Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азаттык” 5 млн сомдук доо арыз менен сотко кайрылган режиссер Ырыс Окенова менен соттошууга даяр

“Азаттык” 5 млн сомдук доо арыз менен сотко кайрылган режиссер Ырыс Окенова менен соттошууга даяр

“Ак-Шоола” телесериалынын режиссеру жана коюучусу Ырыс Окенова Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна “Азаттык” радиосуна карата доо арызын тапшырып, радиодон келтирилген материалдык жана моралдык чыгым үчүн 5 млн. сом талап кылууда.

Эскерте кетсек, Ырыс Окенова компенсациядан сырткары “Азаттыктан” “Ак-Шоола” телесериалын тартууга 250 миң АКШ доллары корогон деген маалыматты төгүндөөнү жана андан кечирим кечирим суроону талап кылган.

Телесериалдын бюджети тууралу такталбаган маалыматтын таркашынан улам, рекламалык компания убада кылган акчаларды төлөп берген жок. Мага кысым көрсөтүлүп, учурда мен ишсиз калдым, корогон чыгымдарды айтпай эле коёюн. Радионун кабарчылары ала качуу эпизодун каралоо менен бирге, алар өздөрүнүн материалында “Ак-Шоола” телесериалында эмгектенишкен актёрлордун дагы кадыр-барк, аброюна шек келтиришти. Бул телесериалды Казакстан менен Өзбекстандын телеканалдарына сатууну ойлонуштуруп жатканбыз. Ушул окуядан кийин алар биз менен келишим түзүүдөн баш тартышты”, – деп кабарлады Ырыс Окенова.

“Ак-Шоола” телесериалынын коюуучусу “Журналисттер” КБга билдиргендей, Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасына сериалга карата сын пикирин камтыган расмий кат жолдогон. Кийин ал кагазды Жогорку Кеңештен КТРКнын байкочу кеңешине жөнөтүшүп, анан ал жерде дагы териштирүүлөр болгон.

Ы.Окенованын айтымында, “Азаттык” тууралуу ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигине дагы кайрылган. Ал жердеги адистердин чечимин кийинчирээк сотко тапшыраарын айтты.

Буга чейин белгилегендей, режиссер ЖМК үстүнөн даттанууларды териштирген комиссияга кайрылам деп кабарлаган. Бирок, азыркыга чейин кайрылган эмес. “Мен азыр ишсиз отурам. Убакытымдын бардыгын сотко даярдык көрүү менен өтүп жатат. Балким, кийин кайрылышым мүмкүн”,- деди ал.

“Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева “Журналисттер” КБга берген интервьюсунда сотко чакыруу келе электигин, эгерде келсе сотко барууга даяр экендиктерин билдирди. “Сотко кайрылуу анын укугу, биздин юристтер ал кагаздарды дыкат иликтеп чыгышат”, – деп билдирди радионун жетекчиси.

А.Касмалиева мындан сырткары өз сөзүндө, “Азаттык” радиосу буга чейин эле, режиссер Ырыс Океновадан интервью алууга даяр экендиктерин билдиргенин баса белгиледи. Бирок Ы.Окенова ал тууралуу аларга кайрылган эмес.

А.Касмалиеванын айтымында, ушул убакытка чейин сериалдын каржылоосу боюнча так маалымат жок. КТРКнын администрациясы журналисттерге долбоорго сарпталган каражаттар тууралу так маалымат берген эмес.

“Азаттыктын” жетекчиси билдиргендей, 250 миң АКШ доллары тууралу маалыматты башка активисттер жар салышкан жана материалды даярдаган кабарчы бул санды ишенимдүү маалымат катары берген эмес. Ушул чырга байланыштуу материалдагы бюджет тууралу маалымат андан алып салынган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор