Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

С.Касымова: Сайттын маанисин эми түшүндүм

С.Касымова: Сайттын маанисин эми түшүндүм

Нарын дубанында мурда долбоорлор аркылуу каржыланган бирин-эки ырасмий сайттар болгон. Бирок жеке демилге, өздүк каражат менен ачылган менчик сайт өткөн жылга чейин облус алкагында иштеп жаткандыгы угулган эмес. 2020-жылы kasymova.info аталыштагы сайт бар экендиги эшитилди. Натыйжада береги социалдык медианын негиздөөчүсү Сайрагүл Касымова менен учкай баарлаштык.

Сайрагүл айым! Оболу салттуу эле суроо менен кеп учугун баштасак. kasymova.info сайты эмнеге жана кандай каражатка негизденип ачылды? Максаты тууралуу айтсаңыз?

– Буга башкы себеп менин эс алууга чыгышым болду. Орто жолдо 2-3 жылды албаганда мен 1985-жылдан 2019-жылга чейин өмүрүмдү журналистикага арнадым. Албетте, союз тарагандан кийин айлык акылар бир нече айлап берилбей, анан калса өп-чап айлык менен жашоо кыйынчылыгы пайда болду. Ошондо аргасыздан базарга чыгып соода кылууга туура келди. Соодадан деле кудуретсиздикке учурап, карызга батып калган жокпуз, бирок баары бир мен чыгармачыл адам катары жазуу менен алектенүүгө кайрадан келгем. Ошентип отуз жылдан ашык убакыт журналистикада эмгек өтөп акыры эс алууга чыккам. Чындыгында, иштеп көнгөн адам үйдө сокойуп олтура албайт экен. Андай ыңгайсыздыкты сезген балдарым сайт ачууну сунушташты. “Сиз бекер үйдө олтурсаңыз, депрессияга кабылып, ден соолугуңуздан ажырайсыз. Биз каржылык жана техникалык жактан колдойлу, жазуу жагын колго алып сайтты иштетиңиз”, – деп сунуш беришти жана колдон буттан алышты. Башында макул деп алып, кийин түшүнбөй кыйналган кездер да болду. Германияда окуп жаткан бир кызым немец тилинен, бир кызым орус тилинен, келиним кытай тилинен маанилүү маалыматтарды которо баштады. Мен болсо аларды редакциялайм жана өзүмдүн жазгандарымды сайтка коюшат. Нарындан Бурулсун Дыйканбаева, Гүлзаада Турдалиева, көлдөн Шейшекан Жаналиева деген журналисттер кол кабыш кылышып, моралдык жактан колдошуп макалаларын жиберип турушту. Ошентип иш башталып кетти.

Демек, бул сайт мындайча айтканда үй-бүлөлүк маалымат каражаты экен да?

– Ошондой. Бир балам техникалык жагынан жардам берип турат. Айтор, сервер дешет, ж.б. болуп техникалык жагы деле бир топ жумуш экен. Башында биз деле кабарларга басым кылганбыз. Бирок байкасак бир эле кабарды бардык сайттар көчүрүп беришип, маалыматтардын мааниси кетет экен. Анан элди тажатпайлы деп кабар-маалыматтарды берүүнү негизинен токтоттум. Андан көрө кыргыз элине, айрыкча келечек муундарга аз да болсо пайдасы тийеби деп, басымды кыргыз тилин өнүктүрүүгө, адеп-ахлактыкка, каада-салттарга, үрп-адаттарга бура баштадым.

Мындай ыкма өзүн канчалык абалда актап жатат. Деги окурмандардын карым-катнашы кандай?

– Жазылуучулар саны үч миңден ашып калды. Бизге киргендер ар кандай, кээ күнү 700, кээ күнү бир миң адамдын айланасында болуп калат. Айрым учурларда материал да бере албай калабыз. Анткени бардыгын кадрлар чечет дегендей, биринчи көйгөй ушул, туруктуу журналисттердин жоктугу. Күнүмдүк кабарларды таап жазып койгонго караганда бул жол чынында оорураак болууда. Талыкпай изденүүнү талап кылууда. Бирок ар кайсы чет мамлекетте жашаган кыргыздардын айрымдары биздин сайттын окурмандары боло баштаганы кубандырат. Мен жакында эле Африканын бир өлкөсүндө жашап жаткан кыргыз баладан кат алдым. А жигит жомокторду көбүрөөк жазышымды сураныптыр. Анткени атам жомокчу, санжырачы адам болгон. А кишинин айткан жомокторун жазып, сайтка бере баштагам.

Натыйжада сайтты сактап калууга аракет кылат экенсиз да. Келечек ой-максаттар кандай?

– Албетте, жогоруда мен атап кеткен журналисттерди дагы деле жардам бере беришет деп, мисалы, эки жылдан кийин элестете албаймын. Ошондуктан каражат табуу жагын дагы ойлонуштуруп, мен аларга жок дегенде жазган макалалары үчүн нан сатып алгандай акча каражат беришим керектигин сезип, туюп жатам. Азырынча рекламалык ыкмада иштей элекпиз, эми ал жагын да колго алыш керек болууда. Айтор дагы кайталаймын, бул сайттын улуттук уңгуну даңазалаган социалдык тармак болушуна бардык аракеттерди жумшаймын.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

Окшош посттор