Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ММКбы же ЖМКбы? Кайсынысы туура?

Гезит, теле-, радиолорду биз адатыбызча ММК деп келебиз. Ал Массалык Маалымат Каражаттары дегендин кыскартылып айтылганы. Бул орусчаСМИ же Средство Массовой Информации дегендин эле сөзмө сөз, калька котормосу. Бирок Массалык Маалымат Каражаттары деген сөз айкашын колдонгонго көнүп калганыбыз менен мага ал, негедир, кыргызча “угулбагансыйт”. “Массалык маалымат” дегенди элестетүү мага дайыма оорчулукту түзөт.

Акыркы кезде уламдан улам кененирээк колдонуп келе жаткан Жалпыга Маалымдоо Каражаттары (ЖМК) деген сөз айкашы мага алда канча түшүнүктүү сезилет, жана ал гезит, радио, теленин негизги иш маңызын туурарак туюнткансыйт.

Ким кандай ойлойт?

Марат Токоев

Окшош посттор