1-февралда кыргыз тилдүү журналисттер үчүн лонгридди даярдоонун ыкмалары тууаралуу атайын онлайн вебинар уюштурулду. Аны “Спутник-Кыргызстан” МАнын журналисти Мирбек Сакенов өттү.
Лонгрид — чоң көлөмдө жасалган мультимедиялык материал. Анын ичине видео, сүрөт, карта, схема жана башка көптөгөн форматтарды кошууга мүмкүн. Ага көп маалымат камтылгандыктан аны даярдоого узак убакыт жана көп эмгек талап кылынат.