Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Пикир билдирүү эркиндиги жана жоопкерчилиги

Пикир билдирүү эркиндиги жана жоопкерчилиги

Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) кызматкерлери, журналисттер айрым саясий партиялардын лидерлерин, же бийлик адамдарын колдогон чакырыктарды эл алдында айтып чыгып, же социалдык тармактарда таратып жатканы тенденцияга айланып баратат. Журналист өзүнүн жарандык позициясын билдирүүгө укуктуу делгени менен кайсы бир тараптын таламын талашкан журналист бейтараптыктан четтеп, калыстыктан тайып калат деген кайчылаш ой да жаралат.

Жоопкерчиликтүү журналистика деген эмне, ал кантип жөнгө салынат, макалада бир катар ЖМК кызматкерлеринин жана медиа-эксперттердин пикирлери жана мыйзамдардан, этикалык кодекстен маалыматтар топтолду.

Акыркы кезде журналисттер жана ЖМКлар арасында чоӊ ажырым пайда болгонун журналист жана оператор Жусуп Кошмат уулу баяндады:

“Шайлоолордон кийинки башаламандыктарда журналисттер жеке мамилелерге, байланыштарга карап бөлүнүп калганы байкалды. Соцтармакта тарап-тарап болуп бири-бирибиз менен айтыша да кеттик: бийлик жана оппозиция тараптагылар, мэрди колдогондор жана сын-пикир айткандар болуп. Башаламандык учурунда мамлекеттик ЖМКда жана эл аралык ЖМКда иштеген журналисттер эл алдына чыгып: “мэр өз ордунда калып, иштеши керек…” деп чакырык кылышты. Бул кылгандары журналисттик этикага туура келбейт деп эсептейм. Кыргызстандагы ЖМКлар жөнүндө коомчулукта “мамлекеттик”, “оппозициялык”, “чукулайт”, “мактайт” деген пикирлер калыптанып калган. Журналистиканын стандарттарын сактасак, коомчулукта журналисттерге ишеним пайда болуп, кадыр-баркыбыз сакталат”, – деди Жусупбек Кошмат уулу.

Күзүндө өткөн парламенттик шайлоо учурунда жана шайлоодон кийинки толкундоолордо айрым журналисттер өздөрүн журналист эмес, активист катары сезип, элди манипуляция кылганга, элди кайсы бир жакка үгүттөгөнгө аракет кылышканын журналист Дастан Үмөтбай уулу белгиледи:

“Бийликтеги адамдардын таламын талашып, аларга симпатия билдирүүлөрүн журналист катары туура эмес деп эсептейм. Кайсы бир ЖМКнын өкүлүнүн соцтармактарда жазган, же коомчулукта айткан пикири ошол ЖМКнын көз карашы болушу мүмкүн деп ойлойбуз да. Журналист: “Мен жеке өзүмдүн позициямды, өзүмдүн ошол адамга болгон симпатиямды билдире алам да, айтсам болот да”,- дегени менен, баары бир анын кайсы ЖМКда иштегени маанилүү жагдай деп ойлойм.

Мурда мен активист катары жеке пикиримди, саясий позициямды айткан учурлар болгон. ЖМКларда журналист болуп иштей баштагандан тарта кайсы бир тараптын таламын талашып, же “жакшы киши эле, жакшы иштеди эле” деп баа бербейм. Себеби, эртеӊ мага журналист катары башкалар ишенбей, кайсы бир материалды акыйкат, бейтарап жасашыма шектенип калышы мүмкүн. Соцтармактарда ой-пикир жазып, бөлүшүп, же колдогон пост жазмак турсун, лайк койгондон да карманам. Ал деген колдоо дегенди билдирет да”, – деди Дастан Үмөбай уулу.

Коомдогу болуп жаткан окуяларга карата журналисттердин да өз көз карашы бар экени талашсыз. Анткен менен, “Контент-медиа” коомдук бирикмесинин түзүүчүсү Жалил Сапаров журналисттер кайсы бир саясий лидердин же топтун куралы болбошу керектигин айтып, жоопкерчиликтүү журналистика гана коомдун алга жылышын шарттап, жарандардын укук-кызыкчылыктарына кызмат кыла аларын белгиледи:

“Албетте, ар бир кишинин өзүнүн тигил же бул жакка жан тартуу, колдоо, ачыктан-ачык күйөрман болуу укугу бар. Бирок журналисттин эмес. Журналист өз ишинде бир тарапка жан тартпаган, иши аркылуу бир тарапты колдобогон, жалпы коомдун гана кызыкчылыгын ойлогон жана аны ишке ашырган киши болууга тийиш. Ошондуктан да мен “биздин Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары бар, бирок журналистика жок, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери бар, бирок журналист жок” деп айтып келем. Журналист партиянын, саясатчынын, мамлекеттин же олигархтын эмес, жалпы коомдун кызматкери. Ал партияга, саясатчыга эмес жалпы коомдун алдында жоопкер”,- дейт Жалил Сапаров.

“Клооп” басылмасынын кыргыз редакциясынын башкы редактору Элвира Султанмурат кызы «Клооп» редакциясында кызматкерлер өз позициясын материал даярдап жатканда жана материалдын ичинде билдире албастыгын, макала бейтарап, тең салмактуу берилиши кажет экендигин айтып өттү:

Бирок социалдык тармактарда ар бир кызматкер өз пикирин эркин билдире алат. Анткени ар бир адамдын окуяларга өзүнүн көз карашы болот. Мындан тышкары биз кайсы бир маанилүү окуяларга редакциянын пикирин да билдирип турабыз. Анткени редакция сөз эркиндиги, адам укуктары, мыйзамдуулук сыяктуу принциптерди карманат. Ар бир кишинин, албетте, жарандык позициясы бар. Эгерде биздин кызматкер жарандык позициясын билдиргиси келип митинг же акцияларга катышууну кааласа, анда редакцияны кабардар кылып, ошол күнү иштен уруксат алып катышса болот. Болгону ал митинг тууралуу макала же башка материал даярдабашы кажет болот. Биздин редакциялык саясат боюнча саясатка аралашууга же кайсы бир партиянын катарына кирүүгө, мүчөсү болууга тыюу салынат. Жумушка орношуп жатканда эле бул маселелер сүйлөшүлүп, алдын ала эскертүү берилет. Редакциялык саясат тууралуу документ бизде иштелип жатат, бирок беките элекпиз, деди Элвира Султанмурат кызы.

Медиа-эксперт Азамат Тынаев журналисттер өз ишинде эки негизги эрежени: “ЖМК жөнүндөгү” мыйзамды жана журналисттердин этикалык кодексин карманышы керектигин белгилеп өттү.

“Журналисттер башка жарандардай эле өз оюн, пикирин айта алышат. Бирок чоӊ жоопкерчиликте болот. Журналист өз атынан айткан, жазган пикирлердин маӊызы, салмагы коомго келтире турган таасиринде болуп жатат. Журналист өз пикирин айтканда, ал аргументтелген, далилдүү болушу керек”, – деди Азамат Тынаев.

Анын пикиринде, ЖМКлар өздөрүнүн редакциялык эреже-талаптарын иштеп чыгышы маанилүү:

“Эл аралык стандарттар боюнча ири, авторитеттүү ЖМКларда өз журналисттерине саясий комментарий жасоого тыюу салат. Ошол талаптарды бузган журналисттерди жумуштан бошотконго чейин барчу учурлар болуп келет. Ошол нерсеге журналист кол коет. Бул жумуш берүүчүнүн укугу. Мындай чектөөлөр тууралуу чет өлкөлүк кесиптештер арасында кызуу талкуулар болуп келет. Ал журналисттер “өз пикирлерибизди соцтармактарда айта албасак, анда эмнебиз журналист” дешет. Ал эми ЖМК ээлери ал чектөөлөрдү: “Эл биздин ЖМКга ишениши керек. Эгер журналист кайсы бир коомдук-саясий, элди ойлондура турган маселелер жөнүндө жазгысы келсе, ал ошол ойлорун редакциялык материал аркылуу жазып, биздин аудиторияга жеткирсин”, – деп ынанымдуу аргумент айтышат. Редакциялар журналисттерге контент жаратканы үчүн айлык маяна төлөйт да. Журналисттер саясатчыларга, өлкөдөгү болгон саясий абалга болгон көз караштарын өзү иштеген ЖМКсы, даярдаган материалдары аркылуу берсе туура болот. Элдин ЖМКга, журналисттерге болгон ишенимин ошол учурда бекемдесе болот”, – дейт медиа-эксперт.

 

Мыйзамдарда, этикалык кодексте жоопкерчилик жөнүндө эмнелер айтылган?

КР Конституциясынын 31-беренесине ылайык, ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

Ал эми “Журналисттик кесипти коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесинде журналисттин укуктарын кыянатчылык менен пайдаланууга жол берилгистиги көрсөтүлгөн: “Коомдук маанилүү маалыматтарды жаап-жашыруу же бурмалоо, маалыматтын ынанымдуулугуна жамынып ушак-айыңдарды жайылтуу максатында ушул Мыйзам тарабынан белгиленген журналисттин укуктарын пайдаланууга жол берилбейт”.

7-беренеде болсо, журналист даярдаган материалдарынын жана билдирүүлөрдүн ынанымдуулугун текшерүүгө жана калыс маалымат берүүгө милдеттендирилет.

Журналисттин жоопкерчилиги жөнүндөгү 14-беренеде болсо: “Журналист өзү даярдаган жана жайылткан билдирүүлөрдүн жана материалдардын ынанымдуулугу үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат…” деп айтылат.

Ал эми журналисттин этикалык кодексинде жоопкерчиликке жетелеген төмөндөгү жагдайлар айтылган:

  • … Журналист жеке максатын көздөп кызмат абалынан кыянат пайдаланбашы, материалдарды даярдаганы, маалыматты жашырганы же бурмалаганы үчүн белек, акча же башка сыйлыктарды албашы, өзгөчө мамилеге ээ болбошу;
  • жеке кызыкчылыгы анын кесиптик ишмердигине таасирин тийгизбеши;
  • кандайдыр бир партияда мүчө болуудан, саясий ишмердиктен, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн оолак болуусу;
  • жарнама материалдарды даярдабаганы же даярдоого катышпаганы;
  • билип туруп жалган маалымат жарыялабашы;
  • ЖМК аркылуу жеке өчүн албоого тийиштиги ж.б. айтылган.

 

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү

Окшош посттор