Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызча «Википедия» толтуруу боюнча Бишкекте өтүүчү окууга чакырабыз

«Эне Тил» долбоорун биргеликте өнүктүрүүнүн алкагында «Жаштар демилгелерин өнүктүрүү коомдук фонду», «Айсок Кыргыз интернет бирикмеси» менен өнөктөштүктө кыргызча «википедияга» тексттерди киргизүү боюнча бишкекте биринчи тренингин уюштурууда.

Тренинг 2012-жылдын 27-июнь күнү саат 11:00дө төмөнкү даректе өтөт: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 96-4 «Жаштар демилгелерин өнүктүрүү коомдук фондунун» кеңсеси.

Катышууга кыргыз тилин билген жарандар чакырылып, алардын жалпы саны ондон ашпайт.

Тренингдин алкагында, «Википедияда» кыргыз тилине макалаларды которуу жана «Википедияга» кыргызча өз макалаларын киргизүү жолдору көрсөтүлөт. Аймактарга жетүүгө чейин, катышуучуларга бир канча маалымат булактарына таянып өз колу менен кыргыз тилинде жазылган макалаларын даярдоо сунуш кылынат.

«ISOC» машыктыруучулары, «Google translate» кызматы үчүн тил базасын кеңейтүү максатында кыргызча сөздөрдү англис тилине киргизүү жолдорун айтып беришет.

Катышуу талаптары:  – ноутбук алып келүү зарыл

Бардык кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерлерге +996 312 624 259, +996 550 300 104, же ilya@kloop.kg электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.

Окшош посттор