Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Марат Токоев: “Журналисттерди коркутуп-үркүтүү фактылары азыр да катталып атат”

Марат Токоев: “Журналисттерди коркутуп-үркүтүү фактылары азыр да катталып атат”

–Марат мырза, сиз жетектеген “Журналисттер” коомдук бирикмесинин акыркы мезгилдерде жасаган иштерине кыскача токтоло кетсеңиз?

–Биздин бирикме биринчи кезекте журналисттердин, ЖМКлардын укуктарын короочу уюм катары негизделген. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки сөз эркиндигинин алтын доору аяктап бараткан кезде, журналисттерди кысымга алуулар, соттук иштер көбөйүп кетип, аларды коргой турган уюм жок болуп калган. Ошондо Кубан Мамбеталиев журналисттердин башын бириктирип, уюмду түптөп, көп журналисттердин укуктарын коргоп, сотторго чейин барып жүрдү. Ушундай чоң, абройлуу уюм болчу. Бирок кийинки кезекте биздин уюмга окшош медиа уюмдар көбөйө баштады. Юридикалык жагынан коргоого адистешкен “Медиа полис” институту түзүлүп, адис юрист болушкандыктан, алар бизге караганда сотторго катышып, биз кичине четке чыгып калдык. Биз бийлик тараптанбы, же жеке кишилер тараптанбы, жалпы сөз эркиндигине кысым жасалып, журналисттер ур-токмокко алынып аткан болсо, ошол мезгилде чыгып, күнөөкөрлөр жазасын алышын талап кылабыз. Бардык журналисттердин башын бириктирип, аларды өз укуктарын коргогонго чакырабыз.

–Сиздер мониторинг жүргүзөсүздөр да. Акыркы жылдары журналисттерге кол салган учурлар, ЖМКлар менен соттошуулар мурдагыга салыштырганда азайдыбы же көбөйүү тенденциясы байкалабы?

–Мониторинг жүргүзбөй туруп, кырдаалга так баа берүү мүмкүн эмес. Бирок, тилекке каршы, акыркы бир-эки жылдан бери бизде мониторинг токтоп калды. Себеп дегенде, донорлор буга жакшы көңүл бурбай жатат. Ошондуктан, азыр биз өзүбүзгө жеткен маалыматтардын негизинде гана талдоо жасайбыз. 2007-жылдан бери журналисттерге каршы жасалган кылмыш иштерине каттоо жүргүзүп келдик. Алардын саны 83 болду. Анын айрымдары, чынын айтканда, журналисттердин кесибине байланыштуу эмес. Бирок отуздай иш журналисттин ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланышы бар экендигин байкаса болот. Укук коргоо органдарынын тизмеси бир аз кыскараак, албетте. Себеби, айрым учурларда журналисттер өздөрүнө кол салынганын жарыя кылып коюп, бирок арыз жазбайт. Жазса да кесиби журналист экендигин көрсөтпөшү мүмкүн. Бизди нааразы кылган нерсе –  укук коргоо органдары, ушунча кылмыш иши катталды, ушунча кишиге кылмыш иши козголду, бирок, алардын бирөөсү да журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес (!) дегендей тыянак чыгарышат. Кылмыш жабырлануучунун журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деген бир да сот процесси болгон эмес. Бул деген нонсенс! Анда эмне үчүн биздин журналисттер башпаанек издеп, чет өлкөлөргө чыгып кетип атышат? Алты журналист чыгып кеткен.

Журналисттерге кол салуу фактылары өлкөдө саясый абал курч болуп турган учурларда көп болот. Кээ бирлери атайын кол салат, кээ бирлери журналист экенин билбей кол салат. Кээ бир жагдайлар мындай окуяларды чагылдырууда журналисттер өзүн кандай алып жүрүү керектигин билбегендигине да байланыштуу. Айтор, журналисттерди коркутуп-үркүтүү фактылары дагы эле катталып атат. Буга 2010-жылдагы июнь окуялары да кандайдыр бир өлчөмдө салым кошуп койду. Журналисттин улутуна байланыштуу да маселе чыгып калып атат.

–Өткөндө “Фридом хаус” уюму басма сөз эркиндиги боюнча рейтинг жарыялап, анда биздин өлкөбүз акыркы орундарда калды. Буга карата сиздин көз карашыңыз кандай?

–Алар кандай критерийлердин негизинде ушундай чечимге келишти – муну айтыш кыйын. Андан мурдараак эле “Чек арасы жок репортерлор” уюму да өз иликтөөлөрүн жүргүзүп, баасын берген болчу. Алардын пикиринде, биз өскөнбүз. Ал эми “Фридом хаустун” баасында абал өзгөргөн эмес. Бирок позитивдүү нерселер деле бар. 2010-жылдан баштап, абал жамандаган жок. Ош окуясына байланыштуу бир канча ЖМКлар жабылып калган. “Фридом хаустун” тыянагына бул да өз таасирин тийгизди окшойт. Бирок салыштыра келсек, биз Орто Азия чөлкөмүндө дагы эле алдыда жүрөбүз. Ал эми Батыш өлкөлөрү менен, чынын айтканда, биз теңтайлаша албайбыз.

Биздеги абал курчуп кеткенинин дагы бир себеби мында болуп атат. Илгери эки эле жаат болчу: бийлик, анан оппозиция. Парламенттик система киргизилгенден  баштап саясат айдыңы бир нече саясый партиялардын чөлкөмүнө бүлүнүп кетти. Ар бир саясый партия өз ЖМКсы болушуна аракет кылат. Мурда журналисттер эки жаат болуп бөлүнсө, азыр партиялык системага байланыштуу андан да көп жаатка бөлүнүп атышат. Мындайда журналисттик тилектештик жакшырмак турсун, тескерисинче, начарлайт десек болот. Журналисттерде тилектештик болмоюн, биз, коомдук уюмдар канчалык кыйкырып, жан үрөсөк да абал оңолбойт.

–Өткөндө өкмөт башчы журналисттерге карата  бир аз “гайканы бураш” керек (!) деген мааниде сөз айтып ийди. Бул мыйзамдар катуулашы мүмкүн дегенди билдиреби?

–Бул эми Ө .Бабанов айтып аткан эле нерсе эмес. Мындай аракеттер мурда деле болгон. Негизи эле адам баласы сынга начар мамиле кылат, бир аз сындап койсо эле теригип кетет. Өзгөчө бийликке отуруп, айланаңда кошоматчылар көбөйгөн сайын кичинекей эле сын пикир катуу тийе баштайт. Анысы бар. Бирок уруп-согуп, эч кимди тарбиялай албайсың. Эгер биздин ЖМКлар калыс болуп, журналисттер жүйөөлүү пикирлерди жазышын кааласак, анда ЖМКлардын өнүгүүсүнө шарт түзүү керек.

Эртөштүк Элеманов, “Учур” гезити, 14-июнь, 2012-жыл

Окшош посттор