Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Психолог Стивен Пинкер: «Эгерде бизде көйгөй болсо, бул дүйнө кыйрап бара жатат дегенди билдирбейт»

Психолог Стивен Пинкер: «Эгерде бизде көйгөй болсо, бул дүйнө кыйрап бара жатат дегенди билдирбейт»
Стивен Пинкер

Reminder долбоорундагы биздин достор – биз жакшы өзгөрүүлөрдү эмне себептен байкабай жатканыбыз жөнүндө учурдун башкы оптимисти менен сүйлөштү. Биз ошол интервьюну кыскартылган түрдө беребиз.

Америкалык психолог жана Гарвард университетинин профессору Стивен Пинкер психолингвистикадагы иши менен гана белгилүү эмес. Ал өзүнүн «Биздин мыкты сыпаттар» жана «Бүгүнкү агартуу» китептеринде: «эч нерсеге карабастан адамзаттын жашоосу улам барга жакшырып бара жатат» – деген идеяны жактайт. Биз учурдун башкы оптимисти менен пандемиянын таасиринин оң жактары, жакшы жаңылыктардын байкалбагандыгы, сактоочу интернет жана бардык көйгөйлөрдү биротоло болбосо дагы утурумдук кылып чечүүгө болоору жөнүндө сүйлөштүк.

Онлайн-конференция уюштуруп берип, интервью алууга жардам бергени үчүн ReForum Winning the Hearts уюмуна ыраазылык билдиребиз. 

— Сиз өзүңүздүн «Бүгүнкү агартуу» китебиңизде адамзатынын тынымсыз өнүгүүсү жөнүндө айтып, бул оптимисттин сөзү эмес, жөн гана факт экенин белгилейсиз. Бирок изилдөө темасына же китептерге жеке артыкчылык берүү таасир тийгизет эмеспи. Сиз көбүрөок оптимистсизби же пессимистсизби?

Келиңиз, карап көрөлү. Мисалы, пандемияны алалы. Мен аны жакында бүтөт деп ойлобойм. Вакцина дагы сыйкырдуу дары болот деп күтпөйм. Бирок Джо Байден биздин кезектеги президент болот деп үмүттөнөм, мында бардык добуштар саналып бүткөнгө чейин буга да ишене албайм (интервью АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин уюштурулган котормочунун эскертмеси). Жалпысынан мен темпераментке карабай өзүмдүн күтүүлөрүмдү чындыкка шайкеш кароого аракет кылам.

Бирок, эгерде сиз китебиңизде көрсөткөн фактыларды гана көңүлгө ала турган болсок, анда пандемияга байланыштуу азыркы кырдаал канчалык оптимисттик болуп көрүнөт?

— Менимче пандемия мында дагы көп зыян алып келет. Бирок биз пандемиялар жөнүндө тарыхтан билген боюнча, эртеби-кечпи биз аны көзөмөлгө алууга жетишебиз. Испан сасык тумоосу 50 миллион кишинин өмүрүн алган, андан да көп болушу мүмкүн. СПИД бир канча жайыраак болсо дагы адамдардын өмүрүн кыйганын улантууда. Биз бардыгын токтото алдык. Ковидди дагы токтотобуз. Бирок жакынкы күндөрү бизди дагы көптөгөн оору жугуулар жана адам өлүмү күтөөрү айкын.

Сиз бир сапар HumanProgress.org ресурсунун редактору Мэриена Тупинин кризистер убагында реалист болуу канчалык маанилүү экени жөнүндө макаласынын шилтемесине твит баскансыз. Анда кызыктуу ой бар: Агартуу доорунан тартып, азыркы мезгилге чейин биз жыл сайын бузуп жетишкенге караганда көбүрөөк жаң нерсе куруп, түзө алдык. Пессимизм менен оптимизмди кыска жана узак мөөнөттүү кырдаалга көз караш катары караганга болобу? Башкача айтканда, азыр чыгаша көбүрөөк сыяктуу көрүнөт, бирок кеңери карап көргөндө, анда жетишкендиктер көбүрөөк сыяктуу сезилет.

— Ошондой эле. Биздин дүйнө жөнүндө элестетүүбүздү көбүнчө бир күндөн бир нече мүнөткө чейинки диапазондо иштөөгө көнгөн медиа аныктайт. Дүйнөдө ал террордук акт же имараттын кыйрашы болобу, жаман нерсе абдан тез болот. Ал эми жакшы нерселер адатта жай жүрөт. Жакшынын натыйжасы көп убакыттан кийин гана сезилет. Муну байкоо оңой эмес. Жакшы окуялар дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү болсо дагы сейрек жаңылык болот. Мисалы, жакырчылыкты кыскартуу же согуштарды азайтуу. Эгерде кайсыл бир кыраакы киши статистикага жана графикага көңүл бурбай турган болсо, чыныгы революция көпчүлүк үчүн байкалбай өтүп кетиши ыктымал.

Эгерде дүйнө бизге медианын айынан улам начар көрүнсө, анда бактылуу болуш үчүн бизге маалымат агымын чектеп коюу гана керектир?

— Бернард Шоу бир жолу: «мас киши соо адамга караганда бактылуу болушу мүмкүн, бирок мен сергек болууну артык көрөм», – деп айтканы бар. Жаман жаңылыктан качсаң эле маселе чечилип калбайт. Бизге чыныгы абалды билүү керек. Биз жакшы жаңылыктар менен таанышуудан дагы качпаганыбыз туура. Медианын жакшы жаңылыктарга ишенбегени башкы көйгөй. Мен журналисттерден жакшы жаңылык – баары бир жарнак сыяктуу, башкача айтканда, жакшы окуя – бул начар журналистика, – деп уккам. Так ошондон улам мен ourworldindata.org же HumanProgress.org сыяктуу маалыматтарды жыйноого адистешкен маалыматтык ресурстарга гана катталгам.

Негизи эле жаңылыктар спорт, саясат, аба-ырайы жана бизнестен тышкары да алда канча кеңири темаларды камтышы керек деп ойлойм. Жаңылыкта маанилүү дүйнөлүк жана улуттук индекстер панели: кылмыштуулук деңгээли, парник газдарын бөлүп чыгарылышынын көлөмү, өлүм көрсөткүчү, дүйнөдөгү согуштардын саны болууга тийиш. Буга ар жума сайын көз салып туруу керек.

Буга карата: адамдар сандарды жана графиканы жек көрөт, статистиканы сүйбөйт,- деп айтышы мүмкүн. Бирок бул калп. Спорт гезиттерин, же бизнес-басылманы карасаңар, ал жакта жалан эле сандар. Анан сандар жакшы жаңылыктан да жакшыраак. Бул жалаң фактылар. Так ошол сандар тигил же бул саясат кандай натыйжага – жакшы же жаман кесепетке алып келе турганын айтып бере алат. Мисалы, эгер өлкө атом электростанцияларын жаап жатса, анда биз бул көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну көбөйтпөй турганын билүүгө укуктуубуз. Же өлкөдө полицияны реформалап жатса, андан кийин кылмыштуулук деңгээли жогорулай же төмөндөй турганын билгибиз келет. Таң кала турган нерсе, жаңылыктарда мына ушулар жок, болбосо бардыгы кандай иштеп жатканын ушундайча түшүнүп алат болчубуз.

Бирок, балким, дүйнөдө баары жаман деген ой бизди аны жакшыртууга мажбурлап жүрбөсүн – бул адамзатты прогресске багыттабайбы?

— Андай ойлобойм. Анын үстүнө биздин дүйнөнү жакшыртууга пессимисттер же оптимисттер көбүрөөк салым кошкону жөнүндө ишенимдүү маалымат жок болсо керек. Анткени пессимизм оңой эле фатализмге айланып кетиши мүмкүн. Эгерде сиз биз жасап жаткан аракеттерге карабастан бардыгы улам начарлап бара жатат деп ойлосоңуз, анда тынчсызданып, аракет кылып эмне кереги бар, андан көрө колдо бар нерсе бузулуп кеткенге чейин ырахаттанып жашоо жакшыраак болбосун? Анан дагы – бул радикалдашууга шарт түзүшү мүмкүн. Эгерде биздин бардык институттар иштебей калса, эч ким реформага ишенбей калат. Бардыгы мындай деп ойлойт: келгиле алардан арылабыз – түбүнө чейин талкалап, бузабыз, кийин урандылардын үстүндө жакшы дүйнө курабыз деши да мүмкүн. Андыктан пессимизм кыйраткыч күч болуп калышы ыктымал.

Бирок туура ой жүгүртүү – демек пессимист болуу деген түшүнүк да бар. Сиз так ошол акыл-эстүүлүккө арналган кийинки китептин үстүндө иштеп жатасыз. Сиз үчүн аң-сезимдүү болуу деген эмне?

— Мында парадокс бар. Бир жагынан биздин дүйнөдө акыл жеткис нерселер – конспирологиялык теориялар, көз боёмочулук, керемет-дарылар, ар кандай шумдук идеялар өтө эле көп. Башка жагынан алсак, адамдар аң-сезимдүү болууга толук жөндөмдүү. Биз акыры Айга дагы жеттик. Биз Чоң жарылуу теориясын түздүк жана геномдун ыраттуулугун аныктадык. Атүгүл дүйнөлүк жашыруун бийлик теориясына ишенгендер дагы жумушка барат, өз милдеттерин аткарат, үйдү жыйнайт, балдарга кам көрөт. Сиздер муздаткычта тамак бар деп жөн эле ишене бербейсиз, эгерде ал жакта тамак жок болсо сиздерге ачка калганга туура келет. Бирок саясат же илим жөнүндө сөз болсо, сизге айтып берген чындыкка ишенесиз.

Дагы бир көйгөй бар. Адамдар өздөрүнүн жеке көз карашы эч нерсеге таасир этпейт деп эсептешет. Мисалы, климатты өзгөртө албайт. Андыктан «чын же калп экенине ишенгенимдин кандай айырмасы» – бар деп көп ойлошот. Бирок адамдарга өздөрүнүн пикири маанилүү экенине жана биздин айланабыздагы чөйрөгө таасир эте аларына ишенүүсү зарыл. Аларга коомдук чөйрөдө өзүнүн акыл-эстүүлүгүн көрсөтүү жана анын таасирин көрүүсү керек.

Пандемияга кайтып келели. Азыр көптөгөн адамдар социалдык байланыштардын жетишсиздигинен кыйналып жатат. Сиз социалдык обочолонууну кандай көтөрөсүз?

— Азыр бизде электрондук коммуникация каражаттары бар. Алардын бири аркылуу биз азыр баарлашып жатабыз (Биз Стивен Пинкер менен zoom аркылуу маектешкенбиз — Reminder.). Андыктан обочолонууну социалдык деп атоо туура эмес. Чынында ал физикалык абал. Zoom бетме-бет отуруп баарлашуу болуп эсептелбесе дагы, социалдык байланыштар анча катуу кыскарган жок.

Бирок мунун дагы жакшы жактары бар. Көбүнчө ишкер жолугушуулар – адамдарды темир кутуга тыгып, аларды шаарда, же бүткүл өлкө ичинде же болбосо башка дүйнө бөлүгүнө ресурстарды коротуп жеткирүүгө жөн гана шылтоо. Чынында мунун кереги деле жок. Бизде телефондор, электрондук почта жана zoom бар.

Zoom менен сүйлөшүүгө өтүү – бул жакшы өзгөрүү. Албетте, эгерде достор, үй-бүлө же пикирлерди тез айтуу маанилүү болгон жандуу талкуу жөнүндө сөз болгондо бул бир аз өкүнүчтүү. Бирок элестетип көрсөүңүз, ушундай пандемия жогорку ылдамдыктагы интернет, ноутбуктардагы видеокамералар жок кездеги 20-25 жыл мурда болгондо биз эмне кылмакпыз. Биз азыр башыбыздан өткөргөнгө салыштырмалуу канчалык оор жана дендирөө абалында калат элек.

Анан дагы биз байланышуу үчүн башка жандыктын феромондорунун жытын сезгидей айбанат эмеспиз да. Биздин жашоодо көптөгөн иштер жеке байланышсыз бүтөт, анткени бизде маалымат берүүгө тилибиз жооп берет. Бул жеке байланыштарды алмаштыруунун мыкты жолу эмес, бирок экономика дагы деле кыйрай элек болсо, дүкөндөрдө дагы деле азык-түлүк турса жана сиз дагы деле автоунааңызга бензин куя алсаңыз, демек ал иштеп жатат.

Биздин окурмандарга азыркы учурда оптимизмди сактоо үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө кандай кеңеш бере аласыз?

— Мындай кырдаалдарда мага физик Дэвид Дойчтун үч эрежесин эске салган жагат. Биринчиси: көйгөйдөн качуу мүмкүн эмес дегени. Эгерде бизде көйгөй бар болсо, бул дүйнө кыйрап бара жатат дегенди билдирбейт. Тескерисинче – бул мыйзам ченемдүү абал. Көйгөйлөр, анын ичинде оорулар дайыма болуп келген. Экинчиден: көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Эгерде чечүү жолу табият мыйзамдарына каршы келбесе, анда дайыма тиешелүү билим аркылуу чечүүгө болот. Андыктан бизге билимибизди тереңдетүү зарыл. Биз дайыма билбей туруп баштайбыз жана каталардан улам үйрөнөбүз. Ката кетирүү дагы – жакшы нерсе. Бул биздин үйрөнүп жатканыбыздын белгиси. Үчүнчү эреже: ар бир чечим жаңы көйгөйлөрдү пайда кылат, алар дагы өз кезегинде чечүүнү талап кылат.

Кризис көйгөлөр чечилбейт дегенди билдирбейт. Бирок чечилген көйгөйдүн ордуна дайыма жаңысы келерин эстен эч чыгарбоо зарыл. Бул аягы жок процесс. Бардыгын бир жолу жана биротоло чечип салуу мүмкүн эмес.

Сергей Панков, The Bell.

Макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор