктуу шарттар болсо, адамдар кереги жок ойлордон, адаттардан, мамилелерден жыргап эле кутулушат.

Интервьюну видео түрүндө бул жерден көрө аласыздар:

Тапшырма:

Ушул эки маектешүүнү салыштырып көрүңүз. Кандай оң жана терс жактарын белгилей аласыз?

Биринчи учурда, журналист максатка жетүүдөгү кыйынчылыктарга басым жасап,  “кантип ошонун баарын ишке ашырдыңыз?”, деп сурады. Ал эми “Бардыгы эле эмес, керек болсо ден-соолугу чың адамдар деле сиз жасагандын жарымын жасай алышпайт. Ал эми сиз, майып экендигиңизге карабастан, коом үчүн пайдалуу ушундай бизнести курдуңуз?” деген экинчи суроо менен журналист респондентти ден-соолугу чың адамдардан бөлүп көрсөтүп, аны майыптыгы бар адамдардын тобуна киргизүүдө.  Муну менен респондентке анын башкалардан айырмаланганы, майыптыгы бар адам экендиги эскертип жатат. Ошондуктан ал ачык сүйлөшкүсү келбей, кыска жоопторду берип жатканы байкалууда.

Майыптыгы бар адамдарга түзүлгөн шарттар жөнүндө сураганда, журналист шарттардын сапатына эмес, респондентке шаарды айланып өтүү канчалык кыйын болгону тууралуу суроо берүүдө. Башкача айтканда, окурмандын респондентке болгон аяныч сезимин ойготууга бардык жолдор менен аракет кылып жатат. Мындан башка журналист майыптар коляскасында отурган адамдан отурбай, туруп интервью алышы – бул таптакыр туура эмес. Этика боюнча респондент менен журналист бир деңгээлде болушу керек.

Экинчи учурда журналист респондентти инсан катары кабыл алат. Бизнести кантип баштагандыгы, анын идеялары, кызыкчылыктары, жашоодогу максаттары туурасында кызыгууда. Журналист респонденттин майыптыгына басым жасабастан аны өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон адам катары кабыл алып жата. Респондент болсо кубануу менен чын жүрөктөн тажрыйба жана ой-пикирлери менен бөлүшүүдө. Натыйжада, стереотиптерсиз, көз жашсыз, аёо сезими жок жетик баарлашуу болгону байкалып турат. Сиздин пикириңиз кандай?