Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргызстанда Интернет ТВнын келечеги кандай?

Кыргызстанда Интернет ТВнын келечеги кандай?

Жаңы технологиялардын өнүгүшү менен адамдардын маалыматка болгон талабы жана аны алуу жолдору дагы өзгөрдү. Айрым адистердин айтымында, мурдагыдай кайсы бир программаны көрүү үчүн сөзсүз түрдө эле телевизорду тиктеп отуруунун кажети жок. Эгерде интернет байланышы болсо аны телефондон эле жолдо баратып, же кайсы бир жерде отуруп деле көрүүгө болот.

Журналист, теле алып баруучу Назира Айтбекованын пикиринде, азыркы жаштар телевизорду деле көп көрбөйт.

«Мен, мисалы, дээрлик ТВ көрбөйм. Үйдөгүлөр дагы ошондой. ТВ программаларды, кинолордун бардыгын интернеттен көрөбүз. Ушундай көрүнүш улана берсе, чоң каражат менен атайын телеканалды деле кармоонун зарылчылыгы деле болбой калышы мүмкүн. Жаштар – биздин телевизордун маңдайында отурганга убактыбыз жок, эртеден кечке жумуштабыз, жолдобуз. Керектүү нерселерди интернеттен, соцтармактардан эле көрүп, окуп алабыз», – деди ал.

Н.Айтбекова ошондой эле, айыл жергесинде жана телефон колдонбогон улуу муундагылар балким көнүп калган адат боюнча телевизорду күйгүзүп коюп, көрүшү ыктымалдыгын кошумчалады.

Мурда берүү жасоо үчүн сөзсүз түрдө телеканалга кайрылуу керек болчу. Алгач долбоор жазып, аны коргоп, анан макулдук алгандан кийин гана иш башталат эле.

«Азыр болсо анын деле кажети жок болуп калды. Бардыгын Ютуб каналыма жасап жатам. Айтайын деген оюңду интернеттен эле жеткирип коюу мүмкүнчүлүгү пайда болду», — деди Н.Айтбекова.

«Жалбырак ТВ» интернет-каналынын башкы редактору Зарылбек Шермаматов дагы учурда эл көбүнчө жумуш менен алек болгондуктан эртеден кечке телеканалдын берүүлөрүн көрүп, андан маалымат алайын дегендер аз экенин белгиледи.

«Телевизорду тиктеп күтүп маалымат алганга азыр эч кимдин убактысы жок. Жаңылыктар тууралуу айта турган болсок, сен окуган, көргөн маалыматтарды телеканал кечинде берет. Аналитикалык берүүлөрдү гана көрүшпөсө, жаңылыкты угуп-көргөндөр дээрлик жок», — деди З.Шермаматов.

Ал ошондой эле маалымат технологияларынын өнүгүшү менен сапаттуу контент жасоо үчүн чоң команданы жана телеканалды кармоонун деле азыр зарылчылыгы жок деген пикирде. З.Шермаматов алгач «Жалбырак ТВнын» жыштыгы болгонун билдирди. Бирок азыр алар жыштык үчун акча төлөшпөй, ишмердигин интернеттен жүргүзүшөт (учурда орто эсеп менен телеканалдар жыштык үчүн айына 3 миң доллардай төлөшөт).

«Элдин баары интернетке өтүп жатат. Менимче, 70 пайызы интернет пайдаланат. Азыр гезитти эч ким окубай калгандай эле ТВ дагы кайсы бир убакта өзүнүн актуалдуулугун жоготот», — деди ал.

Govori.tv интернет-телеканалынын башкы директору Кайыргүл Урумканова дагы телеберүүнү ачып, иштетүү көп каражат талап кыларын белгиледи. Ал эми интернет телеберүүдө чыгымдар бир кыйла аз.

«Биз жыштык алып иштегенге муктаж эмеспиз. Анткени, ТВны көргөндөр азайды. Көбүнчөсү Ютубдан же соцтармактардан керектүү программаларды издеп таап көрүп алышат. Ал эми башка телеканалдар биз жасаган программаларды сурап, эфирине коюшат. Анткени, кыргызча контент аз. 50 пайыз кыргызча контент болуш керек деген мыйзамды аткарыш үчүн телеканалдар көп кыйналышат. Биз өзүбүздүн контентибиз менен бөлүшөбүз. Ошону менен биз өнөктөштөр аркылуу программаларыбызды телеканалдарга чыгарабыз, ал эми ТВ каналдар болсо жакшы контент менен камсыз болот», — дейт ал.

К.Урумканова келечекте интернет ТВ элди маалымат менен камсыздоодо эң негизги булак болорун айтат.

Ал эми блогер, журналист Канышай Мамыркулова интернет ТВ мындан ары дагы өнүгөрүн, азыр Кыргызстанда болуп жаткан тенденциялар башталышы гана экенин белгиледи. Себеби, элге маалымат, же кимдир бирөөнүн пикирин жеткирүүнүн булагы кеңейгенине токтолду. Ал мисал катары 2020-жылы күздө болгон парламенттик шайлоого аттанган партиялардын өкүлдөрү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бир журналист уюштурган интернет дебатка келгенин айтты. К.Мамыркулова парламенттик шайлоонун жүрүшүндө партиянын лидерлери жана шайлоого аттанган талапкерлер менен талкууларды уюштуруп, аны Ютуб жана Фейсбук аркылуу элге жеткиргенин билдирди.

«Азыр мен программа даярдалган студиянын ижара акысын жана аны тарткан оператордун гана акысын төлөйм. Ал эми мамлекеттик жана менчик телеканалдар жылына миллиондогон сом каражат коротот. Бир блогер бир канал бере турчу маалыматты жалгыз өзү даярдап, өз көрүүчүлөрүн таба алат экен», — деди ал.

К.Мамыркулова ошол эле учурда көрүүчүнүн табити ар башка болорун жана Ютуб жана башка социалдык тармактарда жарыяланган видео материалдардын да сапаты, мазмуну ар башка экенин белгиледи.

Ал эми Зарылбек Шермаматов эл акырындык менен такталган гана маалыматтарды тараткан интернет каналдарды иргеп, көрүп баштай турганын айтат.

«Эл деле акыры барып түшүнөт деп ойлойм. Маалыматтын такталганын, анын булагын бардыгы көрө баштайт. Азыр эл деле так маалыматты издей баштады. Анткени аларда мүмкүнчүлүк пайда болду. Чар-жайыт көрүнгөн нерселер бара-бара оңдолот. Ошол маалыматты таратып жаткан блогерлер, же интернет каналдар дагы жоопкерчилигин сезип баштайт. Алар элдин ишеничине ээ болууга аракет кылышат», — деди З.Шермаматов.

Расул Мурат

Окшош посттор