Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Каржыдан каржалган кыргыз басылмалары

Каржыдан каржалган кыргыз басылмалары

Басмаканалар жана басылмалар

Бишкектин борбордук бөлүгүнөн анча алыс эмес жайгашкан “Учкун” типографиясы убагында алыстан эле шаңкайып көзгө урунаар эле. Азыр ал жака белине курулган көп кабаттуу үйлөрдүн далдаасында калды. Аталган ишкана советтик идеологиянын арааны жүрүп турганда, борбордук жана республикалык маанидеги гезит-журналдарды чыгаруу үчүн атайылап курулган. Ал учурда, Кыргыз ССР КП БКнын басмаканасы аталган бул жайдан борбордук “Правда”, “Известия”, “Труд”, “Комсомольская правда” өңдүү нускалуу гезиттерди айтпаганда, республикалык “Советтик Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Советская Киргизия” ж.б. гезиттер алды 185-190 миң нуска менен жумасына 4 жолу, арты 170 миң нуска менен жумасына 2 жолу чыгып турчу. Борбордук жана жергиликтүү басылмалар катар чыгып калган күндөрү гезиттердин бир күндөгү нускасы миллион болбосо да, 700-800 миң нускага жетип барчу.

Азыр гезит-журналдарды баса турган типографиялар көбөйдү. Союз мезгилине салыштырмалуу гезит-журналдардын саны да өстү. Акыркы жылдардагы маалыматтарга таянсак, юстиция министрлигинен 1,5 миңден ашуун ЖМК катталган. Анын ичинен иштеп жатканы 130-150нүн тегерегинде. Бирок, ошол туруктуу чыгып жаткан гезиттердин нускасы бир айда барып 200-300 миңге араң гана жетет.

“Учкун” концерни гезит чыгаруу боюнча лидерлик позицияны тарттырып ийгенине көп жыл болуп калды. Азыр анда саналуу гана басылмалар чыгат. Бир кезде күрүлдөп иштеген станоктордун көбү каңкайып бош турат.

Акыркы жылдарда гезит басып чыгаруу рыногунда “ММКны колдоо борбору” алдыңкы позицияда эле. Бирок, аларда деле жыл өткөн сайын иш солгундап бараткандай. “ММК колдоо борборунун” менеджери Бакыт Дыйкановдун айтымында, 2020-жылы 96 аталыштагы гезит чыгып, бир жылдагы жалпы нускасы 14,3 миллионду түзгөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,3 миллионго көп. Бирок, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы “ММК колдоо борборунан” басылган гезиттердин саны 13кө кыскарган. Анан да коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин учурунда гезиттер чыкпай турган. Ал эми нускасынын көп болгону, 2020-жылы шайлоо өнөктүгүнө карата гезиттер көп нускада басылганы менен байланышкан. Эгер шайлоо болбогондо, 2020-жылдагы көрсөткүч 2019-жылдагыдан алда канча аз болмок экен.

Ушул жерден окурмандардын көңүлүн соңку алты жылдагы статистикага бургубуз келет. Абал абдан эле аянычтуу.

 

Гезит рыногундагы абал кандай?

“ММКны колдоо борборунун” бул көрсөткүчтөрү Кыргызстандагы басылмалардын абалынан, анын ичинде кыргыз тилдүү гезиттердин жагдайынан кабарлайт десек болот. Акыркы 10-15 жылда нускасы боюнча кыргыз гезиттеринин алды болуп, нускасы 128 миңге жеткен “Супер инфо” гезитинин нускасы учурда 29 миң 500гө чейин азайды. Жумасына 4 жолу жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезитинин нускасы да кескин азаюу менен, жумасына бир гана ирет чыгып калды.

Мунун баары барып-келип, гезиттердин каржылык маселесине келип такалууда. Жарык көргөн гезиттердин саны жылдан жылга азайып, четинен жабылып, же убактылуу чыкпай калганы маалыматтык технологиялардын өсүп, Интернет маалымат булактары пайда болгону менен эле эмес, гезит чыгаруунун убарасы жана чыгашасы көбөйүп жатканы менен байланышкан.

“Факты.кg” гезитинин башкы редактору Тилек Рыскулов көп жыл “Форум”, “Фабула” гезиттеринде менеджер болуп, кийин башкы редактор катары да тажрыйба топтоп, Кыргызстандын гезит рыногун тышынан эмес, ичинен, жалпак тил менен айтканда коен жатагына чейин билгендердин бири. Бүгүнкү шартта ЖМКларда каржылык көз карандысыздыкка жетүүнүн жолдору тууралуу мындай дейт:

“Гезитти каржылоонун эки негизги булагы бар. Бири – гезиттин сатыгынан, экинчиси – жарнамадан түшкөн каражат. Гезит өз уюштуруучусунан каржылык көз карандысыздыкка жетүү үчүн, биринчиден, гезиттин нускасы көп болушу абзел. А гезиттин нускасынын өсүүсү окурмандардан көз каранды. Тилекке каршы, гезит окурмандарынын саны жылдан жылга азайып баратат. Гезиттин каржы булагынын бири болгон жарнамага келсек, саясий жарнама шайлоолордун астында эле болбосо, мындай убакта жокко эсе. Ал эми башка коммерциялык жарнамаларды деле ар кандай ишкана-мекемелерге коммерциялык сунуштарды берүү жолу менен тапса болот. Бирок ал деле аз, жарытпайт. Иши жүрүшүп, ити чөп жеп, өз продукциясын, же өз ишканасынын ишмердигин рекламалайм деген ишкана дээрлик жок. Өздөрү эптеп күн көрүп жатса, гезитке кайдан жарнама бермек эле. Ал эми ЖМКга каржылык колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдар болсо тандап мамиле жасайт. Натыйжада ушунун баары эле келип, гезиттин каржылык маселесине таасир берет. Ошондон улам, гезиттердин уюштуруучулары каржыласа гезит иштейт, каржылоо жок болсо гезит ишин токтотот”, – деп гезит чыгаруу жаатындагы көйгөйдү жаап-жашырган жок.

 

Стаканда кантың бар, Интернетте сайтың бар

Ооба, ЖМКдагы азыркы аянычтуу абал гезиттердин алтын доору бүтүп, музейдеги экспонатка айланабы деген жоромолду жаратат. 21-кылымга маалымат кылымы деген аныктамага караганда, маалымат технологияларынын деген аныктама көбүрөөк дал келип баратат окшойт.

Кыргызстандын мекемелеринин жана компанияларынын расмий сайттарынын каталогунда (https://polpred.com/?cat=5&cnt=76) экономика, билим берүү тармагы (Жогорку окуу жайларынын сайттары), тышкы соода, туризм багытында 119 сайт катталган. Жалпысынан алар финансы-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарды 26 тармагын камтыйт.

“Стаканда кантың бар да”, “Интернетте сайтым бар” дегендей абал.

Сайттардын саны боюнча, экономика багытындагы сайттар алдыда турат, андан кийинки орунда билим берүү тармагы, андан кийин тышкы соода, мыйзам чыгаруу тармагынын сайттары болуп тизме уланып кетет.

Биз айткан сайттардын дээрлик баарынын уюштуруучусу мамлекеттик башкаруу органдары: министрликтер, комитеттер, агенттиктер, эл аралык финансылык уюмдар, юридикалык тараптар, жогорку окуу жайлар болгондуктан, сайтты каржылоо маселеси аталган мекемелердин жылдык бюджетине киргени, сайт ээлери каржылай турганы айтпаса да түшүнүктүү.

 

Маалымат сайттарынын жаңы атаандашы – социалдык түйүндөр

Ал эми түздөн түз жалпыга маалымдоо кызматын аркалаган сайттарга келсек, өткөн жылдагы парламенттик шайлоого карата 75 сайт үгүт жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациялык каттоодон өткөн. Алардын катарында, телеканалдардын, маалымат агенттиктеринин, гезиттердин сайттары менен катар өз алдынча да сайттар бар.

Саясий рекламалардын баалары төмөнкүдөй болгон.

  • Бир жолку PR-статья же маалыматтык материал үчүн – 10 000 сом (жаңылыктар лентасында калың шрифт менен бөлүп көрсөтүү менен);
  • сайтта бир ай брендөө үчүн (сайттын фонунда) – 35 000 сом;
  • сол жактагы баннер бир айга – 15 000 сом;
  • оң жактагы баннер бир айга – 17 000 сом;
  • баннердин жанындагы логотип бир айга – 10 000 сом;
  • саптар арасындагы баннер бир айга – 6 000 сом;
  • мындан тышкары фейсбукта маалыматтык материалды кайталоо + 2000 сом;
  • Инстаграмда маалыматтык материалды кайталоо + 2000 сом.

Бул маалыматтан көрүнүп тургандай, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен, телеканал, маалымат агенттиктери, гезиттерди сайтсыз элестете албай калгандай, өз кезегинде сайттар да социалдык тармактардын жардамына муктаж экени дароо көзгө урунат. Жашырганда эмне, өткөн жылы, быйыл өткөн парламенттик жана президенттик шайлоо көрсөткөндөй, саясий рекламалар сайттарга караганда, социалдык тармактарга көбүрөөк бериле баштады. Коммерциялык жарнамаларды да сайттарга караганда да, социалдык тармактардан көбүрөөк кездештиребиз.

Кыргызстандагы эң окумдуу гезиттердин биринде көп жыл тажрыйба топтогон Алмаз Темирбек уулу акыркы жылдарда “Фабула.кж” (http://fabula.kg/) сайтын иштетет жана сайттын материалдарын социалдык түйүндөрдө да бөлүшүп турат. Ал бүгүнкү күндө “Фабула.кж” гезити электрондук форматка өтүп, убактылуу токтоп, сайтты иштетип жатканын айта келип, буларга токтолду:

“Чынын айтканда кыргыз тилдүү ЖМК каржылык көз карандысыздыкка жетүүнүн жолдорун жакшы өздөштүрө элек. Азыр маалымат каражаттарынын ролу кыйла олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. Анткени интернет айдыңы маалымат каражаттарынын түйшүгүн жеңилдетүү менен коомдун да маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн арттырды. Бүгүнкү күндө коомчулук кыбыр эткен нерсенин баарынан социалдык тармактардан тез жана ыкчам кабардар болуп калышты. Ошол эле реклама багытындагы материалдар деле соцтармактар аркылуу чагылдырылууда. Гезиттин, теленин, радионун окумдуу, көрүмдүүлүгү басаңдай түштү. Андыктан мурдагыдай гезит, радио, телеге берилчү рекламалык материал дээрлик кыскарды. Мамлекеттик гана ММКлар каржылык жактан туруктуу абалда болбосо (ал деле өпчап) жеке көз карандысыз маалымат каражаттары ар дайым каржы ресурстарын издөөгө аргасыз. Биздеги айрым гана маалымат каражаттары батыштын сөз эркиндигине, адам укугуна байланышкан долбоору менен кызматташып каржылык көмөк албаса, бул жаатта көпчүлүк маалымат каражаттары иштетүүнүн жолдорун билбейт. Ал эми ички булактардан дамамат туруктуу каржылоо болбойт… Себеби, саясий процесстерге байланыштуу каржылык колдоо кылган жеке менчик маалымат каражаттарынын саясатчы эмес ээлеринин поэзиясы өзгөрүп турат… Ага жараша каржылоо булагы да токтоп калган учурлар көп.

 

“ПолитКлиника” медиасы: Баскан жолду арбытат

Кыскасы, ЖМКлардагы каржы маселеси, каржылык көзкарандысыздык маселесине келгенде абал биз ойлогондой да татаалыраак. Антсе да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында каржылык көз карандысыздыкка жетүүнүн жолдорун, каржынын альтернативдүү булактарын тапкандар бар. Алардын бири – “ПолитКлиника” медиасы (https://pk.kg/).

Аталган басылманын башкы редакторунун орун басары Айгүл Бакеевага кайрылганыбызда, ал буларды айтты:

“ПолитКлиника” медиасы 2018-жылдан бери электрондук басылма катары ишин улантып келе жатат. Ушул убакыт аралыгында биздин медиа – гезит кезиндеги окурмандар, жеке тараптар, коомчулук, юридикалык тараптар менен болгон байланыштарды андан ары өнүктүрүп, чыңдап кете алды десек болот. Учурда чыгармачылык жактан да, каржылык жактан да бир катар ийгиликке жетише алдык. Жарнама берген тараптар менен ишибизди уланттык, эл аралык бир катар уюмдардын каржылык колдоо гранттарын жеңип алууга жетиштик.

Жалпыга маалымдоо каражаты катары гезит түрүндө болобу, электрондук түрүндө болобу, ийгиликке жетиш үчүн талыкпастан иштедик. Башында аз сандагы кызматкерлер да, каражаттын жетишсиздигинен айлык акы аз же айлык акысыз иштеген убактар да болду.

Кыргызстандагы журналисттерди окутуп чыгарган жогорку окуу жайларынын жетекчилерине , студенттерине жолугуп, студенттерди кызматташууга тарттык. Тажрыйбабыздан бөлүшүп, ошол эле кезде аларды редакциядан практикалык курстардан өткөрүп турдук”.

“ПолитКлиника” медиасы алгач каржылык жагы азыраак көлөмдөгү бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Аз каражаттуу, жетишсиз үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоого алууну демилгелөө боюнча чакан долбоор боюнча иштешкен. Ошол колдоого алына тургандардын арасынан бир үй-бүлөнүн мисалын Айгүл Бакеева айтып берди:

“Бишкекте жалгыз бой аялдын үч баласы бар эле, экөө мектепте окуйт, эң кенжеси кичине жана оорулуу, баса албаган кыз болчу. Биз ал үйбүлөнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн караштырып чыктык. Финансисттер менен каржылык булак табуу жагын эсептедик. Үй шартында нан, кондитердик азыктарды жасоо жолдорун сунуштадык жана дүкөндөргө сатуу жагын, оорулуу кызын доктурга көрсөтүүнү уюштуруп бердик.

Акырында кыска мөөнөттүү, чакан долбоордун алкагында биз ушул сыяктуу бир катар үйбүлөлөргө жакырчылыктан чыгуунун жолдорун сунуштап, каржылык колдоо боло турган жагдайларды таап бере алганбыз. Биздин ЖМКдагы макалалардан кийин кайрымдуулук уюмдары да аларды колдоо жолдорун сунуштаган”.

“ПолитКлиника” медиасы студенттерди адистикке окутуу боюнча да бир нече чакан долбоорлорду жеңип алып, аларды окутууну уюштурган. Кийин жаш кадрларды жумушка тартышкан. Азыр редакциянын басымдуу бөлүгүн жаш, келечектүү кадрлар түзөт.

Учурда эл аралык уюмдардан ири долбоорлорду ишке ашырып келишет. “ПолитКлиника” медиасында журналистиканын жаңы багыты болгон дата-бөлүм ийгиликтүү иштеп жатат. Алсак, Кымбат Турдубекова, Ырысбүбү Кылычбек кызы жана башка өзүлөрүнүн фактчекер адистери өсүп чыкты. Эл аралык адистерден журналисттик иликтөө курстарынан өтүп, коррупциянын бетин ачкан журналисттик иликтөө жасап жаткан ЖМК болуп калышты.

“Азыр журналистикадагы жаңы мүмкүнчүлүктөр, шарттарды үйрөнүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Биз жергиликтүү жана эл аралык уюмдар уюштурган акысыз вебинар, семинар, окууларга үзбөй катышып, журналистиканын жаңы тренддерин дагы тереңирээк окуп-үйрөнүп жаткан чагыбыз. Журналисттик иликтөө боюнча жергиликтүү жана эл аралык алдыңкы иликтөөчү журналисттер жана ЖМК менен тыгыз байланыштабыз, алардын алгылыктуу тажрыйбаларын окуп-үйрөнүп, өзүбүздүкү менен да бөлүшүп турабыз”, – дейт А.Бакеева.

 

ЖМКны колдогон эл аралык уюмдар

“Бала ыйлабаса эмчек кайдан” демекчи, ЖМКны каржылык сүрөөгө алган тараптар да жок эмес. АКШнын мамлекеттик департаменти, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги өткөн жылы жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кичи гранттар программасы боюнча долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгү боюнча кулактандыруу жарыялап, долбоордук сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтүн 2020-жылдын 6-майы деп белгилеген. Суралган каражаттын максималдуу көлөмү 50000 АКШ долларынан ашпашы, орточо сумма 30 миң АКШ доллары андан азыраак болушу керектиги, долбоордун мөөнөтү 12 айга эсептелгени да айтылган. Бул программа регионалдык коопсуздук жана туруктуулук, трансулуттук коркунучтарды төмөндөтүү, ишкердикти жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо, демократияны алдыга жылдыруу максаттарын колдомок.

Медиа көз карандысыздыгын колдоо боюнча демилгелерди сүрөөгө алган эл аралык уюмдардын бири – ЮСАИД. Аталган уюмдун бюджети 6,5 млн. АКШ доллары түзгөн “Медиа-К” долбоору Кыргызстанда 2017-жылдын 1-октябрынан 2020-жылдын 3-сентябрына чейин үч жыл иштеп, өлкөдөгү ЖМКлардын көзкарандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн арттыруу боюнча иш алып барды. Долбоорду КРдагы Интерньюс Нетуорк өкүлчүлүгү ишке ашырып, негизги өнөктөштөрү: “Медиа полис институту”, НТС, TV1KG, “Клооп Медиа”, “Кактус Медиа”, “ПолитКлиника”, “Салам Радио”, 24.kg, “Говори ТВ”, “Марал ТВ”, “Элгезит”, “Любимый ТВ” болуп, бүтүндөй республиканы камтыды.

Конрад Аденауэр фонду да Кыргызстандагы ЖМКлардын кесипкөйлүгү багытында иштерди алпарып жүргөнү белгилүү. Кыскасы, ЖМКлар каржылык көз карандысыздыкка жетүүнүн жолдорун издесе болчудай.

 

Бирок да…

ЖМКлардагы каржылык көз карандысыздык боюнча оюн билүүгө кызыгып кайрылганыбызда, көп кесиптештерибиз жооп берүүдөн сылык баш тартышып, же унчукпай тим болушту. Атын атабай эле коюуну суранган кесиптештерибиздин бири гезиттердин нускасынын азайышы менен чыгашасы көбөйгөнүн, гезит чыгаруу мартабалуу түйшүккө айланганын, каржылык көзкарандысыздык тууралуу сөз кылуу мүмкүн да эмес экендигин айтат. Анын айтымында, бул эң жөнөкөй арифметика. Гезиттин бир нускасынын өздүк наркы 20-22 сомдон айланат. А сатык баасы 15-20 сомдун айланасы. Кээде гезит өтпөй калып, артка кайтарылат. Бул гезит үчүн чыгаша деген кеп.

“Эркин гезиттер мурда эле арзанчылык кезинде чыгашалуу болчу. Анда да жарым жартылай өзүн актачу. Азыр таптакыр эле өзүн актабай калды. Гезит ээлери кымбатчылыктан улам, сайттарга ооп, гезиттердин четинен жабылып жатканы ошондон улам. Рекламасы бар гезиттер өзүн эптеп-септеп каржылап жатат. Жакынкы жылдарда гезит музейдеги экспонатка айланат болсо керек. Сайттар деле чыгашалуу. Бирок, чыгаша азыраак. Сайттардын көбү ошонун эсебинен кармалып турат”, – дейт кесиптешибиз.

Болот Таштаналиев

Окшош посттор