Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аспаптар

«Медиум» монетизация мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Платформа «Твиттерге» альтернатива болот

«Медиум» монетизация мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Платформа «Твиттерге» альтернатива болот

Авторлор кыска макала үчүн акча ала баштайт

Эгерде «Твиттер» сизге ар бир жазылган твит үчүн 50 центтен бир долларга чейин төлөсө, анда аны көп колдонот белеңиз? Көпчүлүк авторлор бир ооздон: «Албетте» – деп жооп айтмак.

Платформа жаңылыктарынын ичиндеги эң башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири – кыска постторду жазуу үчүн атайын фукциянын пайда болушу. «Медиумдун» редакторунун орун басары Мишель Легро, бул жөнүндө Medium Creator Hub басылмасына жарыялаган макаласында толук айтып берет. Албетте жаңы функциялар «Медиум» коомунун катышуучулар үчүн гана жеткиликтүү.

Эми авторлор өздөрүнүн ойлорун «Твиттерге» жазгандай билдире алышат, ошол эле учурда өнөктөш программадан акча алып, же болбосо контентти башкаруу аспабынын жардамы менен макалаларды илгерилете алат. Жаңы форматтын жардамы аркылуу авторлор макалаларды камтууну кеңейтип, абдан көп жаңы контент түзүп жана эң башкысы – акча иштеп таба алышат.

 

Кыска макала кандай жазылат?

Башынан баштайлы: кыска макала деген эмне жана анын кандай жазыш керек?

Эгерде макала 150 сөздөн ашпаса кыска деп эсептелет. Себеп дегенде англис тилиндеги ар бир сөз орточо 4,9 символдон турат – ошентип бүткүл макала дээрлик 735 белгини камтыйт. Ошондо «Медиумдагы» кыска пост «Твиттердеги» постко караганда 2,5 эсе чоң болот («Твиттерде» эң жогорку сан болгону 280 символду түзөт). Мындай макалалар болгону бир-эки мүнөттө окулат.

Эмнеге 150 сөз? Анткени 150 сөздөн ашык бардык макалаларда «улантып окуу» деген баскыч болот. Кыска текст профилде же макаланын башкы баракчасында толук чагылдырылат. Окурмандар кошумча бет ачпастан, аны толук түрдө көрө алышат. Албетте 150 сөздөн ашкан кыска макалаларды жазууга болот, бирок бул ыкмалар эч кандай иштебейт.

Эң кызыгы платформа 2020-жылдын ортосунда кескин өзгөрүүлөрдү жарыя кылганда «Медиум» кыска посттордун жаңы функцияларын жашырып койгон. Бирок кыска макала түзүү үчүн тутумдар бир нече айдан бери иштеп келет. Эгерде сиз «Медиум» расмий аккаунтуна катталган болсоңуз, анда бир нече ушундай макаланы сөзсүз көрдүңүз – алар аны бери дегенде июлдан тартып пайдаланып жатышат.

Мындай тексти кантип түзөт? Ал эң оңой. Баш жазуунун жана фотосүрөттүн ордуна биринчи сүйлөмдүн алдын сызып жана калың кылып көрсөтүп, макаланы дароо окуядан баштайсыңар. Андан ары сөздүн санына жараша адаттагыдай текст жаза берсеңиз болот. Мындай постторго кадимки макалаларга колдонулган тег сөздөрдү пайдаланууга болот

Бул Medium’s Creator Hub блогунан кыска посттун мисалы.

Биз көрүп тургандай, мында баш жазуу, сүрөт дагы жок. Биринчи сүйлөм калың кылынган жана алды сызылган, ал эми бүткүл текстке 150 сөз батат. Так ушундай макаланы «Медиум» кыска деп эсептейт.

 

Эмне жазса болот?

Кыска макала эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Чынында, бардыгы жөнүндө болот. Эң башкысы, ал сиздин аудиторияга жагышы керек. «Кыска макала жазуу тууралуу айтсак, ал көп түрдүү болушу керек, ошону менен бирге ошол ар түрдүүлүктүн ичинде ырааттуулукту сактоо маанилүү – бул анын негизги ачкычы болуп саналат», – деп «Медиум» жазат.

 

Кыска макала эмне үчүн керек:

  • Башка автордун сиздин аудиторияга кызыктуу болушу ыктымал окуясын бөлүшүү.
  • Чукул кабарларды же сиздин блог арналган тармактагы маанилүү анонсту талкуулоо. Кыска пост окуяга дароо маани берүү жана окурмандарга өз маалында маалымат берүү үчүн саналуу мүнөттөрдө жазылат.
  • Жыл мезгилине жараша актуалдуу болгон, же болбосо жаңы макалаларга тиешеси бар жаңы материалдарга шилтеме берилет. Мисалы, жумадагы арзандатуу жөнүндө макаланы айтсак болот.
  • Башка автордун материалына ыкчам таасир көрсөтүү. Тексти жаңы эле окуп бүтүп жана талашып-тартышкыңыз келеби? Анда авторго кыскача жооп жазыңыз.
  • Тематикасы бир окшош материалдарга шилтеме берилет. Кыска посттор мурдагы бардык макалалардын жыйынтыгын чыгаруу үчүн абдан ыңгайлуу. Мисалы, өткөн айда сиз үй жасалгасы тууралуу беш текст жаздыңыз. Кыска макала тексттерди бир жерге топтоого жардам берет: окурманга багыт алуу оңой болот. «Медиумдун» коронавирус жөнүндө блогу пандемия жөнүндө бардык жаңылыктарды бир топтомго чогултуу менен жаңы форматты колдонот.
  • Башка медиалардын материалдары менен бөлүшүү. Жакшы контент «Медиумда» жана башка аянттарда дагы көп кезигет. Кыска посттор ар кыл булактардагы жарыяларга шилтеме берүүгө жана аларды талкуулоого мүмкүндүк түзөт.
  • Фото/видеоконтент менен бөлүшүү. Жаңы формат видео же фотону өзүңдүн пикириңди кошуп тез бөлүшүү үчүн абдан ыңгайлуу.
  • Алдыда турган макалаларды жарыялоо. Сонун бир эмгек жазганы жатасызбы? Окурмандардын кызыгуусун күчөтүү үчүн пландарыңыз жөнүндө кыска пост жазыңыз. Атүгүл окурмандар эмнени күтүү керектигин түшүнүүсү үчүн болочок макаладан бир-эки сүйлөм кошуп коюуга болот.

Бул ошондой эле сиздин макалалар кызыктырышы мүмкүн болгон жаңы катталуучуларды тартуунун эң жакшы ыкмасы.

«Медиум» кыска посттордо башка авторлорду же алардын материалдарын белгилөөнү сунуштайт. Башка жазмакерди эске салуу үчүн алгач @ символун, андан соң никнейм киргизүү керек. Андан кийин аты-жөнү окшош авторлордун тизмеси пайда болот. Андан ары керектүүсүн басыш керек жана ошондо анын аты текстте көрсөтүлөт. Пост жарыялангандан кийин эле текстте аты-жөнү белгиленген авторлор билдирүү алат. «Медиумдагы» чоочун материалды эскерүү үчүн шилтемени көчүрүп алуу жана аны өзүңүздүн постко коюушуңар керек.

 

Авторлор үчүн кыска посттордун артыкчылыгы

Жаңы формат «Твиттерди» эске салат, себеби мындай посттор функциясы боюнча твиттерге абдан окшош (чукул кабарларды талкуулоо, келечек пландар жөнүндө аудиторияга билдирүү ж.б.у.с.). «Медиум» алар үчүн акы төлөбөйт, бирок функция коомдун катышуучулары үчүн гана жеткиликтүү.

Кыска постторду эмне үчүн колдонот?

  • Алар тез жана жеңил жазылат. 150 сөздөн турган тексти жазууга канча убакыт кетет? Аз гана. Кыска посттор абдан кыскалыгы менен өзгөчө, аларды түзүүгө көп убакыт коротуунун кереги жок. Бул окуяларга тез таасир көрсөтүүгө, ошондой эле, контентти алда канча көп чыгарууга мүмкүндүк берет.
  • Алар контентти башкарууга шарт түзөт. Аудитория кадыресе контент издебейт – алар даяр, чыпкадан өткөн жана кылдат тандалган контент издейт. Бир жагынан алганда автордун ролу жоктон бар кылып контент түзүүдө турат, башка жагынан – кээде сөзсүз эле бир текст түзүүнүн кереги жок, болгону эчак түзүлгөн контентти кылдат тандоо керек, ал өздүк, же болбосо максаттуу аудиторияга жага турган башка текст болушу мүмкүн. Тандоо – бул алдоо эмес, анткени аудиторияга так ошондой жакшы, сапаттуу контент керек (албетте, чоочун материалга сөзсүз шилтеме берүү керек). Кыска макалалар сизге жаккан текстке чакан пикир жазууга жана өз ойлоруңду аудиторияга дароо бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Автор катары сиз жаңы эч нерсе түзгөн жоксуз, бирок ошол эле учурда окурмандар үчүн чындап сапаттуу макалаларды тандап бересиз.
  • Алар монетизация болот. Эгерде макаланы акы төлөнүүчү жеткиликтүү тармак аркылуу тосмолосо да, ал баары бир башка макалалар сыяктуу эле монетизация алат (эгерде сиз Медиумдун өнөктөш программасына катышып жатсаңыз). Кыска посттор тез дагы окулат. Көрсө 5000+ ашык катталуучу катышкан аудиториясы бар блогдор ар бир кыска пост үчүн $0,25 тартып $2,00 чейин иштеп табат. Бул сизге ар бир твит үчүн $1 төлөгөн сыяктуу эле болуп калат.
  • Алар контентти башкаруу үчүн ылайыктуу жана макалаларда пайдаланылышы мүмкүн. Мурда «Медиум» үч мүнөттөн узун постторду башкарууга уруксат берчү эмес. Бирок азыр бул чектөөнү алып салышты. «Медиумдун» жаңы версиясында макалаларды башкаруу төмөнкү артыкчылыкка ээ болооруна карабастан аны кыска посттор үчүн колдонууга эч тоскоолдук кылбайт. Анын үстүнө кыска постторду чоң макаланын бир бөлүгү кылууга болот.
  • Алар авторлорду бириктирет. Эгерде бир автор өз макаласында башка авторду эскерип өтсө, ал бул тууралуу кабардар болот. Бул жазуучулар ортосундагы байланыштын мыкты ыкмасы: макаланын кызыктуу майда бөлүктөрүн талкуулоого болот, ошондой эле, бири бирине тексттерди жөнөтүп, автордук коомдоштук түзүүгө мүмкүндүк бар.
  • Алар тажрыйба жүргүзүүгө шарт түзөт. Кыска макала жазуу жеңил, аудиторияга – окуган жеңил. Бул аларды тажрыйба жасоо үчүн эң сонун аспапка айлантат. Эки сүйлөм жазып – окурмандарга кандай жагаарын байкап көрүү керек. Эгерде ал ийгиликтүү болсо, аларды дайыма чыгарып турууга болот. Эгерде алар начар болуп чыкса, анда эч кейип кереги жок – сиз болгону бир-эки мүнөт убактыңызды короткон болосуз.

 

Бул кыска макаланын мисалы

Ал бир мүнөттө окулат.

  • Биринчи сүйлөм сызылган, эч кандай баш жазуу жана сүрөттөр жок.
  • Тема боюнча сүрөтү бар башка макалага шилтеме бар.
  • Чынында аны «Стартаптар» бөлүмүндө жарыялайт.
  • Пост 78 жолу окулган, ошону менен бирге автор биринчи үч күндө $0,45 тапты. Бул аз дечи, бирок ушундай чакан текст үчүн жаман эмес.
  • Эски макалаларда көрүүлөр көбөйдү.

 

Жеке пост түз

Ошентип кыска посттор кадимки твиттерге окшош, бирок алар монетизация болот жана «Медиум» коомунун катышуучулары үчүн гана жеткиликтүү. Аларды жеңил жана тез жазууга мүмкүн, алар тажрыйба жасоого мүмкүндүк берет, эски макалаларга шилтеме берүү менен аларды контентти башкаруу үчүн пайдаланууга болот, ошондой эле, алардын жардамы менен ар кыл окуяларга пикир айтууга шарт бар. Эгер сиздин «Медиумда» блогуңуз бар болсо – жаңы форматты сынап көрүңүз, балким окурмандарга жагып калат. Аны азыр баштаңыз – «жаз» деген баскычты басып, анан өз оюңүзду кыскача кантип баяндоону ойлонуңуз жана өзүңүздүн биринчи кыска посту түзүңүз.

Томас Смит

Макаланын түп нускасу бул жерде – https://jrnlst.ru/medium

Окшош посттор