Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналист бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт

Журналист бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт

Politmer.kg жана factcheck.kg сайттарынын журналистти Наргиза Нанакеева МУККнын (Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматынын) кызматкеримин деп өзүн тааныштырган бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 28-майында журналист Фейсбуктагы өз баракчасына редакциянын дарегине келип түшкөн коркутуулар тууралуу түшүндүрмө жазган.

Журналист Наргиза Нанакеева “Журналисттер” коомдук бирикмесине төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Акыркы күндөрү биз журналисттик иликтөөлөрдү жасап келе жатабыз. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин декларацияларында көрсөтүлбөгөн кирешелерине көп көңүл бурабыз. Биз мамлекеттик кызматкерлерге бизнес менен шугулданууга тыюу салган кызыкчылыктардын карама-каршы келиши жана мамлекеттик жарандык кызматтар жана муниципиалдык кызматтар тууралуу мыйзамдарга таянуу менен иш алып барабыз. Биз мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин чыныгы байлыгын көрсөтүүгө аракеттенебиз. Алгачкы макалаларыбыз акимдердин кылган бизнестери жөнүндө болгон. Андан соң Аскарбек Шадиев тууралуу дагы материалды даярдаганбыз. Алар боюнча бизге эч ким кайрылган эмес.  Андан кийин Раим Матраимов жөнүндө иликтөөбүздүн биринчи бөлүгү жарык көрдү”.

Ошол эле күнү Н.Нанакеева Фейсбукка дагы бир пост жазган. Анда болгон окуяны Матраимовдордун үй бүлөсү тууралуу материал менен байланыштыруу туура эмес болуп калаарын билдирген. “МУККнын өкүлдөрү мага апрель айынын аягында “келе” башташкан, ал эми Матраимов жөнүндө макала биздин factcheck.kg сайтыбызга кечээ күнү 2019-жылдын 27-майында гана жарыяланган”, – дейт журналист.

Н.Нанакееванын сөзү боюнча, ал башында өзүн МУКК кызматкеримин деп тааныштырган адамдын келишине көп маани берген эмес. Ага энеси чалгандан кийин тынчсыздана баштаган. “Ошол окуядан кийин мага энем чалып, тынчсызданганын билдирген. Мен бул адамдар чынында эле МУККтун кызматкерлери деп толук ишенимдүү айта албайм. Биздин иликтөөлөрдү жактырбагандардан, атайын кызматтын атын жамынгандардан болуп калышы ыктымал. Муну түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейм”, – дейт ал.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси бул окуя тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен  улуттук коопсуздук кызматына расмий кат жолдоду.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек боюнча өкүлү

Окшош посттор