Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ошто “Азаттык” радиосунун операторуна кол салуу болуп, каракталды

Ошто “Азаттык” радиосунун операторуна кол салуу болуп, каракталды

28-сентябрда Ош шаарында белгисиз 4 адам “Азаттык” радиосунун оператору Айбек Кулчумановдун видеоаппараттарын, телефонун жана автоунаасынын ачкычын күч колдонуп тартып алган. Айбек Кулчуманов журналисттик иликтөө материалы үчүн Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу шаарды тартып жүргөн.

А. Кулчуманов кесиптик милдетин аткарып жаткан учурда ага кол салуу жана карактоо болгону жөнүндө милицияга арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесинин 4-бөлүгү – «Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү тоноочулук» деген негизде кылмыш ишин козгоду. «Азаттык» сайтындагы жарыяланган маалымат боюнча, каракталган жабдыктардын жалпы суммасы 1 580 100 (бир миллион беш жүз сексен миң бир жүз) сомду түзөт. Алар: видеокамера, штатив, телефон жана дрон учуруучу пульт, Кулчумановдун автоунаасынын ачкычы жана документтери.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ушул эле күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну Н.Ж. да арыз менен кайрылган. Ал арызында өзү жашаган үйдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеотасмага тартып, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип жатканын айтып, жеке менчик ээсинин макулдугусуз видеого тарткандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган. О.э. арыз ээсинин жакындары тарабынан тартылып алынган видеоаппаратура акт түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ош милициясына кечки саат 20:24тө дагы бир арыз түшкөн. Ошол эле Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн тургуну А. уулу О. короодо турган учурда учуп жүрүүчү дрон башына кулап түшкөнүн, анын натыйжасында денесине залал келгенин, дронду түшүрүп жиберген жарандарга чара көрүүнү суранган.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы катталган арыздар боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери – иликтөө, териштирүү башталды», – деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

Айбек Кулчуманов видеого тартып жаткан кезде белгисиз адам артынан сокку уруп, колун артка кайрып, видеоаппараттарын күч менен тартып алышкан. Учурда ал ден-соолугун дарыгерлерге текшертип жатат.

«Бел омурткаларым жана бөйрөк тушум ооруксунтуп турат. Дарыгерлер рентгенге түшүп келүүмү айтышты. Азыр текшертүүдө жүрөм. Абалым кечээкиден дурусураак болуп калды»,- деди Айбек Кулчуманов.

Ал эми башына дрон түшүп, жабыркаган жарандын абалын билүүгө азырынча мүмкүн болбоду.

Сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областындагы өкүлү

Окшош посттор