Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Журналисттер” КБ аймактык журналисттер менен жолугушууларды өткөрүүдө

“Журналисттер” КБ аймактык журналисттер менен жолугушууларды өткөрүүдө

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Тулегенов жана бул коомдук бирикме учурда ишке ашырып жаткан “ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг” долбоорунун координатору Марат Токоев аймактык журналисттер менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

19-декабрда Нарын шаарынын, ал эми 20-декабрда Каракол шаарынын журналисттери менен жолугушуу өтөт. Жаңы жылдан кийин Баткен, Ош, Жалал-Абад шаарларынын журналисттери менен жолугушмакчы.

Белгилей кетсек, 3-декабрда Талас шаарынын журналисттери менен жолугушуу өткөн.

Бул жолугушуулар учурунда ЖМКлардын жана журналисттердин укуктарынын бузулушу маселеси тууралуу сөз болмокчу. “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 8 айдан бери ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, журналисттердин маалыматка жетүү маселеси дагы эле эң курч бойдон калууда. Бул өзгөчө аймактарга мүнөздүү. Учурдагы мыйзамчылыкта маалыматты бербегендиги үчүн мамлекеттеги кызматтагы адамдарга карата кайсы бир жаза каралган эместиги абалдын оңолушуна өбөлгө түзбөйт.

Ошондой эле мамлекеттик жана саясий кызматкерлердин журналисттерди, ЖМКларды сотко берүүсү күч бойдон. Аны менен катар доо арыздардын суммасы да жылдан жылга өсүп баратат. Азыр алардын өлчөмү 1 млн. сомдон кем эмес. Соттор көп учурда ушул сумманы канааттандырууда. Азайтылган күндө да чегерилген сумма ЖМКлар үчүн өтө чоң. Мындай сумманы коюунун максаты – ЖМКны коркутуу же ЖМКнын жабылышы экендиги ачык айкын эле байкалып турат.

Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, аймактык журналисттер өз укуктарын коргоого келгенде өтө пассивдүү болушат. Жолугушуу учурунда журналисттерге өз укуктарын коргогонго чакырык айтылат. «Эгер журналисттер өз укуктарын коргогонго аракет кылышпаса сөз эркиндиги тууралуу сөз кылыш оор болуп калат», – деп эсептешет “Журналисттер” КБнын өкүлдөрү.

Окшош посттор