КБ «Палиндромдун» жетектөөчү редактору жана подкасттардын алып баруучусу чарчап чаалыгууда эмне кылуу керек, тесттик ишке эмне үчүн убакыт коротот жана эмгек өргүүгө кантип туура чыгуу керектигин айтып берет.
Паша, сен эки жыл мурда «Кто студент» журналына интервью бергенсиң. Азыр кандай долбоорлор менен иштеп жатасың?
Акыркы убакта негизинен КБ Палиндром менен иштейм, өзүмдүн «Что-то горит» жана «Поредачим», эки «Лайфхакер» жана бир — «Палиндром» подкасттарын алып барам.
– Подкаст – сен үчүн жаңы форматпы? Сени эмнеси кызыктырды?
– Мен подкасттар менен 2010-жылы эле иштеп баштагам. Анда үч чыгарылыш жаздыргам, алар анчалык кызыктуу болгон жок жана бул ишти таштап салгам. 2013-жылы «Цукерберг звонит» басылмасында иштегем (азыр — vc.ru), жана анда Костя Панфилов менен подкаст жасаганбыз. Биз 20 уктуруу даярдадык жана жабылып калдык, анткени Костя башкы редактор болуп калды жана подкасттарга убактысы калган жок.
Анан подкасттар бир аз дымып калды, мен эч нерсе жаздырган жокмун. Качан бул формат жандана баштаганда кайра байкап көрүүнү чечтим.
Негизи эле мен редакторлор менен копирайтерлерден интервью алгым келген, бирок бир интервью жаздыргандан кийин таптакыр аны кагазга түшүрүп жазгым келбей калды. Ошентип «Поредачим» подкастынын идеясы пайда болгон. Мен кызыктуу инсандарды чакырам жана баарлашам. Менин экинчи «Что-то горит» подкастымда мен баарынын жинине тием, бирок кандайдыр бир кызыктуу формат издейм жана аны үзгүлтүксүз чыгарууга аракет кылам.
Подкасттар мага кызыктуулугу менен жагат. Эгерде адам сенин подкастыңды укса жана анын кулагында жаңырып турсаң, ал ага интервью окуганга караганда алда канча жакын болот. Бул эң сонун
– Сен 2,5 года «Лайфхакерде» иштедиң. Ал учурда эскиче иштөөдөн тажаган жоксуңбу?
– Ал абдан тажатты. Мында кеп өзүң үчүн жаңы тапшырмаларды издөө, талаптарды коюу жана жаңы нерселерди ойлоп табууда турат.
Негизи редактор келип: «Сен эмне алапайыңды таппай жүрөсүң, кел сага иш табалы» – деген нерсе жок. Негизинен мен ошентип жүрчүмүн жана изденчүмүн.
Мисалы «Лайфхакерде» мен атайын долбоорлор менен иштедим жана улум пайда болгон көйгөйлөрдү чечип турчумун. Мисалы, мага жаңылыктар бөлүмүн түзүп чыгуу керек болду. Биз көйгөйдү изилдедик, адамдарды текшердик, жаңы кишилерди жалдадык, ишке киргиздик, кандай иштеп жатканын текшерип көрдүк. Бардыгы жакшыбы? Андан ары ишти уланттык.
– Редактор өзүнүн кызматкерлерине көз салып, кимдир-бирөөлөр чарчап калса көңүл бурушу керекпи?
– Редактор — бул менеджер. Ал өз кызматкерлерине көз салып жана аларда эмне болуп жатканын түшүнүүсү керек. Сенин кызматкериң фриланс же фултаймда иштейби, эч айырмасы жок. Атүгүл алар планетадагы эң акылдуу адамдар же сенин авторлоруң гений болсо дагы кырдаалга байкоо салып турушу керек. Өзгөчө алар гений жана рефлексияга жакын болсо бул абдан зарыл. Анын үстүнө азыр көпчүлүгү биринчи жолу аралыктан иштеп жатышат.
– Кантип чарчап-чаалыгууга жеткирбеш керек?
– Чарчап-чаалыгуу – бул чоң маселе. Мен бул жөнүндө көп ойлондум жана эки түрдүү тыянакка келдим: же сен аябай чарчадың – мында сага бир жумалык өргүү жардам берет; же сен жалпы эле өзүңдүн ишиңден чарчадың – мында сага аны алмаштыруу керек.
Мен өзүмдүн чарчап-чаалыгуумду психолог менен талкуулаганымда ал мага эмгек өргүү алууну сунуштады. Мен өргүү алдым жана бир топ жеңилдей түштүм. Анткени чаалыгуунун өзү кандай бөтөнчө угулган болсо дагы катуу чарчоону билдирет.
Өзүбүздүн балдарга эмгек өргүүсүндө жүргөндө жумушчу чаттарга кирбөөнү суранам. Мага өргүүгө кеткен адамдын толук жакшы эс алып, ишке жаңы дем менен келиши маанилүү.
Экинчи вариант да болот: сен эс алууга чыксаң деле абалың начар. Анда бул иштен чаалыккандык. Мында дагы башка жолдор бар, башка иш караштырып, же иштеп жаткан жумушуңдан эле башка милдеттерди колго алып, жаңы долбоордо иштеп көрсөң болот. Эгерде сен автор болсоң, таптакыр эле иштин ылайыгы келбесе өзүңдүн жетекчиңе барышың керек, ал дагы башка сунуш бериши мүмкүн.
Эгерде автор келип: «Мен чарчап-чаалыктым, эмне кылышым керек?» -десе жакшы менеджер эч качан аны кубалабайт. Ал сөзсүз түрдө эмне болгонун сурайт жана чечүү жолун сунуштайт. Балким дароо айтпаса дагы ойлонуп көрөт жана андан кийин сунушун берет.
– Эгерде эмгек өргүү убагында дайыма тынчыңды алышса эмне кылыш керек?
– «Палиндромдо» биз эмгек өргүүдөгү кишини жайына коюуга умтулабыз. Эгерде адис эс алууга чыкса, анда биз кардарларга бул жөнүндө эскертебиз жана ал адамдын тынчын албаганга аракет кылабыз. Эгер тынчыңды алып жатса, сен бир нерсени тууралабай койгонсуң, же бир нерсе күйүп кеткен болсо – анда дагы кайра эле сен бир жагын туура кылбай койдуң дегенди билдирет.
Кадимки кырдаалда менеджер кардарларга адис эс алууга кете турганын жана бардык суроолорго убактылуу башка кесиптеши жооп берээрин айтат. Ошондо кардар кайда кайрылууну билет. Эгерде адамдар менен сүйлөшүлгөн болсо эч көйгөй жаралбайт. Көрдүңбү, биз кайра эле байланыш канчалык маанилүү дегенге келебиз.
Мен эмгек өргүү алдында дайыма суроолорго кечкисин гана жооп бере турганымды, эгер иш күйүп жатса гана чалууга болоорун эскертем. Бактыга жараша, менин кесиптештерим түшүнүктүү жана эч ким телефон чала элек.
Муну өтө маанилүү деп ойлойм: анткени күнүгө 15 сааттан иштесе болот, бирок канчага чейин чыдайсың? 22 жашыңда андан дагы көпкө чыдайсың дечи, бирок кийин катуу чарчоо келет. Ал жашымда мен да көп иштегем, бирок бир кезде өтө чарчадым жана үч жумушту бир жумушка алмаштыргам.
– Өргүүнү кандай өткөрөсүң: үйдө же саякаттабы? Сага шарт жагдайды өзгөртүү маанилүүбү?
– Эмгек өргүү жагдайды өзгөртүү үчүн керек. Эгерде айрым кишилерге бул үчүн бир жакка кетиш керек болсо – сөзсүз кетүү керек. Мен эмгек өргүүдө эки жакка сейрек кетем, мага толук эс алуум үчүн жөн гана иштебей турган маанилүү.
– Эмгекчилдик азыр батышта жана биздин маданиятта дагы жакшы сапат катары бааланат. Бул боюнча пикириң кандай?
– «12 саат тынбай эмес, баш менен иштеш керек» -деген кеңири белгилүү учкул кеп бар, бул Стив Жобско таандык болсо керек. Мен буга 100% макулмун.
«Жумушта акылдан азба» деген эң сонун китеп бар. Анда ашыкча иштөө менен дүйнөнү жеңип алууга умтулуунун кереги жоктугу айтылган. Китепте «сааттын сапаты» деген түшүнүк берилген: сен бардыгын таштап, бир саат бир маселе менен алектенишиң керек, бул бир сааттын сапаты болот. Ошол эле ишти жарым сааттан эки жолу аткарсаң болот жана бул сааттын башка сапаты болуп калат, анткени ортодо тыныгуу болду. Же сааттын үчүнчү түрү – 5 мүнөттөн 12 жолу иштеш керек жана бул эң өндүрүмсүз саат болот.
Дайыма эле көп иштей бергендин кереги жок. Жетекчилик ашыкча иштөөнү талап кылган компаниялар бар экенин түшүнөм, бирок бул көбүнчө башкаруу процесси сабатсыз курулганын айтып турат. Иш туура уюштурулган компанияда бардык ашыкча иштөө – форс-мажордук кырдаал болуп саналат.
Мисалы, биз кайсыл бир басылманы ишке киргизип жатабыз жана мага контент-менеджер дем алыш күндөрү иштегени керек. Салттуу кеңседе башчы келет да: «Сен дем алыш күнү иштейсиң» -дейт. Болду. Биз болсо контент-менеджерге келип, жагдайды түшүндүрөбүз: «Бизге иш баштоо алдында бардыгын текшериш керек, иштеп чыгуучу адис жума күнү ишти жыйынтыктайт. Кандай кылсак туура болот? Балким сен дем алыш күнү иштейсиң же биринчи күнү эрте келесиңби?» – деп сурайбыз. Ал эми контент-менеджер: «Мага дем алыш күндөрү чыккан жакшы» – дейт. Албетте, компания кийин ал кызматкерге эс албай иштеген убактысын акчалай толуктап берет.
Аз эс алып, эки-үч жумушта иштеген кызматкер дайыма чарчап жүрөт – бул жөнүндө унутпаңыздар. Бардыгына акча табыш керек, бирок өзүңдү кыйноого салбастан кантип алда канча натыйжалуу иш жүргүзүү жөнүндө дагы ойлонуу керек.
– Өзүңдү кыйнабай туруп бардыгына жетишүү мүмкүн эместей сезилет. Сенин долбоорлоруң көп. Кантип жетишип жатасың?
– Мунун жообу оңой: мен эч жетишпейм.
Эгерде олуттуу карасак, мында кеп артыкчылык берүү, башка адамдарга тапшыруу жана автоматташтырууда турат. Мен мүмкүн болгондун бардыгын башкаларга тапшырам жана автоматташтырам.
Азыр менин негизги убактымды «Палиндром» алат, жумасына үчтөн саат подкасттарга кетет.
Дагы супер маанилүү кеңеш: кабарлагычтарды өчүргүлө. Бардык жабдуулардагы, өзгөчө соцтармактагы кабарлагычтар өчүп турсун. Мага эки досум же аялым гана жаза алат. Бул өндүрүмдүүлүктү эки эсе жогорулатат.
– Карьералык өсүш жөнүндө сүйлөшөлү: автор же редактор эмнеден башташ керек?
– Максим Ильяхов мага бул жөнүндө көп айтып берген, мен дагы жаңы нерсе айтпайм: өзүң жөнүндө жакшы аңгеме жаз, портфолио түз, резюме жазып кой, анан кызыктырган бош орунга туура кайрыласың, барасың жана иштейсиң. Мында бөтөнчө деле эч нерсе жок.
– Редактор үчүн профилдик билим канчалык маанилүү?
– Менимче тажрыйба маанилүү. Мен билимим боюнча «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча менеджермин. Мени беш жыл бою майда чиновник болууга жана китептегидей сүйлөөгө окутушту.
Биз акыркы жарым жылда бир нече редакторду жалдадык жана алардын эмне билими бар экенин билбейм. Балким алардын илимий даражасы бар, мүмкүн мектепти бүткөн эмес. Мага алардын ишке керектүү сапаты маанилүү жана алар жакшы иштеп жатат.
– Сен редакторлорду окутасыңбы? Сага стажировкага келүүгө болобу?
– Бизге стажировкага келе албайсыз – КБ болгону бир жыл иштеди жана бизде азыр стажёр алганга мүмкүнчүлүк жок. Эгерде адамды стажировкага алсаң, баары бир аны окутушуң керек: катасын талдап, эмнени оңдош керектигин жана кандай кылып жакшы жасоону көрсөтүү зарыл. Ошондо адам кесиптик жактан өсөт. Ал эми стажировкада эмне кылаарды билбей, буюмдарды ары бери жылдыруудан эч пайда жок.
Бизге иштегени келгендерди биз өзүбүздүн форматка жана стандарттарга ылайыктайбыз. Кээде ички окууларды өткөрөбүз, бирок бардыгы дайыма сүйлөшүү керектигине алып келет. Өзүбүздүн редакторлорго айтам: эгерде сенде суроо пайда болсо, өзгөчө алар сага оңтойсуз сезилсе, анда түз эле бере берсең болот, талдайбыз – дейм. Мына ошол оңтойсуз суроолор – анчалык жаман эмес, кээде аларга айкын жооп деле табылбайт.
Азыр КБ «Палиндром» — Редакторлор бюросу мектебинин өнөктөшү. Окууну бүтүрүүдө аларды эң сонун жана кызыктуу жумуш менен камсыздоо үчүн мыкты студенттерге көңүл бурабыз. Мектеп даяр адистерди чыгарат, бул бизге жана бүтүрүүчүлөргө кандайдыр бир улуу ишти жаратуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
– Сиз «Палиндромго» редакторлорду кантип тандайсыз?
– Адатта биз кырдаалды баяндаган тесттик ишти беребиз жана изденүүчү кандай кабыл алаарына карайбыз. Мисалы мындай маселе бар: сага автор келди жана бошоном деп айтты, сенин жообуң кандай? Мында биздин тесттерде «туура же туура эмес» деген жооптордун жоктугун түшүнүү маанилүү. Кимдир бирөө ал авторду «дароо бошотуп, колун кесиш керек» – деши мүмкүн жана бул дагы жооп. Биз автор биз иштеп жаткан үлгүгө ылайык келеби же жокпу, ошол жагын карайбыз. Эгерде ал бизге ылайыксыз ой сунуштаса, демек биз аны менен иштеше албайбыз.
– Кандай жооптор сени ынандырат жана эмнелерге көңүл бурасың?
– Мисалы, биздин шеф-редактор бош кызмат орунга экология темасында автор табышы зарыл, эмне кылышы керек?
Эгерде редактор: «Телеграм-каналга барам жана кандайдыр бир тест ойлоп табам» деп жазса, анда бул жарабайт. Бизге ылайыктуу редактор эки каналдын аталышын айтат жана тесттик ишти схема түрүндө баяндайт. Мен ушундай редакторлор менен жакшы сүйлөшөм, анткени бул киши ишке олуттуу мамиле кылат, ал бардыгын толук жазгандан эриккен эмес.
Акыркы жылдары вакансиялар менен тыгыз иштешем жана долбоорлорго редакторлор менен авторлорду көп издейм. Акыркы мезгилде адамдар бош орун үчүн берилген суроолорго өтө эригип жооп берерин байкадым. Иш тажрыйбасын айтып бер десең: «3 ай копирайтер болуп иштедим» – деп жазат. Мен ал маалыматтан эмнени түшүнөм? Копирайтерлер курсунан кийин автордун бир аз такшалышы үчүн орточо канча убакыт кетээринби? Иштеген мөөнөтүн көрсөтүү эч нерсе билдирбейт, бул пайдасыз маалымат. Негизи муну жазганга болобу? Кандай долбоорлордо иштегенсиң жана эмнеге ушул орунга ылайык келем деп эсептейсиң, кандай маселелерди чече аласың, бизге ушуларды айтып беришиң керек да.
Редактор вакансия боюнча эки-үч сөз менен жооп берген учурлар болгон, ал бардык жерге 2-3 сөз жазып, «канча иштеп тапкың келет» деген тилкеге 220 000 ₽ деп көрсөткөн. Мынча акчаны сага эмне үчүн төлөйт? Азыр сага анкетага жооп берүүдөн эриксе, эртең өз ишин кылгандан эригет. Мындай кишилерге түшүнбөйм. Эгерде сага вакансия кызыксыз болсо жана өзүңдүн өтө кымбат күч-кубатыңды жөнөкөй суроого короткуң келбесе, анда бул форманы эмнеге толтуруп жатасың? Эгерде бул башынан эле кереги жок болсо, анда өзүңдүн жана башкалардын убактысын албашың керек.
– Кээде редактор же автор тесттик ишти аткаргысы келбейт, портфолио болсо ошону эле жетиштүү деп эсептейт.
– Тесттик иш эмнеге берилерин айтып берейин. Сен атүгүл эң кыйын автор болсоң дагы кайсыл бир вакансияга туура келбей калышың мүмкүн. Бул сенин начар экениңди билдирбейт, болгону ал ишке ылайык келбегениң.
Тесттик ишти таарынбай кабыл алуу – жакшы адистин белгиси. Эгерде кокустан мага ишимди өзгөртүш керек болсо, мен кандайдыр бир тесттик иштерди эч ойлонбой аткарам же сыноо мөөнөтүнө макул болом – бул өзүң ойлогондой ишке кол коюп жатканыңды түшүнүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Атүгүл сен өтө кыйын адис болсоң дагы кайсыл бир кызматка туура келбей калышың толук мүмкүн. Төгөрөгү төп келишкен жоокер болбойт.
Мисалы, мен кабарчы издеп жатайын дейли. Мага жаңылык чыгарып жүргөн тааныш автор келет. Мен аны билем: ал эң мыкты жаңылыктар редактору, ал маалыматтык жүйө менен иштей билет, андыктан тест жок эле дароо кабыл алам. Башка балдар тесттик иш аткарат жана кабарчылык ишке ылайык келбей калат. Мен алардын байланыш дарегин сактап коем жана мага башка жааттагы редактор керек болсо аларды чакырам, кээде туура келип калат.
Көптөгөн жакшы компаниялар изденүүчүлөрдүн тизмесин жүргүзөт жана биздин дагы өзүбүздүн тизмебиз бар. Ал жактан ким ылайык келди, ким бир аз жакындады жана таптакыр ылайыксыз болду, бардыгын белгилейбиз. Бардык вакансияларга талапкер издөө ушул тизмеден башталат.
– Эгерде тажрыйбалуу жакшы редактор анкетаны толтургусу жана тесттик ишти аткаргысы келбесе, анда бул эмнени билдирет?
– Бул ошол адамдын ушул жумушту каалабаганын билдирет. 2014-жылы мен Нетология үчүн тесттик иш аткардым, ал үчүн үч саат коротсом керек. Мен ал ишти абдан каалагам жана тестти абдан көңүл коюп аткаргам. Кийин айрым тапшырмаларды начар аткарганымды билдим, бирок аракетим ачык байкалып турган. Анан алар мени менен сүйлөшүштү жана ишке алышты.
Эгерде бардыгы шашылыш, эптеп-септен жасалса, анда сенин квалификацияң жетишпейт, же ал ишке кызыкдар эмессиң.
Негизи эле вакансия үчүн ит менен түшкөн фотосүрөтүңдү жиберүүнү жана өзүң жөнүндө айтып берүүнү сураса, анда так ошондой кылыш керек. Бул сиздин кыраакылыгыңыз менен кызыкдарлыгыңызды текшерүү болот.
Баарлашкан жана редакциялаган Екатерина Богданова, «Кто студент»
Түп нуска бул жерде