Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстандын медиакоомчулугу “зыян келтирип алба” принцибин карманууга чакырат

Кыргызстандын медиакоомчулугу “зыян келтирип алба” принцибин карманууга чакырат

Кыргызстандын медиа уюмдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек-арасындагы кагылышуу боюнча билдирүү таратты.

“Урматтуу кесиптештер – Кыргызстан менен Тажикстандын журналисттери!

Учурда чек арадагы кагылышуу тууралуу көптөгөн материалдар жарыяланып жатат. ЖМКлар аудиторияга катуу таасир бере алган күч экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Такталган, туура маалыматты гана берүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз зарыл. Гезит бетинде же интернет-булакта, же радио менен теледе ойлонбой айтылган бир гана сөз, такталбаган же бурмаланган бир гана факты абалды кескин курчутуп жиберип, укук коргоо органдары да зомбулук менен террордун агымын токтото албай калышы мүмкүн.

Чындыкты айтпа деп эч ким журналистти тыя албайт. Тескерисинче, бул анын милдети. Бирок бул чындык ишенимдүү булактарга негизделген болушу керек, бир нече булактардан тастыкталса андан да жакшы болот. Журналисттик материалда тең салмактуулукту сактаганга, кайсы бир тарапка жан тартпаганга, кызуу кандуулукка алдырбаганга умтулуу зарыл. Бул өзгөчө өтө этияттыкты жана кылдаттыкты талап кылган окуялар же процесстер тууралуу жазып жатканда маанилүү. Чындыкка жатпаган маалыматтардын таратылышына бөгөт коюу зарыл.

Биз ошондой эле коомдук тармактын колдонуучуларына кайрылып, терс пикирлерди жазуудан карманууну суранат элек, кагылышуунун андан ары ырбап, күчөп кетпешине жол бербейли.

Ошондуктан биз чек арадагы окуяларды чагылдырып жаткандардын бардыгын “зыян келтирип алба” принцибин карманууга чакырабыз.

Кагылышууну жөнгө салуу жолдоруна, эки кошуна элди бириктирген факторлорго басым кылып, Маалыматтын сапаттык стандарттары тууралуу декларациянын талаптарын аткарганга аракет кылалы.

Маалыматтын сапаттык стандарттары тууралуу декларация

Биз, Кыргызстандын медиа коомчулугу, чек арага байланыштуу маселелерди чагылдырууну жакшыртуу жолдорун талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышына биз да жоопкерчиликтүү экенибизди түшүнүп, жарандарыбыз коомдук маанидеги окуялар тууралуу толук, актуалдуу жана ар түрдүү маалымат алышы керектигин башкы максат кылып, өз ишибизде кармана турган төмөнкү стандарттарды иштеп чыктык:

Чек арага байланыштуу маселелерди чагылдыруунун принциптери жана эрежелери:

  1. Тең салмактуулук: эки тараптын ортосундагы маселелерди чагылдырууда биз дайыма пикирлердин тең салмактуулугун сактайбыз.
  2. Чындык, тактык: биз материалдарыбызда эч качан фактыларды бурмалабайбыз, такталбаган фактыларды таратпайбыз, цитатада дайыма анын булагын көрсөтөбүз.
  3. Ушак-айыңды колдонбойбуз.
  4. Объективдүүлүк, калыстык приницптерин дайым карманабыз.
  5. Терс маанайдагы, агрессивдүү цитаталарды колдонбойбуз.
  6. “Зыян келтирип алба” принцибин кармануу. Материалдын мүмкүн кесепети тууралуу дайым ойлоп, кагылышуунун күчөп кетүүсүнө себепкер болбогонго аракет кылабыз.
  7. Башка өлкөнүн маданиятына жана тарыхына дайым сый-урмат мамиле кылып, анын социомаданияттык нормалары тууралуу баяндап жатканда этикалык нормаларды карманабыз.
  8. Эки өлкөнүн мыйзамдарын билип, аларды дайым сактайбыз, материалды жарыялаганга чейин тийиштүү кеңеш алып, мыйзамдын нормаларын тактайбыз.
  9. Материалдар эки өлкөнүн катардагы жарандарынын кызыкчылыгында даярдалышы керек.
  10. Чек арага байланыштуу материалдарды талкулайбыз – мониторинг жана каталар менен кемчиликтерди талдоо.
  11. Дайым оң маанайдагы окуяларды жана маселелерди чечүү жолдорун издейбиз.

Баарыңарга тынчтыкты жана жакшылыктарды каалайбыз!” – деп айтылат билдирүүдө.

Окшош посттор