Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз ЖМКлары шайлоону кандай чагылдырды

Кыргыз ЖМКлары шайлоону кандай чагылдырды

«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үгүт иштерин кантип чагылдырганын изилдеп, алдын ала отчетун жарыялады. Изилдөө 15-декабрдан 10-январга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана эркин: 11 электрондук ЖМК, 7 маалыматтык интернет-басылма, 25 кыргыз тилдүү гезит (13ү аймактык), 7 орус тилүү гезит (3 аймактык) жана өзбек тилдүү 2 гезит мониторингге алынды.

ЖМКлар шайлоо процессин кандай чагылдырышты, шайлоого катышкан талапкерлердин программалары, платформалары жөнүндө ЖМКлар объективдүү жана тең салмактуу чагылдырыштыбы, коомчулукка жарыялоо изилдөөнүн максаты болгон. Мониторинг жүргүзүү учурунда байкоонун жыйынтыктарына такай юридикалык экспертиза жүргүзүлүп турган.

«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду 2010-жылдан бери референдум жана шайлоолорду мониторинг кылып келатат. Биз шайлоодо үгүт иштерин жүрүзүү үчүн БШКдан аккредитация алган ЖМКларды мониторинг кылабыз. ЖМКлар мыйзам талаптарын канчалык аткарып жатканына, үгүт материалдарынын берилишине, маалыматтык материалдарды үгүт материалдардан ажыратып берип жатышабы, материал даярдоодо журналисттик этиканы карманыштыбы, ошого байкоо жүргүзөбүз. Кандай мүчүлүштүктөр болуп жатат, баарын эсепке алып, ЖМКларга сунуш-рекомендация катары жана мыйзам чыгарууну жакшыртуу үчүн отчет даярдайбыз», – деди фонддун юристи Айжамал Джаныбаева.

Электрондук ЖМКлар

Мониторинг үчүн КТРК, Ала-Тоо 24, 1-радио, ЭлТР, НТС, Марал ФМ, 7-канал, Ош ТВ, Нур ТВ, Ынтымак ТВ, Ынтымак радиосу тандалып алынган.

Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, бардык электрондук ЖМКлар өздөрүнүн жаңылыктар программаларында шайлоого катышып жаткан талапкерлердин шайлоо алдындагы иш-чаралары жөнүндө дээрлик эч нерсе маалымдашкан эмес. Көбүнчө эле шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо комиссияларынын жана шайлоо участкаларынын иш-аракеттери, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана өзгөртүү шарттары, шайлоого катышуу ж.б. жөнүндө маалыматтар берилген. Талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар аз болуп, үгүт роликтери жана сюжеттер көбүрөөк болгон.

Бийликке ыктаган телеканалдарда президенттик башкаруу формасы жөнүндө позитивдүү, же нейтралдуу маанайдагы маалыматтар басымдуулук кылган. Ал эми парламенттик башкаруу формасы боюнча терс жагынан гана көрсөтүлгөн.

«КТРКдан, ЭлТРден парламенттик башкаруу системасын жаман көрсөтүп, президенттик системаны жактаган өңүттөгү сюжеттер берилди. Ошондой кампания жүрүп жатты. Менин оюмча, шайлоого чейин, негизи, аудиторияны маалыматтык пропаганда аркылуу президенттик формага даярдоо болду. Аны дебат учурунда да көрдүк. Алып баруучулар бир эле парламенттик форма боюнча 8 жолу суроо берди», – деди «Фактчек» басылмасынын кабарчысы Асель Сооронбаева.

«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун юристи белгилегендей, өлкөдөгү эң ири коомдук телеканал бир катар мыйзам бузууларга барган:

«КТРК үчүн атайын «Коомдук телерадиокомпания жөнүндө» мыйзамы бар. Анда КТРК кандай иштеши керектиги боюнча күчөтүлгөн стандарттар каралган. Акыркы шайлоолор КТРК ошол стандарттарга жооп бербей турганын, өзүнүн эле мыйзамдарын карманбай турганын көрсөттү. Дебаттардын акыркы күндөрүндө дебаттарды өткөрүү боюнча талаптар бузулду, алып баруучулар бир жактуулукка жол беришти», – деди Айжамал Джаныбаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматованын пикиринде, дебаттарды өткөрүү тартиби боюнча алып баруучуларда да, талапкерлерде да жеткиликтүү маалымат болгон эмес:

«Дебаттын форматы боюнча мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргизилген. БШК журналисттерге атайын методикалык материал даярдап бериши керек эле. Кайсы маселелер көтөрүлсө болот, талапкерлер кандай маалыматтарды таркатуудан баш тартыш керек деген. Ошол иш жүргүзүлбөгөнү даана көрүнүп калды. Анткени, дебаттын биринчи этабында бир тараптуу каралоо, (талапкерлер – ред.) өзүнүн программасын айткандын ордуна, 2-3сү айтса, калгандары бир талапкерди жамандап туруп алышпадыбы. Шайлоо мыйзамдарынын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй, дебаттын убактысында талапкер өзүнүн программасы тууралуу айтышы керек. Каралоо же такталбаган маалыматтарды айтууну мыйзам тыюу салат. КТРКнын журналисттерине дебаттын жол-жоболорун БШК түшүндүрүп, форматын караштырып бериш керек эле. Журналисттер тең салмактуулукту сактай алышкан жок. Президенттик башкаруу формасына боор тарткандары ачык көрүнүп калды», – деди А.Абдрахматова.

30-декабарда өткөн дебат учурундагы А.Сегизбаевдин С.Жапаровго карата сын-пикирлер айтылган видеожазуу КТРК тарабынан өчүрүлүп, бир нече күндөн кийин кайра калыбына келтирилген. 6-январь күнү, дебатта алып баруучулар талапкерлерге бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн суроолорду берди деп коомчулук айыптап, соцтармактарда кызуу талкуу жүргөн. Президенттикке талапкерлер К.Иманалиев, К.Сооронкулова, Р.Жээнбеков, А.Сегизбаев БШКга КТРКдагы дебат учурундагы мыйзам бузуулар жөнүндө арыз менен кайрылышкан.

Парламентаризмди үгүттөө тобунун башчысы Дастан Бекешев да КТРК башкаруу формасы боюнча бир тараптуу сюжет бергенин мисал келтирип, БШКга арыз жазган.

Үгүт жүргүзүү мезгилинде мамлекеттен каржыланган телеканалдарда жеке менчик телеканалдарга салыштырмалуу С.Жапаров жөнүндө маалымат көп берилген.

Айжамал Джаныбаева айтымында БШКнын бир катар мүчөлөрү КТРКнын аккредитациясын алып таштоону сунушташты. Бирок, мыйзам боюнча КТРК дебаттарды чагылдыруу керек болгондуктан, ушул жаатта татаалдыктар болду.

«Кийинки шайлоолордо мамлекеттик каналды алып таштап, тендердин негизинде жеке менчик телеканалдарда дебаттарды өткөрүүнү БШК сунуштады. Миллиондогон чыгымдарды талап кылган, ошону менен катар объективдүү эмес маалымат тараткан мамлекеттик телеканалдан көрө жеке менчик каналга бир канча каражат аз жумшалары сунушталды», – деди Айжамал Джаныбаева.

КТРКда өткөн дебаттар АКШнын Улуттук демократиялык институту (NDI) тарабынан каржыланган. Эфирдеги бир катар мүчүлүштүктөргө байланыштуу NDI КТРК менен кызматташууну токтотуп салганы маалымдалган.

Бирок да айрым жеке менчик каналдарда да, мисалы, 7-каналда да бир тараптуулукка жол берилген. Президенттикке талапкер Сегизбаев жөнүндө терс маанайдагы маалыматтар, Жапаров боюнча оң маанайдагы маалыматтар көп берилген.

Шайлоо алдында бир жактуу, жоромолдорго негизделген «кара пиар» материалдар көп тарады. «Фактчек» интернет-басылмасынын кабарчысы ЖМКлар көзкарандысыз болгондо гана калыстык кыла алышарын белгиледи:

«Көзкарандысыз ЖМКлар эки тараптуу маалымат бергенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар сын-пикир материалдарды, талдоо материалдарын бере алышат. Себеби, алар жарнамалык булактар аркылуу өздөрүн каржылай алышат. Ал эми саясатчыларга таандык ЖМКлар андай маалымат жасай алышпайт. Бул турган эле иш. Практика көрсөтүп жатпайбы, октябрдагы окуядан кийин, бийлик жок кезде, ЖМКлар калыс, объективдүү маалыматтарды берип жатышты. ЖМКларга эркиндик берилгенде, алар көз карандысыз болгондо калыстык кылышат», – деди Асель Сооронбаева.

ЖМКларда көпчүлүк үгүт материалдарында толук маалыматтар камтылбай, жөн гана «Жарнама» деген белги менен жарыяланып турду.

«Үгүт материалдарын ким буюртма кылды, тиражы канча, ким тарабынан даярдалды, ким каржылады ж.б. толук маалыматтар көрсөтүлүшү шарт. Бирок, радиодо бул жаатта көйгөй чоң. Себеби, радиоэфирдин баасы кымбат болгондуктан, бул маалыматтар камтылбайт. Үгүт материалдары боюнча бул талаптар радиодон алынып салынган. Ошентсе да, үгүт материалы экенин белгилеп коюуну эскерткенбиз, эл билиши керек.

ЖМКда жашыруун жарнама көп болуп жатты. Мисалы, парламенттик шайлоодо, КТРКдан толук бир телекөрсөтүүнү салып алып, ал көрсөтүү 30-40 мүнөттөй көрсөтүлүп, берүүнүн аягында гана үгүт материалы экенин көрсөткөн кичинекей плашка коюп коюшкан. Бул туура эмес. Көрүүчү көрсөтүүнүн аягына чейип көрбөшү мүмкүн, ал үгүт материалы экенин билбей да калышы ыктымал. Биз ар качан сунуштама берип келебиз, материал көрсөтүлүп жатканда баштан-аяк сөзсүз реклама экени белгилүү болуп турсун деп. Үгүт токтотулган күнү, добуш берүү күнү да үгүт жүргүзүлгөн учурларды эсепке алдык.

О.э шайлоого чейинки 5 күн аралыгында коомдук пикирдин жыйынтыгын жарыялоого тыюу салынат. Шайлоого бул таасирин тийгизиши мүмкүн. ЖМКларда мындай мыйзам бузуулар да катталып келет», – деди юрист Айжамал Джаныбаева.

Шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга 2019-жылдагы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «маалыматтык теле жана радиопрограммаларда, мезгилдүү басылмаларда (менчик формасына карабастан) каттоодон өткөн партиялар, талапкерлер жана алар өткөрө турган иш-чаралар жөнүндөгү маалыматтар комментарийсиз өзүнчө блок болуп акысыз берилиши керек. Анда кайсы бир партияга, талапкерге артыкчылык көрсөтүүгө же дискриминациялоого жол берилбей, эфирдик убактысы жана мөөнөтү, басылманын көлөмү боюнча бирдей болушу көрсөтүлгөн».

ЖМКлар президентикке аттанган 17 талапкердин баары жөнүндө бир маалыматтык блокто бирдей көлөмдөгү маалыматтарды берүү шарт эле. Ушул норманы так сактоо жана аны көзөмөлдөө да жеңил эмес:

«Чындыгында бул нормалар ЖМКнын ишине татаалдык жаратты. Маселен, 17 талапкер болсо, маалымат барбы-жокпу, баары жөнүндө маалымат берүү шарт», – деди Айжамал Джаныбаева.

 

Интернет сайттар

Мониторинг үчүн: 24.kg, kaktus.media, super.kg, aki.kg, argument.kg, knews.kg жана kabar.kg маалыматтык интернет-ресурстары алынган.

Изилдөө көрсөткөндөй, көпчүлүк интернет сайттар шайлоо мыйзамдарына ылайык маалыматтарды объективдүү, тең салмактуу берүүгө аракет кылышкан. Айрым интернет-басылмалар айрым талапкерлер жөнүндө гана бир тараптуу, негативдүү мүнөздө берген учурлар да катталган. Бул шайлоодо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу ар бир талапкер жөнүндө кенен маалыматтар берилген. Мисалы, kaktus.media сайтында.

Айжамал Джаныбаева шайлоону чагылдырууда электрондук ЖМКлардын активдүүлүгү күчөп, үгүт материалдары интернете көп болгонун, бирок ЖМКлар шайлоо жөнүндө аналитикалык матералдарды аз берип жатканын белгиледи:

«ЖМКлар дээрлик талдоо кылышпайт, негизинен жөн гана кабарларды, же акы төлөнгөн үгүт материалдарды гана беришет. Бизде ушундай тенденция болуп жатат. Шайлоо боюнча жакшы даярдалган талдоо материалдары аз. Интернет-басылмаларда жана айрым радиолордо аналитикалар жарыяланды. Анда партиялардын программаларын талдоого аракет кылышты. Прогресс бар. Анткен менен, жеткиликтүү талдоо кылганга мыйзам мүмкүндүк бербейт, ал материалда үгүттүн белгилери болуп калышы мүмкүн. Маселен, кайсы бир партиянын же талапкердин бийликке келишинин натыйжасы же кесепеттери жөнүндө талдоодо айтылса, бул үгүттөөнүн белгиси болуп калат», – деди А.Джаныбаева.

Медиа-серепчи Бакыт Орунбеков ЖМКлар журналисттик принциптерин сактап, калыс чагылдырууга аракет кылышканын, бирок, айрым маалымат каражаттары кайсы бир талапкердин кызыкчылыны үчүн иштегенин белгиледи:

«Шайлоо өнөктүгүндө кенен, ар тараптуу анализ кылынган материалдар азыраак болду. Журналисттердин даярдыгынан десе да болот. О.э. президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда коюлуп, шайлоо кыска убакытта өткөнү себеп болду окшойт», – деди Бакыт Орунбеков.

Президентикке талапкерлердин мурдагы «былык» иштерин изилдеп, талдоо кылган калыс материалдар дээрлик болгон жок. Атыр Абдрахматова буга журналисттерге карата айып пул себеп болушу ыктымалдыгын айтты:

«Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү иштеп чыкпады беле. Анткени БШК журналисттерге айып пул салганга укук алып калган. Мен ага каршы болгом. Ошону жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, өткөн жылы жазында 5 депутат демилге көтөрүшкөн. БШК журналисттердин материалдарын чындыкка дал келеби, же келбейби дегенге баа берүүгө укугу жок. Бул соттун укугу. Тилекке каршы, ошондой норма сакталып калды. Парламенттик шайлоодо бир катар журналисттерге айып пул салынып кетти. Президенттик шайлоодо айып пул салынганы жөнүндө укканым жок, бирок, БШКнын бир тараптуу болуп журналисттерге кандайдыр бир чара көрөбүз деген коркутуулар болсо, ошол эле учурда талапкерлерге чара көрүүлөр болгон жок. Бул шайлоо процессиндеги эң башкы – сөз эркиндигин чектөө да. Журналисттерге салына турган айып пулдун көлөмү үгүт-маалыматтык мыйзам бузуулар боюнча айып пулдан 3-4 эсе көп. Бул дагы теңсиздик. Журналисттер талдоо, иликтөөлөрдү кыла албады. Самоцензура болуп калды», – деди Атыр Абдрахматова.

 

Гезиттер

Республикалык жана облустук басылмалар БКШнын маалыматтарынан сырткары талапкерлер жөнүндө нейтралдуу же кайсы бир талапкерге артыкчылык берген өз маалыматтарын жарыялап турушкан. Анткен менен айрым материалдарында президенттик башкаруу формасына артыкчылык берилгендиги да байкалган. Бирок, шайлоо жана референдум боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдар аз жарыяланган.

Республикага тараган мамлекеттик гезиттерде, мыйзам талап кылгандай, бардык талапкерлер жөнүндө акысыз үгүт материалдары жарыяланган. Башка үгүт материалдар дээрлик болгон эмес.

Бир катар басылмаларда (“Майдан.кг”, “Жаңы ордо”, “Факт.кг” ж.б.) гезиттин бир эле номеринде талапкерди мактаган жана да аны каралаган материалдар болгон. Талапкерлердин ичинен С.Жапаров жөнүндө көбүрөөк позитивдүү мүнөздө жазышкан. Бул материалдардын көпчүлүгү бир тараптуу, ушак-айыңга негизделген жана жашыруун жарнама кылынган маалыматтар болгон.

Ал эми аймактык басылмаларда президенттик шайлоо жана референдум жөнүндө материалдар абдан аз жарыяланган. Көбүнчө БШКнын расмий маалыматтары жана жергиликтүү бийликтин шайлоого даярдыгы жөнүндө кабарлар чыккан. Талапкерлердин үгүт материалдары дээрлик болгон эмес.

«Басылмалар, гезиттер үгүт иштерине аз катышып жатышат. Айрым кыргыз тилдүү гезиттер кара пиар менен алектенип, этиканы сактабай жатышат. Алар ар бир шайлоодо шайлоо учурунда гана жанданып, кийин ишин токтотуп коюшат», – деди юрист Айжамал Джаныбаева.

«Мамлекеттик жана муниципалдык казынадан каржыланган жер-жерлердеги аймактык, райондук гезиттер, радиолор бар. Алар бекер таркатылып, элге жеткиликтүү болот. Мыйзам боюнча ошолор канчалык деңгээлде талапкерлерге бекер эфир, үгүт мүмкүнчүлүктөрдү бекер түзүп берди – бул чоң суроо. Мисалы, 2016-жылы мамлекеттен каржыланган аймактык ЖМКлар бир тараптуу маалымат беришкен», – деди Атыр Абдрахматова.

Бакыт Орунбековдун пикиринде, азыр «гезит» деп жеке эле бөлүп кароого болбойт, себеби, гезиттердин интернетте өз сайттары бар:

«Менин байкоомдо, гезитте жана интернетте үгүт материалдары өтө эле аз болду. АкиПресс, 24.kg ж.б. көп окурмандары бар саналуу гана сайттарда үгүт иштери көбүрөөк болуп жатты. Аудиториясы тар басылмалар, анын ичинде гезиттер, сайттар үгүт иштери активдүү катыша алган жок», – деди Бакыт Орунбеков.

 

Билдирүүлөр жана убадалар

Парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында «Фактчек» интернет-басылмасы талапкерлердин дебат учурунда айткан маалыматтарды чын-төгүнүн онлайн текшерип, жарыялап турду.

«Биз командабыз менен дебаттын жүрүшүн онлайн текшерип жаттык. Талапкердин сүйлөгөн сөзүн бирөө жазат, бирөө текшерет, дагы бирөө аны сайтка чыгарат, кийинкиси соцтармактарда таратат. Бул окурмандарга жакшы жетти. «Фактчек» жана «ПолитМер» долбоору биргелешип иштедик. Биз билдирүүлөрдү текшерип жаттык. www.politmer.kg талапкерлердин берген убадаларын базага киргизип, анын аткарылышын көзөмөлдөп турушат. Базада талапкерлердин 1000дей убадалары бар. Ошол жерден ЖМКлар айтылган убадаларды алып, текшерип, талдаса болот», – деди Асель Сооронбаева.

Шайлоо өнөктүгүндө журналисттердин катышуусу жакшы болбогондугун, шайлоо жараянын жакшы түшүнгөн журналисттер, медиаэксперттер жокко эсе экенин Атыр Абдрахматова белгиледи:

«Талапкерлердин айткан убадаларынын аткарылышы көзөмөлдөнүшү керек. ЖМКлар көбүнчө кара пиар, имиш-имиштерге өтүп кетип, талапкерлердин убадалары жеткиликтүү талданган жок. Талапкер мурда кандай убада кылган эле, анын эмнеси аткарылды, эмнеси аткарылбады ЖМКда талкуу кылынбады. Мурдагы мамлекеттик кызматкер болгон талапкерлердин ишмердүүлүгүнө баа берилген жок. БШК түзгөн жумушчу топко кирип, шайлоо өнөктүгүндөгү бүт тараптарды чагылдырууга, анализ жүргүзгөнгө, ачыктаганга сөзсүз түрдө журналисттердин санын көбөйтүү керек», – деди Атыр Абдрахматова.

Партиялардын жана талапкерлердин каржы фондуларынын ачык-айкындыгы боюнча А.Абдрахматова көп жылдан бери маселе көтөрүп келген. Эми журналисттер ошол фонддордогу каражаттардын чоо-жайын териштириши керек дейт:

«Сооронбай Жээнбеков президент маалында, өткөн жылы БШК мүчөлөрү менен жолукканда каржылоо булактарынын ачык болушу жөнүндө айтканмын. Ошондон кийин гана бул суроо алдыга жылды. Жаздан баштап талапкерлердин, партиялардын каржылоо фонддору ачык-айкын болду. Журналисттерге жакшы окутуу жүргүзүп, ким канча акча төгүп жатканын, акча төккөн адамдар ошончо акча тапкан бекен, декларациясына киргизгенби-жокпу, ошол жаатта да иштеши керек», – дейт юрист.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. Үгүт иштерине катышууга БШКдан 60 телеканал жана медиаборбор, 29 радио, 72 интернет-басылма, 61 гезит аккредитациядан өткөн.

Гүлзат Газиева

Окшош посттор