Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Бизде эркин журналистика жокпу?

Бизде эркин журналистика жокпу?

Азыркы кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн түштүк аймагында, айрыкча Жалал-Абад областынын аймагында көз карандысыз эркин журналистика бар же жоктугу тууралуу коомчулук өкүлдөрүнүн пикирин билүүгө аракет кылдык. Алардын ою боюнча, азыр эркин журналистика деген нерсе жок, бирок ал коомго керек. Албетте, коомчулук өкүлдөрү эркин журналистиканын бизде жашап жана аракеттенип туруу шарттары тууралуу да айтышты. Канткен менен да коомчулуктун эркин журналистика жок деп жатышы биз жашап турган коомдо чындыкты элге жеткирүү инструменти жок калды деген эле нерсени түшүндүрөт. Бул, албетте, өтө кейиштүү көрүнүш.

Биз коомчулуктун өкүлдөрүнө, айрым журналисттерге да үч суроо менен кайрылып көрдүк. Алар:

  • Жалал-Абад областында сөздүн толук маанисинде эркин журналистика барбы? Же жеке менчик массалык маалымат каражаттарын чын эле эркин деп атоого болобу?
  • Эркин деп аталган маалымдоо каражаттарынын абалы мурда кандай эле? Азыр кандай? Акыбалына кандай баа бересиз? Алар өздөрүнүн милдетин кандай аткарып жатышат?
  • Эркин деп маалымдоо каражаттары мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн? Келечеги барбы? Кандай кыйынчылыктар бар? Эмне кылыш керек?

Бул суроолорго жооптор дээрлик бирдей эле болду.

 

Коомчулук өкүлдөрү эркин журналистика, эркин журналист жок дешти

Тилекке каршы, көпчүлүгү ушундай жооп беришти. Алардын пикиринде, акыркы кездерде ар кандай кырдаалдардан улам журналистика эркин боло албай калды, демек, журналисттер да өз позициясынан тайып кетишкен. Мисалы, Жалал-Абаддагы илимий борбордун жооптуу кызматкери Абдисатар Досбаевдин пикиринде, азыр эркин журналистика деген институт жок, ага журналисттердин массалык маалымдоо каражаттарынын аракеттери далил.

“Буга себепти мен жеке менчик ЖМКлардын туура эмес аракетинен көрөм. Алар өзүн-өзү багыш керек, акча алышы керек, ошентип көз карандылыкта иштейт. Ошол материалдык муктаждык журналисттерди ким-бирөөнүн кызыкчылыгы менен иштешине алып келүүдө. Албетте, журналисттер арасында өз ой-пикири, принциптери менен иштегендери да бар, бирок алар аз гана санда. Журналистика эркин болушу үчүн материалдык жактан эркин болуу керек, ансыз ал кайсы бир казыкка байланат, башка арга жок”, – дейт ал.

Жалал-Абаддагы “Бактынур” коомдук фондунун директору, маданият ишмери Нуркан Койчуманованын пикири боюнча да эркин журналистика жок. Баары жем жеген акырына карап аракет жасашат.

“Азыркы учурда Жалал-Абад областында көз карандысыз эркин журналистикка жокко эсе. Албетте, жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттары бар, бирок алар кожоюнунун гана саясатын жүргүзүшөт. Коомдук кызыкчылык кийинки маселе. Эгер ЖМКнын ээси бийлик жагында болсо, бийликти мактайт, оппозицияда болсо, анда жамандайт. Бир сөз менен айтканда, эркинмин деген ЖМК да, журналист да бирөөнүн куралына айланып калган”, – дейт Н.Койчуманов абалга баа берип.

Деген менен, айрымдары эркин журналистиканы таптакыр эле жок деп, так кесе айтууга каршы. Алардын ою боюнча, бизде салыштырмалуу эркин журналистика бар, аларды жеке менчик ЖМКлар арасынан тапса болот. Мисалы, Жалал-Абад шаарынын тургуну Данияр Алибеков өз позициясын кармаган журналисттер аз да болсо барлыгын айтат.

“Жалал-Абад областында кайсы бир деңгээлде салыштырмалуу эркин журналистика бар деп эсептейм. Бирок, бул салыштырмалуу. Анткени областтагы жеке менчик ЖМКлар каржы жагынан өзүн түзгөн, каржылаган кожоюнга байланыштуу. “Ким музыкага буюртма берсе, ошол төлөйт” дегендей, ЖМКлардын көз карандылыгы көрүнөө эле. Бирок, ошентсе да жеке менчик ЖМКларда окуяларды объективдүү чагылдыруу мүмкүндүгү көбүрөөк, аларда өз чындыгы, өз аракети, принципиалдуулугу бар журналистер да иштешет. Ошондуктан алар кайсы бир окуяны чагылдырганда эки, үч, төрт тараптын позицияларын чагылдырууга аракет кылып жүрүшөт. Бирок, дайыма эмес, кээде бир тараптуу маалыматтар кадыресе эле берилип келет”, – дейт ал.

 

Журналисттер да эркиндик чектелүү экенин айтышат

Коомчулук өкүлдөрү коомубуз үчүн эң маанилүү журналистиканын, ЖМКлар менен журналисттердин көз карандысыз, эркин иштей албасын, чындыкты эркин чагылдыра албасын айтышса, аймактагы журналисттер да ушундай эле пикирди тутунушат. Бул маселеде коомчулук өкүлдөрү менен журналисттердин пикиринин бир жерден чыгышы, албетте, тынчсызданарлык нерсе.

Ош шаарында жашап-иштеген эркин журналист Бекполот Ибраимовдун пикиринде, аймактарда гана эмес, бүтүндөй өлкөдө эркин журналистика деген нерсенин өзү жок калды. Эркин журналистика азырынча чет элдик же эл аралык ЖМКлардын гана шыбагасы болууда.

Менин оюмча, биздин аймактарда сөздүн чын маанисиндеги эркин журналистика деген нерсенин өзү жок. Журналистика эркин болушу үчүн журналист маалыматты ар кайсы булактардан алууга тийиш, кандай окуя же факты болбосун журналист аны ар тараптуу карашы, иликтеши, алып чыгышы керек, кызыкчылыктар, керек болсо укуктар балансын кармашы керек. Ошондо гана аны анык журналистика деп аташыбыз керек. Ушул өңүттөн алганда Жалал-Абад областындагы бюджеттик ЖМКлар эч качан эркин журналистика катары чыга алышпайт, алар каржылаган тараптын гана кызыкчылыктары менен иштешет. Тилекке каршы, азыркы учурда Жалал-Абад областында гана эмес, жалпы өлкөдөгү ЖМКлар өз кожоюндарынын, өнөктөрүнүн, демөөрчүлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алып иштешет. Ошондуктан бизде аларды толук кандуу журналистика деп атоонун өзү кыйын нерсе”, – дейт ал жалпы абалга назар таштап.

Жалал-Абаддагы “Доор ТВ” телеканалынын директору, журналист Талгат Абдракманов аймактагы журналистиканы деги эле журналистика деп атоо кыйын экенин айтат. Ошол эле кезде жеке менчик ЖМКларды жарым-жартылай эркин деп бааласа болот. Анткени аларда коомго чындыкты өз алдынча жеткирүү аракети бар.

“Жалпы Жалал-Абад областындагы журналистиканын абалына карап туруп, мында эркин журналистика бар деп айтууга негиз жок дээр элем. Эгер так баа бериш керек болсо, менин пикиримде 90 пайыз эркин журналистика жок. Бизде мамлекеттик каржылоодогу ЖМКлар бийликтин көз карашын таркатат, аларды эркин деп айтууга болбойт. Ал эми жеке менчик ЖМКларда кайсы бир деңгээлде экркиндик бар, бирок толук эмес. Анткени ал ЖМКлар айрым учурларда өзүн каржылаган же кожоюндук кылган саясатчы же ишкер болобу, ошонун кызыкчылыгына кызмат кылат”, – дейт Т. Абдракманов.

Ал эми мурда “Азаттык” радиосунда иштеп, азыркы учурда “7-каналда” иштеп жаткан журналист Руслан Калматов аймактарда кантсе да эркин журналистика бар деген пикирди айтат. Анын оюна караганда, ЖМКлар же журналисттер толук эркин болбосо да жарым-жартылай эркин иштеп жатышат.

Областтын аймагында кайсыл бир деңгээлде эркин журналистика бар. Анткени толук эркин дебесек да жеке менчик медиалардын болушу басма сөз эркиндигинин болушун камсыздап турат. Аймакта областтык мамлекеттик телеканал жана ага караган басма сөз каражаттары бар. Андан тышкары, республикалык деңгээлдеги  ТВлардын өкүлчүлүктөрү иштейт. Жеке менчик деп саналган Регион ТВ, 7-каналдын иш алып барышы аттаандаштыкты жаратып, кайсыл бир деңгээлде эркин журналистиканын калыптанышына шарт жаратат”, – дейт ал.

Ошентип, айрым гана айрмачылыктарды эске албаганда Жалал-Абад областында окуяларды, фактыларды көз карандысыз чагылдыра ала турган эркин ЖМКлар жана журналисттер жок экени тууралуу пикир коомчулук өкүлдөрүнө да, журналисттерге да таандык болуп отурат. Демек, ЖМКлар мамлекеттик казынадан каржыланганы үчүн, ал эми жеке менчик ЖМКлар ага ээлик кылган тараптар каржылаганы үчүн белгилүү бир багыттагы маалымат саясатын алып жүрүшөт. Муну өзү ЖМКлар менен журналисттер тарабынан болгон чындыкты болгондой таасын чагылдыруу мүмкүндүгүн жокко чыгарып келет.

 

Мурда ЖМКлар эркинирээк болчу, азыр андай эмес

Коомчулук өкүлдөрү мурда эркин журналистика болгон, бирок аны да мамлекеттик цензура ооздуктап турган, ал эми азыркы журналистика кара курсактын цензурасынан чыкпай калды деген пикирде. Жалал-Абад илимий борборунун жооптуу кызматкери Абдисатар Досбаев ушундай пикирди карманат.

“Мурда өздөрүн эркин деп эсептеген ЖМКлар болгон, бирок аларды мамлекет цензуранын ар кандай айла-амалы менен оозуктап келген. Аларга мүмкүндүк бербей келген, аны көрдүк. Эми азыркылар болсо, мамлекеттик цензуранын эмес, кара курсактын цензурасына дуушар болушту. Ошонун айынан эркин боло албай жатышат. Ошо эркин журналистиканын жоктугунан коомдо болуп жаткан ар кандай былыктар, акыр-чикир иштер көрүнбөй калып жатат. Коом жетишерлик тазаланып турушу үчүн эркин журналистика өтө керек”, – дейт ал.

“Бактынур” коомдук фондунун директору Нуркан Койчуманов да мурда ЖМКлар жана журналисттер эркинирээк болчу деген пикирди колдойт. Анын пикиринде, буга мамлекет тарабынан куугунтуктардын азыраак болушу себептүү, ал эми азыркы учурда мамлекеттик куугунтук мурдагыдан күчтүүрөөк болуп жаткандай.

“Өлкөнүн эгемендик жылдарынын башталышында эркин журналистика деген нерсе бар эле, анын күчү бар эле. Буга мыйзамдуу негиздер болуп, ар ким өз ой-пикирин эркин билдирип келди. Журналистика ошол эркиндикти камсыз кылып берип турган төртүнчү бийлик эле. Азыркы учурда андай эмес, коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатканданбы, айтор эркиндик чектелип, чындык ыйлап турган кези. Кызык жери, журналисттерге караганда коомдук активисттер чындыкты коркпой жайылтып жатышат. Журналисттер колунан келгенче аракет кылып жатышат дечи, бирок эл күткөн деңгээлде эркин иштей алышкан жок”, – дейт ал.

Деген менен, мындай абалдын да конкреттүү себептери бар экенин айтат Жалал-Абад шаарынын тургуну Данияр Алибеков. Анын пикирине караганда, буга журналисттер да, ЖМКлар да күнөөлүү, анткени аларда туруктуу позиция жок. Күн тийген жердин күкүктөрүнө айланып кетишти.

“ЖМКлар коомдук милдеттерин жетишерлик аткарбай жатышат. Мисалы, оппозициялык маанайда жүргөн саясатчылардын ЖМКлары мурда элге керектүү, элдин мүдөөлөрүнө туура келген ар тараптуу маалыматтарды таркатып келишсе, кийин ал саясатчылар бийлик тарабына өткөн соң ЖМКлар да дароо багытын буруп, позициясын алмаштырып кетишүүдө, буга мисалдар толтура. Бул абдан өкүнүчтүү, кейиштүү көрүнүш. Айрым журналисттер мурда оппозициялык, элдик багытта иштеп жүрүп эле, мамлекеттик ЖМКларга баргандан кийин дароо түсүн өзгөртүп, башка позицияга өтүп кетишкен мисалдар да көп. Ошол эле кезде коомдук-саясий абал, кырдаал канчалык өзгөрбөсүн, өзүнүн багытын, баалуулуктарын жоготпой кармаган принципиалдуу журналисттер да жок эмес, аз да болсо бар”, – дейт ал медиа чөйрөсүндөгү абалды талдап.

Оштук эркин журналист Бекполот Ибраимов да мурда журналистика эркинирээк болгонун моюнга алат. Ал муну ошол кездеги эркин журналистиканын мектеби катары саналган ЖМКлардын болгону менен түшүндүрөт. Тилекке каршы, азыр андай эмес, бардык ЖМКлардын кызыкдар кожоюндары бар.

“Мен билгенден Аскар Акаевдин бийлик жүргүзгөн учурунда Жалал-Абад областында көз карандысыз “Фергана” гезити чыгып турган. Ал гезит ошол кездеги өлкөдө чыгып турган эркин гезиттердин катарында абройлуу эле. Ошол гезитте иштеп турган жаш журналисттер кийин ар кайсы медиа тармактарда өздөрүнүн ишин улантышкан, гезит жакшы мектеп болуп калган алар үчүн. Азыркы кезде Жалал-Абад областында айрым эркин телеканалдар бар, бирок алардын кожоюндары бар. Эгер ал каналдарга иштеген журналисттер чынында эле өздөрүн эркин журналист деп эсептешсе, эч нерсеге карабай чындыкты ар тараптуу, объективдүү көрсөтүүгө аракет кылуулары зарыл. Андай болбогон чакта, ал эркин журналистика, дегеле журналистика болбойт”, – дейт ал.

Жалал-Абаддык журналист Руслан Калматов азыркы мындай кейиштүү абалдын түзүлүшүнө ЖМКлар менен журналисттердин да күнөөсү барлыгын эске алат. Бул биринчи кезекте каржылык көз карандылык жана кесипкөйлүктүн төмөнкү деңгээли менен түшүндүрүлө турган нерсе экенин айтат.

“Жеке менчик медиалардын журналистика багытында эркин иштөөсү алардын уюштуруучуларынан көз каранды. Маалыматтарды чагылдыруусу мамлекеттик ЖМКлардан эркинирээк болгону менен толук кандуу эмес. Эркин иликтөө журналистикасы дээрлик жокко эсе. Мындан сырткары, журналисттердин өздөрүнүн арасында ынтымак жоктой. Экинчи жагынан журналисттердин эмгек маянасынын аздыгы да көз карандылыкка жетелейт. Редакциялык саясат жок, болсо да жакшы аткарылбайт. Дагы бир маселе, журналисттер арасындагы укуктук сабатсыздык курч. Журналистиканы күнүмдук маалыматтар, пресс-конференциялар, чуулгандуу жана кылмыш-кырсык окуялары басып кетти. Көп учурда журналисттерибиз жөн эле маалымат бербестен, ошол маалыматты талдап, тактап жеткизүүдө даярдыгы жетишпей, чийки маалыматтар чыгып кетип жатат”, – дейт ал кыйынчылыктын себептерин санап.

Ошентип, коомчулуктун өкүлдөрү да, журналисттер да журналистика мурда азыркыга караганда кыйла эркинирээк болгонун айтышат. Буга мамлекеттик цензуранын, ар кандай куугунтуктардын аз болгондугу, ЖМКлар жана журналисттер өздөрү да эркин болууга аракет кылып, жаш журналисттерди таптаган мектептер иштегенин эске салышат. Ошол эле кезде азыркы абалдын түзүлүшүнө ЖМКлардын кожоюндары менен бирге эле ЖМКлардын жана журналисттердин өздөрү да күнөөлүү экендиктерин ачык айтышууда.

 

Эркин журналистиканы өнүктүрсө болобу?

Кандай болгондо да коомго эң керектүү эркин ЖМКларды, журналисттерди өнүктүрсө болот дешет коомчулук өкүлдөрү. Анткени, дешет алар, чындыкты эркин чагылдырган эркин журналистика коомго керек. Ошол зарылдыкты утурлай зарыл аракеттер болушу керектигин да айтышат. Алар кайсылар? Кантип өнүктүрүү керек?

Жалал-Абад илимий борборунун жооптуу кызматкери Абдисатар Досбаев эркин журналистиканын өнүгүп кетүү шарты катары эң башкы инструмент – каржылоо экенин айтат. Анын пикиринде, коомдо ушуга кызыкдар күчтөр, тараптар болуусу зарыл.

“Эркин журналистиканы өнүктүрсө болот, аны үчүн каржылаган кызыкдар күчтөр, тараптар болушу зарыл. Алар эркин журналистиканы коомдук кызыкчылыкта гана каржылап, өз пикирин таңуулабай турушса, эркин койсо, чындыкка кызмат кылууга багытташса, анда жакшы болмок. Тилекке каршы, азыр бизде андай күч, тараптар жок, баары өз кызыкчылыгы менен жашайт”, – дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын тургуну Данияр Алибеков эркин журналистиканын өнүгүп кетүүсү же жок болуусу журналисттердин, ЖМКлардын өз колунда деген пикирди айтат. Бул үчүн журналисттер жакшы стандарттарды карманып, азыркы коммуникациялык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүнөн кеңири пайдалануулары зарыл.

“ЖМКлардын эркиндигин камсыз кылуу өтө эле кыйын нерсе эмес. Менимче ЖМКлар, журналисттер принциптерди сакташы керек, баланстуу, текшерилген, ар тараптуу позицияны чагылдырган сапатын кармаш керек. Ошондо эле иш кете берет, трагедия жасаштын да кереги жок. Мамлекеттик жана жеке менчик ЖМКлардын ортосундагы атаандаштык бар кандай болгондо да, ошол да жакшы шарт. Анан журналисттер да ар кимдин кызычылыгына ооп кетпей, бейтараптуу аракет кылса эле болот. Азыр социалдык тармактар аябай кызып турган чакта журналисттер да ошол мүкүндүктөн пайдаланып, эркин ой-пикирди, жалпы чындыкты тарката берүүлөрү тийиш. Коом баары бир алдыга өнүгөт, эркин журналисттер да керек болот, ошого жараша аракет кыла бериш керек. Эгер ЖМКлар, журналисттер тигил же бул саясатчынын, олигархтардын артынан ээрчибей өз жолун чаап барса, сөзсүз өнүгүү болот. Журналистика – бул деңиз, аны сүзүп өтүү журналисттин милдети. Аны сүзүп өтө алгандар гана эркин, элдик боло алышат”, – деп оюн жыйынтыктайт

Ал эми “Бактынур” коомдук фондунун директору Нуркан Койчуманов болсо, эркин журналистиканын өнүгүүсү бийликтерден жана мыйзамдардан, ошого жараша аракеттерден көз каранды болот деген пикирди айтат. Мисалы, жаңы кабыл алынып жаткан Баш мыйзамда бул багытта кепилдиктер болушу керек, жаңы бийликтер эркин журналистикага зарыл шарттарды түзүшү керек.

“Азыркы журналистика өнүккөн техникалык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланат, ар кайсы багытта иш алып барат. Ал эми журналистика мындан ары кандай өнүгөт, эркин боло алабы, бул жаңы келген бийликтен да көз каранды. Бул кабыл алына турган баш мыйзамга да тиешелүү. Эгер бизде куугунтуктар, коркутуу-үркүтүүлөр боло берсе, анда журналистиканын келечеги үчүн бул коркунучтуу. Ошондуктан бизде биринчи кезекте укук, эркиндик, мыйзамдуулук толук кандуу камсыз кылынып, корголушу керек. Өзүнүн чындык сөзү, акыйкат аракети үчүн куугунтукталбасын билген журналист гана коомго пайдалуу кызмат өтөй алат. Андай болбогон кезде ЖМКлар коомдун күзгүсү боло албайт, бир тараптуу гана иштеген саясий куралга айланып калышат. Ошондуктан кабыл алынып жаткан баш мыйзамда бул нерсе каралышы керек жана журналистттерде кесиптик этика жагы бийик турушу да зарыл. Ошондо гана журналисттер кылычтын мизинде жүрбөй, эркин иштеши мүмкүн”, – дейт ал.

Журналисттердин бул багыттагы пикири коомчулук өкүлдөрүнөн кескин айырмаланбайт. Мисалы, Жалал-Абаддык журналист Руслан Калматов эркин журналистиканын өнүгүүсү, албетте, ЖМКлардын жамааттарынан биринчи кезекте көз каранды болсо да, бирок ошол ЖМКга ээлик кылган кожоюндардын ким экенинен толугу менен көз каранды болорун ачыктайт. Эгер кожоюн деңгээли бийик киши болсо, демек буга жол ачылышы мүмкүн.

“2010-жылдардан кийин коомдо жана саясатта кеңири социалдык базаны түзүү максатында чиновниктер жана саясатчылар өздөрүнүн медиа каражаттарын уюштурууну колго ала баштаган. Жалал-Абадда буга чейин жеке менчик «Сентябрь» телеканалы иштеп, соттун чечими менен жабылып кетти. Андан соң ачылган “Чолпон ТВ” телеканалы да белгисиз себептер улам ишин токтотту. Аз гана убакыттан бери эфирге чыгып, эркин иштеп жаткан жеке менчик «Доор ТВ» менчик каналы да каражаттын айынан ишин уланта албай турат. Демек жеке менчик медиалардын өнүгүүсү, келечеги каражатка жана ээсинин саясий кадамдарына байланыштуу болот экен. Ошондуктан кайсыл бир жеке ММКнын өнүгүшү үчүн медианын жамааты же анын ээлери журналистиканы түшүнгөн, ушул багытта туура ой-жүгүртө ала турган адамдар болушу керек деп билем”, – дейт ал.

Оштук эркин журналист Бекполот Ибраимов эркин журналистиканын өнүгүүсү азыркы тенденцияларга байланыштуу экенин эске салат. Азыркы тапта дүйнө боюнча гезиттердин нускалары азайып барат, алар виртуалдык форматка өтүүгө мажбур болушууда. Ошол эле телевидениеге да кыйынчылыктар туулду, себеби социалдык тармактар жалпы эл массасын артынан ээрчитип алууда. Ушундай учурда эркин журналистиканы күчтүү журналисттер гана сактап калышы мүмкүн. Бул биринчи кезекте журналистикадагы эл аралык стандарттардын так сакталышы. Бирок бул жерде айрым жагдайлар бар.

“Кыргызстанда жалпы алганда окуяларды объективдүүрөөк чагылдырууга аракет кылган ЖМКлар – алар эл аралык ЖМКлар, мисалы “Азаттык”, БиБиСи сыяктуулар. Деген менен, алар деле өздөрүнүн түзүүчүлөрүнүн буюртмаларын аткарышы ыктымал, алардан алыстап кете алышпайт. Евроньюсту алсак, ал мурда Россияны катуу сындачу эле, кийин орус олигархтары анын үлүшүнүн кайсы бир пайызын сатып алышкан соң, сындоо абдан эле азайып кетти. Качан ЖМКлардын кызыккан түзүүчүлөрү, кожоюндары турганда ошолордун эркин, каалоосун ишке ашырышат. Себеби аларды ошолор багып, ошолор камсыз кылышат”, – дейт ал.

Деген менен, Б. Ибраимов эркин журналистиканы өнүктүрүүчү күч – бул журналист экенин эске салып, азыркы жаш журналисттердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жагынан көп иштөө керектигин баса белгилейт. Бул дегеле журналистика деген нерсени сактап калууга барабар.

“Эгер биз келечекте журналистиканын эркин болушун кааласак, анда дайыма журналисттерибиздин кесиптик квалификациясын тынымсыз өстрүп отурушубуз керек. Бул жагынан аябай аксап жатабыз. Эгер кайсы бир таланттуу журналист пайда боло калса, аны “Азаттык” же БиБиСи алып кетип калат, аларда эмгек акы жогору, өсүп-өнүгүү шарты жакшы. Бул жагынан жергиликтүү ЖМКлар алар менен теңтайлаша алышпайт. Ошондуктан биз жаштарды тарбиялашыбыз керек. Ошол эле ютуберлер, тик-токерлер, инстаграмда аракет кылган жаштар бирдеме түзгүсү, жасагысы келгендер. Алар абдан аракет кылып жатышат, демек, бизде иштей турган жаштар бар”, – дейт ал оптимисттик маанайда.

 

Биздин корутунду

Аймактардагы эркин журналистиканын абалы тууралуу жалпы жонунан коомчулуктун жана журналисттердин пикири ушундай болду. Албетте, бул толук, бардык жагдайларды, пикирлерди эске алган илимий изилдөө эмес, бирок жалпы тенденция, жагдайды эске алган анализ гана.

Ушул жогорудагы пикирлерден улам, Кыргызстанда эркин журналистиканын зарылдыгын кесипкөй журналисттер гана эмес, коомчулуктун өкүлдөрү да сезип жатышканы кубанычтуу көрүнүш катары бааласак болот. Демек, коомчулуктун эркин журналистика болгон керектөөсү, муктаждыгы бар экен, аны өнүктүрүүнүн жолу да, шарты да табылары анык.

Кыргызстанда эркин журналистиканын өнүгүшү үчүн, жогоруда айтылгандай, ЖМК кожоюндарынын заманбап билими, кругозору, акыл-парасаты, журналисттердин кесипкөйлүк деңгээлинин жогору болушу, алардын чогуу умтулуштары, мамлекеттин бул багыттагы жакшы саясаты зарыл экен. Маселен, АКШда же Европанын өлкөлөрүндө ЖМК кожоюндары чыгармачыл жамаат менен келишим түзүп, редакциялык майда-барат саясатка аралашпаганга, жалпы тенденцияны аныктап, негизинен коммерциялык кызыкчылыктарга гана ыктай турганын билебиз. Ошол эле АКШ же Европанын өлкөлөрүндө ЖМКлар негизинен чындыкты чагылдырууда эл аралык стандарттарды катуу кармап, бейтараптуу, баланстуу, объективдүү чагылдыруу аракетин жасаарын билебиз. Ошол эле АКШ же Европанын өлкөлөрүндө коомчулук чындыкты туура чагылдырган ЖМКларды каражат жагынан колдоп алаарын да билебиз. Бирок, тилекке каршы бизде алардын бири да жок.

Биз азыр саясий кызыкчылыктарга жана акчага берилген кожоюндарды, алардын аң-сезимин алеки саатта өзгөртө албайбыз, бирок мамлекеттик саясатты, журналист кадрлардын жалпы деңгээлин өзгөртүү жагынан аракет кыла алабыз. Ошондой эле коомчулукка эркин журналистика эмне экенин, ал коомго канчалык керек экенин түшүндүрө алабыз, коомчулукту ушул багытта мобилизациялап, анын колдоосун алууга болот. Жеке менчик сектордун зор мүмкүнчүлүктөрүн эркин журналистиканы өнүктүрүүгө, күчтүү медиа-инфраструктураларды түзүүгө тартса болот, биз аны жасасак болот. Бул үчүн изден тайбаган, тынымсыз жана натыйжалуу аракеттер, болгондо да журналист коомчулугунун чогуу аракеттери керек. Бирок, ал качан болот? Качан башталат? Кеп ушунда.

Ал эми азыркы тапта Жалал-Абад областында жеке менчик “Регион ТВ”, “Доор ТВ” телеканалдары, “7-каналдын” кабарчылар пункту, “Акипресстин” кабарчылар пункту, бир катар республикалык медиалардын кабарчылары, жергиликтүү “Аймак.kg”, “Көк-Арт.kg”, “Версия. кg” сайттары, “Аймак” гезити коомчулукка маалымат таркатып келет.

Жалил Сапаров

Окшош посттор