Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Каркыранын акыркы сапары

Каркыранын акыркы сапары

Январдын аяздуу суугу журналисттер журтчулугуна суук кабарды алып келди. 2-январь күнү туулган жери Токтогулга бара жаткан жеринен кесиптешибиз, талантуу акын, журналист Айзада Абазова жол кырсыгына кабылып, көз жумду. Айзада болгону 39 жашта эле. Артында эки кыз, бир уулу калды. Эң өкүнүчтүүсү, жаңы эле чыгармачылык табына келип,поэзия, проза күйөрмандарын чоң нерседен үмүткөр кыла баштаган акындын керемет ырлары, аңгемелери жазылбай калды. “Бир күн өлүп калаарымды ойлогондо, жүрөгүм мыкчыла түшөт, себеби, оюмда жазайын деп жүргөн канчалаган чыгармаларым бар” деп орустун улуу жазуучусу Василий Шукшин шуу үшкүргөндөй, Айзада да биз али окуй элек эң сонун чыгармаларын жазууга үлгүрбөй, өзү менен ала кетти. Француз жазуучусу Ги де Мопассанды кумир тутчу. Анын новеллаларын башына жазданып жатчу. Моппасандан таасирленип, ошондой сонун аңгемелерди жазууга далалат кылчу. Бул ниети ишке аша да баштаган. Мен Айзаданын “Адашкан каркыра” жыйнагын кыргыз адабиятындагы жакшы бир саамалык катары баалайм.
Экөөбүз “Асаба” гезитинде чогуу иштеп калдык. Анын маектешин алка-шалка терге түшүргөн кызыктуу интервьюларын, ширелүү макалаларын редактор катары оңдоп түзөбөй эле тамшанып окучу элем. Кийин “Кыргыз руху”, “Арена”, “Пресс.кg” гезиттеринде иштеп жатканда да эң мыкты, эң таасирдүү макалалардын көбүн ошо Айзада жазчу. Журналист аттуунун баары жашы-карысы дебей аны сыйлашчу эле. Жакында эле жердештеринен уктум, айылдаштары да “бизге көпүрө салдырып берген камкор кызыбыз” деп сыйлап турушчу экен.
Кош, Айзада, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Мамат Сабыров , “Учур гезити”

Булак: http://kyrgyz.el.kg/?p=1306

Окшош посттор