25-январда саат 17:00дө “Журналисттер” коомдук бирикмеси кыргыз тилдүү журналисттер үчүн маалыматты текшерүү негиздери боюнча вебинар уюштурат.
Вебинарда медиатренер Асель Сооронбаева маалыматты текшерүүнүн негиздери боюнча окутат. Окутуу Fact check – фактыларды текшерүү, фотофейк, аудиофейк, видеофейктерди кантип аныктаса болорун айтып берет. Окутуу кыргыз тилинде өтүп, акысыз болот. Эгер катышууну кааласаңыз бул жерден катталсаңыз болот.
Уюштуруучулар: “Журналисттер” коомдук бирикмеси.
Суроолор боюнча: 0559 56 65 69 номуруна кайрылсаңыздар болот.