Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Китеп

Конфликттик аймактардан келген балдарды репатриациялоо, реабилитациялоо, реинтеграциялоо темаларын чагылдыруу боюнча сунуштар

Автор: #Prevention Media

Басма: Колдонмо БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен #Prevention Media тарабынан даярдалды.

Чыккан датасы: 2022

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Бул колдонмодо журналисттерге, медиа эксперттерге, блоггерлерге, жарандык уюмдарга жана мамлекеттик уюмдардын басма сөз кызматтарына репатрианттардын, өзгөчө балдардын жана аялдардын укуктарын жана кадыр-баркына шек келтирбестен, алардын маселелерин туура чагылдыруу боюнча конкреттүү сунуштар берилген.

Колдонмонун негизги принциби «Бирөөгө зыян келтирбе». Качан журналистика бирөөнү маскарлаган сыяктуу айтылган ашыкча же анык эмес сөз таратып, ушундай маалыматтык мейкиндикте иштегенде, адамдар мындай катааларга абдан катуу реакция кылышат.

Негизи – бул, журналисттин жакындарын жоготуп, кандай гана ишке болбосун тез капаланган, психологиялык жана эмоционалдык сокку алган, зомбулукка кабылып, калыссыздыкка туш болгон, тагдыры талкаланып, ачкачылыкка ууккан адамдар менен иштеген жумуш.

Журналист биринчи кезекте аларды изилдеп, абалын түшүнүшү керек. Бул журналистикадагы өтө кууш жолдо тымызын аткарыла турган, керек болсо зергердин ишиндей десек болот. Бирок бул өтө маанилүү нерсе, анткени ал аркылуу журналисттин коомдук жана саясий да жоопкерчилиги жогорулайт.

Мындай журналисттин аудиториясы абдан чалпоо, туура эмес айтылган бир сөз анын алдындагы «эшиктерин» биротоло жаап, кийин ага карата ишенбөөчүлүктү пайда кылышы мүмкүн.

Окшош посттор