Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер арасында бильярд боюнча республикалык мелдешке тандоо туру башталды

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери арасында бильярд боюнча республикалык турнир бүгүн Бишкекте башталды.  Бул тууралуу мелдештин уюштуруучуларынын бири Рахат Сулайманов “Биринчи радиого” билдирген.  Анын айтымында мелдеш Каржы министрлиги, Бильярд спорт федерациясы жана KGStan медиа борбору тарабынан уюшулуп, жыл аягына чейин өткөрүлөт. Жалпысынан оюндарга жалпыга маалымдоо каражаттарынын 100дөн ашуун кызматкерлери катышып, олимпиадалык тартипте ар бир оюнчу бир бири менен жыл аягына чейин мелдешүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Финалдык таймаш ушул жылдын декабрь айынын аягында өтөт. Турнирдин байге фонду тууралуу мааылымат азырынча ачыкка чыга элек.

 Мелдешке чакырып уюштуруучулар ар бир бир ЖМКга чалып чыгышкан. Алардын айтымында, журналисттердин   спорттун бул түрүнө да кызыгаарын байкоого болот.

«Журналисттердин бильярдга болгон кызыгуусун турнирге келген санынан эле байкоого болот. Бүгүн ар кыл 24 ЖМКдан 54 журналист катышты. Азырынча тандоо жүрүп жатат. Жыйынтыгында, 64 журналистти тандап, анан мелдеш башталат»,-деди Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.

Оюндар Бишкек шаарындагы  Манас проспектиси жана Түштүк магистралдын кесилишиндеги бильярд боюнча дүйнө  чемпиондугунда коло байгени алган Канат Сыдыков машыккан “Tavo” бильярд клубунда өтүүдө.

Келерки оюн жекшемби күнү саат 11:00дө ушул эле “Tavo” бильярд клубунда  болот. Эгерде кызыккан тараптар  болсо,  0 770 00 70 71 телефондоруна чалып жазылса болот.

Окшош посттор