Сүрөттү тарткан Талант Шамшиев
Бүгүн журналисттердин коопсуздук маселеси боюнча ИМП уюштурган тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү — ага дээрлик бардык укук коргоо органдарынын “чечим кабыл алуучу” деңгээлиндеги өкүлдөрүнүн катышкандыгы болду. Буга уюштуруу иштерине Президенттик администрациянын жана өкмөт аппаратынын катышкандыгы себеп болду окшойт.
Иш-чарада маалымдалгандай, быйыл эле журналисттерге кол салуунун, алардын иш алып баруусуна тоскоолдук кылуунун 10 фактысы катталган. Эң өкүнүчтүүсү — айрым бул фактылар милиция кызматкерлеринин так көз алдында болуп, бирок алар жөн гана кайдыгер байкоочулардан болгондугу. Мындан сырткары укук коргоо органдарына, күзөт кызматтарына дагы башка көп нааразычылыктар айтылды.
Нааразычылык айтылган тараптын айткандарын: “Журналисттерди урматтайбыз. Бардыгын билебиз. Иштеп жатабыз. Чаралар көрүлөт. Иштешели”, деген сөздөр менен жалпылаштырсак болот. Мурда да айтылып келген сөздөр. А маселе ошол эле бойдон чечилбей келет. Тескерисинче, курчуп да бара жаткандай.
Маселенин тез арада чечилишине да ишенүүгө кыйын. Өрчүшүп кеткен оорууну тез арада айыктырууга болбогондой эле. Биринчи симптомдор 2007-жылы Кайрат Биримкуловду катуу сабап кетишкенде (журналист 2 жума ооруканада дарыланып жатты) байкалган эле. Кылмышкерлер табылбады. Кайрат өзү үй-бүлөсу менен башпаанек издеп чет жерге чыгып кетүүгө аргасыз болду. Андан кийин 2007-жылдын ноябрь митингдери болду. Журналисттерди сабап кетүүнүн, коркутуп үркүтүүнүн, иш алып баруусуна жолтоо кылуунун биринчи жолу көп сандагы фактылары катталган. Бул кылмыштардын басымдуу бөлүгү ачылбай калды.
Ошол кезде, тийиштүү чаралар көрүлүп кылмышкерлер жазасын алса бүгүн башкача болот беле.
Тегерек стол учурунда, журналисттердин коопсуздук маселеси курч болуп жаткандыгында журналисттердин өзүлөрүнүн да күнөөсү бар деген пикир айтылды. Журналисттер ушак-айыңга таянып жазышып, бирөөнү жөнү жок каралап, ызы-чууну көтөрүп, терс нерселерди гана жазып, этикалык стандарттарды карманбаганы элдин кыжырын келтирип, журналисттерди жек көрүндүү кылып жатат дегендей. Моюнга алабыз. Бул нерсе бар. Жок дебейбиз. Бирок биздин жашообузда жакшыдан терс нерселер көбүрөөк болуп жаткандыгына журналисттер күнөөлүүбү? Бийлик, байлык үчүн бири-бири менен согушуп, ээрден шыпырып, каралап, компроматтарды жаадыргандар журналисттерби? Экономикабыз ыйлаарлык абалда болуп, гезитти, анда иштеген журналисттерди багып кетиш үчүн жакшы шарттардын, мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна да журналисттер күнөөлүүбү?
Айтылган нерселерден кийин, абалдын оңолушуна көп деле ишене бербей каласың. Бирок бизден башка эч ким аны оңдоп бербейт. Кол куушуруп жата берген да болбойт.