Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Чек-тизмек: ар кандай платформалар үчүн материалды кантип даярдоо керек

Чек-тизмек: ар кандай платформалар үчүн материалды кантип даярдоо керек

Кайра даярдап чыгуунун 7 эрежеси

Ар түрдүү аянтчалар үчүн материалды кантип кайра даярдоо керек? Контентти өзгөртүп даярдоодо эмнени унутпоо зарыл? Колдонуучуларды бир платформадан экинчисине кантип тартуу керек? Жооптор – ЖУРНАЛИСТТИН чек-тизмегинде.

 

1. Түзүү этабында кайра даярдоо жөнүндө ойлонгула

Материалды кантип өзгөртүүгө болоорун алдын ала чечкиле жана даярдоо убагында анын үстүндө иштегиле. Мисалы, эгерде инфографикадагы макаланы кайра жасоону пландасаңар, анда сандар менен кызыктуу маалыматтарды иштин жүрүшүндө көчүрүп алып койгула.

 

2. Эрежелер менен таанышкыла

Telegram аялдардын төшүнүн сүрөтү бар постторго блок койбойт, тосмолобойт, ал эми Facebook – тосмолойт. Ар бир аянттын өзүнүн эрежелери бар, алар менен таанышкыла, өзгөчө зомбулук, секс, кылмыштар жана башка ушул сыяктуу талаштуу темаларда жаза турган болсоңор жакшы изилдегиле. Ошондой эле, кандай материалдар үчүн көмүскө банга түшүп калуу ыктымалдыгын жана буга жол бербөөнү түшүнүү дагы маанилүү.

 

3. Аудиторияны изилдегиле

Telegram ичиндеги силердин окурман ким? Эгерде алар ойчул жана эч шашпаган киши болсо, анда чоң тексттерге шилтеме бергиле. Силердин Instagram баракчаны ким карайт? Жаны тынбаган өспүрүмбү? Анда анын көңүлүн Stories ичиндеги оюндар менен ачкыла. Аудитория менен таанышкыла жана анын өзгөчөлүктөрүн материалдарды кайра даярдоодо эске алгыла.

 

4. Экслюзив убада кылгыла

Эгерде бир аянтчадагы контент башкасында кайталанса, катталуучулар бирөөнөн экинчисине өтпөйт. Аны кантип өзгөчө кылып жасоону ойлоп тапкыла. Мисалы, «ВКонтакте» сайтына фотоочерк киргизсеңер, эксклюзивдүү сүрөттөрдү Instagram баракчага кошуп койгула.

 

5. Каналдын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалангыла

Социалдык түйүндөрдүн аспаптарын изилдеп үйрөнгүлө жана алардын жардамы менен контенттин формасын кантип өзгөртүүнү ойлонгула. Мисалы, ушул эле чек-баракчаны «ВКонтакте» мүмкүнчүлүктөрү менен тест кылып өзгөртүүгө болот; анан Instagram катталуучуларына эң маанилүү пункт үчүн добуш берүү уюштурууга; YouTube үчүн «Контентти өзгөртүп даярдоо боюнча топ-7 кеңеш» деген видео жаздырууга, ал эми Telegram ичинде пункттарды санап өтүп жана окурмандардын мамилесин билдирүүнү сунуштоого болот.

 

6. Илгерилетүү тууралу ойлонгула

Эгерде макаланы сайтка жайгаштырсаңыз, анда издегичке жага тарган баш жазуу ойлоп тапкыла. Instagram үчүн хэштег тандагыла жана лента түрүнө ылайык келген фотосүрөт тапкыла. Telegram колдонуучулар каналга кирбей туруп, акыркы тексттин биринчи сөздөрүн көрөт, андыктан окурмандарды көңүл бурууга кантип мажбурлоону ойлонгула (бирок кликбейтке кызыгып кетпегиле). TikTok үчүн үндөр топтому менен таанышкыла жана эң белгилүүсүн тандагыла.

 

7. «Көзүр» ойлоп тапкыла

Мисалы, эгерде Facebook үчүн макала стандарт баш сөз менен жарыяласаңар, анда Telegram үчүн тексттин тарыхын кыскача айтып бергиле: мындай ой кандайча келди, журналист кандай кыйынчылыктарга туш болду, теманын үстүндө иштеп жатканда эмнени сезди. Instagram бетине иштин жүрүшүндө тартылган, бирок акыркы версияга кирбей калган фотосүрөттөрдү көрсөтүүгө болот. Окурмандар ар кайсыл платформалардан издеп окугудай өзгөчөлүктөрдү ойлоп тапкыла.

Анна Швецова, “Журналист”,

Макаланын түп нускасы

Окшош посттор