Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында чет элдиктердин катышуусуна чек коюлду. Бул мыйзамга мамлекет башчы Владимир Путин кол койду.
Бул тууралуу укуктук маалымат сайтында жарыяланган. Чектөө иштери 2016-жылы 1-январда киргизилет. ЖМКнын кожоюндарына 2017-жылдын 1-февралына чейин бардык корпорациянын ичиндеги системалар мыйзам чегинде иштөө үчүн уруксат берди. Ал эми жаңы документ менен кожоюндар жана түзүүчүлөр 2017-жылдын 15-февралына чейин тиешелүү министрликке өткөрүлүп берилиш керек.
Эскерте кетсек, 26-сентябрда Мамлекеттик Думада «Массалык маалымат каражаттары» тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү кабыл алынган.