Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ошто Журналисттер тилектештигинин эл аралык күнүн белгилешти

Ошто Журналисттер тилектештигинин эл аралык күнүн белгилешти

Ош шаарындагы «Журналисттердин аллеясында» Журналисттер тилектештигинин Эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу “Ош пресс-клуб” сайты билдирет.

“Журналисттер аллеясына” чогулган журналисттер ѳз кесибиндеги кыйынчылыктар жѳнүндѳ айтышып, журналисттердин биримдигин, ынтымагын чыңдоо боюнча ойлорун билдиришти.

Жыйында журналисттердин тилектештигин бекемдөөгө «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүндѳ жаңы иш баштаган Ош пресс-клубу өз салымын кошо алары айтылды. Бул жерде журналисттерге тренингдер уюштурулуп, юридикалык кеп-кеңештер бекер бериип турмакчы. Ошондой эле журналисттер бул жерде өзүлөрүнүн бейформал жолугушууларын өткөрүп тура алышат.

Окшош посттор