Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ЖОЖдор жаш журналисттерди сабаттуулукка жана кесипкөйлүккө үйрөтүүдөбү, же “штамптап” жатабы?

ЖОЖдор жаш журналисттерди сабаттуулукка жана кесипкөйлүккө үйрөтүүдөбү, же “штамптап” жатабы?

Акыркы чейрек кылымда мамлекеттик жана эркин басылмалардын, мамлекеттик жана жеке менчик телерадиолордун, интернет сайттарынын сандык өсүшү, мамлекеттик мекемелердин, саясий институттардын жана бизнес түзүмдөрүнүн басма сөз кызматтарынын пайда болушу менен журналист кадрларга, болгондо да тажрыйбалуу, сабаттуу, креативдүү журналисттерге, коомчулук менен байланыш адистерине болгон суроо-талап аябагандай өстү.

Журналисттер кайда даярдалат?

Мурда журналисттерди Кыргыз мамлекеттик университетинде гана даярдап, кыргыз филологиясы факультетинин курамындагы журналистика бөлүмү жылына болгону 15-20нын тегерегинде журналистти даярдап чыгарчы. Өткөн кылымдын 90-жылдарынан, тактап айтканда өлкөбүз эгемендик алгандан кийин, журналисттерди даярдап чыгаруу “приоритетке” айланды. Жогорку окуу жайларынын дээрлик баары журналист кадрларды “штамптап” чыгара баштап, коомчулук менен байланыш, реклама агенти өңдүү жаңы багыттар, жаңы адистиктер пайда болду.

Журналистика факультеттери жана кафедралары жадагалса Жалал-Абад, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттеринде ачылып, кийин кайра жабылып, азыр аймактардагы жогорку окуу жайларынын арасынан Ош мамлекеттик университетинде гана журналистика факультети бар. Көптүн сүрөөнү менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде да учурунда экономикалык журналистика кафедрасы ачылып, 2012-жылы окуу жайынын адистешүүгө багыт алганына байланыштуу жабылганы эсибизде.

Арийне, аны менен эле журналисттерди даярдоону максат кылган окуу жайлар азайып калган жок. Учурда, өлкө аймагында журналисттерди даярдаган 10дон ашуун факультеттер жана кафедралар бар жана алар жыл сайын 250-300дүн тегерегинде журналист кадрларды, коомчулук менен байланыш адистерин, реклама агенттерин даярдап чыгарат.

Бүгүн Кыргызстанда журналисттерди медициналык, юридикалык, агрардык, спорттук, диний, аскерий багыттагы, тактап айтканда, тармактык адистерди даярдаган жогорку окуу жайларында гана даярдабайт. Ал эми калган жогорку окуу жайларынын дээрлик бардыгында журналистика факультети же жок дегенде журналистика бөлүмү, же түздөн түз журналистика адистигине тиешеси болбосо да, маалыматтык камсыздоо жана маалыматтык коопсуздук менен байланышкан адистиктер бар.

Журналистика багытындагы адистерди даярдаган мамлекеттик макамы бар жогорку жайларынын арасынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, ОшМУ, Кыргыз-Түрк Манас университети, эл аралык макамы бар ЖОЖдордон Борбордук Азиядагы Америка университети, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университети, Эл аралык Ала-Тоо Ататүрк университети өзгөчө орунда турат. Акыркы жылдарда Нарындагы Борбордук Азия университетинин аудиторияларында да журналистика, коомчулук менен байланыш адистиги багытындагы кадрлар даярдалууда.

 

Билим берүүнүн сапаты кандай?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп, көп жылдык тажрыйбага ээ болгон кесиптештер ЖОЖдор сапатсыз, сабатсыз журналисттерди даярдап чыгарып жатканына нааразы. Белгилүү адабиятчы жана журналист Бекташ Шамшиев:

“Биздин жогорку окуу жайлар кесипкөй адистерди даярдаса. Азыр студенттин төлөгөн контракт акчасына байланып, конвейер менен эле күжүлдөтүп чыгарып атпайбызбы. Жаш журналисттерин сөз байлыгы жарды, эфирди эптеп толтуруу менен алектенип, кесиптин кадырын жоготушту. Бизде билим берүүнүн сапаты аябай начар. Сабатсыз, сүйлөм кура албаган, дурус суроо бере албаган журналисттер кыргыз тилдүү кесиптештер арасында көп. Журналисттерге эл аралык стандарттарды, коюлчу талаптарды жакшылап кулагына куюш керек. Ал үчүн тажрыйбалуу журналисттерди сабак берүүгө тартып, анан кесиптин кадыры үчүн санына эмес сапатына көңүл буруш керек”, – дейт.

Ал эми КТРКнын баш директорунун орун басары Айбек Мусаев:

“Жаш журналисттерди “штамптай” бербей, ой жүгүрткөнгө үйрөтүш керек. Интеллектуалдык деңгээли жогору болмоюн, ким болбосун, мыкты кадр чыкпайт”, – деген пикирде.

Жогоруда айтылгандарга кошулбай коюуга мүмкүн эмес. Гезит-журналдарда, телерадиодо, сайттарда иштеген улуу муундагы кесиптештер да ЖОЖдор сабатсыз муунду тарбиялап чыгарып жатканын буга чейин да айтып келишкен. Жеке өзүм деле далай жаш журналисттер менен иштештим. Жаш муундагы калемгерлер мектепти кандай деңгээлде бүтсө, ЖОЖду да дал ошол тейде бүтүп жатканына күбө болгонум бар. Колунда диплому бар жаш адистер макала жазганды тим кой, жөнөкөй сүйлөм түзгөндү билбегенин далай көрдүк. Эки-үч сүйлөм жазса, грамматикалык, орфографиялык каталар биттей жайнаганын көрүп, далай жакабызды кармандык го.

Мунун өзү акыркы 30 жылда билим берүү деңгээли эң төмөнкү чекке жеткенин билдирет. ЖОЖдор студенттердин төлөгөн контрагына байланып, саны көп, сапатсыз кадрларды даярдабай, заманбап адистерди даярдаса жакшы болор эле.

 

Журналист болуу канча турат?

Журналистика жеңил кесип эмес. Ошого карабай журналист болгусу келгендер четтен чыгат. Ошону менен бирге журналист адистигине ээ болуунун баасы жыл сайын кымбаттап баратат. Мындан беш жыл мурда журналист кесибине ээ болуш үчүн абитуриент 19 миң сомдон 5550 долларга чейин төлөсө, азыр жогорку окуу жайларындагы контракт баасынын төмөнкү босогосу 5-10 миң сомго чейин жогорулады. Арийне, анын өзү журналист болгусу келгендерин демин сууткан жок. Дагы деле өзүн журналистикадан көрсөткүсү келгендердин саны көп.

 

Эмне үчүн журналист болгулары келет?

Болочокто тележурналист болгусу келген Актан Мырза башка кесиптегилерге караганда журналисттерде чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин айтса, Канат Абдиев келечекте өз алдынча сайт ачып, журналист-блогер болгусу келет. Кийинки муундагы жаштардын арасында эл аралык ЖМКнын Кыргызстандагы өкүлү болгусу келгендер, эл аралык уюмдардын, чет элдик финансы компанияларынын басма сөз кызматында, Интернет сайттарда, тележурналистикада иштегиси келгендер арбын.

Акыркы он жылда гезит-журналдар мурдагыдай окулбай, нускалары кескин азайып, атүгүл жабылуу коркунучунда калгандай эле маалымат коммуникациясынын ыкчам өсүшү менен соңку беш жылда телерадионун деле доору өтүп баратканы байкалат. Ушул өңүттөн алганда, Интернет сайттарда иштегиси келгендерди түшүнсө болот. Чет элдик финансы компанияларынын жана эл аралык уюмдардын басма сөз кызматында, тележурналистикада иштегиси келгендердин логикасы да түшүнүктүү.

Тележурналистика ар дайым көптөрдүн ышкысын арттырып, көзүн күйгүзүп келген кесиптердин бири. Россиянын эле белгилүү телеканалдардын алсак не деген атактуу артисттер алпаруучулук кесипти аркалап келатышат. КТРКда деле, башка телеканалдарда экрандан түшкүсү келбеген атактуулар арбын. Жаштардын тележурналистикага кызыкканынын төркүнү да, алардын коомчулукка бат таанылып, “тележылдызы” болуу амбициясы менен байланышкан.

 

Кыргыз журналистикасы эмнеден аксайт?

Учурдагы кыргыз журналистикасынын өксүгү, аксаган жагы – журналисттердин коомдук-саясий турмуштун бир тармагы боюнча адистешпей, бардык темалар боюнча чөп башылап жаза бергендиги. Айталы, улуттук басма сөздө ар бир экинчи журналист саясат тууралуу аналитикалык макалаларды жазганы менен, коомдук-саясий окуялар терең анализге алынбай, имиш-имиштердин деңгээлинен көтөрүлө элек. Геосаясат, экономика темасында адистешкен журналисттер дээрлик жокко эсе. Ал эми диний темага адистешкен журналисттерди издеп табууга мүмкүн эмес. Геосаясий, дин, аскердик коопсуздук темасын чагылдырган журналисттерге салыштырмалуу укуктук темада жазган журналисттердин катары жыл санап өсүп, адистешип калганы дароо көзгө урунат.

 

Дүйнөлүк тажрыйба жана учур адистешүүнү талап кылууда

Мындан 3 жыл мурда кыргызстандык журналисттер тобу Түркиянын “Анадолу” маалымат агенттигинде бир айдай тажрыйба алмашып жүрүп калдык. Дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин биринен болгон бул агенттикте 1800 кызматкер иштөө менен, ар бир журналист геосаясат, ар бир өлкө менен адистешкенден сырткары, коомдук-саясий, финансы-экономикалык, гуманитардык чөйрөнүн ар бир тармактары боюнча маалымат чогултууга, иштеп чыгууга, кабар жазууга да адистешиптир. Эң жөнөкөй эле мисал айтсак, агенттикте экономика тармагы боюнча бир чоң бөлүм иштесе, анын ичинен банк, нефть, газ ж.б. болуп, майда бөлүмчөлөргө бөлүнүп, журналисттер бири жазган темага бири тийишпейт экен. Бул жагынан алганда, бизге “Анадолу” сыяктуу дүйнөгө белгилүү маалымат агенттигинин деңгээлине жеткенче көп бар. Кыргызстандагы алдыңкы санарип маалымат каражаттарынан болгон “Кабар”, “АКИпресс”, “Кактус”, “Спутник”, Kloop.kg “Анадолу” менен атаандашууга адамдык ресурс жагынан да, финансылык жагынан да чама-чаркы чак. Биздин маалымат агенттиктеринде саналуу гана штаттар бар, финансылык мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү.

 

ЖОЖдор эмнеге үйрөтүү абзел?

Жогоруда айтылгандардан улам, ЖОЖдор болочок журналисттерди даярдоодо адистештирүүгө өзгөчө көңүл буруп, геосаясат, дин, экономикалык багыттарга басым жасаса дурус болор беле деген ойдобуз. Акыркы жылдарда эл аралык уюмдар журналисттердин тажрыйбасын арттырууга чоң салымдарын кошуп, журналисттик иликтөө багыты күч алды. Мунун өзү улуттук журналистиканын өсүшү үчүн болуп көрбөгөндөй түрткү берип жатканы колдоого арзырлык.

Акыркы жылдарда журналисттердин ондогон мууну өсүп чыккан, КУУ, КМУ, БГУ, ошол эле Кыргыз-Түрк Манас университети, Эл аралык Ала Тоо Ататүрк университети, БААУ ж.б. окуу жайлары негизинен журналистиканын салттуу багыттарына: басма сөз, телерадио журналистикасы, коомчулук менен байланыш, реклама сыяктуу багыттарына үйрөтөт. Окуу программалары, алган багыттары, даярдаган адистиктери бири-бириникинен анчалык деле өзгөчөлөнбөйт. Албетте, заманбап журналистиканын бир бутагына айланган коомчулук менен байланыш, реклама багыттарын жаңылык катары кабыл алсак болот. Бирок, биз бүгүнкү күндө дүйнөлүк алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын үлгүсүнөн жана тажрыйбасынан алсак, анда журналисттердин кийинки муунун даярдап жаткан жогорку окуу жайлары өз окуу программаларына заман талабына шайкеш өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

ЖОЖдор мезгил агымынан артта калып, дагыле эски окуу программалары менен окутууда. Заманбап журналистика үчүн кандай кадрлар керек? “ПолитКлиника” медиасынын баш редакторунун орун басары Айгүл Бакеева:

“Азыр редакцияларда мультимедиа журналистикасы деп кесипкөй, азыркы технологияны жакшы өздөштүргөн журналисттерге суроо-талап бар. Бирок кыргыз тилдүү онлайн редакциялар да, гезит редакциялары деле чакан эле. Бирок жаңы адистиктиктер SMM, ютуб жана башка социалдык тармак адистерине, дизайн жаатында иштей тургандарга, факт-чеккерлерге ар дайым суроо-талап бар. Окуу жайлар журналист адистигин даярдоодо эң биринчи журналисттик иликтөө, факт-чеккинг, жаңы технология, жаңы тренддер менен иштөөгө көңүл бурушу зарыл. Журналистика азыр көп кырдуу. Азыр сөзсүз эле редакцияларда штатка кирбей эле, штаттан тышкары иштесе да болот”, – деп эсептейт.

Чындыгында эле, маалымат технологиясы дүйнөнү таанылгыс өзгөрттү. Маалымат мейкиндиги да таанылгыс өзгөрүп, маалымат алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Социалдык тармактар да маалымат мейкиндигинин бир өңүрү болуп, коомдук ой-пикир жаратуунун майданына айланды. Кыскасы, журналисттердин жаңы мууну өз тагдырын мурдагыдай гезит-журнал, телерадио менен байланыштырбаса деле болот. Алардын алдында жаңы тренддер, жаңы технология, жаңы мүмкүнчүлүктөр турат.

Арийне, журналисттердин жаш мууну болобу, улуу мууну болобу, сабаттуулук жана интеллектуалдык билим деңгээли, адамдык абийир эч убакта өзүнүн кунун жоготпой, күн тартибинде кала берет.

 

Кыргызстанга журналисттерди даярдаган канча окуу жайы керек?

ЖОЖдордо иштеген агай-эжейлер таарынса, таарынбаса да, айтып кете турган нерсе, Кыргызстандагы журналисттерди даярдаган 11 факультет жана кафедрага караганда журналисттердин жаңы мууну гезит-журналдардын, интернет сайттардын редакцияларына, басма сөз кызматынын жамаатына барган соң гана көбүрөөк тажрыйба алып, кайра баштан даярдыктан өтүп жатканы эч кимге жашырын эмес. Бүгүн ЖМК редакциялары, телерадио, сайттын жамааттары журналисттерди даярдаган устаканага айланды десек эч жаңылышпайбыз. Алар ЖОЖдо 4-5 жыл окуп билим алабы же жокпу, бул жакта ал кенемтени 4-5 айда эле бышыктап, кесипкөй журналистке айланып чыга келишет.

Эгер, Кыргызстандын маалымат мейкиндигинин бүгүнкү реалдуулугунан жана эртеңки келечегинен алып саресеп салсак, бизге журналисттерди “штамптаган” 11 факультет жана кафедранын зарылдыгы барбы, эгер зарыл болсо, анда кандай багыттагы кадрлар керек деген суроо туулат. Бул багытта ойлор бир кылка эмес.

Журналист Б.Шамшиев:

“Борбор Азиядагы Америка университетинде мен да бир аз иштеп калган жайым бар. Ал жерде үч тилде сабак жүрөт, кыргыз, орус, англис. Журналисттер англис тилинде эркин сүйлөшөт, жаза алышат. А бирок көбүнесе орус тилиндеги журналисттер чыгат. Окутуу системасы, шарты таптакыр башкача. Студенттер китепканага кирип, ноутбугун карап же китеп окуп, мугалим менен талашып-тартышып жатканын көрчүмүн. Сабакка, эртеңки кесибине мамилеси өзгөчө”, – деп журналисттердин даярдыгына канааттанганын билдирди.

“Кутбилим” гезитинин башкы редакторунун орун басары М.Токторов:

“Жогорку Кеңешке 120 депутат көптүк кылгандай, улуттук маалымат мейкиндиги үчүн 11 факультет жана кафедра көптүк кылат. Бизде анчалык көп журналист кадрларга муктаждык жок. Кеп, алардын санында эмес, сапаттуу билимде”, – дейт.

“ПолитКлиника” медиасынын баш редакторунун орун басары Айгүл Бакееванын ою боюнча:

“Журналисттерди даярдаган анча көп окуу жайдын кереги деле жок. Аз болсо да, эң негизгиси мыкты адистерди даярдаган окуу жай болушу абзел”.

 

Маалыматты жаратмандык иштерге пайдаланалы

XXI кылым – маалымат жана маалымат технологияларынын кылымы. Маалымат технологиялары тармагындагы инновациялык табылгалар дүйнөнү таанылгыс өзгөртүп жаткандай, маалымат да бүгүнкү күндө дүйнөнү таанылгыс кыла өзгөртө алуучу кыймылдаткыч күчкө айланып баратат. Мурда мамлекеттин территориялык бүтүндүгүнүн коопсуздугу, экономикалык коопсуздук маселелери күн тартибинде турса, азыр өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу да алдыңкы планга чыкты. Маалымат коомдук ой-пикирди гана эмес, коомдук аң-сезимди астын-үстүн кылып жиберүүчү күчкө айланды. Андыктан, бул күчтү жаратмандык иштерге пайдалансак жакшы болор эле.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Окшош посттор