Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер тарабынан “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимге” кол коюлду

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер тарабынан “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимге” кол коюлду

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенттигине 14 талапкер жана талапкерлердин өкүлдөрү өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү үчүн жарандык укуктарды жана эркиндиктерди, сөз эркиндигин жана пикирлердин плюрализмин коргоонун жана жайылтуунун негизги ролун белгилөө үчүн медиа сектордун, жарандык коомдун жана кесиптик жамааттардын коалициясынын өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Коалициянын өкүлдөрү жарандык укуктар менен эркиндиктерди илгерилетүү принциптерин камтыган “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимди” сунушташып, келечектеги президенттерди ушул принциптерди жайылтууга жана колдоого чакырышты.

Макулдашууну 30дан ашуун ЖМКнын, жарандык коомдун, кесиптик жамааттардын жана коомдук уюмдардын өкулдөрүнөн турган коалициянын өкүлдөрү даярдашты. 11 талапкер залда “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимге” кол коюп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого милдеттеништи. Дагы үч талапкер аймактардан кайтып келгенден кийин кол коюуга даяр экендигин билдиришти.

“Бийликтегилердин манипуляция кылуунун эң жогорку формасы – бул элдин талабына жана салттарга шылтоолоп эркиндикти чектөө боюнча өзүнүн же башка адамдардын аракеттерин актоо болуп саналат. Адам укуктарынын концепциясы эки негизги баалуулукка негизделген: адамдын кадыр-баркы жана теңдик. Демек, башкаруучулардын ушул эки баалуулукту урматтап, карманышы маанилүү. Мен талапкерлерди президент болуп шайланса да, шайланбаса да адам укуктарынын жана эркиндиктеринин чыныгы коргоочулары болууга чакырам ”, – деди “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын эксперти жана жарандык активисти Динара Ошурахунова.

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Президенттикке талапкерлерге кайрылып, Конституция президентке бийлик бербейт деди:

Конституция, социалдык келишим катары, тескерисинче, президенттин бийлигин чектеп, ага чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз сиздерди Конституцияны урматтоого чакырабыз, – деп кайрылды.

Эркин журналист Анна Тимофеенко төмөнкүлөргө токтолду:

“Ким гана президент болбосун, ал жарандардын сөз эркиндигине жана сөз эркиндигине болгон укугун камсыз кылышы керек. Биз альтернативдүү көз карашты ачык айта алышыбыз керек, анткени конструктивдүү сынбул, биринчи кезекте, президенттин жардамчысы. Социалдык тармактардагы куугунтуктоо, жасалма маалыматтарды жана аккаунттарды колдонуу, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алуу, жарандык коомдун жана медиа сектордун өкүлдөрүн куугунтуктоо жана коркутуу жол берилбеш керек”.

“Баштан Башта” жарандык кыймылынын лидери Улан Үсөйүн өлкөдөн көптөгөн жаштар кетип жаткандыгын айтты:

“Кыргызстанда жашап, өссө болот. Бирок өз амбициясын өз элинин жыргалчылыгынан жогору койгон адамдар өлкөнү башкарып жаткандыгынан улам, чемоданын даярдап өлкөдөн чыгып кетем деген жаштар аябай көп. Президент, биринчи кезекте, элдин өкүлү жана кызматчысы”.

Келишимге кол коюу КР Президенттигине талапкердин чечим кабыл алуу процессинин жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын; укук үстөмдүгү, мыйзамдуулук жана укуктук тартип принциптеринин сакталышын; адам укуктары жана негизги эркиндиктери, анын ичинде сөз эркиндиги корголушун жана илгерилешин; сөз эркиндигинин жарандардын негизги укугу жана медиа ишмердиктин, анын ичинде Интернеттеги медиа ишмердигинин негизги шарты катары сакталышын колдоп, илгерилете тургандыгын күбөлөйт.

Окшош посттор