Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Нормативдик актылар

Шайлоо жана журналисттер: кантип чагылдыруу керек?

Автор: Алишева Н.И., Исаева А.Б., Усенова Б.Д.

Басма: “Медиа Полиси Институту” Коомдук Фонду

Чыккан датасы: 2017

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Бул колдонмодо журналисттер үчүн шайлоону чагылдырууда пайдалуу боло турган сунуштамалар камтылды. Сунуштамаларды ЖМК редакциялары үчүн шайлоо маалында юридикалык коопсуздук боюнча өткөрүлгөн конок лекциялардын жыйынтыгынын негизинде “Медиа Полиси Институту” Коомдук фондунун юристтери иштеп чыкты.

Шайлоо процессин чагылдыруу жаатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу максатында “Медиа Полиси Институту” КФ Бишкек шаарында жана республиканын региондорунда 10 телерадиокомпаниянын жана интернет-басылмалардын редакциялары үчүн окуу лекцияларын өткөрдү.

Авторлор бул китепчени даярдоодо жарыялоолорун колдонууга уруксат бергени үчүн “International Media Support” (Копенгаген, Дания), “Réseau Liberté” (Монреаль, Квебек) жана “Media&Democracy Group” (Ванкувер, Канада) медиа компанияларына жана ЖМКны Колдоо Борборуна (Воронеж, Орусия) ыраазычылыгын билдиришет.

Бул жарыялоолордо шайлоо процесстерин чагылдырууда журналисттердин укуктары жана милдеттери, КР шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктары, кесиптик стандарттар жана шайлоо маалында журналисттердин жоопкерчилиги каралган.

Ушул колдонмо European Endowment for Democracy уюмунун финансылык колдоосу алдында КР ЖМКда шайлоону бейтараптуу чагылдырууга колдоо көрсөтүү боюнча долбоордун алкагында иштелип чыкты. Басылмадагы материалдар European Endowment for Democracy уюмунун расмий көз карашын сөзсүз эле чагылдыра бербейт.

Окшош посттор