Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

​ПолитКлиника: “Урматтуу комендатура, журналисттердин маалымат алуу укугу чектелбесин!”

​ПолитКлиника: “Урматтуу комендатура, журналисттердин маалымат алуу укугу чектелбесин!”

Коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылышына
жол берб
өө республикалык штабына

КР Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге

Бишкек шаарынын комендатурасынын 2020-жылдын 30-мартындагы “Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абалды камсыздоо боюнча кошумча чаралар тууралуу” №15 буйругу менен Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал учурунда, айрым ишмердикти кошпогондо, шаар ичинде кишилердин жана жеке унаа каражаттарынын жүрүшүнө тыюу салынган.

Өзгөчө абал шартында мыйзам боюнча ЖМК ишмердигин чектөө же тыюу салуу каралбаса дагы, ЖМК ишмердиги “айрым ишмердик” тизмесине киргизилген эмес.

Телеканалдарда, радиолордо, онлайн медиаларда жок эле дегенде техникалык кызматкерлер, ошондой эле монтаж адисинин, үн боюнча адистер, аны менен катар эле банкка барып ишкананын каржы маселесине баланыштуу иштерди чечкен бухгалтерлер ары-бери жүрүшүн камсыздаш керек. Комендатура бул маселени укпай жатат.

Брифингдерде жана телеграмм-каналдагы берилген көпчүлүк материалдар “кереги тийбегендигинен” “корзинага” кетип жатканын дагы бир жолу белгилей кетели.

Аркы тарап байланышка чыкпай жатат, бийлик өкүлдөрү берилген суроолорго чала-чарпыт жооп берип, же такыр эле жоопсуз калтырууда.

Көп суроолордун жообу кеч келгендиктен, актуалдуулугу жоголуп, кереги жок болуп калууда.

Өзгөчө абал шартында бийликтин коммуникациялык саясатына сын көп болуп, калкыбыз мамлекеттик эмес медиалар чагылдырган объективдүү жана толук маалыматты ала албай калып жатат.

Мамлекеттик ЖМК республиканын бардык аймагына чектөөсүз ары-бери каттап, өлкөдөгү окуяларды толук чагылдырууга мүмкүнчүлүгү болуп турса да, бийликке курч жана учурдагы негизги суроолорду бербей жатат. Ошондуктан эл маалымат алууда чектелип калууда.

2020-жылдын 30-мартынан бери Кыргызстандын медиакоомчулугу Бишкек шаарынын комендантынын КР “Өзгөчө абал” тууралуу мыйзамы талап кылгандай, өзгөчө абал киргизилген аймактарда журналисттерди аккредитациялоонун өзгөчө тартибин киргизүүнү талап кылууда. Журналисттерди аккредитациялоодон баш тартуу Конституциялык мыйзамда каралган эмес. Бул тууралуу КР Конституциясынын 20-беренесинде “киргизилген чектөөлөр белгиленген максатка жараша болушу керек” экендиги айтылат. КР Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин чектеген нормативдик-укуктук мыйзам актыларын кабыл алууга тыюу салат.

Салыштырып айтсак, Кыргызстандан айырмаланып, Казакстанда ЖМК өкүлдөрүнүн жана журналисттердин маалыматка ээ болуу укуктары чектелген эмес.

Казакcтандын “Өзгөчө кырдаалдар” мыйзамында ошол жергиликтүү комендант тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймакта журналисттерди аккредитациялоо (3-берене, 9-пункт, 2-бөлүк) боюнча ушундай эле норма киргизилген. Бирок Казакстан ЖМКсы убактылуу жабылууга тиешелүү болбогон тармактар жана ишмердиктер тизмесине кирип, өз ишмердигин жүргүзүүгө уруксат берилген. Кызматтык күбөлүгүнүн түп нускасы болсо жана баш редактор кол койгон редакциялык тапшырмасы болсо, ары-бери жүрүү укугуна ээ.

Түзүлгөн кырдаалдан чыгыш үчүн медиа коомчулук казакстандык тажрыйбаны алып, ЖМК өкүлдөрүнө кызматтык күбөлүгүнүн түп нускасы жана баш редактор кол койгон редакциялык тапшырмасы болсо, ЖМКны убактылуу жабылууга жатпаган тармактар жана ишмердик түрлөрүнө киргизүүнү сунуш кылат.

ХХI кылымда ар бир жарандын телефону жана интернети бар, ар бир жаран маалыматты, анын ичинде текшерилбеген жана туура эмес маалыматты жайылтуучу болуп саналат.

Ошондуктан ушак-айың жана фейк маалыматтардын таралышынын алдын-алыш үчүн комендатура ЖМКга маалыматка ээ болууга мүмкүнчүлүк бериши керек.

Мындай аракеттер ишенбөөчүлүк ваакумунан арылтып, жергиликтүү коменданттын жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо ишин күчтөндүрөт жана коронавирус ( Covid19) инфекциясынын жайылышын алдын алууга жардам берет.

КР Конституциясына жана КР “Жарандардын кайрылуусун кароо тууралуу” мыйзамына ылайык, ар бир жаран өзү же өкүлү аркылуу мамлекеттик бийликтеги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы органдарга жанаандагы жетекчилерге кайрылууга укуктуу жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана негиздүү жооп алууга (3, 8-берене) укуктуу.

Бишкек шаарынын Комендатурасынын жана коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө республикалык штабынын электрондук почтасынын расмий дареги жок болгондуктан жана ары-бери жүрүүгө тыюу салынгандыктан, түз кайрыла албай, бул кайрылууну сайтыбызга жарыялоого туура келди жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй, сиздерди буга жооп берет деп ишенебиз.

Урматтоо менен, ПолитКлиника медиасы

Окшош посттор