Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

«Журналистика тууралуу элдик теориялар» айрым адамдардын бизге ишенбегендигин кантип түшүндурүп бере алат?

«Журналистика тууралуу элдик теориялар» айрым адамдардын бизге ишенбегендигин кантип түшүндурүп бере алат?

(кыскартылып которулду)

Мага жакшы элдик теория жагат.

Элдик теория «анык далилдерге, билимге же фактыларга эмес, акылмандыкка негизделген ишеним» болуп саналат. Ал “жалпы кабыл алынган пикирдин” бир тууганы, “эски жомоктун” аталаш тууганы жана “эстүүлүктүктүн” жакын кошунасы десек болот. Элдик теория – бул негизи коомдогу билим деңгээли орточо адамдын татаал системанын иштөөсү тууралуу көз карашы, алыстан байкоо жүргүзгөн адамдын ойлору…

Ошентип… журналистиканын элдик теориясы деген эмне?

Бул тема Journalism Studies журналында жарыяланган жаңы макаланын темасы. Аны Nieman-Lab сайтынын достор Рут Палмер, Бенджамин Тофф жана Расмус Клейс Нильсен жазган. Алар журналисттер менен ЖМК изилдөөчүлөрүнүн биздин ишке карата көз караштарына журналистиканын элдик теорияларынын кандайча ылайык келээрин (же болбосо көбүнчө дал келишпей турганын) түшүнүүгө аракет кылышкан.

…Анда элдик теория идеалисттик, ал эми наадандар – практиктер деп саналат. Идеализмге берилген журналисттер менен кеңири коомчулук бул эмгекти катуу сынга алышы ыктымал.

Макаланын аннотациясы:

Көптөгөн журналисттердин жана жаңылыктар жөнүндөгү кеңири академиялык илимдин идеалдаштырылган көз карашы боюнча, басма сөз жеке жана саясий кызыкчылыктардан көз карандысыз аракеттенген жана бийликтен отчет берип туруусун талап институт болуп эсептелет. Бирок сурамжылоолор көрсөткөндөй, жарандардын олуттуу бөлүгү жаңылыктардын коомдогу таасири тууралуу мындай көз караштарды четке кагат.

Бул макала жаңылыктар менен саясаттын өз ара байланышы жөнүндө «элдик теорияны» изилдөө үчүн Испания жана Улуу Британиядагы жаңылыктарды жактырбаган 83 кишиден стратегиялык тандоо менен алынган 83 интервьюга негизделген. Көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарын коом сакчысы катары кабылдабай, аларды бери дегенде дегенде орунсуз, ал эми көп учурда – алыскы келечекти жана жеке кызыкчылыктарын ойлогон саясий жана экономикалык жогорку чөйрөнүн активдүү өкүлдөрү деп эсептейт. Көп адамдар «жаңылыктар маанилүү темаларды жарыкка чыгарбайт, анткени ЖМК алардын активдүү калкалоочусу» – деп эсептейт.

Коомдун сакчысы деп эсептеген кесиптик жана илимий теория менен мындай түшүнүк таптакыр жок элдик теориянын ортосундагы айырмачылык бүгүнкү күнү журналистика туш болуп жаткан өзгөчө маданий көйгөйлөрдү баса көрсөтүп турат. Жаңылыктардын коомдогу ролуна карата мындай текеберлик бүгүнкү күнү көптөгөн кесипкөйлөр жана журналистика мекемелери чечүүгө аракеттенип жаткан экономикалык, саясий жана технологиялык көйгөйлөрдөн обочолонуп турган чоң маселе болуп эсептелет.

 

Мында Палмер жана Тофф бир канча убакыт кызыгып изилдеп көргөн жаңылыктарды жактырбагандар тобу тууралуу сөз болуп жатканын белгилей кетүү керек. Мында “жаңылыктарды жактырбагандар” жаңылыктарды айына бир жолу гана окуйбуз деген адамдар катары аныкталган…

Адамдар жаңылыктардан ар түрдүү себептерден качат – айрымдар жаңылыктар капа кылаарын айтат, башкалары саясатка кызыкпай турганын билдирет, ал эми кээ бирөөлөр андан эч кандай пайда жоктугун же жаңылыктар менен таанышуу алар үчүн жагымдуу эмес экенин билдирет.

…жаңылыктар менен таанышуудан качкандар журналистиканын элдик теорияларын дайыма тастыктап турган далилдерди сунушташат, бирок: жалпыга маалымдоо каражаттарына карата адамдардын идеяларын жана мамилесин жалаң жаңылык өнүмдөрү гана калыптандырбайт, түз эмес, башка бирөөлөр аркылуу алынган маалыматтар, элитанын риторикасы жана басма сөз жөнүндө өзгөчө пикирлер чөйрөсүнө аралашуу сыяктуу нерселер да чоң роль ойнойт.

Ушул изилдөөдө сурамжылоого алынган респонденттердин көбү жаңылыктарды өтө сейрек окуганы менен, жаңылыктар тууралуу ойлорун так билдиришкен. Ошондуктан алардын журналистика жөнүндөгү идеяларын негизсиз аныктама деп эсепке албаса болот деген ой жаралышы мүмкүн, бирок буга карабай аларды түшүнүү маанилүү, анткени элдик теориялар адамдардын жаңылыктарга карата мамилесин калыптандырат.

 

Анда ошол теориялардын айрымдарын карап көрөлү.

 

Саясат – жаман, ал эми саясатчылар – начар адамдар, анда мага бул жөнүндө жаңылыкты окуп эмне кереги бар?

Эгерде биз саясаттын кеңири аныктамасын колдонсок, анда биз интервьюда талкууга алган темалардын көбүн саясий багытта деп эсептесек болот – мисалы, көпчүлүк маектештер кылмыштуулук, террорчулук, иммиграция же жумушсуздук сыяктуу маселелер боюнча айкын пикирлерин билдиришкен, айрымдар өз коомунда абдан активдүү болушкан. Бирок жарандык респонденттердин өздөрү адатынча өз пикирлерин же аракеттерин саясий деп эсептешкен эмес.

Саясатка терс көз караштагы адамдар теориялык жактан журналистиканы саясий энтузиастарга караганда көбүрөөк бийлик берет деп баалашы мүмкүн, бирок биз буга эч кандай далил таба алган жокпуз. Көп адамдардын саясатка кызыгуусунун жоктугу жана атүгүл кайдыгерлиги, алардын жаңылыктарга карата мамилесине таасирин тийгизгендей туюлат. Чынында жаңылыктарды саясий чагылдыруулар үчүн гана баалашпайт, бирок көбүнчө алар саясатты чагылдырганы үчүн жаңылыктарды көрүп, угуудан качышат. Алар «Мен саясатты жек көрөм. Балким менин жаңылыктарды окубай турганымдын бир себеби ушул болсо керек» деген Райандын (Улуу Британия) кескин билдирүүсү сыяктуу байкоону сунушташат.

 

Өз мамлекетинин саясатына терс мамиледеги ушул адамдар саясат жөнүндө жаңылыктарды каардануу, кайгыруу же эмоциялык чарчоо сезими менен байланыштырышат. Жаңылыктар менен саясат алардын аң-сезиминде бир зор терс элеске айланат (Респонденттердин биринин жообу: «Мен чынында журналист ким экенин билбейм. Оюмда мен журналист, саясатчы болгум келет, бирок кантип болууну билбейм».)

 

Мен саясатты жакшыраак кылуу үчүн эч нерсе кыла албайм, андыктан ал жөнүндө окуп эмне кереги бар?

Саясат таануучулар: өкмөт тез аракеттенет жана сиздин саясий аракеттериңиздин акыбети болот дегенге ишенимди саясий натыйжалуулук концепциясы деп аташат.

…Атүгүл саясат акыры өздөрүнө таасирин тийгизе турганын билгенин айткан бир нече катышуучулар саясатка таасир эте албагандыгын сезишкен, андыктан «саясий жаңылыктарды көрүүнүн эмне мааниси бар? – деген ойлорун билдиришкен.

Ошол эле учурда айрым респонденттер саясатка таасир тийгизүү үчүн кандайдыр бир аракет кыла албасына көнгөн сыяктуу көрүнсө, башкаларды саясий жаңылыктарда алар көзөмөлдөй албаган көйгөлөрдүн чагылдырылганы кыжаалат кылган. Көпчүлүгү саясий жаңылыктар менен таанышуудан карманууну өз эмоциясын башкаруу стратегиясынын бир бөлүгү катары эсептешет. Дүйнөнүн абалы тууралуу кайгырткан жана аны өзгөртүүгө өздөрүнүн күчү жетпестигине капа болгон адамдар жаңылыктарды көргөндөн көрө, өздөрүнүн эмоциялык энергиясын сактоону жана жеке көйгөйлөрүнө көңүл бурууну чечишкен.

 

Жаман журналисттер гезит сатууну / рейтингди жогорулатууну / коомдук пикирди козгоо / акча иштеп табууну гана көздөшөт жана алардын пикиринде буга көмөк боло турган нерселердин бардыгын жазышат.

Өзгөчө британиялык интервьюларда айрым жаңылыктарды көрүп, угуудан качкандар өздөрү көрбөгөн жаңылыкты сүрөттөп, саясатка асылышпайт. Анын ордуна алар «коркунучтуу криминалдык жаңылыктарды, спорт жана атактуулар жөнүндө ушактар менен байланыштырган» британиялык таблоиддерди ойлоп табышкан.

Бул алардын жаңылыктарга окшош маалыматтар жөнүндө стандарттуу элестетүүсү экенин эске алганда, англиялык жаңылыктардын жактоочулары жаңылыктар дайыма өтө сенсациялуу жана терс маанайда болгонуна даттанышкан, бул басма сөздүн пайда табууга умтулган симптому катары каралганы таң калыштуу эмес. Алар түшүндүргөндөй, жаңылыктар агенттиктери коммерциялык ишканалар болушат, ошондуктан аларга нукура чындыкты айтат деп ишенүүгө болбойт – алар албетте «окуяны сатуу» үчүн маанисин өзгөртүшөт жана чагылдырууда аша чаап кетишет.  

Бул мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табуу үчүн жаңылыктарды массалык жана сенсациялык чагылдыруу атактуулар жана криминал жөнүндө гана жаңылыктарды эмес, талкууга алынышына ылайык саясий жаңылыктарды дагы камтууга карата жалпы көз караш. Журналистика менен саясат көп жагынан окшош деп эсептегендер саясатчыларды «пайда издегендер» деп сыпатташкан. Мисалы, (респондент) Амелия ар түрдүү саясий партиялар эмнени жактап жатышканын түшүнбөй турганын айтты, бирок «алардын бардыгы бир максатты – баюуну гана каалашат» деп болжолдогон.

 

Айрымдар көнүмүш ойлордон көмүскө түшүнүктөргө өтүштү, алар ЖМКды «дүйнөлүк күч-кубаттуу адамдар жасап жаткан иштерди жарандарга билгизбөө же алаксытуу үчүн маалыматты атайын жашырып же өзгөрткөн жашыруун күчтөр» тутуму менен сүйлөшүп алганына айыпташты.

 

Жаңылыктар – бул болгону репортерго же басылмага жаккан партиянын саясий ойлорун билдирүүсү.

Мындай пикирди испаниялык изилдөөчүлөр карманышат. «Мен журналистика бар экенин чындап эле көрүп турам, бирок аны манипуляция кылып жатышат», – деди Мигель. «Менин айтайын дегеним, мисалы Биринчи каналдагы жаңылыктар чыгарылышын алсак, алар сизге башканы айтат, андан кийин Telecinco жаңылыктарын көрсөңүз алар башкача көз карашта беришкен. Же сиз El Mundo басылмасын окусаңыз башка, ал эми El Pais сайтын карасаңыз таптакыр башкача чагылдырылган»…

Эгерде сиз жакшы журналистиканын маанилүүлүгүнө карата көшөргөн идеалист болсоңуз, анда ошол кишилерге кыйкыргыңыз келет… Балким сиз дүйнөдөгү жогорку сапаттуу репортаждар жетишкен ийгиликтер – коррупциянын бетин ачуу, укук бузуучуларды камакка алуу, унутулгандар кайра көтөрүлүп, купуя сырлар ачылган улуу эмгектер жөнүндө айтып бергиңиз келет. Бирок ал адамдарда, чынында, мындай нерселер болгон эмес:

Интервьюда коомдук сакчы журналистикасына окшош материалдарга тууралуу сөз болгондо респонденттер буга анча тоотпостук менен карашкан, адатта алар буга окшош мисалдарга адамды чарчаткан жана адамды кыжаалат кылган жаңылык катары мамиле кылышкан. Саясатчылардын каржысы жөнүндө репортаждар «маанилүү тема» болгонун моюнга алган Адам, «ал ушунчалык созулуп кеткендиктен бул жөнүндө угуудан тажап калганын» кошумчалады… Джессика мамлекеттик акчаларды бассейн сатып алыш үчүн пайдаланган саясатчылар жөнүндө окуяларды керексиз, көңүлсүз, эң аз көргүсү келген жаңылыктардын мисалы катары айтып берди, ал муну «туура эмес кишилерге, дүйнөдөгү терс көрүнүштөргө көңүл бурушканы» менен түшүндүрөт.

 

… Эстеп койгула: жаңылыктарды жактырбаган адам жаңылыктарды керектөө жагынан алганда чындап эле эң четте калышкан; алар кеңири коомчулуктун өтө идеалдуу үлгүсү эмес. Бирок мен ар бир журналист өздөрүнүн окурмандарынан, досторунан же үй-бүлө мүчөлөрүнөн ошол “элдик теория” версияларын көргөн деп болжолдойм. Мен билген көпчүлүк журналисттер жалпысынан коомго кызмат кылабыз деп эсептешет – бирок биздин аудиториянын чоң бөлүгү бизди таптакыр башкача көрөт…

Жаңылыктардын саясий бийликтен өз алдынча тармак катары иш алып баруусун таануу, басма сөздүн коомдук байкоочулук ролуна болгон ишенимдин алдын ала шарты болуп саналат. Бирок биз респонденттердин мындай бөлүнүүнүн бардыгына ишенээрин тапкан жокпуз. Алар коомдук сакчынын идеалына макул болушпайт жана чындап эле жалпыга маалымдоо каражаттарына алар коомдун атынан ыйгарылган бийликке ээ деп эсептешпейт.

Алар анын ордуна өздөрүнүн альтернативдүү элдик теорияларын сунушташкан, анда журналистика таптакыр башкача сүрөттөлгөн: алар журналистиканы жана саясатты негизинен өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн, элден алыс элитанын бирдиктүү тутумуна тартылган деп эсептешет. Алар саясат жөнүндө жаңылыктарды чагылдырууну өздөрүнүн жашоосуна байланышы аз, абдан терс жана маанисиз деп билишет. Саясий ишмерлер тууралуу жаңылыктарды коомдун кызыкчылыгындагы иш катары карагандын ордуна, көпчүлүк мындай чагылдырууну биринчи кезекте Улуу Британиядагы, же Испаниядагы партиялык саясий пайда табуу сыяктуу атайын умтулуу катарында карашкан. Ошентип акыры алар өздөрүн саясатка кандайдыр бир олуттуу кийлигишүү мүмкүндүгүнө караганда жаңылыктарга таасир этүүдөн ажыраган адамдар катары сезишкен.

 

Биз муну менен эмне кыла алабыз? Палмер, Тофф жана Нильсен белгилегендей, ушул көптөгөн элдик теориялардан адатта биринчи жактын жаңылыктарын талкуулоо тажрыйбасына гана эмес, мүмкүн болгон бардык укуктук коргоонун натыйжалуулугун чектей турган жамааттык акылмандыкка негизделген («акылмандык»):

Биздин маектештердин көбү жаңылыктар менен иш алып баруу боюнча түздөн түз тажрыйбага ээ, бирок аларга ишенбөө керектигин «билишкен», же аларды кызыксыз, же болбосо маанилүү маселелерди жашырууга арналган көмүскө тутумдун бөлүгү деп эсептешкен.

Мында биздин кызыгуу ошол альтернативдүү элдик теориялардын тактыгы же так эместиги тууралуу эмес. Ачык айтканда, алардын көз караштарынын жыйынтыгынын мааниси жок, алардын кантип түзүлгөнү дагы анык эмес. Элдик теориялар дүйнө жана анда аракеттенүү стратегиясы тууралуу ойлонуу үчүн аспаптарды сунуштайт.

Эгерде адамдар журналистиканы көз карандысыз жоопкерчиликтүү мекеме эмес, таасирдүү жогорку чөйрөнүн бир бөлүгү катары кабыл алышса, анда алар жаңылыктарга дагы ошондой мамиле кылат. Мындай көз караш, биринчи кезекте, жеке тажрыйбанын, ушактардын, саясий риториканын негизинде түзүлгөнүнө жараша, же болбосо басма сөз тууралуу терс маанайдагы чөйрөнүн таасиринен болот – же окумуштуулар менен журналисттер өз көз караштарын негиздүү же негизсиз деп эсептешет...

Айрым журналисттерге ишенүүгө болбой турганы шексиз жана алар иш жүзүндө коомдун сакчысы болуп саналбайт. Бирок алардын коомдун сакчысы деген наамга татыктуу болушуна же болбогонуна карабастан аларга шектенүү менен караган мамилени жалпыга маалымдоо каражаттары менен жалпы коомчулуктун алакасындагы эң таалылуу жер деп кароого болот.

Саясатчылардын өзүнө же аларга таандык анча ишенимүү эмес тарапка караганда азыраак ишенимге ээ жаңылыктар ЖМК ошол эле жалпыга маалымдоо каражаттарын саясий жана экономикалык элита менен бир топко бириктирген жана коомдук коргоочунун ролуна талапкер болгон популисттик жактар тараптан айыптоолорго көп кабылат. Чындап эле биздин жыйынтык көрсөткөндөй, өздөрү популисттик кыймылдарды колдобосо дагы жаңылыктарды жактырбагандар мындай чакырыктарга өзгөчө сезимтал болушу мүмкүн, айрыкча альтернативдүү ЖМК каналдары аркылуу келген болсо, аларга чындык катары сезилет…

 

Джошуа Бентон, Niemanlab.org,
макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор