Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Медианы кантип курат. Авто.ру тажрыйбасы

Медианы кантип курат. Авто.ру тажрыйбасы

Кеңири аудиторияга пайда алып келген бренд-медианы 2020-жылы кантип өнүктүрүү керек. Эң мыкты усул болбойт, бирок айрымдар муну ишке ашыра алышты. Авто.ру басылмасынын маркетинг боюнча директору Антон Колесник алардын командасы мыкты тармактык 3 ЖМКлардын катарына кирген Mag.Auto.ru журналын кантип нөлдөн баштап түзгөнүн жана YouTube-каналын ишке киргизгенин айтып берди.

Биринчи маанилүү суроо: медианы эмне үчүн жасайт?

Биринчи себеп — керектөөчүлөрдүн билимин колдоо тилеги. Авто.ру жогорку жыштыктагы кызмат үчүн эмес, анткени адамдар күн сайын эле автоунаа сатып ала беришпейт. Адатта автомобилди үч жылда бир жолу сатып алышат, азыр баалар көтөрүлгөндүктөн улам бул көрсөткүч беш жылга жакындап калды. Албетте авто сатуучуну же сатып алуучуну маркетингдик аспаптардын жардамы менен тартууга болот. Бирок азыр алар өз керектөөсүн жапты, 3-5 жылдан кийин ошол кезде өзүн көрсөтүп активдүү иштеп жаткан атаандашка кайрылышы мүмкүн. Бирок адамдар маалыматтарды үзбөй окуп, көрүп турушат, так ушул жагын өзүн унуткарбоо үчүн пайдаланууга болот. Албетте ошол эле учурда ретеншен-инструментарий жөнүндө эстеш керек.

Экинчи себеп — кардарды маркетингдик айлампанын жогору жагынан «кармоо» тилеги. Классифайддарга (жеке жарыяларды берүүгө жана издөөгө мүмкүнчүлүк берген интернет-сайттар) эмне каалаганын жакшы билген колдонуучулар барат. Айлампанын жогору жагындагылар серептерди көрөт, пикирлерди окуй, тандайт, шектенет, анан сөзсүз эле сага болбосо дагы башка жакка барышат. Ошол баскычта ыктымал кардарды атаандаштарга өтүп кеткенге чейин контент менен эрте кармаганга болот.

Үчүнчү себеп — биз өзүбүздүн субпродуктуларды илгерилетүү кааладык. Авто.ру брендин дээрлик бардыгы билет. Бирок бизде мисалы жагып калган автоунаанын тарыхын VIN — ПроАвто жыйынтык маалыматы аркылуу билүүгө боло турганын баары эле биле бербейт. Анын схемасы эң жөнөкөй: журналда жана YouTubeда жаңы рубриканы ишке киргизесиң – ошондо колуңда жаңы өнүмдөр жөнүндө үзгүлтүксүз жана эч шашылбай айтып бергенге кошумча сонун канал пайда болот.

Төртүнчү себеп — биз бизнес тууралуу гана жазбастан, колдонуучуну окутуп үйрөткөнгө жана көңүлүн ачаканга да жарай турганыбызды көрсөткүбүз келди. Мына бизден машина сатып алып, өкүнүп калбаш үчүн сонун кеңеш, а бул жерде «буханка» жөнүндө кызыктуу макала. Биз мында бэтмобилдин тест-драйвын жасадык, бул жакта советтик автоунааларды Британияга экспортоо тарыхы да бар. Тинькофф дагы өз Журналын “келгиле, дүйнөгө биз акча жөнүндө гана эмес, аны кантип башкаруу керектигин дагы айтып берели” деген тилек менен ачканына ишенем.

Шайкештик болушу үчүн мында бешинчи дагы себеп болушу керек, бирок канча тырышсам да түшүнүктүү эч нерсе ойлоп таба алган жокмун. Акча? Жок, бул акча эмес, сыягы медиада анча көп таба албайсың. Лид? Жок, перформанс аларды көбүрөөк жана арзаныраак берет. Балким медиа дагы эмнеге керектигин ойлоп тапсаңыз – пикириңизди жазсаңыз.

 

Эң керектүүсү: кантип бардыгын туура уюштурууга болот?

1. Сизге туруктуу бизнес керек. Анткени медиа иштеп таппайт, акча коротот. Эгерде оңдой берди болсо ал дагы убактылуу, бир кезде сиздин ЖМК өзүн биринчи жолу актаган учур келет. Негизи мында кеп акчада эмес, концепцияда – сиз медианы попаптар, кыска видеолор жана башка жарнак менен толтуруу үчүн түзбөйсүз да.

2. Сизге абдан сабырдуу менчик ээси керек. Кыязы силердин чоңдор бренд-медианы бизнес-таажыдагы бриллиант сыяктуу элестететтир. Анан достору менен кандайдыр бир италиялык тоого велосипед менен чыгып: «Биздикилер жакында Пулитцер алат» деп балп этип айтып салышы да мүмкүн. Бирок анын ордуна талаштуу материалдарды, кликбейт макалаларды, ийгиликсиз темаларды көрөт – себеби, редакция ар кандай ыкмаларды сынап көрөт. Дагы ал көрүүлөрдүн, визиттердин, катталуучулардын абдан көңүлсүз графикасын көрөт. Андыктан ким болбосун чочулап, долбоорду жаап салышы мүмкүн.

3. Силерге абдан жакшы башкы редактор керек.

Андайларды hh.ru жана башка ушундай каналардан издебейт. Бул сейрек «өнүм».

Бул көбүнчө кокусттан же тааныштар сунушу боюнча табылат. Биз күткөн башкы редактор 3 айлык издөөдөн кийин, ал жөнүндө биз таң эрте Н+1 бош редакциясына Андрей Коняев менен сүйлөшүү үчүн келгенде табылды. Андрей Мотор.ру басылмасынын башкы редактору Миша Цымбал акыркы убакта өз жумушунда зеригип жүргөнүн кокустан эстеп, анын байланыш даректерин берди.

Кийинки күнү ишембиде биз Миша менен корпоратив өткөн кеңседе жолугуштук: айлана бүт бөтөлкөгө толгон, тамандар полго жабышат, чарба кызматчылар килемдерди которуп жатты. Алгач Миша эки анжы болду: корпоративдик ЖМКда иштөө ага анча жаккан жок: кокустан болбогон нерсени жазууга мажбурлайт же медиа иштетимиш болуп, кетирип салышат деп ойлоду. Бирок биз андай эмеспиз деп ишендире алдым. Биз авто жөнүндө орус тилиндеги эң чоң медиа болууну каалай турганыбызды да айтып бердим. Анын көздөрү бөтөнчө балбылдады. Ошентип Миша бизге ишенди.

4. Силерге өздүк өнүмдөр керек болот. Анан project-менеджер керек. Анткени башкы редактордун иши – авторлорду чогултуу жана контент өндүрүү. Өндүрүмдү уюштуруу анын милдети эмес, аны да ишке ашыра алам, жасай алам деген күндө да.

Эмнеге аутсорс эмес? деген суроо жаралышы мүмкүн. Мында эмне сыйкыр бардыгын билбейм, бирок учурда биздин эки сырткы командабыз үзгүлтүккө учурады. Ал эми өзүбуздүн бөлүмүбуз ишке жарады.

Азыр бизде олуттуу кайра иштелип чыккан жана бизге ылайыкташтырылган Н+1 сайтты башкаруу тутуму колдонулат (марка-моделдерди белгилөө мүмкүнчүлүгү, Авто.ру менен байлоо үчүн виджеттер, башкы бетти жана рубрикаларды чогултуунун башка механизми кошумчаланган).

Верстка жөнүндө айтсак, макалалар даяр блоктордон чогултулат (текс, сүрөт, галарея), ошондой эле, верстканын өзгөчө элементтерин өзүнчө html бөлүктөрдүн жардамы менен кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Чоң материалдарды бильд верстка кылат (сүрөт тандайт, даярдайт, коюштурат жана башкаларды кылат).

Редакциялык иш агымы – Торчо. Бул өзүнө материалдардын үстүнөн биргелешип иштөөгө мүмкүн болгон тикеттер менен пландоонун календардык ыкмасын камтыган ыңгайлуу аспап. Мисалы, тапшырмаларды макаланын ар кайсыл бөлүктөрүн коюу (текст, верстка, фото), штаттан тышкаркыларды кошкондо аткаруучуларды дайындоо жана кийин анын бардыгын чогултуу. Ошол эле жакка метрика кошулат жана ар бир материалдын статистикасын дээрлик учур чак мезгилинде көрүүгө болот.

5. Силерге маркетологдор керек. Башкы редактордун иши… эми сиздер билесиздер да. Маркетологдор медиадагы негизги өнүмгө кантип шилтеме берүүнү билишет, каттарды жана пуштарды жөнөтө баштагандан уялышпайт, Яндекс.Дзен жана Google Discover ж.б. туура жайгашат, SEO-тапшырмаларды ойлоп табышат. Эгерде биз трафик жөнүндө сөз кылсак, анда бизде ал 35% Авто.ру менен байланган, дагы 30% – сунуштама тутумунун трафигинен, негизинен Дзенден. Калган 35% – түз кирүү, издөө, жөнөтмөлөр, пуштар, соцтармактар жана мессенджерлер. Көрдүңүзбү, негизги бизнес менен байлоо кандай олуттуу бөлүктү түзөт. Бизде бул иш үчүн өзүнчө маркетолог жок. Биз ал милдеттерди өзүбүздүн маркетинг тобуна бөлүштүрүүнү чечтик – алардын даяр тажрыйбасы бар, алар буга сүйүнөт – анткени жаңы иш да!

6. Силерге өтө көп контент керек болот. Яндекс.Дзен жана Google Discover көп жазган жана кликбейт кылбаган авторлорду жакшы көрө турганы жашыруун эмес. Көп – бул күнүнө 10+ макала. Сени эки сервис жакшы көрсө, сен жакшы трафик аласың. Андыктан башкы редактордон тышкары биздин редакцияда бильд-редактор жана төрт күчтүү журналист иштейт. Бильд-редактор тематика жана форматы боюнча ар түрдүү тексттерди даярдаган штаттан тышкаркы авторлордун ишин карайт: мисалы автосерептер, авторынок жаңылыктары, советтик асем жашоо жана башкалар жөнүндө. Корректорлор дагы аутсорсто иштейт. Биз азыр өзүбүздүн болгон мүмкүнчүлүккө таянып турабыз, андыктан UGC-контентти тарта баштоону пландап жатабыз.

Биздин YouTube-каналдын штаттык редакциясы жөнүндө айтсак, ага: режиссер-сценарист, продюсер жана монтажер кирет. Видео даярдоонун жүрүшүнө арт-директор (биздин коммуникациялык дизайнер) дагы көз салат – ал көрмө материал көңүлдүү болушун карайт. Бир нече киши: режиссерлор жана монтажерлор (бизге кимдир бирөөлөр дайыма жеткиликтүү болгону маанилүү), ошондой эле, иллюстраторлор аутсорсто иштейт. Ал топ жумасына 2 ролик тартканга «жетишет».

7. Силерге тил табышуу керек. Редакцияга жакшы медиа жасоого мүмкүнчүлүк бергиле. Силердин негизги өнүмдү сатууга мажбурлабагыла. Эгер өтө керек болсо – «мына бул жерге жарыяга шилтеме койсок кантет», «бул жакка жыйынтык маалымат жөнүндө эки сөз болсо жакшы болмок» – деп сунуштагыла. Бирок бизнес метрика менен тумчуктурбагыла. Ошондо баары жакшы болот.

 

Бизде эмне жыйынтык болду?

8 000 000 колдонуучу азыр айына журналды окуйт.

Ютуб каналга 380 миң киши жазылган. Биз биринчи болбосок дагы, бирок сыягы орус тилиндеги экинчи медиа болуп калдык. Цитата келтирүү боюнча индексте биз кээде үчүнчү, айрым учурда экинчибиз, бул бизди кубантат – демек бул биздин дзен трафикти куугандардан башкача экенибизди билдирет.

Бирок андан дагы чоңду каалайбыз. Планда – бардык саналып өткөндөр боюнча эки жыл ичинде биринчи болуу, анан ютуб алтын баскычын алуу да бар. Ошол эле учурда сапатты жоготпоого умтулуу керек.

Кирил Бычков, VC.RU

Түп нускага шилтеме бул жерде.

Окшош посттор