Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Нормативдик актылар

ЖМКлардагы талаштуу тексттерди лингвистикалык изилдөө мүмкүнчүлүктөрү

Автор: Надежда Алишева

Басма: “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду

Чыккан датасы: 2011

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Сунуш кылынган китеп Кыргыз Республикасында ЖМК жана журналисттер катышкан абийирди, ар-намысты жана иш беделин коргоо боюнча сот жараяндарындагы лингвистикалык экспертизаларды өнүктүрүү маселелерине арналган. Ошондой эле ЖМКлардын талаштуу тексттерин эксперттик изилдөөлөрдү өткөрүү жана лингвистикалык жамааттардын орусиялык жана казакстандык тажрыйбасы талдоого алынат.

Бул басылманын чыгарылышы жакында лингвисттер жана журналисттер үчүн өткөрүлгөн тренингдердин соңку жыйынтыгы, ошону менен катар сотторду, лингвисттерди жана журналисттерди лингвистикалык экспертиза негиздерине окутуу боюнча узак мөөнөттүү программанын кезектеги этабы болуп калды. Бул окуудан өткөндөргө көмөк иретинде даярдалган колдонмо.

Кызыктуу маалымат окуу материалдары бөлүмүндө жалпыланган, ал жерде лингвисткалык изилдөөлөрдүн конкреттүү мисалдары, эксперттик иштер үчүн маалымдамалар жана сөздүктөр, ошондой эле экспертиза тексттериндеги айрым терминдер менен сөздөрдүн мааниси ачылып берилген.

Сиздерге сунуш кылынган китеп лингвистикалык экспертизаны дайындоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелерди ар тараптан ачып берет деп айта албайбыз. Соттук лингвистикалык экспертиза юриспруденцияга тыгыз байланышса да, автор юристтер менен лингвист эксперттер тил менен укуктун чек арасында кабылган илимий проблемаларды кароо милдетин мойнуна алган эмес.

Басылманы даярдоодо басма сөздө ачык жарыяланган орус жана казак илимпоздорунун айрым материалдары пайдаланылды.

Бул китеп эксперттик ишмердикке бет алган лингвисттерге; ЖМКларды коргоо милдетин мойнуна алган адвокаттарга, юристтерге жана медиа уюмдарга; “сөздү каалаганындай айткан…” журналисттерге жана ЖМК жетекчилерине; тил чатактарын териштирген сотторго; лингвистикалык экспертиза маселелерине ынтызар студенттерге жана кызыкдар адамдарга багышталган.

Бул басылманы “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду Улуу Британиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилигинин финансылык көмөгүнүн эсебинен чыгарган.

Окшош посттор