Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Кызыктуу жана пайдалуу

Өзү эңсегендей жаңылыктар бөлүмүн түзө алган The Information басылмасынын негиздөөчүсү Джессика Лессин тажрыйбасы менен бөлүшөт

Өзү эңсегендей жаңылыктар бөлүмүн түзө алган The Information басылмасынын негиздөөчүсү Джессика Лессин тажрыйбасы менен бөлүшөт
Джессика Лессин. https://www.niemanlab.org/ сайтынан алынды

«Ачык айтканда, эң татааал бөлүгү – бул журналистика. Калган бардыгын үйрөнүүгө жана бөлүшүүгө болот».

Джессика Лессин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтөт. Каттоосу бир жылга 399 доллар турган технологиялык жана жарнагы жок The Information бизнес-басылмасын негиздөөчүсү жана редактор – узак убакыт бою окурмандан алынуучу кирешенин эсебинен туруктуулукту жигердүү жактап келген. Бул анын интервьюларында, ЖМК жана технологиялар жөнүндө жумалык макаласында, ошондой эле, негиздөөчү болгон башка журналисттерге берген расмий (жана расмий эмес) кеңештеринде көп кезиккен сөз.

Лессин кирешелүү компанияга толук ээлигин сактап, 2013-жылы The Information басылмасын ишке киргизүү үчүн The Wall Street Journal басылмасынан кетет. WordPressте жарыялаган биринчи постунан тартып, андан кийинки жети жыл аралыгында жаңылык стартаптарына жазылуу боюнча таң калтырган бизнести түзүү боюнча кеңеш сурап Лессинге кайрылгандар көп болду. Алардын катарында The 19th, Punchbowl жана Rest of World да бар. Ал The Information Accelerator аркылуу дагы он чакты жаңы соода орундарын жетектеп турган, алардын жарымында бери дегенде бир аял негиздөөчү болгон.

Лессин жазылуучуларга арналган журналистиканын жөндөмдүүлүгүнө карата курч, терең ойлонулган жана ачык оптимисттик көз карашта. Information 2021-жылы жакында ишке алынган техникалык кызматкерин жана монополияга каршы жана башка ченемдик укук маселелерин чагылдырган ЖМК репорторун кошкондо редакцияны дагы кеңейтүүнү пландоодо. Биз насаатчылык, жаңы негиздөөчү катары өзү алган эң мыкты кеңеш жана «эң сонун веб-сайт» түзгөнгө караганда алда канча маанилүү жагдайлар жөнүндө сүйлөштүк. Лессин менен баарлашуумдун кыскартылган жана жакшы түшүнүктүү болсун үчүн редакцияланган варианты төмөндө берилген.

САРА СКАЙР: Сиздер 2017-жылы The Information Accelerator басылмасын ишке киргиздиңиздер. Бул кандайча болуп өткөнүн жана акыркы үч жылда кандай өзгөрүүлөр байкалганын мага айтып бериңизчи?

ДЖЕССИКА ЛЕССИН: Көптөгөн соода орундары жана жаңы медиа-бизнес түзгөн ишкерлер пайда болду. Биз журналистика менен жаңылык бизнесинин алтын доорунун босогосунда турганыбызды сездим, бул мейкиндик боюнча башка көз караштарга бир аз карама каршы келет эле. Бирок технология абдан кичине чыгармачыл топко материал даярдап жана сапаттуу журналистиканын маанилүүлүгүн жайылтууга мүмкүндүк бергенден улам, абдан ийгиликтүү басылмаларды иштетип баштаган жазмакерлер менен калемгерлер топторунун тез өсүшүнө алып келди.

Биз учурда иштешип жаткан ишкерлердин катары абдан өскөнүн байкап жатабыз. Айрым учурлар бул бир аз формалдуу түрдө. Башка учурларда биз Zoom чалуулар үчүн макалаларды жайгаштырабыз. Бизде өткөн жумада окурман тартууну жакшыртуу боюнча кызыктуу темада сүйлөшүү болду.

SCIRE: Улам кайра келип чыга берген маселелер барбы? Сиздин тажрыйба боюнча, негиздөөчүлөргө түнкүсүн уйку бербеген кандай жагдайлар бар?  

ЛЕССИН: Ишин жаңы гана баштаган топтордо, же өзүнүн бизнес-моделин өзгөртүүгө аракет кылган жана чындап жазылууну пайдаланган алда канча ири компанияларда белгилүү бир окшош айрым моделдер бар. [Жазылуу] биздин ДНКда жети жылдан бери бар, ошондуктан адамдар биздин эшикти такылдатып келет.

Бардыгы тез өсүүнү каалайт. Бул күтүлгөн нерсе, бирок кантип туура өсүүгө жетишсе болот? Ушул мезгилде бааны төмөндөтүп жана бир аз өсүш алууга болоорун бардыгы билет, бирок узак мөөнөттүү жол кандай? Кандай стартап болсо дагы негизги көңүл ишкер топко жана туура жалдоого коюлат. Бул дагы өтө маанилүү. Техникалык платформаларды кандай пайдаланууга же таптакыр колдонбой койсо болобу дегендин өзү дагы бир кайталанма тема. Сиз качан Google, Facebook жана Apple менен кызматташасыз? Качан кереги жок болуп калат? Эгерде силер чакан же чоң компания болсоңор, бул жагы ошого жараша башкача таптакыр болот.

Мен үчүн ар бир адамдын жыйынтык маалымат жаатында чебер болушу эң кызыктуу болуп саналат. Мисал катары, эки апта мурда эле жаңы дүкөн катары Вашингтондо ачылган Punchbowl басылмасын алалы. Мен аларга чындап байланып калдым.  Алар Конгресстин иши жөнүндө күн сайын кабарлап жаткан жаңылыктардын санын алсак – бул чыныгы журналисттик чеберчилик десек болот. Биздин тажрыйба технология жана бизнес дүйнөсүнүн негизинде турат жана башка тармактарда аны башкалар кантип кыйратып жатканын көрүү кызык эле. Менин көпчүлүк кеңештеримдин мааниси ушуну кабыл алууда, эки эсе жана үч эсе көбөйтүүдө турат.

Чынын айтканда, эң татаал бөлүгү – бул журналистика. Калганын билип үйрөнүүгө жана бөлүшүүгө болот. Ошол компанияларга кеңеш берүүдөгү менин усулумдун философиясы мындай: «Силер журналистикага толук көңүл бурушуңар үчүн башка көндүмдөрдү тез өздөштүрүүгө жардам берүүгө уруксат этиңиздер».

SCIRE: Сиздин тажрыйбада жаңылык уюмуна же жаңы медиа-стартапка акыл төлөнүүчү катталуудан баш тартууга же акы төлөнгөн жазылууга артыкчылык берүүгө кеңеш берген учурлар болду беле? Мен журналистика «жападан жалгыз артыкчылык» болбошу жана сөзсүз түрдө өзүнүн контентинин чоң бөлүгүн акысыз жеткиликтүү кылуу керектиги жөнүндө жазган Axios тууралуу ойлоном.

ЛЕССИН: Менимче бул дайыма микстин (аралашманын) бөлүгү болушу керек. Буга карата түрдүү усулдар бар жана бул баарлашууда эстен чыгып кетет деп ойлойм. Мисал катары айсам, бизде Accelerator ичинде мен көп ойлогон адамдар бар. Эшли [Вудс] Детройттун жергиликтүү жаңылыктарын чагылдырган маалыматтык бюллетень катары Detour Detroit басылмасын баштаган жана аны бизнестин жаңы мууну катары эсептешчү. Анын акысыз контенти бар. Анын акы төлөнгөн мүчөлүгү бар, ал ар кандай убакытта жеке иш-чараларды камтыган. Анын коомчулугунан болгон түздөн түз киреше жана колдоо абдан маанилүү. Бул адамдар силердин айрым материлдарды акысыз окуй албайт дегенди билдирбейт. Бирок мен дүйнөдө сапаттуу маалымат алууга мүмкүн болгон максатыбызга анын артында бизнес-модель турса гана жете алабыз деп ойлойм. Сиздерде туруктуу бизнес-модель болсо, 10 эсе көбүрөөк жасай аласыздар.

Мен албетте башка моделдерге да ишенем. The 19th [Лессин башкармалыктын төрайымы болуп саналат] коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет, бирок ал дагы өнүгүп жаткан мүчөлүк программага ээ. Бул журналисттерди колдоо үчүн кирешелер көз карашынан, ошондой эле, коомчулуктун көз карашынан дагы негизги актив болуп саналат.

Биз мүчөлүк модель жана жазылуу – сыйлык болуп саналат, алар айрым адамдарды чектейт деген ойдон алысташыбыз керек. Эгерде бизде төлөө жолдору жок болсо, анда кесипкөй журналисттерди колдоо жана кызыктыруу, даярдалып жаткан кесипкөй репортаждардын саны азая турганы мени көбүрөөк түйшөлткөн көйгөй болуп саналат. Мен бизге мыкты моделдерди түзүү керек деп ойлойм жана кирешенин төлөнүүчү бөлүгүн басылманын алышы окурмандарды тосмолойт дегенди билдирбейт деп эсептейм. Менимче азыр сиздерге муну кандайдыр бир деңгээлде жасабаган басылманы табуу татаал деп ойлойм. Мен атүгүл эми Axios басылмасынын дагы B2B жазылуу өнүмү бар экенин айтайын дегем. Жаңылык уюмдары бир аздан үйрөнүү менен алдыга умтулуп жатканына көңүлүм көтөрүлүп жүрөт.

SCIRE: Артка кадам ШИЛТЕП, олуттуу жана сапаттуу журналистика акча төлөй алган окурмандарга гана жеткиликтүү болуп калган кырдаалга өз салымын кошуу үчүн айрым басылмалар тынчсызданса болобу? Жалпы жонунан маалыматтык экосистемага карап көрүп, жыйынтыгында көпчүлүк адамдар акысыз жеткиликтүү болгон, элди адаштырган, же көмүскө кызыкчылыктар менен каржыланган материалдарды таап, окуп калат деп кооптонбойсузбу?

ЛЕССИН: Менимче жаңылык бизнесиндеги бардык жетекчилер, анын ичинде мен дагы ушул жөнүндө дайыма ойлоном. Коомдогу дезинформациянын өсүшү – зор көйгөй жана эгерде бизге дезинформацияга каршы күрөшүү керек деп эсептебесеңиз, анда сиз жаңылык бизнесине кирише албайсыз.  Акы төлөнүүчү жазылуу чегинен тышкары эмне бар экенин, акы төлөнүүчү катталуу жазылуу алдында эмне турганын айтуу жеңил, бирок чынында жаңылыктар буга эч таасир этпейт, туурабы? Алгач көлөмдүү кабарларды өздөрүнүн катталган колдонуучулары үчүн жарыялаган, андан кийин ал кабарларды ондогон басылмалар улантып жазган The Information же Wall Street Journal басылмалары жөнүндө ойлонуп көргүлө. Ал атүгүл жазылуу боюнча жарыяланса дагы, ал кабарлардан миллиондогон адамдарга маалымат алууга мүмкүн болгон. Менимче мында чоң окуялар болуп турса, адамдар өздөрүнө зарыл маалыматты алса, дүйнө алда канча жакшырак болот.

Көптөгөн адамдар жана мен сыйлаган кишилер – жазылуулардын өсүшү менен журналистиканы жактагандар көбөйгөнүн айтышат. Эгерде фактыларга карап көрсөңүздөр, башкача жагдайды көрөсүздөр деп ойлойм. Жарнакка негизделген кликбейттер жана сенсациялуу жаңылыктар модели бизди ушул жерге алып келди. Бирок биз сак болушубуз керек; сиздер кругозору тарыган басылмаларды көрөсүздөр, анткени алар өздөрүнүн жазылган катталуучуларын тейлөөгө абдан өзгөчө көңүл бурат. Эгерде реалдуу, маанилүү, чындыкка ылайык маалыматты берген каналдар болбогондо дезинформацияга байланыштуу коом үчүн олуттуу көйгөйлөр жана бир кыйла олуттуу кризис келип чыкмак. Бул бизге эң керек нерсе. Эгерде кабар абдан маанилүү болсо, анда ал тууралуу бардыгы билет.

SCIRE: Эгерде бардыгын жалпылаңыз деп өтүнсөм, кеңешчи катары жаңы жаңылык уюмунун ийгилигине эмне түрткү боло алат деп айтат элеңиз? Эмнеге айрым басылмалардын жолу болбой калат?

ЛЕССИН: Менимче чындап дифференцияланган контент өндүргөн ар бир уюм ийликтүү. Бул чындап эле жөнөкөй деп ойлойм. Бул «Ушул жаңы 10 видео тиркеменин кайсынысы иштеп кетет?» – деген сыяктуу суроо эмес. Дифференцияланган нарк деп эмнени түшүнөбүз? Азыр журналистика менен комментарийге суроо-талап ушунчалык жогору болгондуктан кандайдыр бир оригиналдуу жана маанилүү эмгек жасаган контент түзүүчүлөр үчүн зор рынок бар деп ойлойм. Мындай ийгиликке эки эселеп жеткен көптөгөн компанияларды көрдүм.

Бул элдин пикирине бир аз каршы келет деп ойлойм. Анткени мен The Information басылмасын иштетип баштаган кезде, дүйнөгө дагы бир техникалык басылма керек эместей көрүнгөнүн өзүмдөн улам билем. Биз көптүгүнөн түшүп алып чабак урчудай болгон блогдор абдан көп болгон. Бирок биз бул чагылдыруу бурмаланганын көрдүк, ал көбүнчө дүрбөлөң салган жана анча маанилүү эмес болчу. Биз бул эч ким иш жүргүзбөгөн, компаниялар иш жүзүндө кантип иштей турганын изилдеген жана түшүнүүгө аракет кылган аянт экенин билдик. Бул үчүн зор рынок бар. Бул чындап нукура журналистикага кайтып барат.

Мен иштешкен адамдардын көбү бир киши иштеген дүкөн эмес, компаниялар менен командаларды курат. Бирок сиздер Substack сыяктуу жана башка платформаларга өткөн адамдардын өсүшүн дагы көрүп турасыздар деп ойлойм, ал жакта дагы ошол сыяктуу динамика иштейт. Алар сейрек жана баалуу ойлорду айтышат, абдан олуттуу аудиториянын көрүп турат, ал эми бул ишти кылбагандар – эч нерсе айткан жок. Бул эң жөнөкөй эле.

SCIRE: Эми мен кызыга баштадым. The Information басылмасын иштетип баштаганда кандай начар кеңеш, же кандай үлгүлүү кеңеш алдыңыз эле?

ЛЕССИН: Алар менде өтө эле көп болгон. Мен The Wall Street Journal басылмасында сегиз жыл репортер болуп иштеп жүрүп келдим жана иш баштаган кезде билгенден биле элегим көп болчу. Чындап менин эсимде калган мыкты кеңешти мага бир ишкер берген. Ал мага журналист катары өзүм иштеп көргөн, жакшы билген иштерге көңүл коюу керектигин айткан. Ар ким өзүнүн бизнесин карап көрүп: «Биз эмнебиз менен айырмаланабыз?» – деп ойлонот. Силер эң модалуу веб-сайт түзө аласыңар, силерде ишке киришкенде эң чоң кече болушу мүмкүн, силер 1000 түрлүү иш жасай аласыңар. Бирок мени дайыма ойлонткон ошол ишкердин кеңеши – сиздердин пикир боюнча редакцияда мыкты журналистиканы жүргүзүүгө жолтоо кылган жактарын алып, аны оңдоого аракет кылуу дегенди билдирет.

Бул мен үчүн кичинекей мисал, бирок мен бир фактыны жаман көрчүмүн, эгерде мен диаграмма жасагым келсе, анда өзүмдүн маалыматымды электрондук почта боюнча мен эч качан жолукпаган кайсыл бир кишиге жөнөтүүгө туура келчү. Андыктан мени менен жана ошол маалымат менен иштеген журналисттин ортосунда эч кандай пикир алмашуу жок болчу. Ошул визуалдык элести түзүү, менин чыныгы абалымды түшүндүрчү. Бул негизи абдан майда нерсе, бирок азыр биринчи эле күнү биз аны өзүбүздүн топтун курамы менен оңдой алабыз. Ошондой эле окурмандар: «Ушул негиздөөчү чындап эле 3 млрд доллар турабы?» деген сыяктуу аңгемени чындап каалабай турганын да сездим. Алар: «Бул эмне деген бизнес? Эмне үчүн адамдар аны пайдаланат? Алар акчаны кантип иштеп табат? Ал 10 жылдан кийин кантип акча таба алат?» – деген маселелерди түшүнгүсү келди. Атүгүл биздин деңгээлде дагы бир эле кеңешке улам кайра кайрылунун өзү эң кызыктуу.

SCIRE: Сиз мени менен журналисттер үчүн социалдык медианын маалымат саясаты жөнүндө сүйлөшө аласызбы? Анан сиз калыстыкка же онлайн-комментарийлерге, же болбосо алар чагылдырган адамдарга, саясатка карата өзүңүздүн күтүүлөрдү репортерлорго кантип айтасыз?

ЛЕССИН: Менимче бул татаал тармак жана менин көз караштарым ташка тамга баскандай деп айтпайт элем. Негизинен биз дагы журналисттердин эсине салып турган ыкманы карманабыз – социалдык түйүндөрдөгү саясий көз караштарды билдирүү, же болбосо бир катар пикирлерди жазуу силердин репортаждарга кооптуу болушу мүмкүн, анткени кимдир-бирөө муну жаңылыш пикир катары көрсөтүү үчүн силерге каршы пайдаланышы ыктымал. Бул калыстык эмес, балким жалган болушу мүмкүн, бирок бул башка жактарда ошондой.

Биздин журналисттердин репутациясына кам көргөн жана аларды коргогон басылма катары биз дагы репортерлор өздөрү билдире турган жаңылыктарга жолтоо болушу ыктымал болгон, кандайдыр бир себептер же көйгөйлөр боюнча социалдык түйүндөрдө чындап жигердүү болгон журналисттер өз командасы үчүн адилетсиз түрдө татаал кырдаал түзгөн фактыларды жокко чыгара албайбыз. Балким сиз сынга алынган гендиректорду эмес, башка бирөөнүн чагылдырасыз. Биз журналисттерден буга абдан олуттуу кароону сурандык – жана алар ошондой жасап жатат деп ойлойм. Мага айланада кара-ак сызыктар болгону жакпайт. Биз алар динамиканы түшүнүшү үчүн өзүбүздүн репортерлорго абдан ишенебиз жана бул үчүн аларга ыраазыбыз.

Сара Скайр, NiemanLab

Макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор