Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Турсунбай Бакир уулу: “Ислам сүйүүгө башкача карайт”

Турсунбай Бакир уулун кайра тааныштыруунун кажети барбы? Ойдо жок идеяларды көтөрүү жагынан алдыңкы саптагы саясатчылардан. Маселен, акыркы эле жекшемби күнкү дем алышты жума күнгө которуу сунушу социалдык түйүндөрдө “тополоң” чыгарды. Бул жолу Турсунбай мырза менен ислам жана аруулук темасынын тегерегинде маек курдук.

– Алгачкы суроом көп аял алууга байланышкан. Исламды туу тутунган депутат катары айтсаңыз, көп аял алуу боюнча шариатта эмне деп айтылган?
– Эми мен, биринчиден, молдо эмесмин. Башкалардай эле беш маал намаз окуган момун мусулманмын. Болгону саясатчымын, депутатмын. Курандагы сүрөөдө: “Эгер шарт, мүмкүнчүлүк туура келсе төрт аялга чейин алууга уруксат” деп жазылган. Сөзсүз эле төрт аял эмес, эки да болушу мүмкүн.
– Мүмкүнчүлүк болгондо кандай, мисалы, бай болуш керекпи?
– Жок. Эгер аял ден соолугуна байланыштуу төрөй албаса экинчи аял алууга уруксат. Бул сөзсүз ажырашып кетиш керек дегендикке жатпайт. Аны бактысыз калтырбаш керек. Экинчиден, эгер аял оорукчан болсо, тагыраагы, аялзатына тиешелүү парздарды аткара албаса да экинчисин алууга уруксат. Бүгүн көп аял алгандардын көбүнүн ислам динине эч кандай тиешеси жок. Алар байлыгына дөөгүрсүп жаш катын алып жатышат. “Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат” деген ошондон калса керек.
– Эл оозунда сизди көп аялы бар адам деген сөз жүрөт. Эгер ал чын болсо, сиз төшөк жаңыртканда шарияттын талаптарына шайкеш келтиргенсиз деп айтсак болобу?
– Бул менин жеке турмушум да. Ошентсе да жооп берип коёюн. Мен эки жолу ажырашкам. Алла Таала ажырашканды жаман көрөт, бирок тагдырдын жазмышы менен ушундай болуп калды. Биринчи аялым турмуштун кыйынчылыгына чыдабаса, экинчиси болсо ата-энесинин жалгыз кызы болгондуктан СССР урагандан кийин Кыргызстанда жашабайм деп Киевге кетип калган. Биринчи аялымдан да, экинчи аялымдан да экиден балам бар, аларга ушул күнгө чейин каралашып, аялдарым менен катышып турам. Балам Украинада окуйт, контрагын мен төлөйм. Мен эле эмес бул жактагы балдарым да катышып турушат. Албетте алар дагы мусулман. Ушакчылар ушулардын баарын кошуп мага көп аялдуулукту чаптап жатышат. Бул туура эмес. Азыр кудайга шүгүр, жубайым менен ынтымактуу жашап жатам (Турсунбай мырза дал ошол маалда кабинетинде отурган хиджаб кийинген жаш келинди жубайым деп тааныштырды – автор).
– Сиз парламент трибунасынан кыз-келиндерди хиджаб кийүүгө үндөп келесиз. Бирок эмне үчүн өз кыздарыңыз хиджаб кийбейт?
– Мына аялым кийип отурат. Чоң кызым мурда хиджаб кийчү. Университеттен үйгө келатса троллейбустун ичинен 5-6 жаш бала башың таз, хиджабдын ичинде бомба бар деп мазакташыптыр. Ошондо кызым үйгө ыйлап келип, эч кимдин болушпаганына катуу ызаланып калыптыр. Ошондон бери улуу кызым хиджабдан чыгып алды. Бирок оор психологиялык травма бара-бара эсинен чыгып атат. Кайра хиджаб кием деп айтты. Кичүү кызым намаз окуй баштады, азыр он сегизде. Чет өлкөдөн окуп келип, эми хиджаб кием деп турат. Бүгүнкү күндө төрт карындашымдын экөө өз каалоосу менен хиджаб кийди. Агам менен иним беш убак намаз окуйт. Мен эч убакта мажбурлабайм. Бирок Алланын буйругун эскертип жүрөм.
– Сиз жакында эле жаңы жыл жана 14-февраль майрамдарын жоюп салууга чакырдыңыз. Буларга эмне негиз болуп берди?
– Жаңы жыл Куранда эле эмес, Библияда да жок экен. Жаңы жыл көп кудайга сыйынгандардын майрамы болуп саналат. Жакындары менен жылды жыйынтыктап, келаткан жылга тилектерди айтса неге болбосун? Бирок аяз атадан эмес, Алла Тааладан сураныш керек. Мага бир анекдот жакты, ошону айтып берейин. “Быйыл жаңы жыл майрамы болбойт экен” дейт бир жигит досуна. Эмнеге болбойт экен десе, “аяз ата мусулман динин кабыл алыптыр” деп жооп кайтарыптыр. Анын сыңары аяз ата эртерээк ислам динин кабыл алса болот эле. Анүстүнө кебетеси да бизге окшош сакалчан (күлүп).
14-февраль боюнча. Валентин деген христиандардын молдосу болгон. Аны керек болсо христиандар өздөрү учурунда куугунтукка алышкан. Жөнөкөй эле мисал, бүгүн окуучу мектепке хиджаб менен барса киргизбейт. Ошол эле учурда төшүн ачып же кыска юбка кийип барса унчугушпайт. 14-февралга карата ар бир мектепте сүйүү каттарынын жашигин орнотуп алышкан. Анан бирөө көп кат алат, экинчиси аз алат. Аз кат алып ызалангандар муунуп өлгөнгө чейин барып жатат. Ошол күнү секелектерибиз кыздык намысынан айрылып, ыплас иштерге барып жатышат.
– 14-февралды бирин-бирине арзуулашкандардын дагы бир күнү катары кабылдасак неге болбойт? Же ислам дининде сүйүүгө каршы хадистер барбы?
– 8-мартты мурунку коммунисттик өлкөлөрдүн ону гана майрамдайт. Аялзатын 8-мартта эле сыйлап, башка күндөрү карабай кетишибиз керекпи? Ал эми исламда мусулман эң биринчи кезекте Алла Тааланы сүйүш керек. Кудайдан кийин ата-энени сүйүш керек. Андан кийин гана жубайыңа, балдарыңа болгон сүйүү жөнүндө айтылат.
– Бирок бири-бирине ашыктыгын билдирип, далай жубайларга жол ачылып жатпайбы?
– Мектептеги 1-8-класстарда каяктагы ашыктык, каяктагы үй-бүлө түзүү? 14-февралда далай жубайларга жол ачылды дейсиз, мага эч болбосо 1-2 мисал келтирип бериңизчи? Эгерде бирөө 14-февралда баш кошкон болсо эмне болуптур? Ошондой эле 15-февралда, 14-мартта, 14-апрелде баш кошкондор толтура го.
– Жакында эле жекшембидеги эс алууну жума күнгө которууга чакырдыңыз. Бул идея ишке ашат деп ишенесизби?
– 1999-жылкы өткөн эл каттоого таянсак, Кыргызстандын 85%ы мусулмандар болуп саналат. Ал күнү жума намаз окулуп, элди ыйманга чакырабыз. Көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө жума күнү эс алышат. А биз болсо жума күнү жумуштан качып барып намаз окуп жатабыз. Кыскасы, мамлекетке да зыян болуп жатат. Азыр Ак үйдө мечит ачылып, буфеттерден алкоголдук ичимдиктер алынып салынды. 1996-жылы мен жалгыз ажы болгон болсом, азыр ажылардын саны парламентте 15ке жетти. Кудайга шүгүр, 25 депутат, президент баш болуп намаз окушат. Башкача айтканда, депутаттар ыймандуу болуп калышты. Эгер депутаттар колдоп берсе, жекшембини жумага жылдырууга президент да жок дебейт. Эс алуу күндөрү боюнча Конституцияга жазылган эмес. Ошондуктан Эмгек кодексин өзгөртүү жетиштүү болот.
– Сиздин ушундай идеялары-ңыздан улам артыңызда ислам күчтөрү турат деген пикирлер бар, аны билесиз да…
– Эгер менин артымда каапырлар, атеисттер турат десе теригет элем. Ислам күчтөрү турат деп айткандарга да шүгүр кылам. Азыр биз Кудайдан корккондордон эмес, коркпогондордон чочулашыбыз керек. Мени чын эле ислам күчтөрү колдогон болсо, мен депутат эмес, эбак эле президент болмокмун. Зайыбым эптеп чогулткан акчаны шайлоого иштетип салдыңыз деп ар бир президенттик шайлоодон кийин нааразы болуп калат. Журналисттер арабдар каржылайт деп такыр мага ишенбейсиңер. Мен алар үчүн Алла Тааладан кечирим сурап, Куранды кармап туруп алардан бир да тыйын алган жокмун деп ант бергем. Керек болсо азыр да берем.
– Каапыр деген ким – башка динди тутунгандарбы? Каапырларды кантип аныктаса болот?
– Ыйык Куранда эки гана улут бар, бири мусулман, экинчиси каапыр деп айтылган. Ошентип каапыр – бул мусулман эмес. Мусулмандын беш парзын аткарбаган, жалгыз Аллага шерик издеген адамды каапыр десек туура эле болот.
– Христиандар же башка диндерди тутунгандарды ыймансыз дейбизби, алар да кудай дешет, кудайдан коркушат эмеспи?.. Негизи ислам тынчтыктын, сабырдуулуктун дини делет. Башка диндерди тутунган мекендештерибизди кодулоо, куугунтуктоо же жектөө керекпи?
– Ыйман деген сөз исламга синоним. Ыймансыз адам мусулман боло албайт. Башка диндегилерди да ислам сабырдуулукка чакырат. Мисалы, алар ислам өлкөсүндө жашаса болот, бир гана салыктарды төлөп жана ал өлкөнүн мыйзамдарына баш ийиши абзел. Эгерде чет өлкөдө халал тамакты таппасаңыз анда чочкодон башка христиан же еврей тамагын жесеңиз болот. Мусулман баласына христиан же еврей кызына үйлөнүү да уруксат. Анткени Куранда жана хадистерде аларды жалгыз Алланы тааныган жана аларга да Алланын ыйык китептери берилген элдер катары тааныткан. Ошондуктан аларга карата куугунтуктоо же жектөө керек эмес.
– Ооба, хиджаб аркылуу араб маданиятын жайылтып жатат деген сындар сизге көп эле айтылып келет. Негизи кыргыздар эч качан жүзүн жапкан эмес да. Буга не дейсиз?
– Мен өзүм тарыхчымын. Кыргыздын кыздары мурда эле жылаңач жүргөн дегенге такыр кошулбайм. Биздин энелерибиз эч качан кыска юбка кийген эмес, төшү-башын ачкан эмес. Хиджаб бул элечек менен эле жоолук. Алар хиджаб менен паранжаны алмаштырып алышты. Паранжа – бул аял кишинин толук денесин жана жүзүн жабуу. Паранжаны тажик жана өзбек аялдар кийчү. Эми Куранда хиджаб деп, бизде элечек деп калса эмне кылышыбыз керек? Эми биз шляпаны калпак деп айткыла деп талап коё албайбыз да. Андан сырткары элестетиңиз элечек менен намаз окуу канчалык машакаттуу? Ал эми хиджаб абдан ыңгайлуу. Бирок күнүмдүккө кыз-келиндерибиз кыргыз улуттук кийимин кийип жүрүшүнө куштармын.

Автор Уланбек ЭГИЗБАЕВ, «Жаңы Агым» гезитинин кабарчысы
Маек “Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмесинин кыргыз тилинде жазган журналисттер жана КР ЖМК үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын тренингинин алкагында даярдалды.

 

Окшош посттор