Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстан медиаларынын аракет платформасынын жана жарандык коомдун КАЙРЫЛУУСУ

Кыргызстан медиаларынын аракет платформасынын жана жарандык коомдун КАЙРЫЛУУСУ

Кыргызстан медиаларынын аракет платформасынын мүчөлөрү, “Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелдиктер” тегерек столунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик кызматкерлердин, медиа тармагындагы эксперттердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” 2021-жылдын 23-августундагы №101 КР Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) иш жүзүндө кандайча иштеп жаткандыгын, КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 8-апрелинде №204-токтому менен бекиткен, Интернетте анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануу, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жана сайттын же сайттын баракчасынын иштөөсүн токтотуу Тартибин (мындан ары – Тартип) талкууладык. Жыйынтыгында төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

  1. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын төмөндө келтирилген ченемдерине карама-каршы келет:

“Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей” (24-берененин 2-бөлүгү), ЖМК үчүн бул мыйзамды колдонуу андагы маалыматтын анык эместигинин (жалгандыгынын)  чындыгына жетпей туруп, аны укуктук кесепеттерге дуушар кылат. Ошентип, арызданган адам Мыйзам тарабынан бир топ утушта болот, себеби анын даттануусунун жүйөөлөрүн далилдөө андан талап кылынбайт. Ошол эле учурда ЖМК өзүнө колдонулган чараларды (иштөөнү токтотуп коюу), жарыяланган маалыматтын аныктыгын адегенде сотко чейин, андан соң сотто талашууга аргасыз болот;

“Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес” (32-берененин 2-бөлүгү), бул жерде ЖМК айткан/жазган ой пикиринен, ага сайтынын/же сайттын баракчасынын иштөөсүн токтотуучу административдик механизмди колдонуу коркунучу алдында баш тартууга мажбурлоо мүмкүнчүлүгү, арыздануучуга берилип жатат;

“Ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт” (57-берененин 1-бөлүгү), бул жерде сайтты же сайттын баракчасынын ишин токтотуу сот актысы жок болбой туруп ишке ашырылып жатат.

– «Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат» (63-берененин 1-бөлүгү), бул жерде аталган Мыйзам арыздануучунун өзү каалагандай (конкреттүү, түшүнүктүү жана өлчөнө турган критерийи жок) даттануусу менен сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеп жатат.

  1. Мыйзам медиа жаатындагы адистердин аны кабыл алуудан кийинки терс кесепеттери жөнүндөгү пикирлерине карабай кабыл алынган, иш жүзүндө аны колдонуудагы ошондой кесепеттери далилденип жатат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун жана медиа чөйрөсүндөгү эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү мыйзам чыгаруу процессинин бардык этаптарында (талкуулоо, кабыл алуу, кол коюу) мыйзамды кабыл алуу жана анын ченемдерин ишке ашыруу аракеттери көптөгөн көйгөйлөр менен терс кесепеттерге алып келет деген жүйөлүү пикирлерин билдирип келишкен.

Ал кабыл алынганга чейин эле мамлекеттик органдардын (министрликтердин жана ведомстволордун) өкүлдөрү да бул мыйзамдын ченемдерин аткаруу/ишке ашыруу кыйын болору жөнүндө айтып келишкен.

  1. Мыйзамдын ченемдерин ишке киргизген Тартип, аны колдонуудагы терс эффектти көбөйттү, бул «Respublica» менен 24.kg сайттарынин иштерин токтотуу мисалдарынан көрүндү.

Ушул Мыйзамга жана Тартипке ылайык, арыздануучу жөнүндө тараган маалыматтардын анык же анык эместигин аныктоону чечүү укугу ага берилген. Ал тарабынан берилген даттанууда жүйөлөрдү жана тастыктоолорду жокко чыгаруу механизми Мыйзамда каралган эмес.

Мыйзамдын ченемдерине ылайык, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган, бирок үстүнөн арыз түшкөн ар кандай маалымат анык эмес (жалган) болуп калат. Мыйзамда да, Тартипте да булар таптакыр жок:

– маалыматтын аныктыгын/анык эместигин тактоочу ыйгарым укуктуу орган;

– критерийлер жана методикасы;

– маалыматты анык эмес (жалган) деп таануунун механизми жана жобосу.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен кабыл алынган Мыйзам, арыздануучунун текшерилбеген жүйөлөрү менен сот системасын алмаштырып жатат.

“Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелдиктер” тегерек столунун катышуучулары ушул проблемаларды талкуулоонун жыйынтыгы менен,

сунуш кылабыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине:

– “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобун түзүүнү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

– КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги Интернетте анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануу, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жана сайттын же сайттын баракчасынын иштөөсүн токтотуу Тартибин бекитүү жөнүндөгү №204-токтомун жокко чыгарууну.

Кол коюу:

Бул КАЙРЫЛУУГА кошулгуңуз келсе 0551 513 445 телефону аркылуу
Нурдин Дүйшөнбековго кайрылыңыз.

Окшош посттор