Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Апрель” телеканалына эфирге чыгууга тыюу салды

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Апрель” телеканалына эфирге чыгууга тыюу салды

Аскер прокуратурасы “Санарип технологиялар” ЖЧК негиздөөчүлөрү катышкан жыйындын “Апрель” телеканалына обого чыгууга уруксат берген токтомун жокко чыгаруу тууралуу доо арызы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылып, соттук ишти утуп алды. Бул тууралуу “Журналисттер” КБга ЖЧК өкүлдөрү билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Аскер прокуратурасы “Санарип технологиялар” ЖЧКсына “Апрель” телеканалын обого чыгарууга тыюу салган. Бул тууралуу коомдук бирикмеге “Апрель” телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложников маалымдаган.

Анын айтымында, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын жетекчиси Кубат Оторбаевге тиешелүү кат 2019-жылдын 26-ноябрында келип түшкөн. Так ушул маалда телеканал кайрадан обого чыгууга камынып жатышкан.

Аскер прокуратурасы өзүнүн билдирүүсүндө, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Санарип технологиялар” ЖЧКдагы “Апрель-ТВ” ЖЧКнын үлүшү камакка алынганын эскерткен.

Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун билдирүүсү боюнча, мүлктүк үлүшү камакта болгондуктан “Апрель” ТКнын жетекчиси Дмитрий Ложниковдун “Санарип технологиялар ЖЧКсынан кайсы бир кадамдарды талап кылууга, анын ичинде “Апрель” телеканалын обого чыгарганга суранууга, эч кандай укугу да мүмкүнчүлүгү да жок”.

Ошону менен бирге Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү өз сөзүндө, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн “Апрель” телеканалын обого чыгаруу тууралуу өткөргөн жыйынынын өзү да мыйзамсыз экенин баса белгилеген. Эскерте кетсек, 2019-жылдын 21-ноябрында негиздөөчүлөрдүн катышуусунда өткөн жыйында добуш берүү жолу менен “Апрель” жана “7-канал” телеканалдарына обого чыгууга уруксат берүү чечими кабыл алынган. Бирок Аскер прокуратурасы бул кадамы үчүн “Санарип технологиялар” ЖЧКнын ишмердүүлүгүн токтотуп коюшу мүмкүн экенин билдирген. Аталган ЖЧКнын курамында бүгүнкү күнү 21 телеканал бар.

“Санарип технологиялар” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн ушул маселе боюнча жалпы жыйынын өткөрүшүнүн өзү мыйзамсыз жана соттун чечимин ишке ашырууга каршылык кылуу болот. “Санарип технологиялар” ЖЧКнын жалпы жыйынында кабыл алынган №5 протоколу мыйзамсыз болгондуктан, ал боюнча Аскер прокуратурасы сот органдарына кайрылганын белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулуп жаткандыктан, мисалы, соттук актылар аткарылбагандыктан, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн токтотулушу сотто каралат”, – деп жазган тергөөчү К. Биримкулов.

Белгилей кетсек, бул “Апрель” телеканалынын обого чыгууга болгон экинчи аракети болуп саналат. Буга чейин алар 2019-жылдын 10-октябрында эфирге чыгууну болжошкон, бирок “Санарип технологиялар” ЖЧК бөгөт койгон. Кийинчирээк ал чечим талкууга алынып, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ал чечим жокко чыгарылган.

Учурда “Апрель” телеканалы керектүү бардык жабдуулары башкы кеңсеси менен бирге Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынгандыгына карабастан, өз ишмердүүлүгүн интернет айдыңында улантып келет. “Апрель” телеканалынын башкы жетекчиси Дмитрий Ложниковдун билдирүүсүндө, кыйынчылыктарга карабастан жамаат иштеп жатат.

Биз обого чыгуу үчүн болгон күчүбүздү жумшамакчыбыз. Бул боюнча биз укук коргоо, эл аралык уюмдарга, жарандык коомго, керек болсо КР ЖК депутаттарына чейин кайрылабыз. Аскер прокуратурасынын чечимин жокко чыгарууга болгон күчүбүздү жумашамакчыбыз”, – деди ал.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор