2021-жылдын апрелинде 10 маалымат катталган. 7 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 1 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, ал эми 2 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.
I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
06.04.2021
«5-каналдын» жамаатынын бир бөлүгү жаңы директордун үстүнөн даттанды. Бүгүн чыр-чатак чечилди
Журналисттер жаңы жетекчи Рахат Сулаймановду кызматтан алууну талап кылышууда. Кызматкерлердин кайрылуусу мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Мирлан Бакировго жана маданият министри Кайрат Иманалиевге жиберилген.
Жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери Шайырбек Эркин уулунун сөзү боюнча, кайрылууга кол койгон кызматкерлерге басым жасалган.
Эске салсак, Рахмат Сулайманов каналга директор катары ушул жылдын 12-январында дайындалган. Ал буга чейин УКМКнын басма сөз катчысы болуп иштеген.
Кайрылууда кызматкерлер Р.Сулаймановду психологиялык басым жасоого, эмгек акыны себепсиз кыскартууга жана жамаатты бөлүп-жарууга айыпташкан.
Каналдын кызматкерлеринин айтымында, жаңы директор оптимизациялоо долбоорун эмгек жамааты менен макулдашпай бекиткен. Андан улам көпчүлүк кызматкерлер айлыкты колго алгандан кийин олуттуу кыскарганын билишкен.
Кайрылууга ылайык, Р.Сулайманов эмгек акыны эки жолу кыскартканы айтылат. Айрым кызматкерлер айлыкты 30-40 пайызга аз ала башташкан. Ошондон улам 7-8 кызматкер каналдан бошоп кетүүгө аргасыз болгон.
Ошондой эле, кайрылууда Сулайманов эч зарылдыгы жок эле «аткаруучу директор», «жооптуу редактор» сыяктуу жаңы кызмат орундарын ачканы жана ал жакка «өз кишилерин» алып келгени жазылган.
«Бешинчи канал» телерадиокомпаниясынын башкы директору Рахат Сулаймановдун айтымында, чыр-чатак чечилди, маселелер жөнгө салынды. Бүгүн чыгармачыл жамаат штаттык режимде иштеп жатат.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнин Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү
08.04.2021
Журналист Эрулан Көкүлөв Нарын ШИИБ имаратында суралды
ШИИБнүн кызматкерлери журналистти суракка алып жатканда, имарат алдына аны колдоо үчүн келген 100 чакты киши чогулган.
«Маалыматты жайылтпоо жөнүндө документке кол койдум. Баары жакшы өттү. Милиция имаратынын жанынан өзүмдүн тарапташтарымды көрдүм. Сүйлөштүм. Алар тарап кетишти. Бул жакка экинчи чакырбайт окшойт. Биз Бишкекке жөнөдүк», – деп Э.Көкүлов Нарын ШИИБ имаратынан чыгып жатып түшүндүрдү.
Журналисттин айтымында, ага каршы кампасынан мөөнөтү өткөн товарлар аныкталган «Топ Ночь» компаниясы арыз жазган. Ал өзүнүн долбоорунун алкагында Нарынга 23-мартта келген.
«Кампада жарамдуулук мөөнөтү 2019 жана 2020-жылдары бүткөн товар болгон. Материал YouTube сайтына жарыяланган», – деп кошумчалады Эрулан Көкүлов
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү
21.04.2021
Журналист Канат Каниметовдун туугандарына милиция кызматкерлери барды
Бул эки жума мурда болуп өткөн, бирок туугандары Каниметовго жакында гана айтышкан, анткени алар тыңшоолордон чочулашкан.
«Алар өздөрүнүн келген себебин менин суракка чакырууну тоготпой жатканым менен түшүндүрүшкөн жана жогортон менин жүргөн жеримди аныктоо буйругу келип түшкөнүн айтышкан. Эмне деген сандырактык! Өзүңөр билгендей, мени УКМК сурагына бир гана жолу чакырышты жана мен эч көйгөйү жок баргам. Анын үстүнө, бул 11-мартта болгон, алар болсо Балыкчыдагы үйүмө эки жума мурда келишиптир», – деп жазды Канат Каниметов.
К.Каниметов кошумчалагандай, тууганын милиция кызматкерлеринин бири үйгө тинтүү жүргүзөм деп коркуткан, бирок бир аздан кийин журналистти ал жакта жашабайт деген документке кол коюп берүүнү суранган. Ал аял кол коюудан баш тартканда андан күч кызматкерлери кийинки күнү РИИБге келишин жана түшүнүк жазып беришин талап кылган.
Ысык-Көл ОИИБ К.Каниметовго байланыштуу тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүп жаткандыктан журналисттерге бул кырдаал боюнча комментарий бере албастыгын билдирди. Азырынча УКМК бул кырдаал боюнча үн ката элек.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү
21.04.2021
Журналист Болот Темиров ИИМдин жанындагы митингди кууп таратууну иликтөөдөн кийинки кысым жөнүндө билдирди
«Мирлан Стамов аттуу «Мекенчил» партиясынын координатору бизге: мен барам… өзүңөр эле өчүрүп койгула… деп коркутууда…», – деп журналист өзүнүн Фейсбуктагы аккаунтунда жазды.
Буга чейин журналист өзүнүн Фейсбук менен Инстаграмдагы аккаунттарын бузуп кирүүгө аракеттер болуп жатканын айткан. Анын сөзү боюнча, алар ИИМге байланышы бар адамдар болушу мүмкүн.
Эске салсак, Болот Темиров Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылган активисттердин митингин кууп таратууну иликтеген материалдарды жарыялаган.
Журналисттин пикири боюнча, өздөрүн агрессивдүү алып жүргөн чагымчылар, жарандык кийимчен милиция кызматкерлери тарабынан башкарылып турган. «Темиров Лайф» ютуб-каналынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүн аныктай алышкан.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү
22.04.2021
Ютубер Адыл Акжол уулу милицияга күбө катары көрсөтмө берди
Оштук ютубер Адыл Акжол уулу өзүнүн Ютуб-каналына жарыялаган видео боюнча 20-апрелде Ош шаардык милициясына күбө катары көрсөтмө берди.
«17-апрелде Ош шаарынын жарандары тарабынан мага видео кайрылуу келип түштү. Ажатканадан шайлоо бюллетендерин таап алган адам аны эл көрсүн, тийиштүү кызматтар карасын деген таризде мага жиберген экен. Мен «Элден келген видео» деп, өзүмдүн каналыма жарыялагам. Эки күндөн кийин милициядан, 10-бөлүмдөн чалышты. Кечээ күнү да телефон чалып, «ошол видео боюнча срочно түшүнүк кат жазып бербесең болбойт» дешти. Мага чакыруу баракчасын деле беришпеди. Түшүнүк кат жазып бердим. Видеону кайдан алдың, өзүң бардыңбы, ким берди, аты-жөнү, номерин айт дешти. Мен купуялуулукту сактайм», – деди Адыл Акжол уулу.
Ош шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков ютубер Адыл Акжол уулунун күбө катары көрсөтмө бергенин ырастады. Учурда шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Адыл Акжол уулу буга чейин да ютуб-каналында жарыялаган материал үчүн күч органдарына күбө катары көрсөтмө берген. Ютубердин каналынын жарым миллиондон ашуун көрөрманы бар.
11-апрель күнү Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн жана Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлган. Бир катар шайлоо участокторунда шайлоо тартиптери бузулганы маалымдалган.
Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Оштогу өкүлү
23.04.2021
КТРКны уулуу затты жарнамалоо үчүн жоопкерчиликке тартууну сурашууда
«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фондунун юристтери КТРКнын «Ала-Тоо» телеканалынын жаңылыктар редакциясын уу коргошундун тамырынын негизиндеги (аконит) уулуу затты жарнама кылганы үчүн жоопкерчиликке тартууну сурап жатат.
Такташкандай, 17-апрелде коомдук телерадиокорпорациянын телеканалдар тобуна кирген «Ала-Тоо» каналынын эфириндеги жаңылыктар чыгарылышында элде «уу коргошун» деп аталган «жунгар аконити» уулуу өсүмдүгүнүн тундурмасы жөнүндө сюжет көрсөтүлгөн. Бул өсүмдүк ДССУнун уулуу өсүмдүк каражаттарынын эң башында турат. Аны колдонууда кичине эле ката кетирүү адамдын өлүмүнө алып келиши ыктымал.
Сюжетте уу коргошун тамырынын тундурмасын факт жүзүндө коронавируска каршы дары катары жарнама кылган маалымат камтылган.
«Эфирде тоонун сүрөтү бар этикетка чапталган, болжолдуу түрдө уу коргошун тамырынын тундурмасы болушу мүмкүн, ачык боз чамбыл түстөгү суюктук куюлган пластик бөтөлкө көрсөтүлгөн. Товарды мындай көрсөтүү, факт жүзүндө эч кандай сертификациялоодон өтпөгөн, анын үстүнө өтө кооптуу дарылык каражаттын жарнамасы болуп саналат», – деп белгилейт фонддун директору Нургүл Абдыкеримова.
Журналист материалда элдик дарыгер Ажарбүбү Жамангулова жана активист Кыяс Молдокасымовдун пикирлерин келтирет. Анын үстүнө, журналисттер дарыгерлиги шектүү, тыюу салынган медициналык тажрыйба менен алектенген, мурдагы дарылоо аракеттери адам өлүмүнө алып келген Хашим Зайналиевден интервью алышкан. Каналдын өзү 2018-жылы ал жөнүндө сюжет көрсөткөн жана анда аны «дарыгер-калекарь» деп атаган.
«Башкача айтканда, иш жүзүндө жаңылык сюжети толугу менен тоонун сүрөтү чапталган, пластик бөтөлкөгө куюлган уу коргошун тамырынын боз чамбыл түстөгү тундурмасынын жарнамасы болуп саналат. Мыйзам боюнча, жарнак жарандарды зомбулукка, агрессияга жана адамдын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жараткан, ошондой эле, баш аламандык менен дүрбөлөңгө алып келе турган кооптуу аракеттерге чакырбаш керек.
Ушул жаңылык сюжети факт жүзүндө жарандарды өтө уулуу тундурманы коронавируска каршы дары катарында пайдаланууга чакырат, бул жарандардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн», – деп айтылат кайрылууда.
Айта кетсек, ДССУ тундурма менен дарылоо ыкмасы талаштуу маселе экендигин билдирген, анткени ал каражат кандайдыр бир клиникалык изилдөөлөрдөн өткөн эмес жана демек каттоого алынышы жана калктын кеңири колдонуу үчүн сунушталышы мүмкүн эмес.
Такталгандай, Борбордун директору Нургүл Абдыкеримова Экономика министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жана Реклама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, адилетсиз атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгына «Ала-Тоо 24» каналынын редакциясын, ошондой эле, «Жарнак жөнүндө» Мыйзамды бузган башка бардык жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кайрылган.
«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фонду, «Ала-Тоо 24» каналынын жаңылыктар чыгарылышындагы мыйзамдарды жана редакциялык саясатты орой бузуулар боюнча арыз менен КТРКнын Байкоо кеңешине дагы кайрылган.
«Ошол жаңылык сюжетин даярдоодо төмөнкүдөй КТРКнын дээрлик бардык редакциялык прициптери бузулган:
– Коомдук кызыкчылык принциби;
– Кесипкөйлүк принциби;
– Редакциялык көз карандысыздык принциби;
– Калыстык принциби;
– Ишенимдүүлүк жана бейтараптык принциби;
– Пикирлердин Плюрализм принциби;
– Аудитория алдындагы Жоопкерчилик принциби», – деп жазат «Медиа өнүгүү борбору» коомдук фонду.
Коомдук фонд улуттун саламаттыгы үчүн олуттуу коркунуч келтирген мыйзамдарды жана Редакциялык саясатты бузууларга байланыштуу
«Ала-Тоо 24» каналынын редакциясына, ошондой эле, КТРКнын Башкы директоруна карата чара көрүүнү Байкоочу кеңештен сураган.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү
30.04.2021
Кыргызстандын медиакоомчулугу “зыян келтирип алба” принцибин карманууга чакырат
Кыргызстандын медиа уюмдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек-арасындагы кагылышуу боюнча билдирүү таратты.
“Урматтуу кесиптештер – Кыргызстан менен Тажикстандын журналисттери!
Учурда чек арадагы кагылышуу тууралуу көптөгөн материалдар жарыяланып жатат. ЖМКлар аудиторияга катуу таасир бере алган күч экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Такталган, туура маалыматты гана берүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз зарыл. Гезит бетинде же интернет-булакта, же радио менен теледе ойлонбой айтылган бир гана сөз, такталбаган же бурмаланган бир гана факты абалды кескин курчутуп жиберип, укук коргоо органдары да зомбулук менен террордун агымын токтото албай калышы мүмкүн.
Чындыкты айтпа деп эч ким журналистти тыя албайт. Тескерисинче, бул анын милдети. Бирок бул чындык ишенимдүү булактарга негизделген болушу керек, бир нече булактардан тастыкталса андан да жакшы болот. Журналисттик материалда тең салмактуулукту сактаганга, кайсы бир тарапка жан тартпаганга, кызуу кандуулукка алдырбаганга умтулуу зарыл. Бул өзгөчө өтө этияттыкты жана кылдаттыкты талап кылган окуялар же процесстер тууралуу жазып жатканда маанилүү. Чындыкка жатпаган маалыматтардын таратылышына бөгөт коюу зарыл.
Биз ошондой эле коомдук тармактын колдонуучуларына кайрылып, терс пикирлерди жазуудан карманууну суранат элек, кагылышуунун андан ары ырбап, күчөп кетпешине жол бербейли.
Ошондуктан биз чек арадагы окуяларды чагылдырып жаткандардын бардыгын “зыян келтирип алба” принцибин карманууга чакырабыз.
Кагылышууну жөнгө салуу жолдоруна, эки кошуна элди бириктирген факторлорго басым кылып, Маалыматтын сапаттык стандарттары тууралуу декларациянын талаптарын аткарганга аракет кылалы.
Маалыматтын сапаттык стандарттары тууралуу декларация
Биз, Кыргызстандын медиа коомчулугу, чек арага байланыштуу маселелерди чагылдырууну жакшыртуу жолдорун талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышына биз да жоопкерчиликтүү экенибизди түшүнүп, жарандарыбыз коомдук маанидеги окуялар тууралуу толук, актуалдуу жана ар түрдүү маалымат алышы керектигин башкы максат кылып, өз ишибизде кармана турган төмөнкү стандарттарды иштеп чыктык:
Чек арага байланыштуу маселелерди чагылдыруунун принциптери жана эрежелери:
Тең салмактуулук: эки тараптын ортосундагы маселелерди чагылдырууда биз дайыма пикирлердин тең салмактуулугун сактайбыз.
Чындык, тактык: биз материалдарыбызда эч качан фактыларды бурмалабайбыз, такталбаган фактыларды таратпайбыз, цитатада дайыма анын булагын көрсөтөбүз.
Ушак-айыңды колдонбойбуз.
Объективдүүлүк, калыстык приницптерин дайым карманабыз.
Терс маанайдагы, агрессивдүү цитаталарды колдонбойбуз.
“Зыян келтирип алба” принцибин кармануу. Материалдын мүмкүн кесепети тууралуу дайым ойлоп, кагылышуунун күчөп кетүүсүнө себепкер болбогонго аракет кылабыз.
Башка өлкөнүн маданиятына жана тарыхына дайым сый-урмат мамиле кылып, анын социомаданияттык нормалары тууралуу баяндап жатканда этикалык нормаларды карманабыз.
Эки өлкөнүн мыйзамдарын билип, аларды дайым сактайбыз, материалды жарыялаганга чейин тийиштүү кеңеш алып, мыйзамдын нормаларын тактайбыз.
Материалдар эки өлкөнүн катардагы жарандарынын кызыкчылыгында даярдалышы керек.
Чек арага байланыштуу материалдарды талкулайбыз – мониторинг жана каталар менен кемчиликтерди талдоо.
Дайым оң маанайдагы окуяларды жана маселелерди чечүү жолдорун издейбиз.
Баарыңарга тынчтыкты жана жакшылыктарды каалайбыз!” – деп айтылат билдирүүдө.
II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ
Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар
24.04.2021
Матраимовдордун үй-бүлөсү бир катар ЖМКга карата доосунан баш тартты
Бишкектин Свердлов райондук сотуна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун адвокаттарынан бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон доолорунан баш тартуу боюнча арыз келип түштү.
Арызга доогердин адвокаттары Мадина Ниязбекова менен Татьяна Карыжинская кол койгон. Анда адвокаттар соттон Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн журналист Али Токтакуновго, Kloop.kg жана 24.kg маалымат агенттигине карата доолорунан баш тартууну кабыл алууну жана ушул иштерди өндүрүштөн токтотууну суранган.
Эске салсак, мындай доо арыз берүүгө «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop басылмасы чогуу жүргүзгөн КР бажы органдарындагы коррупциялык схемалар жөнүндөгү Райымбек Матраимовдун ысмы аталган журналисттик иликтөөлөр сериясы себеп болгон.
«27-апрелде сот жыйыны болот. Доогер тараптын өкүлдөрү бул жөнүндө расмий жарыялашы керек. Сот кабыл алабы же жокпу көрөбүз. Бул маселе боюнча биздин пикирди дагы сурашат», – деди Матраимовдордун иши боюнча «Азаттыктын» укугун коргогон адвокат Акмат Алагушев.
Арызда кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактылары боюнча Матраимовга карата кылмыш иштери УКМК тергөөчүсүнүн токтому менен токтотулганы белгиленет, андан улам «журналисттик иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн жагдайлардын жалгандыгын жана ойдон чыгарылгандыгын өзүнчө тартипте далилдөөнүн зарылдыгы болбой калганы» айтылат.
2020-жылы октябрда Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды иликтөө жөнүндөгү иштин алкагында кайра кармалган. Ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган жана бөлүп-бөлүп 1 млрд 400 млн сомду накталай жана 600 млн сомдук мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү менен чыгымдын ордун толтурган. Кийин сот аны коррупцияга күнөөлүү деп тапкан жана 260 миң сом айып пул салган.
2021-жылдын 18-февралында Райымбек Матраимов УКМК кызматкерлери тарабынан кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого шектелип кайра кармалган. Ал УКМКнын Убактылуу тергөө абагына камалган, бирок бир нече күндөн кийин Матраимов жеке клиникалардын бирине которулганы белгилүү болгон. Аны апрелдин башында колонияга которушкан.
15-апрелде УКМК Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү кыскартканын жана камактан бошотулганын жарыялаган, ошону менен бирге чет өлкөдөн Райымбек Матраимовго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлк табылбаганын билдирген.
2020-жылдын 9-декабрында АКШ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Магнитскийдин глобалдык тизмесине киргизгени белгилүү болгон. АКШ Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ал тизмеге киргизилген адамдардын Кошмо Штаттардын аймагындагы же АКШнын жеке жана юридикалык жактарынын ээлигинде же көзөмөлү алдында турган бардык мүлктөрү жана ар кандай активдеринин үлүштөрү тоңдурулат.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү
Комментарий
27-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимводвордун доосу боюнча иш каралды. Доогердин өкүлдөрү доо арызын кайтарып алуу тууралуу билдирүү кылышты. Жоопкерлер тарап аталган арыздынишке тиркелишине каршылыгын билдиришпеди. Соттун чечими менен аталган доо боюнча ишти кароо токтотулду. Эми ушул эле дооматтар менен сотко кайрылуу мүмкүн эмес болот.
III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО
Журналисттерге жана ЖМКларга, интернет-басылмаларга кол салуу
12.04.2021
Ош: шайлоону чагылдырып жаткан журналисттердин ишине тоскоолдуктар болду
11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдумда «Клооп Медиа» интернет-басылмасынын кабарчыларына жана байкоочусуна кол салуу жана телефондорун тартып алуу окуялары боюнча милиция териштирүү иштерин баштады.
Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков эки тарап тең милицияга арыз жазганын маалымдады:
«Кол салган тарап «маңдайыма келип, уруксаты жок тартып, чагымчылдык кылып жатат» деп арыз жазды. Бул боюнча иш Жазык кодексинин «ээнбаштык» беренеси менен катталды. Ал эми «Клооптун» арызы боюнча иш «журналисттин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча катталды», – деди Замир Сыдыков.
Окуя Ош шаарындагы №5304 добуш берүү участкасында болгон. «Клооптун» кабарчылары Бекмырза Исаков, Алийма Алымова жана байкоочусу Чолпон Кожошева күмөн жараткан аялдардын тобун видеого тартып жатканда үч адам аларга кол салып, телефондорун тартып алышкан.
«Клооп Медиа» Ош милициясынын үстүнөн прокуратурага даттанаарын маалымдады. Анда жабырлануучулардын жактоочусу Мухайё Абдураупова арыз жазылгандан соң милиция талон бербегендигин, талондо арыздын катталган номери жана КЖБРге кайсы берене менен катталып жаткандыгы тууралуу маалымат камтыларын, о.э. тараптарды беттештирүү болбогондугун белгилеп, милициянын Ак-Буура бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага даттануу кагазын даярдап жатканы айтылган.
Башка шайлоо участкаларында да журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар болгон. Шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга барган «Ынтымак ТВнын» кабарчысы Мимоза Жанибек кызынын журналисттик күбөлүгүнүн жана паспортунун көчүрмөсүн алуу аракеттери болгон.
«… Шайлоо участкасына кирерде кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтүп, каттоого керек дегенинен аты-жөнүмү жазып, макул болдум. «Бардык эле шайлоо участокторунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоого алып жатабыз» дегенинен кол коюп да бердим. Анан кызматтык күбөлүгүмдү жана паспортумду сурашты. «Биз копиялап, номурун жазып калышыбыз керек. Бизге аймактык шайлоо комиссиясынан ушундай тапшырма келди. Болбосо тарттырбайбыз», – дешти. Кийин интервью учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы «каттоо үчүн эле сураган элек деп» кайра сөзүн өзгөрттү», – деди Мимоза Жанибек кызы.
11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү жана Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.
Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Оштогу өкүлү
Комментарий
Жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда көз карандысыз байкоочулар республика боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды каттаган. Аталган факт боюнча териштирүүнү аягына чейин жеткирүүгө аракет кылуу зарыл. Бул мыйзам бузгандардын чектен чыккан бетпактыгы болуп саналат. Алардын кылмышын жазасыз калтырганы – укук коргоо органдары аларга колдоо көрсөткөнү. Мындай өзүм билемдиктер шайлоо учурунда көнүмүш адатка айланууда. Мындай учурларда кол салгандарды бейбаштык кылды деп баалаш керек, анткени Жоруктар жөнүндө кодекстин 89-беренеси «Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» маалыматты чогултуудагы тоскоолдуктарды караштырбайт, анда маалымат жайылтууга гана тоскоолдуктар каралган. Аталган беренеге кошумчалар менен толуктоолорду киргизүү зарыл. Ал эми биз караштырып жаткан окуядагы оң жагдай – бул журналисттерди кесипкөй адвокаттар коштоп жүргөнү.
30.04.2021
Sputnik агенттигинин кабарчысы Зульфия Тургуновага кол салуу болду
30-апрелде “Sputnik Кыргызстан” маалымат агенттигинин кабарчысы Зульфия Тургуновага чек ара маселесин чагылдыруу учурунда топтошуп тургандар тарабынан кол салуу болду. Окуя Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуу учурунда болду.
«Журналист катары эки күндөн бери кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны чагылдырып жүрөм. Бүгүн, 30-апрелде, Баткен облустук администрациясынын жанындагы спорттук аянтчада Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуу өткөрүп жаткан. «Тараткан маалыматыңарды тажик тарап колдонуп, маалыматтык согушта да, куралдуу согушта да бизди жеңип алып жатат», – деп, журналисттерге гана эмес, жөнөкөй жарандарга да чогулган жерде телефон колдонгонго эл бири-бирин тыйып жатышкан. Мен журналист катары иш-чарадан 1-2 сүрөт тартып алайын дедим. Мага телефонду чөнтөктөн чыгарууга да мүмкүнчүлүк беришпеди. Анан акырын отуруп, угуп баштадым. «Сен чыгып кет» деп, желкемен бирөө кармап, түрткөндө мен куладым. Андан ары мени бир канча метрге сүйрөп барышты. Ошол жердеги Ташиев да, губернатор Суваналиев да, алардын артында турган 2-3 катар тизилип турган атайын кызматтын аскерлери да арачыга түшкөн жок», – деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы. Зульфия Тургунова катуу стресске кабылып, шок абалга түшкөнүн кабарлады.
Бул окуяга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков журналисттердин кесиптик ишинде укук коргоо органдарын журналисттерге каршы мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырды.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы окуяны териштирип жатат.
Кыргызстандын медиа уюмдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышуу боюнча билдирүү таратып, окуяны чагылдырып жаткандардын бардыгына «зыян келтирип алба» принцибин карманууга чакырды.
28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта чек ара чыры чыккан. Куралдуу чыр-чатакта турак-үйлөр өрттөлдү, эки тараптан тең жабыр тарткандар жана набыт болгондор болду. Чек аралаш аймакта жашаган 20 миңдей тургун эвакуацияланды.
Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Оштогу өкүлү
Комментарий
Бул окуя жогоруда каралган кейске окшоп кетет. Бир гана бул жолкуда жарандык кийимчен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кол салышкан. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган окуя көптөгөн элдин алдында болуп, эч кимиси журналистке болушкан эмес. Тилекке каршы, жабыр тарткан тараптын доо арыз менен укук коргоо органдарына кайрылаары же кайрылбастыгы тууралуу маалымат жок. Бул укук бузуу катталган күндө да ал жыйынтык бербеши мүмкүн, бирок бери дегенде аталган укук бузуу статистикада катталып калат эле.
__________________________
Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө