
Автор: Түзүүчүлөр: Бекешова Мэри, Ибраимкулов Кангелди. Редакторлор: Токоев Марат, Акматов Нурлан
Басма: “Журналисттер” коомдук бирикмеси, VIKES
Чыккан датасы: 2010
Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub
Китеп тууралуу:
“Журналисттер” коомдук бирикмеси 1998-жылдан бери журналисттердин, жалпы маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин укугун коргоо менен алектенип келет. Бул убактын ичинде бирикме тарабынан журналисттердин эмгек укугу жаатында көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Масалга алсак: мыйзамсыз иштен бошотуу, маяна акыны, калем акыны төлөөдөн баш тартуу, жыл сайын берилчү бир айлык эс алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө, жөнгө салынбаган жумуш убактысы ж.б.д.у.с. Колдонмонун негизги максаты – журналисттердин эмгек укугу тууралуу негизги түшүнүк берүү.
Колдонмодо жалпы маалымат кызматкерлери жумушка орношконда, жумуштан кеткенде, ооруп калган учурда, маяна акы алууда өзгөчө көңүл бура турган жумуш берүүчү тарабынан көп бузулуп келген Эмгек Кодексинин айрым беренелерине түшүндүрмөлөр берилген. Мындан тышкары журналисттин Кыргызстандын жараны катары укугу жана милдеттери, социалдык гарантиялары тууралуу маалыматтар каралат