Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Журналисттер” КБнын жаңы жетекчиси болуп Нурдин Дуйшенбеков шайланды

Марс Тулегенов жеке арызына байланыштуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын төрагалык кызматын тапшырды. Башкармалыктын 18-майындагы жыйынында жаңы төрага болуп Нурдин Дуйшенбеков шайланды.

Марс Тулегенов “Журналисттер” коомдук бирикмесин 2018-жылдын соңунан бери жетектеп келди. Бул аралыкта өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо, журналисттердин, басма сөз кызматтарынын адистеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, аймактык медиаларга колдоо көрсөтүү боюнча көп иштерди жасаганга жетишти.

Айта кетсек, COVID-19 вирусуна байланыштуу пандемия учурунда “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү менен 2 ирет журналтисттерге жана ЖМКларга, биринчи кезекте аймактык медиалардын өкүлдөрүнө, коргонуу каражаттары боюнча жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле эки ирет жалпы жонунунан ПРЕССА деген жазуусу бар 350дөн ашык жилет тиктирилип журналисттерге таратылды.

2019-жылы Ош жана 2021-жылы Нарын шаарларында өткөн “Ийгиликке КАДАМ” медиафорумдары өлкөнүн медиаларынын жашоосундагы чоң окуялардан болду. Аталган форумдардын өзгөчөлүгү – алар башынан аягына чейин толугу менен мамлекеттик тилде өткөнү жана республикалык деңгээлдеги масштабдуу иш-чаралардын аймактарда өткөндүгү болду.

“Журналисттер” КБ Марс Тулегеновго жасаган иштери үчүн чоң ыраазычылык билдирип, ден соолугу бекем болуп, кайсы иште гана болбосун чоң ийгиликтерге жетишип туруусун каалайт!

Башкармалыктын жаңы төрагасы Нурдин Дуйшенбеков аналитик журналист, сөз эркиндигин, журналисттердин таламын коргогон активист катары белгилүү.

Анын “Тарых” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча эки жогорку билими бар.

Жогорку окуу жайларда окутуучу, Жогорку Кеӊештин аппаратынын кызматкери, Соода өнөр-жай палатасынан алдындагы Эл аралык арбитраждык сотунун пресс-катчысы болуп иштегени жетишкен.

Он алты жылдан бери журналистикага аралашып, «Общественный рейтинг» гезитинде жана бир катар сайттарда 400дөн ашык макалалары жарыяланган.

«Медиа Кыргызстана» Кыймыл платформасынын Координациялык кеӊешинин мүчөсү.

Окшош посттор